Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Көчкүдөн коркпогондордун иши сотко өттү


Акчалуу айылы, Сузак
Акчалуу айылы, Сузак

Сузак районунда жер көчкү жүрүүчү кооптуу аймакта жашаган 50 үй-бүлөнү көчүрүү тууралуу жергиликтүү бийлик сотко кайрылды.

Өз алдынча кооптуу аймактардан кетүүнү каалабаган жашоочулар үчүн бийлик аргасыздан ушул кадамга барып жатат. Жашоочулар өкмөттөн жардам болсо гана кыймылдарын айтып, көчкү алдында калсак "эч кимге дообуз жок" деп макулдук беришкен. Учурда 1600дөн ашуун үй-бүлө кооптуу аймакта жашап келет.

Төрт балалуу Курманалиевдердин үй-бүлөсү азырынча көчүүгө камына элек. Ал байырлаган Акчалуу айылындагы тургундардын көбү эбак эле көчүп кеткен. Руслан Курманалиев мамлекет көмөк көрсөтмөйүнчө айылда кала берерин айтты:

Акчалуу айылы
Акчалуу айылы

- Бул жерден кайсы жакка көчүп барарыбызды билбейбиз. Конуш которуп, башка жакка турак жай курганга каражатыбыз деле жок. 1993-жылы апама деп башка жактан чек жана ссуда берген экен. Аны ошол жылдары эле башка максаттарга иштетип жиберишкен. Эми дагы кайрадан көмөк бербесе, көчө албайбыз. Жок дегенде убактылуу жашаганга чатыр, үйдүн пайдубалын түптөөгө каражат бөлсө, калганын өз алдыбызча эптеп алаар элек. Биз сыяктуу коңшуларыбызды айыл өкмөт сотко бериптир, бирок биз ага да макул эмеспиз. Жыл сайын "кырсыкка кабылсак, эч кимге дообуз жок" деп түшүнүк кат жазып берип турабыз.

Жер көчкү катталып жаткан 40 түтүн эл жашаган Сузактын Акчалуу айылында учурда онго жетпеген гана үй-бүлө калды. Калгандары турак жайын буза элек болсо да, башка жакка баш калкалап кетишкен. Эми гана көчүүгө камынып жаткан Каныбек Казыбеков мындай деди:

- Чоң балам эчак эле бул жактан көчүп кеткен. Биз болсо кичүү уулум менен эми гана бул жерден көчөлү деп турабыз. Бирок бардык буюмдарыбызды алып кетпейбиз. Анткени жайкысын убактылуу бул жакка келип, мал-жандыктарыбызды кайтарып турабыз. Анткени биз көчүп барган жакта мал караганга шарт жок. Туулуп-өскөн жериңди биротоло таштап кетүүгө да болбойт. Кокус жер көчкү катталса, чатыр тигип болсо да келип турабыз. Күн алыс жергиликтүү бийлик келип, улам көчүп кетүүбуздү эскертип жатат. Убагында мамлекеттен жардам алганбыз, эч кимге нааразы болгон жокпуз. Алар да биздин коопсуздугубузду ойлоп жатат.

Жыл башынан бери облус аймагында 30 ирет жер көчкү катталса, алардын 20сы Сузак районунда орун алган. Ар жума сайын жер кыртышынын жылышы район бийлигинин шаштысын алып, көчүү сунушуна макул болбогон жашоочуларды аргасыз сотко берди. Кызыл-Туу айыл өкмөтү 20 жана Кыз-Көл айыл аймагы 30 адамдын үстүнөн сотко кайрылганын район акими Абдумуктар Маматов айтты:

- Бул эми жергиликтүү бийликтин аргасыз кадамы болуп жатат. Канча жолу эскертүү бергенибизге арабай тургундар көчпөй жатышат. Сот да алардын баарын мажбурлап көчүрүүгө өкүм чыгара албайт экен. Өз чечиминде айыл өкмөтөргө шарт түзүү жана кээ бирөөлөрдүн көчүүсүн аныктаган. Азыр биз бул багытта иштеп жатабыз. Анткени жергиликтүү бийликке бул багытта иштөө кыйын болуп жатат. Эң көп жаратылыш кырсыктары орун алган аймак катары Сузак району эсептелет.

Сузак райондук соту жогорудагы доо-арыздарды карап, 20дан ашык адамдын үстүнөн жазылган кайрылууну кароосуз калтырып, сегиз адамды мажбурлоо иретинде башка жакка көчүрүү чечимин кабыл алды. Ал эми калган үй-бүлөлөрдүн маселеси соттун кароосунда жатат. Укук коргоочу Абдуназар Маматисламов кооптуу аймакта жашаган адамдарды мажбурлап көчүрүүгө мыйзам жол берет дейт:

- Эгерде алар жашап жаткан аймак кооптуу катары тийиштүү адистердин кызыл линиясында болсо, кезегинде аларга жардамдар берилип, бирок көчпөй жаткан болсо сот аркылуу аларды көчүрүүгө толук мүмкүн. Бир гана өз каалоосу жана соттун чечими менен гана аларды кооптуу жайдан көчүрүүгө болот. Алардын өмүрүнө бийлик жооптуу болгондуктан алар аргасыздан сот аркылуу көчүрүүгө барып жатат. Тургундар муну туура кабылдашы керек. Эми соттун чечими чыкса, аны сот аткаруучулар аткарат. Бул жерде жергиликтүү бийлик көчүрүүгө күчү жетпей калгандыктан сотко кайрылып жатат.

Жер көчкү көп катталган Ачы өрөөнү 1994-жылы эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жашоого мүмкүн эмес кооптуу аймактардын катарына киргизилген. Кезегинде көпчүлүк жашоочуларга мамлекеттен жардамдар көрсөтүлгөнү менен алар көчүп кетишкен эмес.

"Азаттык" радиосунун 28-мартта эфирден кеткен "Арай көз чарай" талкуусу табигый кырсыктар жана анын алдын алуу маселесине арналган. Талкууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Асанов, ушул эле министрликтин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов жана Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субакожоев катышты.

Сузак району боюнча учурда 1600дөн ашык үй-бүлө жаратылыш кырсыктары орун алчу кооптуу аймактарда жашап келет. Жер көчкү активдешип жаткан былтыркы жылдан тартып аймакта 300дөн ашык адам башка жайга көчүрүлгөн.

Кооптуу жерде жашагандар күчтөп көчүрүлөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:08 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG