Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Бир үй-бүлө көчкү алдында калды


Көчкү жүргөн жер.
Көчкү жүргөн жер.

Өзгөн районунун Ничке-Сай айылындагы Топ-Жаңгак участкасында көчкү алдында калгандардын тизмеси жарыяланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, алдын ала маалымат боюнча алар бир үй-бүлө мүчөлөрү:

1. Эгемкулов Өмүрзак Амиракулович, 1988-жылы туулган (үй ээси);
2. Сулайманова Гүлайым, 1989- жылы туулган (аялы);
3. Амиракулова Аксана, 2010- жылы туулган (кызы);
4. Амиракулова Айгерим, 2011- жылы туулган (кызы);
5. Амиракулов Жыргал, 2013 - жылы туулган (уулу);
6. Амиракулова Раяна, 2015- жылы туулган (кызы).

Көчкүдө калган жарандардын аты-жөнү өзгөрүшү мүмкүн. Аймакка куткаруучулар, адистер барышкан. Министр Кубатбек Боронов да Өзгөнгө жөнөп кетти.

Көчкү жүргөн жер.
Көчкү жүргөн жер.

Жер көчкү алдында калган үйдүн ээлерине буга чейин эскертүү берилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул үйдүн ээсине 1996-жылы мамлекет тарабынан курулуш материалдары берилген. 2010-жылы кооптуу тизмеге кирген, бирок мурда үй курууга курулуш материалдарын алгандыгы үчүн ссуда берилген эмес.

Бүгүн саат 14:00 чамасында аталган жерде дагы бир жолу жер көчкү жүрүп, кооптуу абал жаралгандыктан топурак алдында калган үй-бүлөнү издөө-куткаруу иштери убактылуу токтотулду.

Бүгүн эртең менен түшкөн көчкүнүн узундугу болжол менен 800 метр, бийиктиги 4-15 метрди түзгөн, жер 500 метр аралыкка чейин сүрүлүп барган. Маалыматка караганда, ал жерде беш турак жай жайгашкан. Анын төртөө топурак алдында калды, алардын үчөөндө эч ким жашаган эмес, биринин жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлгөн. Ал эми ичиндеги жашоочулар менен көчкү алдында калган Өмүрзак Эгемкуловдун үйүндө алты адам жашачу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG