Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:46

Боронов: Сел, көчкү коркунучу чоң болууда


Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов

Быйылкы аба ырайынын жаанчыл болгонуна байланыштуу сел, көчкү коркунучу чоң болуп турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” берген интервьюсунда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Министр кошумчалагандай, буга байланыштуу Кыргызстандын аймагында 4 миң үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү зарыл.

Кубатбек Боронов: Азыркы мезгилде туруксуз аба ырайы кайрадан күч алып турат. Кечээ күн ачылып жылыса, бүгүндөн баштап кайра жаан-чачындын күчөшү болжолдонууда. 21-апрелден кийин дагы күн ачылып, кайра бузулары айтылып атат. Мына ушунун баары акыркы мезгилде өзгөчө кырдаалдардын көбөйүшүнө алып келүүдө. Былтыр жыл бою болгон өзгөчө кырдаалдын жарымы быйыл биринчи кварталда эле катталды. Анын көпчүлүгү кар көчкүлөр, жыл башынан бери болуп келаткан жер көчкү болуп атат. Жер көчкү Ош жана Жалал-Абад облусунда катталды. Күн жылыгандан баштап тоолордо кар ээрип, чоң дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, коркунучтуу абалга чейин жетти. Базар-Коргондо Кара-Үңкүр сай дарыясын, Тентек-Сай деп коюшат жана Көкарт дээңгээли көтөрүлдү. Жер көчкү дагы жылдагыга караганда абдан көбөйдү. Алардын баары, 99% бизге белгилүү болгон жерлер болуп атат. Ошондон баштап эле мамлекеттен жардам алып, жер алып көчүп кетип, кайра келип алган маселелер болуп атат. Көптөрү чыкпай коюшкан.

“Азаттык”: Белгилүү болгон деп атасыз, бирок бир нече адам көчкү алдында калып каза болду. Жоопкерчиликти ким алат мындай учурда?

Кубатбек Боронов: Мыйзамга ылайык күчтөп көчүрүү адам укугун тебелегенге туура келет экен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2014-жылы Кара-Кулжа жана Алай райондорунда биздин милдетибиз болбосо да алдын алуу максатында үйлөрүнөн чыгарып, башка жакка көчүрүп, үйлөрүн буздуруп материалдарын алып бергенге чейин жардам берип, ушундай иштерди жасаганбыз. Бирок сот тарабынан бизге Конституцияга ылайык адам укугу бузулуп жатат деп тыюу салынган. Эч бир үйдүн ээсин же жашоочуларды мажбурлап көчүрүүгө болбойт экен. Түшүндүрүү иштери, аларды коопсуз жерден жер тилкесин берүү жергиликтүү бийликке берилген. Алар күчтөп эмес, түшүндүрүү жолу менен көчүрүш керек. Бирок адамдардын кайдыгерлиги кээде башка жагдайларды жаратууда. Мисалы, Өзгөндөгү эң акыркы окуяда деле эч ким жашабаган үйгө картошко сорттойм деп келип көчкү астында калып атат. Мындан бир нече жыл мурда жер тилкесин алып көчүп кетип, кийин балдары чоңоюп кайра эски үйгө бөлүнүп келгенде көчкү басып калгандары бар. Ата-бабам жашаган жерде жашайм деп бала-чакасы менен бөлүнүп чыккан алты киши ошентип көчкүдө калды.

Көчкү жүргөн жер. Өзгөн.
Көчкү жүргөн жер. Өзгөн.

“Азаттык”: Өзгөчө кырдаалдар күчөгөн убакта каражат, күч жетиштүү болуп атабы?

Кубатбек Боронов: Каражат Кудайга шүгүр, жетиштүү эле. Толук түрдө баарына күчүбүз жетип атат дегенден алыспыз. Техникалык жактан муктаждыктар бар, жашыргандын кереги жок. Эскилиги жетип калды. Азыр өкмөттүк деңгээлде техникаларды жаңыртуу боюнча иштер жүрүүдө.

“Азаттык”: Азыр канча кооптуу жер бар деп жатасыздар?

Былтыр жыл бою болгон өзгөчө кырдаалдын жарымы быйыл биринчи кварталда эле катталды. Анын көпчүлүгү кар көчкүлөр, жыл башынан бери болуп келаткан жер көчкү болуп атат. Жер көчкү Ош жана Жалал-Абад облусунда катталды. Күн жылыгандан баштап тоолордо кар ээрип, чоң дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, коркунучтуу абалга чейин жетти.

Кубатбек Боронов: Өзгөчө кырдаалдын түрүнө жараша кооптуу жерлер бар. Мисалы, республика аймагында 5 миңге жакын жер көчкү жүрө турган, 3 миңден ашуун кар көчкү жүрө турган жерлер бар. Тоонун башында жарылып кетүү коркунучу бар көлдөр бар. Анын 300ү 1,2-категорияда, 26сы абдан коркунучтуу акыбалда деп биздин көзөмөлүбуздө турат.

“Азаттык”: Кооптуу жагдайга байланыштуу канча адам көчүрүүгө муктаж?

Кубатбек Боронов: Өлкө аймагында андайлар көп. Көбүнчөсү жер көчкү, сел жүрө турган жерлерде жашагандар. Көбүнчөсү Ош, Жалал-Абадда, Баткенде бир аз бар. Жер алдындагы кыртыш суулардын деңгээлинин көтөрүлүп кеткенине байланышуту Талас, Чүй облусунда бар. Жалал-Абадда эле 1,5 миңден ашуун үй-бүлө көчүрүүгө муктаж. Жалпысынан алардын саны 4 миңдей болот.

Көчкү жүргөн жер.
Көчкү жүргөн жер.

“Азаттык”: Качан күн жылыйт, аба ырайы турукташат деген божомол барбы?

Кубатбек Боронов: Күн жылып эле калды, бирок тоолордо дагы эле кар кете элек. Кээ бир алыскы райондордо кар ээрибей жатат. Ал тургай эл жашаган түз, айдоо жерлерде дагы кар калың болуп турат. Чоң Алай, Чаткалда ошондой. Быйыл жаз абдан кеч, жай кандай болорун айтуу дагы эрте. Кар көп, суу ташкындары көп болот. Ага биз даярданып атабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG