Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

Сузак: жер көчкүдөн коркпогон айыл


Сузактагы жер көчкү жүргөн айыл
Сузактагы жер көчкү жүргөн айыл

Акыркы жолу эки ирет жер көчкү катталган Сузак районундагы 64 үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү зарылдыгы кайрадан жаралды. Бирок канчалаган эскертүүгө карабай мал багуу менен алектенген тургундар ата конушун таштап кетүүнү каалаган жок.

Жергиликтүү бийлик адам өмүрүнө коркунуч жаралган аймактагы үйлөрдү соттун чечими менен гана буздуруп көчүрүүнү пландоодо.

Кечээ түштөн кийин райондун Алчалуу айылында көлөмү 30 миң куб метр келген жер көчкү түштү. Турак-үйлөрдөн анча алыс эмес аймакта орун алган жаратылыш кырсыгы жергиликтүүлөрдүн мал жандыгын басып, айылды жарыксыз калтырган. Алчалуу айылынын тургуну Кенжебек Сатибаев буларды айтты:

- Жер көчкү мал жайып жүргөн жерде орун алды. Капыстан эле көчүп, үч малымды басып калды. Айдап чыгууга үлгүрбөй калдык. Мөөрөгөн бойдон топурактын алдында калып кетти, өзүбүз араң кутулганыбызга шүгүр кылдык. Азыр дагы башка мал-жандыктар болушу мүмкүн деп тактап жатышат.

Сузак районунун Алмалуу жана Алчалуу айылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тарабынан 1994-жылы эле жашоого мүмкүн эмес деп табылып, тургундарды көчүрүү боюнча жергиликтүү бийликке сунуштама берилген. Анткени союз учурунда кокту-колотторго курулган үйлөрдүн жанындагы тоолордо жаракалар пайда болуп, көчүү коркунучу жаралган.

Бирок азырынча жашоочулар кооптуу аймакта кала бергенин райондук өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу бөлүмүнүн башкы адиси Элдияр Исраилов айтты:

- Көчкү жүргөн аймакка бир жума мурун биздин адистер барып текшерип, дагы жер көчөт деп эскертүү бергенбиз. Бул аймак жашоого мүмкүн эмес деген кызыл зонага кирет. Бирок жашоочулар азыр да ошол жерде кала берүүдө. Кечээ күнү жүргөн көчкү алдында беш мал калып кеткен. Мындан сырткары электр устун кулап, айылдыктар жарыксыз калган. Аларды азыр райондук жарандык коргоо комиссиясы калыбына келтирип жатат. Биз жыл сайын бул жерлерге эскертүү беребиз, бирок алар аткарылбай келатат.

Өткөн айдын этегинде да ушул эле айылга жанаша жайгашкан Алмалуу-Булак айылында 50 миң куб метрден ашык жер көчкү түшкөн. Анын кесепетинен электр устундары кулап, ички жол каттамын топурак басып, айылды суу каптоо коркунучу жаралган. Бир суткадан соң алардын баары жоюлуп, айылдыктардын жашоосу өз калыбына келген.

Айыл тургуну Мамытбек Орозбеков турмуш-шартка байланыштуу башка жакка көчө албасын айтат.

- Биздин шартыбыз мал-жандыгын багууга ылайыкташкан. Ошол себептүү элдин баары мал менен гана тирилик кылат. Мындан сырткары үлүшкө берилген жерибиз да ушул аймакта орун алган. Биз кааласак да, каалабасак да ушул жерге келебиз. Ошол себептүү бул жерден көчпөй жашоого аргасызбыз.

Учурда көчкү жүргөн кооптуу аймакта 64 түтүн эл жашайт. Аларды көчүрүү максатында 1995-жылдары ар бирине мамлекеттен ссуда жана башка жактан жер тилкелери көрсөтүлгөн. Бирок жашоочулардын айрымдары конуш которгону менен, көпчүлүгү кооптуу аймакта жашоосун улантууда. Район акиминин биринчи орун басары Төрөгелди Түркбаев аларды көчүрүүгө мүмкүн болбой жатканын айтты:

- Бул жердеги жашоочуларга жыл сайын түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Бирок алар жайыт жерлерин таштап кеткиси келбей жатат. Ошол себептүү алардын баары өлсөм доом жок деп тил кат да жазып беришкен. Мажбурлап көчүрө албайт экенбиз. Азыр эми үйлөрүн соттун уруксаты менен гана сүрдүрүш керек. Башка айла калбай баратат бизде.

Сузак району боюнча учурда кооптуу деп эсептелген 111 аймакта миңден ашык үй-бүлө жашап келет. Жаз алды жаан жаап, жер эзилгенде жер көчкү жана сел жүрүү коркунучтары пайда болуп, адистердин шаштысын алат. Өткөн жылы ушул эле райондун Кыр-Жол айылында жер көчүп, алты адамдын өмүрү кыйылган. Район аймагында акыркы жолу Кыр-Жолдогу кырсыктан улам гана өткөн жылы көчүрүү планы ишке ашкан.

XS
SM
MD
LG