Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:39

Өзгөн районунда көчкү басып калган үй-бүлөнү издөө-куткаруу иштери токтоп турат. Куткаруу иштери маалында көчкү бир нече жолу кайталанган.

Ал арада Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Өзгөн районунун Ничке-Сай айылындагы Топ-Жаңгак участкасында көчкү алдында калгандардын тизмесин жарыялады.

Алдын ала маалымат боюнча алар бир үй-бүлө мүчөлөрү:

1. Эгемкулов Өмүрзак Амиракулович, 1988-жылы туулган (үй ээси);

2. Сулайманова Гүлайым, 1989- жылы туулган (аялы);

3. Амиракулова Аксана, 2010- жылы туулган (кызы);

4. Амиракулова Айгерим, 2011- жылы туулган (кызы);

5. Амиракулов Жыргал, 2013 - жылы туулган (уулу);

6. Амиракулова Раяна, 2015- жылы туулган (кызы).

Боронов: Эл эскертүүгө көңүл бурбайт

Кырсык болгон аймакка барып келген өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.

Кубатбек Боронов: Куткаруу-издөө иштери башталган жок. Дагы күтүп калышыбыз мүмкүн. Себеби, көчкү дале токтой элек, анын жылуу процесстери байкалып жатат. 26-мартта эртең менен кабар жеткенден кийин эле куткаруучулар барып, ишти баштап, түшкө чейин аракет кылышты. Бирок саат 14:00 чамасында ошол жерге кайра үч жолу көчкү түштү. Көчкүнүн негизги массасы токтобой жатканына байланыштуу ошол жерде иштегендердин өмүрүнө коркунуч туулду. Ал жердеги эл менен, көчкүдө калгандардын туугандары менен сүйлөшүп жумуш кечээ түштөн тарта токтотулду.

"Азаттык": Көчкү алдында калган үйдө канча адам бар экени аныкталдыбы? Буга чейин алты адам, андан башка дагы бир тууганы түнөп калган деген божомолдор айтылды эле.

Кубатбек Боронов: Тууганы аман-эсен, ал кечинде кайра өз үйүнө кеткен экен. Үйдүн ээси, аялы жана төрт баласы менен калган. Булар 2010-жылдан бери бул жерде мал карап жашап жүрүштүр.

Көчкү жүргөн жер.
Көчкү жүргөн жер.

"Азаттык": Демек, бул жер кооптуу аймактардын катарында болчу?

Кубатбек Боронов: 1994-жылы эле коркунучтуу аймак деп белгиленип, эскертүү берилген. Жер көчкү алдында калган үй ээсинин атасына 1996-жылы мамлекет тарабынан жардам берилип, башка жактан жер тилке бөлүнүп көчүрүлгөн. 1996-жылы 12-ноябрдагы өкмөттүн 370-токтомунун негизинде иш жүргүзүлүптүр. Андан кийин эч ким жашаган эмес. 2010-жылы гана бул бала (үйдүн ээси) "ата конушума барып жашайм" деп, мыйзамсыз түрдө, уруксат берген кагаздары жок туруп эки бөлмөлүү там салып жашап алган.

"Азаттык": Андан бери аларга ал жерде жашоо кооптуу деген эскертүүлөр берилбеген бекен? ​

Кубатбек Боронов: Биздин быйыл, былтыр берген эскертүүлөрүбүз бар. Аларды коопсуз жайга көчүрүү тууралуу сунуш айыл өкмөт башчыларына кат аркылуу жөнөтүлгөн. Мындай иштерди биз тынымсыз, жыл бою жүргүзөбүз. Зордоп көчүрүүгө мыйзам жол бербегендиктен, мүмкүн эмес. Түшүндүрүү иштери менен алектенебиз.​

1994-жылы эле коркунучтуу аймак деп белгиленип, эскертүү берилген. Жер көчкү алдында калган үй ээсинин атасына 1996-жылы мамлекет тарабынан жардам берилип, башка жактан жер тилке бөлүнүп көчүрүлгөн.

"Азаттык": Кыргызстанда жалпысынан көчкү коркунучу жогору болгон канча аймак бар?

Кубатбек Боронов: Абдан эле көп. Ош облусунун Алай, Өзгөн, Кара-Кулжа районунун, Жалал-Абад облусунун Сузак, Аксы, Базар-Коргон райондорунда бар. Чилде убагында Сузак районунда көп жолу жер көчкү жүрдү. Жакында эле кайталанып, бир нече үйдү көчүрүү маселеси келип чыкты. Жаз келип калды, эми көчкү коркунучу дагы күчөйт. Бардык жерлерде тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат. Өкмөттө да премьер-министрдин катышуусу менен жыйын өттү. Жергиликтүү башкаруу органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилди, бирок эл бул маселеге кайдыгер мамиле жасап атат. Кечээгидей адам өлүмүнө алып келген учурларды талдап көрсөк, 99 пайызы буга чейин көчкү жүрө турганы белгилүү аймактарда жашап жаткандар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG