Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

АКШдан машине аларда абайлаңыз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оң рулдуу машинелерди өлкөгө алып кирүү тыйылгандан бери автоунаа базарынын негизги багыты Европага, АКШга жана Орусияга бурулду. Буга байланыштуу соңку жылдары АКШдагы финансы компанияларынын аукциондорунан автоунаа сатып алган кардарлар көбөйдү.

АКШдан аукцион аркылуу кантип арзан, сапаттуу автоунаа сатып алса болот? Алдамчылардын торуна илинип калбаш үчүн кыргызстандыктар эмне кылышы керек?

Кыргызстанда АКШдагы финансы компаниялары жүргүзгөн аукциондон автоунаа сатып алуу он чакты жыл мурда башталган. Бирок акыркы эки жылда бул базар катуу кызыды.

Жакында Бишкекте украиналык тренер Андрей Иванов АКШдан автоунаа алуунун жол-жоболорун үйрөткөн мастер-класс учурунда кармалып, бир топ талкууга түштү.

“Көпчүлүктү кызыктырган аукциондорго кантип катышса болот? Катышкандан кийин шылуундардын колуна түшүп, сапаты начар машине алып калуу коркунучу канчалык?” деген суроолор ар бир кардарды кызыктырып жатат.

Аукционго карай алгачкы кадамдар

Бишкекте азыр АКШдагы аукциондорго өз алдынча катышып, дүйнөнүн чар тарабындагы алармандар менен ат салышып соодалашкан адамдарды табуу өтө кыйын.

Бажы төлөмдөрү арзандагандан бери аукцион бизнесин күчөтүп жаткан "Auction Auto" компаниясынын директору Алексей Симфоров жана Эрлан Замирбеков автоунаа аукциону тууралуу суроолорубузга жооп беришти.

"Азаттык": Аукцион системасы өтө эле татаалдай сезилип жатат. Маселен, буга байланышкан онлайн булактарды окуп, ага кантип катышса болорун, ойнотулган машинелерди сатып алуунун механизми кандай экенин түшүнүү өтө кыйын. Бул процессти ийне-жибине чейин айтып бере аласызбы? Маселен, кардардын банктык эсеби болушу керекпи? Төлөмдөр кантип жүргүзүлөт?

Алексей Симфоров.
Алексей Симфоров.

Алексей Симфоров: Чындыгында аукцион системасы оңой эмес, аны жөнөкөйлөтүүгө да мүмкүн болбой жатат. Ошентсе да Кошмо Штаттар сатып алуучуга ыңгайлуу, заманбап аукциондорду уюштуруп келет. Түшүнгөн кишиге оңой эле.

Маселен, аукционго машине коюлат, белгилүү бир убакытта соода токтойт да эң көп акча сунуштаган адам сатып алат.

Негизи аукционго катталуу, анын шарттары менен таанышып, эрежелерин билүү татаал деле эмес. Аларманды көбүнесе автоунааны алгандан кийин АКШдан бул жакка экспорттоо кыйынчылыгы күтүп турат. Экспорттук кагаздарды толтуруу, кемеге жүктөө, ташып келүүнүн акысын төлөө сыяктуу бир топ баскычтар бар.

Дал ушул себептен улам кыргызстандык жаран биздикиндей атайын компанияларга кайрылууга муктаж. Анткени процессти майда-чүйдөсүнө чейин билгендер гана аны так аткара алат.

Эң эле маанилүү нерсе - аукциондо машинени тандоо. Тандоо үчүн чоң тажрыйба, кесиптик деңгээл керек. Анткени АКШ - абдан чоң, эркин өлкө. Ал жакта таптакыр талкаланып калган машинелерди сатып алган автобизнесмендер көп. Жамап-жаскап, сыртын жылмалап туруп чоң суммага сатып ийишет.

Аукциондор жумасына 10 миңдеген машинени сатат. Аны уюштургандар бардыгынын техникалык кемчилигин карап чыга албайт. Тек гана машинени саткандардын берген маалыматын сатып алуучуга жеткирет. Тилекке каршы, бул жерден да алдамчылардын торуна илинип калуу коркунучу бар.

Ушундан улам АКШдан бирөөнү тапса, ал дасыккан кесипкөй эксперт болгону жакшы. Мындайча айтканда, аукционго биринчи ирет катышып, машине алып келүү аябай кыйын болгону менен үйрөнгөн сайын бул жол жеңилдей берет. Андыктан кесипкөй менежерди тандоо маанилүү.

"Азаттык": Кардар аукциондон бир машинени тандап алып, ошону алууну чечкени менен кесипкөй менежер ага "жок, бул жакшы эмес" деп башка машинени сунуш кылышы мүмкүнбү?

Алексей Симфоров: Албетте, аукциондон машине издеген адамдын психологиясы баарына эле маалым болсо керек. Ал сөзсүз түрдө жаңы, бузулбаган машинени карайт. Бул жакка алып келип оңдоп отургусу келбейт. Бирок ойлоп көрсөңүз, камсыздандыруу компаниясына эки-үч жери эле чийилип калган машинени эч ким өткөрүп жибербейт да. Адатта аукциондун баарын камсыздандыруу компаниялары өткөрөт.

Чынын айтыш керек, аукциондогу машинелердин 99% сөзсүз оор кырсыкка учурап, талкаланган. Аны көпчүлүгү жакшынакай кылып оңдоп коёт да, эптеп сатып ийет. Тажрыйбасыз кардар сыртын көрүп эле жактырып сатып алышы ыктымал.

Баалар жана талаптар

"Азаттык": Баары эле АКШда сатылган машинелердин орточо баасына кызыкса керек. Баалар жана талаптар кандай? Маселен, машине базарда азыр АКШдан келген кымбат жолтандабастар көп да. Бирок майды аз короткон, сарамжалдуу, чакан унааларга талап көп го?

Аукцион - абдан сезимтал бизнес. Аны уюштургандар машиненин баасын аныктабайт, кардардын талабы гана бааны кымбаттатып ийиши мүмкүн.
Алексей Симфоров.

Алексей Симфоров: Кардарлардын талабын эки топко бөлсө болот. Кымбат жолтандабастарга болгон кызыгуу азыр деле күчүндө. Азайган жок, анын үстүнө көп кишилер автоунааны инвестиция катары да карайт эмеспи. Сиз айткандай, бензинди аз короткон автоунааларга да талап көп. Азыркы тапта базардагы эң эле популярдуу, кыргыз кардарлары көп сураган марка "Toyota Camry" болууда.

Мунун себеби өтө жөнөкөй. Биринчиден, бул машине эл арасында жакшы таанымал, баасы да өтө кымбат эмес, сапаты да кыргыз кардарларына жагат. Экинчиден, биз машинени өмүр бою айдабайбыз да, бир нече жылдан кийин кайра сатабыз. Ошого карап, кардарлар кайра сатууга ыңгайлуу марканы тандашат. Мисалы, эл аз билген "FIAT" же "Buick" маркасын кыргызстандыктар албайт. Бизде аны тейлеген ишканалар да жок. Ушундан улам кардар бизден таанымал марканы сурайт.

Аукцион - абдан сезимтал бизнес. Аны уюштургандар машиненин баасын аныктабайт, кардардын талабы гана бааны кымбаттатып ийиши мүмкүн.

Каржы депозити керек

"Азаттык": Кайра эле ушул аукционго катышуунун жол-жобосуна келсек, маселен мен машине алгым келди. Биринчи кезекте эмне кылышым керек? Онлайн-каттоого туруш керекпи? Жөнөкөй кардар эмнеден баштайт?

Эрлан Замирбеков.
Эрлан Замирбеков.

Эрлан Замирбеков: Түшүнүктүү болушу үчүн, маселен, мен өзүм кандай иштей турганымды эле айтып берейинчи.

Кардар кайсы бир машинени аукцион сайтынан көрүп, жактырып, анан бизге кайрылат. Биздин эксперттер ал машинени аукциондун сайтынан текшерип, бардык техникалык өзгөчөлүктөрүн, кемчиликтерин карайт.

Кокус машиненин абалы начар экени билинсе, башка варианттарды карайбыз. Жакшы чыкса, анда аны сатып алуу процессине киришебиз. Кардар менен анын атынан аукциондо соода кылуу боюнча расмий келишим түзөбүз. Аукциондон жеңип чыксак, үч күндүн ичинде кардар машиненин толук акысын которушу керек.

Андан кийин аны бул жакка ташып келүү процессин баштайбыз. Келишим түзүлгөндө кардар камсыздандыруучу депозит төлөөгө милдеттүү. Эгерде биз аукциондон ал тандаган машинени сатып алсак, бирок кардар аны алуудан баш тартса, аукцион ортомчу компанияга айыппул салат.

Тилекке каршы, биз камсыздандыруучу депозитти аукционго төлөмөй болобуз. Анын суммасы миң доллар. Кардар дал ошол машинени айнып кетпей сатып алса, бул сумма жалпы машиненин наркына кошулат.

Жакпай калсе кантет?

"Азаттык": Маселен, машинени аукциондон алдыңар, Кыргызстанга алып келдиңер. Анан кардарга жакпай, “албайм” деп чыкса кандай болот?

“АКШдан техникалык жактан аябай начар машинелер келет” деген имиштер аябай көп айтылып жүрөт. Биз бул имиштерди төгүндөгөнгө аракет кылуудабыз.
Алексей Симфоров.

Алексей Симфоров: “Эгерде аукциондун сайтында көрсөтүлгөндөн башка да бузуктары менен машине келип калса...” деп жатасыз го. Мисалы, кардар алдыңкы бампери, радиатору гана кичине чийилип, ийрейип калган унааны тандап, калган жагы бүтүн болушу мүмкүн. Көпчүлүк айдоочуларды “Бишкекке келгенде мотору түтөп, от албай калса эмне болот?” деген суроо кызыктырат. Ушундан улам аукционго катышууда ортомчу компанияны, эксперттерди туура тандоо керек деп кеңеш берем.

Биз ар бир машинени көп этаптуу текшерүүдөн өткөрөбүз. Эксперттердин баасын талдайбыз. Кардарга дал ошол аукциондогу сүрөттө көрсөтүлгөн машине келишине шарт түзөбүз. Көбүнчө кээде сүрөттөгүдөн да мыкты абалдагы автоунаалар келет. Андыктан текшерүү процессине өтө көп каражат жана күч жумшалат.

“АКШдан техникалык жактан аябай начар машинелер келет” деген имиштер аябай көп айтылып жүрөт. Биз бул имиштерди төгүндөгөнгө аракет кылуудабыз. Начар машинени тандап алса, ал АКШдан эле эмес, дүйнөнүн бардык жагынан деле келе берет.

"Азаттык": Ошентсе да көп адамдарда “Америкадан машине алганда анча ишене бербей, штаттарда бирөө сөзсүз болушу керек” деген түшүнүк бар.

Алексей Симфоров: Мен буга таптакыр макул эмесмин. Аукциондогу машинелердин акыбалы тууралуу маалыматтар өтө жөнөкөй тилде жазылган. Эксперттер онлайн-режимде деле тандайт.

Буга кошумча дагы бир жолу эскертейин: АКШ - чоң өлкө, анда шылуундар да бар. Катуу талкаланган машиненин сыртын жылмалап кымбат сатып ийиши мүмкүн. Андыктан, өтө сак болууга чакырам.

Маселен, былтыр Нью-Йоркто абдан көп машинелер Техас штатынын документтери менен сатыла баштаган. Башкача айтканда, аукциондогу машинелер бороон болгон Техас штатында каттоодо турган. Ал жакты суу каптаган. Бир ай өтпөй эле Техастын машинелери Нью-Йорк аукционуна чыгып жатпайбы. Сууга чөккөн машинелер экени айдан ачык эле да! Биз мындай машинелерди кардарга сунуш кыла албайбыз. Мына ушул сыяктуу "куурчак" автоунааларды алган кыргызстандык аны оңдоого абдан көп каражат жумшайт да.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG