Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Алматыда уурдалган "Лексус" Бишкектен чыкты


УКМК Казакстандан уурдалган "Лексус-570" үлгүсүндөгү жол тандабас кандайча анын офицеринин "менчиги" болуп калганын кызматтык иликтөөгө алат.

Буга чейин казакстандык бир катар маалымат каражаттары Алматы шаарында уурдалган автоунааны Казакстандын полициясы Интерпол аркылуу Кыргызстандан тапканы жана анын жаңы кожоюну Кыргызстандын атайын кызматынын офицери экенин жазып чыгышкан болчу.

Уурдалган унаанын табышмагы

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети казакстандык агенттиктер жергиликтүү милициянын маалыматына таянып жазып чыккан материал боюнча кызматтык иликтөө жүргүзө турганы белгилүү болду.

Ал маалыматта быйыл жыл башында Алматынын тургуну Сакен Ахметовго таандык "Лексус-570" үлгүсүндөгү жол тандабас уурдалганы көрсөтүлгөн. Казакстандын полициясы уурдалган жол тандабасты Кыргызстандын атайын кызматынын офицери айдап жүргөн жеринен тапканы белгиленген. Маалыматта уурдалган автоунаа аны айдап жүргөн жигиттин карындашына катталганы аныкталган.

Атайын кызматтын мурдагы кызматкери, юрист Улан Жумаков Казакстандан уурдалган жол тандабаска кандайча Кыргызстандын атайын кызматынын офицери ээ болуп калганын кылдат иликтөөнү талап кыларын билдирди:

- Маалымат каражаттарына чыгып жаткан соң прокуратура органдары муну текшерип, жыйынтык чыгарууга милдеттүү болот. Анткени чыккан маалымат арыз-даттанууларды кароо тартибине ылайык, "сигнал" катары кабыл алынып, ага жооп берилиши зарыл. Бул жерде ошол уурдалды делген жолтандабас эмне себептен атайын токтотмо жайда турат? Эмне себептен анын каяктан алып келингени жана ким алып келип сатканы ушул күнгө чейин аныкталган эмес? Ал Кыргызстандын аймагына кандай жолдор менен алып келинип, аны кандай жол менен каттоого алышкан? Мына ошонун баары иликтенип чыгып, ага карата расмий жооп берилиши керек. Бул жерде аталган прокуратура органдары, ИИМ, УКМК жана Мамкаттоо органдары бул ишке кандайча катышы бар экенин аныктап чыгууга туура келет. Мына ошондуктан бул ишти токтоосуз түрдө Аскер прокуратурасы иликтеп чыгышы керек.

Lexus 570 үлгүсүндөгү жол тандабас
Lexus 570 үлгүсүндөгү жол тандабас

Казакстандык агенттиктердин маалыматы боюнча, Интерполдун берген маалыматы аркылуу табылган автоунааны Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы "жаңы кожоюндардан" алып, аны атайын унаа коюучу жайга токтоткон.

Жабырлануучу Сакен Ахметов уурдалган унаасын кайтарып алыш үчүн Бишкекке келген учурда тергөөчү анын бул өтүнүчүн четке каккан. Анткени тергөөчү "унаанын VIN коду оңдолбогонун экспертиза ырастады" деген негизде унаанын ага таандык экенин ырастаган документтер жетишсиз экенин белгилеген. Буга нааразы болгон казак жараны Сакен Ахметов анын кызыкчылыгын коргоону суранып, Казакстандын тышкы иштер министрине кайрылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов учурда бул маалыматтын чын-бышыгы иликтенип жатканына токтолду:

- Бул иш боюнча УКМК жетекчилигинин көрсөтмөсү менен өздүк коопсуздук кызматы тиешелүү кызматтык иликтөөнү баштады. Эгерде ошол маалымат чынында эле ошондой болуп аныктала турган болсо, анда аталган кызматкер өз жазасын алат.

Кыргызстандын ички иштер органдары аталган автоунааны кыргыз жараны мурда мыйзамдуу түрдө сатып алганы тууралуу казак тарапка жооп кайтарган.

Өздүк курамдын өзөгү кандай?

Ошол эле кезде чет өлкөлөрдөн уурдалган унааларды Кыргызстанга алып келип, арзан баага сатып жана аларды жасалма мыйзамдаштырууга ыңгайланышкан эл аралык уюшма топтун бар экени тууралуу маселе мурдатан бери көтөрүлүп келгени белгилүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов буга окшогон кыңыр иштерге айрым, колу таза эмес чекисттер аралашып калышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайт:

- Азыр буга таң калуунун деле кереги жок. Эгерде чынында эле ошондой ишке биздин атайын кызматтын кайсы бир офицери аралашканы аныкталып калса, мен ага таң калбайм. Анткени соңку жылдары атайын кызматтан өз ишин билген мыкты адистердин көпчүлүгү кызматтан кетирилип, алардын ордуна тааныш-билиш аркылуу иш-тажрыйбасы жок адамдарды кызматка алган өнөкөт өөрчүп кетти. Мына ошондойлордун арасынан колу таза эмес кызматкерлер кандайдыр бир кызматтык кыянатчылыктан пайдаланып, ошондой жолдорго барышы мүмкүн. Муну УКМК өзү иликтебей, аны аскер прокуратурасы текшерип, анан ошого жараша жыйынтык чыгарууга туура келет. Азыр чынында эле башка укук коргоо органдары сыяктуу эле УКМК да реформалоого муктаж. Анын катары колу таза эмес офицерлерден тазаланууга тийиш.

2013-жылы өндүрүштөн чыккан, наркы 65 миң АКШ долларына барабар ал жол тандабас Алматыдагы авто базардан уурдалып, төрт айдан соң анын изи Кыргызстандан табылганын казак маалымат агенттиктери жазып чыкты.

Казакстандын жараны Сакен Ахметов сөз болуп жаткан унаасын 2017-жылы февраль айында уурдатып жибергени боюнча жергиликтүү полицияга кайрылганы белгилүү болду.

Казакстандын Ички иштер министрлиги бул кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат сурап, Кыргызстандын Ички иштер министрлигине бир нече курдай жөнөткөн өтүнүчтөрүнө эмнегедир ушул учурга чейин тыңгылыктуу жооп бериле элек экендиги маалыматта көрсөтүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG