Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:34

Адистер быйыл жер көчкү, суу ташкыны жана сел сыяктуу жаратылыш кырсыктары жылдагыдан көп болуп жатканын билдирүүдө.

Адистер жаанчыл климатка байланыштуу Жалал-Абад, Ош, Чүй, Нарын жана Баткен облустарында жер көчкү, сел жана суу ташкыны сыяктуу өзгөчө кырдаал коркунучтары бар экенин жыл башында эскертишкен. Мына ушуга байланыштуу өкмөттө кооптуу делген аймактар аныкталып, жарандык коргоо чараларын кайрадан карап чыгуу тапшырмасы коюлган болчу. Ошондуктан дарыялардын жээгин бекемдөө, суу каналдарын оңдоо, жер көчкү коркунучу бар тоо тектериндеги топурак катмарын чыңдоо жана дайыма байкоого алуу сыяктуу иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү маселеси көтөрүлгөн.

Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жарандык коргоо иш-чараларын жүргүзүүдөгү калпыстыктарга токтолду:

- Биздин адистер жер көчкү түшкөн айылга мына ошондой кооптуу абалдагы эки көчкү бар деп, ошол үйлөрдү тез арада көчүрүү керек деген эскертүү жазып беришкен. Ошол жер көчкү жүргөндөн кийин гана отуздан ашуун үйдү көчүрүштү. “Өзгөчө кырдаалдар министрлиги муну мурда эле көчүрүп койсо болбойт беле, министрлик уктап жатат” деген сыяктуу сын-пикирлер болду. Бул туура эмес. Анткени бул милдет жергиликтүү бийлик органдарына тагылган. "Жарандык коргонуу жөнүндө" мыйзамдын 7-9-беренелеринде бул милдет түздөн-түз жергиликтүү бийлик органдарына жүктөлгөн. Биздин адистер болсо, жаратылыш кырсыктары мүмкүн болуучу жагдайлардын алдын алуу жана эскертүү иштери менен алектенет. Анткени жарандык коргоо иштерин уюштуруу жергиликтүү бийлик башчыларына жүктөлгөн.

Ошол эле кезде бир катар айыл аймактарынын башчылары жана район акимдери ыкчам жарандык коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттин чамасы чак экенин белгилешүүдө. Алар жарандарды кооптуу аймактардан көчүрүү жана аларды коопсуз жайга жайгаштырууда жер бөлүп берүү жана жаңы турак жай курууга акчалай жардам көрсөтүү сыяктуу маселелер чечилбей келгенин мисал келтиришүүдө.

Жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюуда күйүүчү майдын жана техниканын жетишсиздиги жергиликтүү бийликтин колун байлап койгон учурлар бар экени айтылды.

Алай районунун акими Ильяз Ташкулов кооптуу аймактан көчүрүлө турган жарандардын көйгөйүн чечүүдө алардын мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин айтты:

- Эң негизгиси жаңыдан пайда болгон кооптуу аймактардагы жарандарды көчүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Күнү кечээ Кабылан-Көл айылындагы жер көчкүгө байланыштуу кооптуу аймактан 15 үй-бүлө тез арада көчүрүлдү. Бирок чындыгында мына ошолорду коопсуз аймактарга жайгаштыруу үчүн жер тилкелери табылбай жатат. Анткени Алайда жаңы конуштар үчүн жер тилкелери таңсык экени белгилүү. Ошол үчүн турак жай курууга жер тилкелери жок болуп жатат. Турак жай курууга мамлекет кепилдик кылган 200 миң сом ссуданы дагы бере албай жатабыз. Ошон үчүн үйлөрдү камсыздандырууга өткөрүү боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Анткени үй камсыздандырылса, 500 миң сомго чейин төлөнөт экен.

Көңүлкоштуктун кесепети

Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер көчкү, суу ташкындары жана сел коркунучтары бар делген Өзгөн, Алай, Кара-Кулжа, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен сыяктуу аймактардын жергиликтүү бийлиги дарыялардын жээктерин бекемдөө иштерине калкты уюштурууда чабалдык кылып жатканын сынга алган.

Жалал-Абаддагы Көк-Арт жана Кара-Үңкүр дарыяларында суу көтөрүлүп, 19 жерде кооптуу кырдаал жаралганы белгилүү болгон. Бул дарыялардагы зым тосмолорду токуп, дамбаларды бекемдөө тапшырмасы жылда эскертилгени менен алардын көпчүлүгү көңүл сыртында калып, натыйжалуу иш алып барылбай калган учурлар белгиленди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов жээктерди бекемдөөгө айрым жергиликтүү бийлик жетекчилери көңүлкош мамиледе болуп келгенине токтолду:

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сурагандын баарын берип жатабыз. Бирок көпчүлүк айыл аймактарынын башчылары күйүүчү май, торчо же болбосо цемент сыяктуу материалдык баалуулуктарды алуунун жана ага байланыштуу отчет берүүнүн жол-жобосун түшүнүшпөйт. Азыр ошолорду алып алып, бирок мына ошолордун бардыгын кантип жана каякка иштеткенин түшүндүрүп, документалдык түрдө негиздеп, отчет бере албаган айыл аймактарынын башчылары бар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасынан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин уюштурууга көңүлкош мамиле кылгандар болуп жатат.

Жергиликтүү бийликтин дарамети

Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин токула турган зым-тосмолорду, күйүүчү жана майлоочу майларды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түшүнбөстүктөр бар экени өкмөт башчысы Сузакка барган учурда белгилүү болду.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев айрым айыл аймактары аткарылган жумуштун көлөмүн ашыкча көрсөтүп, колдонулган күйүүчү жана майлоочу май үчүн отчет бербей жатканына даттанган. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийликти так иштеп, табият кырсыктарын алдын алуу чараларын өз убагында жүргүзүүгө чакырды.

Анткен менен Сузактын акими Абдумуктар Маматов бул багытта жергиликтүү бийлик өкмөттүн колдоосуна муктаж экенин белгиледи:

- Биздин райондун аймагында 18-апрелден 23-апрелге чейин болгон суу ташкындарынын алдын алууда биздеги алты айыл аймагындагы дарыялардын боюндагы тосмолорду чыңдоо иштери жүргүзүлдү. Өз күчүбүз менен дарыялардын жээктерин бекемдөөгө 1000 метр кубдан ашуун кум-таш төгүлдү. Буга жалпысынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 миллион 56 миң сомдук каражат бөлдүк. Бирок бул дагы аздык кылат. Анткени биздин жергиликтүү бюджеттин эсебинен ошол суу ташкындарын жана селдин алдын алуу үчүн өтө чоң көлөмдөгү иштерди жүргүзүүгө туура келет. Бул үчүн биз борбордук бюджеттен кошумча каржылык жардам болбосо, анын бардыгын өзүбүз жасай албайбыз. Биз кечээ өкмөт башчысы менен жолукканда мына ушул маселени койдук.

Ошол эле учурда адистер быйыл жыл жаанчыл болушу мүмкүн экенин жана аба ырайынын ысышы менен дарыяларда суу көтөрүлүп, суу ташкындарынын коркунучу пайда болорун белгилешүүдө. Мында айрыкча дарыялардын жээгинде жайгашкан калктуу конуштарды, айдоо аянттарын жана жайыттарды суу капташы мүмкүн деген алдын ала маалыматтар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине күн сайын түшүп жатканы белгиленди. Анткени бир катар дарыялардын жээктериндеги тосмолор эскирип, суу нугунан көтөрүлсө аларды бузуп өтүп, ашып-ташып, айланасындагы тилкелерге зыян келтириши мүмкүн экени айтылды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов тосмолордун 60 пайыздан ашууну оңдоп-түзөөгө муктаж экенине токтолду:

- Азыркы учурда жер көчкүлөрүнөн дагы суу ташкындарынын көйгөйү күчтүү болуп жатат. Анан эми азыр “Өзгөчө кырдаалдар министрлиги курган тосмолорду нугунан чыккан дарыянын суу ташкындары жууп кетиптир” деп айтып жатышат. Мына ошол Көк-Арт жана Кара-Үңкүр-Сай дарыяларынын боюндагы суу алып кеткен дамбалар 1970-жылдары курулган экен. Алар өткөн 47 жылда иштөө мөөнөтүн толук аткарып бүтүп, керектен чыгып калган абалда. Биздин карамагыбызда мына ушуга окшогон 460 чакырымдык суу тосмолору бар. Учурда алардын 60 пайыздан ашууну өтө эле эскилиги жетип, оңдоого муктаж абалда турат.

Каралган каражаттын агымы

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир жылдык бюджети бир миллиард 800 миллион сомду түзөт. Анын ичинен жылына 400 миллион сомго чейин каражат жаратылыш кырсыгын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюуга каралган. Бул жалпы бюджеттин 30 пайызын түзөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйыл дарыялардагы 51 чоң тосмону оңдоону планга киргизген. Мындан сырткары селдин жана суу ташкындарынын алдын алуу үчүн үч жүздөн ашуун майда объектилерди ремонттон өткөрүүнү көздөйт.

Жогорку Кеңештин каржы жана бюджет комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев өзгөчө кырдаалдарга бөлүнгөн акчаны көзөмөлдөө маселеси бар экенин айтты:

- Негизи Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин каражаты жетишерлик эле. Анын жылдык бюджетинен сырткары, ошол өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюуга каралган каражаттарынын атайын эсеби бар. Ал жакта менин билишимче, соңку маалыматтар боюнча 600 миллион сомдун тегерегинде акча болушу керек. Ошол жээк тосмолорунун бирин жасаса, эртеси экинчисин суу жууп кетип жатпайбы. Бул жерде мына ошол суу тосмолорунун сапаты кандай деген суроо жаралат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзү болсо “суу алып кеткен дамбалар эски болчу” деген жүйөнү келтирген менен мен жакында эле аймактарда болуп келдим. Ал жакта эски эмес эле, мындан эки жыл мурун курулган дамбаларды суу алып кеткен экен. Мына ошондуктан биз бул маселени парламентте карап, ошол дамбалардын курулушуна бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөйлү деп жатабыз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо борбордук казыналык адатта капиталдык курулушка бөлө турган каражатты жай ортосунда которуп, бул каражатты өздөштүрүүгө үлгүрбөй калган жагдайда аны кайра артына кайтарып алып койгон учурлары бар экенин мисал келтирген жайы бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG