Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

МАГАТЭ: Иран келишимдерди аткарып жатат


Али Акбар Салехи жана Юкия Амано
Али Акбар Салехи жана Юкия Амано

Расмий Тегеран өзөктүк программа боюнча өзүнө алган милдеттенмелердин баарын аткарып жатканын атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Юкия Амано билдирди.

Амано бул жараян мындан ары да улана берерине ишеничте экенин журналисттерге маалымдады. Тегеранга жасаган иш сапарында Амано Ирандын ядролук мекемесинин башчысы Али Акбар Салехи менен жолугушту. Бул тууралуу Reuters маалымдайт.

АКШ 2015-жылы БУУнун беш туруктуу мүчөсү жана Германия менен түзүлгөн келишимди бузат деген чочулоолор айтылган. Бул келишимге ылайык, Тегеран ядролук отун өндүрүүнү экономикалык санкцияларды жеңилдетүүгө алмаштырып азайткан.

Бирок АКШ тараптан Иранга санкцияларды дагы он жылга узартуу чечиминен кийин Ирандын бийлиги окумуштууларга кемелер үчүн ядролук отун жабдуусун иштеп чыгууну тапшырган. Reuters белгилегендей, бул АКШ менен Ирандын ортосундагы мамиленин муздашын ансайын күчөтмөк. 17-декабрь күнү Иран келишимге кол койгон өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурууну өтүнүп, МАГАТЭге кайрылган.

XS
SM
MD
LG