Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:58

Чоң муштум айдоочулар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда барган сайын автоунаа айдоочулар кызуу кандуу болуп, жол кырсыгында маселени дароо күчкө салып чечкиси келгендер көбөйдү. Мындай окуялардын биринен "Кыргызаэронавигация" ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев каза болду.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык 21-октябрда кечке жуук шаардын Токтоналиев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. “Лексус” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, айдоочулардын жаңжалынан Маматназар Жакыпбаев башы менен жыгылып, алган жараатынан ошол жерде каза болгон.

Шаардык милициянын басма сөз катчысы Нурлан Кайназаров Жакыпбаевдин өлүмү боюнча шектүү катары эки адам камакка алынганын кабарлады:

- Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси ("Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү") менен кылмыш ишин козгоду. Эки шектүү кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факт боюнча бардык экспертизалар дайындалды.

Кырсык болгон жерде Жакыпбаевдин аялы да болгон. Интернеттеги айрым сайттарга ал кылмышка шектүүлөр күйөөсүн катуу буюм менен чапканын жана качып кетүүгө аракет кылышканын айтып берген. Биз Жакыпбаев иштеген "Кыргызаэронавигация" ишканасынын жетекчиси Өмүрбек Шамбетовдон анын орун басарынын кулк-мүнөзүн сурадык.

- Маматназар Жакыпбаев бул кызматта беш жыл иштеген, - деди ал. - Тынч жүргөн, өз ишин так билген, мүнөзү да жумшак киши болчу. Балдары, неберелери бар. Аскар Акаевдин убагындаАк үйдөиштеп, Таш-Көмүрдүн мэри болгон. Эч кандай чатак салбаган киши эле. Мындай болбошу керек эле деп биз да таң калып жатабыз. Мүмкүн берки балдар кысып коюшкан го?

Жол кырсыгы болгон кезде кеп-сөзгө келбей, маселени дароо муштум менен чечүүгө киришкен унаа ээлери четтен чыгат. НТС каналынын «ТВ кайгуул» берүүсүнүн алып баруучусу, журналист Азият Жекшеев ал күбө болгон автокырсыктардын же жол эрежелери бузулган окуялардын көбү ошондой айдоочулар экенин айтат.

Азият Жекшеев.
Азият Жекшеев.

- Мен күбө болгон окуялардын 80-90 пайызында адамдар кызуу кандуулукка алдырып жиберет. Өзгөчө тааныш-билиштигине, чоңдугуна салып үстөмдүк көрсөтөт. «Мен азыр күч менен же сөз менен эле чечип коём» деген түшүнүктө болушат. Албетте, сабырдуулук кылып сүйлөшүү жолу менен маселени чечкен учурлар да жок эмес. Эки тарап сүйлөшүп, кимисинен күнөө кетсе моюнга алып, милицияны чакырбай эле «унааны калыбына келтирип берем» деп маселени жеринин эле чечип кеткендер бар.

Айдоочулардын ашыкча ачууга алдырышын баш калаадагы машинелердин көптүгү жана жолдогу тыгындар менен байланыштыргандар бар. Психолог Айгүл Ысыкеева социалдык маселелер да агрессияга түртөт деген пикирде.

Айгүл Ысыкеева.
Айгүл Ысыкеева.

- Автоунаа көп болгондуктан машине айдоо кыйын. Айдоочу шашып жатса, жол эрежелерин сактабагандар көп болсо анын баары ого бетер адамдын жинин келтирет. Мисалы, бош, кенен жолдо жүрүү оңой да.

Маматназар Жакыпбаев 1959-жылы туулган. Ал "Кристалл" заводунун директорунун орун басары, Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары, акыркы жылдары "Ош Эйр" ишканасынын директору, "Кыргызстан" авиакомпаниясынын Дубайдагы башкы өкүлү болуп иштеген. Артында үч уул, бир кызы калды.

Расмий маалымат боюнча 2018-жылдын 9 айында өлкөдө 4 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Андан 458 киши каза болуп, 6 миңден ашык адам жабыркаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG