Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 20:19

Кыргызстанда улам-улам жер көчүп, жер кыртышын бекемдөө керек деп коңгуроо каккан экологдордун сөзү ырасталууда. Ушундан улам тоолуу аймактарда токой дарактарын жыш отургузуп, кыртышты бекемдөө аракеттерин көрүү өкмөт алдындагы башкы милдетке айланчудай.

Кыргызстанда жер кыртышын бекемдеп, жер көчкүлөрдүн алдын алуу үчүн эмне кылуу керек? Мындай иштерди өлкөнүн кайсы аймактарында тезинен жүргүзүү зарыл? Жер кыртышын бекемдөөнүн эл аралык кандай ыкмалары бар?

“Арай көз чарай” талкуусуна Улуттук илимдер академиясынын академиги Биймырза Токторалиев, жерди прикладдык изилдөө боюнча Борбор Азия институтунун директору Болот Молдобеков жана “Кыргызстандын 21-кылымдагы экономикалык модели” аттуу долбоордун автору Азамат Темиркулов катышты.

“Азаттык”: Биймырза агай, Кыргызстанда жыл өткөн сайын жер көчкү көп жүрүп, ондогон адамдардын өмүрүн алып жатат. Буга башкы себеп эмне? Эмне үчүн жер көчүп жатат?

Биймырза Токторалиев: Азыркы мезгилде жалпы эле дүйнө жүзүндө климат өзгөрүп жатат, Кыргызстан андан четте калган жок. Андан тышкары биздеги жерди туура эмес пайдалануу терс таасирин тийгизип жатат. СССР мезгилинде койдун санын 12 миллионго чейин жеткиребиз деген саясаттын негизинде жайыттар толук деградацияга дуушар болгон. Мисалы, бир кой бир күндө 30 килограммга чейин жашыл массаны жечү. Токойлордо жашыл дарактарды аёосуз кыюу, айлана-чөйрөнү коргобой ар кандай химиялык заттарды колдонуу дагы мына ушул кырдаалга алып келди.

“Азаттык”: Болот мырза, сиз Борбор Азиядагы жер кыртышын изилдеген окумуштуу катары айтсаңыз, СССР мезгилинде мындай жер көчкүлөр аз болуучу эле. Кыртышты бекемдөө үчүн эмне кылуу керек?

Биздин өлкөдө көчкүлөрдүн структурасы өтө терең. Айрымдарыныкы 20 метрден 40 метрге чейин жетет, ал эми жылыш катмары да эң терең жерде турат. Ал эми тереңдиги 1,5-5 метрлик көчкүлөрдү бак-дарактарды тигип токтотсо болот. Бирок токтотуу таптакыр токтотуу мүмкүн эмес.

Болот Молдобеков: Көчкүлөр бүгүн эле көбөйдү деп айтуу туура эмес, мурун деле болчу. Ошон үчүн өкмөттө жер көчкүлөрүнө байкоо жүргүзгөн атайын экспедициялык отряд бар болчу. Алар жылы бою эл аралап, жер көчүшү мүмкүн экендигин жана алар айлана-чөйрөгө кандай таасир көрсөтөрүн иликтеп турчу. Ал эми азыр эң негизги себеп кыртыштын өзгөрүшү болууда. Анткени регион тоолуу жана Фергана өрөөнүнүн чыгыш тарабында глобалдык тектониканын жылышы бар.

Андан тышкары түштүк аймактын топурагы өтө борпоң жана анын сырткы катмарынан кийинки катмарында токтолуп калган суу эртеби-кечпи топурактын жылышын шарттайт. Ошон үчүн көчкүлөр ар бир 8-10 жылда кайталанып, активдеше берет. Бул табигый процесс.

1994-жылы 1500 чейин көчкү болгон, андан кийин 2000-жылы жана азыркы учурда көбөйүп жатат. Жылдын башында өзгөчө кырдаалдар министри менен жолугуп, коллегияда ушул суроо каралды эле. Күздөн тарта жамгыр, кар көп жаады, март-апрель айлары дагы жаанчыл болду. Ошондон улам жер көчкүлөрдүн кайталанма цикли болуп жатат.

Көчкүнү инженердик иш-чаралар менен токтотуу аракети бүт дүйнө жүзүндө жасалат. Мисалы, Альпыда жер көчкү болчу жердин үстүңкү топурагын алып, ылдый жагын таяныч коюп токтотуу аракети болуп жатат. Биз дагы Аксыдагы, Майлы-Сайдагы бир нече жер көчкүлөрдү токтотуп көрдүк. Бирок негизинен бул табигый кырсык болгондуктан токтотуу абдан кыйын. Анткени биздин өлкөдө көчкүлөрдүн структурасы өтө терең. Айрымдарыныкы 20 метрден 40 метрге чейин жетет, ал эми жылыш катмары да эң терең жерде турат. Ал эми тереңдиги 1,5-5 метрлик көчкүлөрдү бак-дарактарды тигип токтотсо болот. Бирок токтотуу таптакыр токтотуу мүмкүн эмес.

“Азаттык”: Азамат мырза, сиздер “Кыргызстандын 21-кылымдагы экономикалык модели” деген стратегиялык долбоор даярдаган экенсиздер. Ал долбоор ишке аша турган болсо Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жерди бекемдөөчү токойлордун саны көбөйөт, ошол эле учурда табигый кырсыктардын саны азаят деп ишенсек болобу?

Тоолордо токойлордун баарын кыйып бүттүк, ошон үчүн көчкүлөр көбөйүп жатат. Ушул кылымда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 80% жок болуп кетет деген коркунучтар бар.

Азамат Темиркулов: Албетте тоолордо токойлордун баарын кыйып бүттүк, ошон үчүн көчкүлөр көбөйүп жатат. Ушул кылымда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 80% жок болуп кетет деген коркунучтар бар. Биз деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктиктеги жерлерге ийне жалбырактуу дарактарды, 2000 метрге чейин алма, мисте, абрикос сыяктуу дарактарды, суу жээктерине бат өсүүчү сосна, терек, Кыргызстанга жаңыдан келип жаткан павловнияны отургузууну сунуштап жатабыз. Мунун баары кырсыктардын алдын алат.

Бул бак-дарактардын баары адамдын ден соолугуна да абдан пайдалуу жана алардан көп мөмө-жемиш алсак болот. Ошондуктан чет өлкөлүк инвесторлорду дагы кызыктырып, санаторийлерди курууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Дүйнө жүзү боюнча өнүгүп жаткан органикалык азык-түлүк базарында алдыңкы орундарды ээлегенге шарт түзүлөт. Суу боюнда өскөн бак-дарактарды курулуш материалы катары пайдалансак да болот.

“Азаттык”: Биймырза агай, СССР мезгилинде Жалал-Абад облусундагы адырларга жерди бекемдөө үчүн мисте, бадам, жаңгак дарактары атайын отургузулган жана алар өз кезегинде жер көчкүсүн азайткан деген маалыматтар бар. Ошол чынбы? Эгер чын болсо азыр эмне үчүн ошондой аракеттер көрүлбөй жатат?

Биймырза Токторалиев: Биринчиден, жер көчкүлөрдүн циклин глобалдык масштабда бузуп жатабыз. Экосистема бузулгандан кийин жана глобалдык жылуулук күч алып баратат. Байыртадан кыргыздар ыйык туткан арчаны алып көрсөк, 5 миң жыл жашайт. Тамыры 100 метрге чейин өсөт жана арматура катары жер кыртышын сактайт.

Экинчиден, Майлуу-Суу, Алай, Өзгөндөгү кызыл топурактар жаан жаагандан кийин структурасы бузулуп, былкылдап калат. Ошонун айынан дагы жер көчкүлөр боло берет. Бул кырсыктардын алдын алуу үчүн мисте сыяктуу дарактарды отургузуу туура болот. Анткени алардын тамыр беш метр тереңдикке чейин өсөт. Бул иштерди жасоого Токой агенттиги жетишпей жатат. Менин оюмча, бул ишти эл колго алышы керек. Албетте биз дагы өз ишибизди жасап жатабыз илимий жактан жардам көрсөтөбүз. Керек болсо, жайлоолорду дагы бак-дарак отургузууга элге бериш керек. Кандайдыр бир жаңыча ыкмага өтпөсөк, жер көчкү азабын дагы көп тартабыз.

“Азаттык”: Болот мырза, эмне үчүн Кыргызстандагы жерди илимий изилдөөлөрдүн натыйжасы колдонулбай жатат? Жердин өзгөрүшү ар тараптан иликтенген болсо жана андагы өзгөрүүлөрдүн жаратылыш менен адамдын турмушуна тийгизе турган терс таасирлери мурдатан белгилүү болсо, аны менен өкмөт кабардар болсо азыркыдай кырсыктардын алдын алууга шарт түзүлөт беле?

Болот Молдобеков: Азыркы күндө биздин эле институт Кыргызстан боюнча жер көчкүлөрдүн каталогун түзүп Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бергенбиз. Ал каталогдо качан, кайсы жерде пайда болуп, кайсы үйлөргө зыян алып келиши мүмкүн деген маалыматтар камтылган. Биз Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ош, Жалал-Абаддагы көчкүлөрдүн картасын чийип бердик. Жазында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү айыл өкмөттөрү эл менен иштеп, кооптуу жерлерде жашаган үй-бүлөлөрдү башка участокторго көчүрүүсү зарыл эле. Ушул ишке катуу киришүүсү керек.

Бүгүнкү күндө адамдар балдарын, неберелерин көчүрүп туруп, чал-кемпирлер “Кудай сактасын” деп малын, жерин карап үстү жакта калып атышат. Анткени башка жакта тиричилигин уланта албайт, муктаждыктын себебинен ошондой шартта жашоого алар дагы аргасыз.

Талкуунун толук варианты:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG