Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:45

Акыркы күндөрү Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон кар көчкү үч адамдын өмүрүн алып, бир нече үй-бүлөнү турак жайсыз калтырды. Буга чейин Түп, Ак-Талаа райондорунун үч тургуну да кар алдында калып каза тапкан.

Эмне үчүн табигый кырсыктарды алдын алуу аракеттери майнап бербей жатат? Буга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин калкты алдын ала даярдабагандыгы башкы себеппи же камырабаган кыргызчылык өбөлгө түзүп жатабы? Күтүүсүз кырсыктардын алдын алууга калктын билими менен чамасы жетеби?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда ортого салынган кезектеги маселе мына ушул болду.

Талкууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жана божомолдоо департаментинин директору Анаркул Айталиев, калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Алмазбек Асанов жана Кыргыз-Славян университетинин жарандык коргонуу борборунун директору Болот Айдаралиев катышты.

“Азаттык”: Анаркул мырза, акыркы айда болгон кар көчкүлөр бир нече адамдын өмүрүн кыйып кетти. Кар көп жаайт деген божомолдор айтылып жаткан. Демек, сиздерге көчкү болору деле белгилүү болсо керек. Анан эмне үчүн эл билбей калды? Эмне үчүн алдын ала коопсуздук чаралары көрүлгөн жок?

Анаркул Айталиев: Кыргызстандын 95% ашык жери тоолуу аймак болуп эсептелет. Ага байланыштуу ар кандай геологиялык процесстер көп болот. Калкыбыз ошого жараша турак жайын куруп, жашоосун ошого жараша жүргүзүп, жалпысынан күтүүсүз кырдаалдарга даярдыкта эле турушат.

Бирок былтыркы жылдын октябрынан бери кардын көп жаашы абалды оорлотту. Биз мурун божомолдоп жүргөндөн да көп жаады. Мисалы, Кыргызстанда кар көчкү жүрө турган 33 миң очок бар, 779 очок эл көп жашаган жерлерде болгондуктан кар көчкү коркунучун жаратып турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүлөрдү алдын алуу үчүн карды атып түшүрүп, бир аз азайтып жатат. Мисалы, Бишкек-Ош жолунда түшкөн кар көчкүлөрдүн көлөмү аз болду. Ал эми жер көчкүлөргө кайрылсак, эми күндүн жылышы жана 2016-жылы 13 760 жер силкинүү болгондугуна байланыштуу жер кыртышы бошоңдоп турат.

Кыргызстанда 5 миңден ашык жер көчкү болуу коркунучу бар жер бар. Азыр ушул тапта анын 1 072си кооптонуу жаратып жатат. Алар эл көп жашаган 286 конушка жакын, демек алдыда 4 232 үй-бүлөнү башка жакка көчүрүү милдети алдыда турат.

“Азаттык”: Алмазбек мырза, Кыргызстанда кышында кар көчкү, жазында жер көчкү, сел адам өмүрүн алып, мал-жансыз калтырганы эч кимди деле таң калтырбай калды. Бирок, дүйнөдө адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок болгондон кийин эмне үчүн элибиз өз жанын сактоого жоопкерсиздик менен карап жатышат. Же алар кайсы аймактар кооптуу экендигин билишпейби? Же сиздер талапты катуу кое албай жатасыздарбы?

Алмазбек Асанов: Кыргызстандагы кооптуу жерлер боюнча маалыматтар топтолгон китеп чыгарылат. Аны элге жергиликтүү айыл өкмөттөрү менен биргеликте жыйындарды өткөрүп таратабыз. Бирок, эч кимден уруксат сурабай туруп эле кооптуу жерлерге үй куруп алгандар бар. Алар кайсы жерде көчкү болорун жакшы эле билишет, бирок ага карабай эле үй куруп алышат. Андан тышкары министрликтин окуу борбору бар. Борбордун кызматкерлери бардык убакта жер-жерлерге барып, атайын окууларды өтүп үйрөтүшөт, бирок элибиз баары бир өз өмүрлөрүнө кайдыгер, жоопкерчиликсиз мамиле жасашат.

Мечитке намазга баргандарга деле кырсыкты алдын алуу, сактануу чараларын үйрөтүү керек, болбосо кайдыгерлик көптөгөн кырсыктын себеби боло берет.

“Азаттык”: Болот мырза, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, жергиликтүү бийлик аракет кылып жатабыз деп эле жатышат. Бирок, эмне үчүн табигый кырсыктарды алдын алуу аракеттери майнап бербей жатат? Буга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин калкты алдын ала даярдабагандыгы башкы себеп болуп жатабы же камырабаган кыргызчылык өбөлгө түзүп жатабы? Же күтүүсүз кырсыктарды алдын алууга калктын билими жетпей жатабы?

Болот Айдаралиев: Бул жерде айтылган эки көрүнүш тең башкы себептердин бири. Мисалы, кар көчкү болот, жер көчкү болот деп телевизиордон кайра-кайра айтылып жатат, бирок жолго чыгып алышат, отун-суу алабыз деп тоого чыгышат. Демек, коопсуздукка жоопкерсиздик менен мамиле кылышат, көбүнүн маалыматы жок. Ошон үчүн эң орчундуу маселе - элдин сабаттуулугун көтөрүү зарыл болуп жатат. Мисалы, биздин борбор айыл өкмөттөрү менен биргеликте элди жыйнап, жылына миңге жакын адамды окутабыз.

Ар бир табигый кырсыктын өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп беребиз. Бирок, ал деле жетишсиз болуп жатат. Себеби, бардык жерде эле өзгөчө кырдаалдар боюнча адистер жетишсиз. Өкмөттүн алдына ар бир айылда адис болсун деген милдетти койгонбуз. Ал үчүн биз жылына биздин окуу жай 250 адисти даярдап жатат.

Адистер менен камсыз болгонго чейин эле колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдүн баарын колдонушубуз керек. Мисалы, мечитке намазга баргандарга деле кырсыкты алдын алуу, сактануу чараларын үйрөтүү керек, болбосо кайдыгерлик көптөгөн кырсыктын себеби боло берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG