Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:34

Акыйкатчы Кубат Оторбаев республиканын түштүк аймагындагы облустарды кыдырып чыкты. Адам укугунун сакталышы жаатында бул облустарда бүгүнкү абал кандай болууда? Өзгөндөгүдөй соңку каргашалуу окуяларды алдын алса болобу?

“Азаттык”: Кубат мырза, маегибизди Өзгөндөгү 24 өмүрдү бир заматта кыйган каргашадан баштоого туура келүүдө. Ондогон адамды басып калган жер көчкү сыяктуу кырсыктар буга чейин да болуп келген. Мамлекет 200 миң сомдук ссудасын берет. Бул акча жер да, үй да сатып алууга жетпейт. Балким мамлекет бул көйгөйгө мамилесин өзгөртүүгө, адамдардын өмүрүнүн кыйылышына жол бербеш үчүн мажбурлап көчүрүү, жаңы майзамдарды жазууга мезгил келип жетти деп ойлобойсузбу?

Оторбаев: Биринчиден, кечээ президентибиз Алмаз Шаршенович Атамбаевдин буйругу менен Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Мен Аюу айылында көзү өтүп кеткендердин жакындарына, туугандарына көңүл айтам.

Негизинен маселе туура козголуп жатат. Мына мен Жалал-Абадга барганда Кызыл-Туу, Кыз-Көл айыл өкмөттөрүндө башы-аягы 500-600гө жакын түтүн дагы ушундай кооптуу аймакта жашап жатканы белгилүү болду. Жалал-Абадда эл менен жолукканда 50дөй адамды кабыл алдым. Алардын айрымдары, сиз айткандай, 1993-1994-жылдан баштап акчасын да алышкан, жер чегин алган, бирок көчкөн эмес.

Аюу айылындагы кырсык:

Демек, бул жаатта мамлекеттик ойлонулган системдүү программанын жоктугун көрүп турабыз. Адамдарды кайсы жерден кайсы жерге көчүрүш керек, аларды көчүрүүгө кеткен чыгымдар, эвакуация боюнча мамлекеттик деңгээлдеги чоң пландын жоктугун көрдүк.

Мисалы, мага арызданып келген Сузактын Ак-Тоок, Каду, Кыз-Көл, Жаңы-Арык, Сары-Булак, Кара-Март айылдарынын тургундары “Көчкү январдын этегинде башталган. ӨКМ өз ишин кылып, элди кооптуу аймактан тезинен чыгып кеткиле дейт. А бирок эл кайсы жакка барарын билбейт. Жер бөлүнгөн эмес. Же чатыр берилбейт” деп айтып жатышат.

Сузактын Кызыл-Туу айылында, мисалы, жерге трансформация жасалып, чек бөлүнүптүр, ага ырахмат, бирок көчүп баргыла деген жерлеринде тийиштүү шарт жок экенин эл айтууда.

Көпчүлүк мамлекеттерде мындай учурда убактылуу баш коргоо үчүн чоң спортзал же атайын мекемелерде жайгаштырат эмеспи.

“Чатыр эмнеге жок?” деп ӨКМ өкүлүнөн сурасак, “Мурда ушундай убакыт болгондо эл чатырларды алып, ошо бойдон кайра бербей, алар менен соттошуп жатабыз” деп жооп берди. Ушундай маселелерди көрүп жатабыз.

“Азаттык”: Мамлекет 200 миң сомун берип, ошо бойдон жоопкерчиликти өзүнөн алып койгондой... Бирок адам өлүмү токтобой жатат.

Оторбаев: Ошондой болуп жатат. Мына мен Жалал-Абадга барганда да жергиликтүү бийликте облус деңгээлинде координациянын жок экенин көрдүм. ӨКМ өз ишин аткарып, адамдары кооптуу жерлерден тезинен көчүп кеткиле дейт экен. А эл кайсы жакка барууну билбейт.

Сузактын Кызыл-Туу айылында, мисалы, жерге трансформация жасалып, чек бөлүнүптүр, ага ырахмат, бирок көчүп баргыла деген жерлеринде тийиштүү шарт жок экенин эл айтууда. Электр энергиясын өткөрүүнү “Ошэлектр” эмнегедир өз моюнуна албай, айыл өкмөтүнө жүктөп койгон карагайларды орнотуп, зымды тартып барууну.

“Азаттык”: Ошол эле кезде кооптуу аймакта жашаган тургундардын жеке жоопкерчилиги да маанилүүдүр. Себеби кичинекей балдардын да өмүрү кыйылып жатпайбы...

Оторбаев: Мен буга толук кошулам. Биз аң-сезимдүү адам болгондуктан кооптуу жагдай бар экенин ар дайым эске алышыбыз керек. Эң негизгиси, чоңдор балдардын алдындагы жоопкерчилигибизди билишибиз зарыл. Мамлекет колунан келгенди жасап, акчасын бергенден кийин өзүбүз да аракет кылышыбыз керек.

Бирок чоң план керек экен. Өкмөт комплекстүү план иштеп чыгат деп ойлойм.

“Азаттык”: Албетте, мамлекет көзөмөлдү, ал эми жарандар жеке жоопкерчилигин күчөтсө деген тилек. Кубат мырза, сиз үч облусту тең кыдырып чыктыңыз. Кайсы маселелер көбүрөөк көтөрүлдү? Адам укугунун корголушу жагынан кандай көйгөйлөр негизги экен?

Чүйдүн Жаңы-Жер айылынын тургундары. Бул айылда Тажикстандан көчүп келген кыргыздар көп.
Чүйдүн Жаңы-Жер айылынын тургундары. Бул айылда Тажикстандан көчүп келген кыргыздар көп.

Оторбаев: Биринчи маселеге жогоруда токтолдук. Экинчиси да ушул эле көчүп-конууга байланыштуу экен.

Көчүп келген мигранттардын абалы өтө оор. Мисалы Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндө Мургабдан көчүп келген жарандар менен жолугушууда 20 жылдан бери жер маселеси чечилбей келатканы айтылды. Паспорт, кайрылман деген макам ала албай жатышат.

Баткен облусуна барганымда жети жылдан бери кайрылман макамын, паспорт ала албай жүргөндөрдөн 34 арыз түштү. Паспорту жок болгондуктан ооруканага жатканда чет элдик жаран катары 2-3 эсе көп төлөшөт акчаны.

Үчүнчү чоң көйгөй – балдар маселеси. Жергиликтүү бийлик алдындагы Балдар жана үй-бүлө менен иштей турган бөлүмдөрдүн жоопкерчилигин күчөтүп, штатын кеңейтип, чыңдаш керек.

Балдар менен иштей турган комиссиялар бар. Ошолордун да ишин күчөтүш керек.

Жыйынтыктаганда айта турган дагы бир негизги маселем – Жалал-Абад жана Баткен облусунда тез арада тергөө абактарын куруш керек болуп жатат. Милициянын убактылуу кармоочу жайларынын абалы өтө оор. Бир киши жата турган жерде 3-4төн тыгылышып жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG