Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:38

Улам-улам кайталанган жаратылыш кырсыктарынан ондогон адамдардын өмүрү кыйылып, жакындары катуу стресске кабылды.

Күтүлбөгөн кырсыкка кабылган адамга же кырсыктан жакынын жоготуп, кан жутуп турган кишиге кандай жардам көрсөтүү керек? Кыргызстанда бул багытта адистер жетиштүүбү?

29-апрелде Өзгөн районунун Аюу айылында болгон жер көчкүдөн жабыркаган беш адам райондук ооруканада дарыланууда. Алар невроз, кан басымдын көтөрүлүүсү сыяктуу дарттарга чалдыгышкан. Ал эми бир кишинин мээсине кан куюлуп, реанимация бөлүмүндө жатат.

Жүрөк, мээ жабыркайт

Кырсыктан кийинки кырдаал адамдын саламаттыгына кандай таасир тийгизет? Капилет башка түшкөн кайгынын кесепети алгач адамдын нерв, жүрөк, кан тамыр органдарына зыян келтирет. Бул тууралуу жүрөк, кан тамыр микрохирургу Элзар Токтоназаров төмөнкүчө түшүндүрөт:

- Катуу стресс болгондо күрөө тамырлар менен кан тамырлар кичирейип, тырышып калышы мүмкүн. Эгерде буга чейин эле жүрөк же кан тамырларында проблема болсо кошумча стресс аны ого бетер күчөтүп, жүрөк талмасы же мээге кан куюлуусуна чейин алып барат.

Мындай акыбалда калган кишиге медиктер жанында болбой калса кандай жардам көрсөтүш керек? Кишинин буту-колу тырышып же эси ооп баратса, анда аны таза абага алып чыгып, терең дем алуусуна шарт түзүү зарыл. Дарыгер Токтоназаров алгачкы жардамды кантип көрсөтүү тууралуу мындайча кеңештерин берди:

- Кан басымы көтөрүлүп кетсе, анда аны түшүрүүчү дары-дармек берилет. Дарыгерлер адамдын кайсы организми жабыркап, кыйналып жатса ошого жардам беребиз. Буга кошумча жер титирөө, көчкү же жол кырсыгы учурунда “кыйроо синдрому” деген кыйынчылык бар. Мисалы кишинин буту-колун бетон, таш же оор нерсе басып калып, анын алдында алты сааттан ашуун жатып калса, аны ордунан козгобой эле бутун же колун ампутациялоого туура келет.

Психологдор жетишсиз

Кыргызстанда кризис учурунда психологиялык көмөк көрсөтүү маселеси азырынча кеңири масштабда ишке аша элек. Окуя болгон жерге биринчи эле куткаруучулар барышарын, бирок алардын курамында тирүү калгандарга психикалык жардам берчү адистер жоктугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова ырастады:

- Бизде психологиялык жардам каралган эмес. Куткаруучуларыбыз гана окуя болгон жерде иш алып барышат. Мисалы, оор кырсык болгон жерге биз менен кошо ички иштер органдарынан, саламаттыкты сактоо тармагынан адистер барышат. Суучулдар, өрт өчүргүчтөрүбүз болгону менен тирүү калган кишилерге психологиялык колдоо көрсөтүүнү медиктер ишке ашырышат. Жакында эле Өзгөндө болгон жер көчкү учурунда каза болгондордун жакындарына психологиялык жардам аябай керек болду. Бирок, тилекке каршы, биздин министрликте мындай кызмат орду ачылган эмес да.

Кыргыз дарыгерлери.
Кыргыз дарыгерлери.

Республикалык психикалык саламаттык борборунун башкы дарыгери Кубанычбек Эрмегалиев да мындай кырдаалда психологиялык жардам берүүчү атайын адистердин жоктугунан улам бир топ кыйынчылыктар туулуп жатканын белгиледи:

- Жалпысынан республика боюнча психиатр адистер жетишсиз. Теле-радиодон кырсык болгон аймактарда дарыгерлердин бригадасы иштеп жатканын айтышууда. Маселен былтыр жайында эле Москвада кыргызстандык кыздар өрттө каза табышты, Дача-СУда учак кулады. Ошол учурда элге массалык көмөк берчү психиатрлар жетишсиз болду. Жасаттарды алып келүү учурунда Москвага өзүм барып, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курамында психиатрлар бар экенин көрдүм. Мындай адистик бизге абдан керек. Бизде деле кырсыктар көп болот. Бригаданы, адистерди тобу менен даярдап койсок жакшы эле болмок. Бирок мунун баары келип эле каражаттын жоктугуна такалып айтпайбы.

Кайгыны күчөткөн медиа

Дарыгер Кубанычбек Эрмегалиев массалык маалымат каражаттарында жана интернетте кырсык болгон жерди, сөөктөрдү же канга бойолгон адамдарды, кайгылуу кадрларды кайра-кайра көрсөтө берүү көпчүлүктүн психикасына терс таасирин тийгизип жатканын да белгилейт:

- Советтер Союзу учурунда массалык маалымат каражаттары катуу кырсык же табигый каргашаларды көп теледен көрсөтпөгөнгө аракет кылчу. Мурда маалыматты абдан иргеп анан элге таратышчу. Азыр болсо кичинекей эле окуяны журналисттер чымынды төө кылгандай көрсөтүп жатышат. Мунун баары адамдарды дүүлүктүрүп, коркутуп, депрессия, стресске чейин жеткирет. Элдин баарынын эле жан дүйнөсү окшош эмес да. Өтө назиктер бар, аң сезими жаңы калыптанып келе жаткан өспүрүмдөр, карыялар көрөт.

Жардам берүү жолдору

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму депрессия, коркуу жана чочулоо сыяктуу психикалык дарттарга чукул кырдаалга күбө болгондордун төрт пайызы учурарын, постравмалык стресс же жакынынан айрылгандан кийинки депрессияга 20 пайызы, ал эми жөнөкөй психологиялык соккуга көп сандаган адамдар кабыларын аныктаган. Жакынынан айрылып, кыйналып турган адамга көрсөтүлүүчү жардамдарды дарыгер Эрмегалиев санап берди:

- Эгерде эң жакын кишисинен айрылган адам ыйлап, кыйкырып жатса, албетте, аны сооротконго аракет кылыш керек. Бирок жакындарын жоготкондорду ыйлагандан, кыйкыргандан таптакыр тыйып салуу да болбойт. Алар бугун, ызасын, кайгысын ыйлап чыгарып алганы да дурус. Дары берип же ийне сайып аларды тынчтандыруунун зарылдыгы деле жок. Бирок убакыт өткөн сайын кайгысын унутпай, депрессия болуп, кыйналып, уйкусу качып жатса, анда сөзсүз түрдө адиске кайрылышы керек.

Кырсыктан жабыркагандарга психологиялык көмөк көрсөтүү боюнча ЮНИСЕФтин атайын колдонмосунда “көмөк пирамидасы” сунушталган. Анын биринчи принциби жабыркаган адамды жакшылап сурамжылап, тарткан кыйынчылыгын аныктап алгандан кийин тийиштүү көмөк планын иштеп чыгуу керек. Ал эми Кыргызстанда болсо мындай кырдаалда иштөөгө адистешкен психологдор же психиатрлар жокко эсе.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG