Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Машинесин газга өткөргөндөр көбөйдү


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда машинасын бензинден газга өткөргөн айдоочулар көбөйүүдө. Себеби бензинге салыштырмалуу газдын баасы кыйла арзан.

Рахат Шамырбеков алгачкылардан болуп Кыргызстанда унааларга газ жабдыгын орнотуп иштегендердин бири. Азыр анын жумушунда кардарлардын аягы үзүлбөй турган чагы. Рахаттын айтуусунда, газ менен жүргөн машинелер өлкөгө мындан он жыл мурун эле келе баштаган. Башында Европадан газ жабдыгы орнотулган даяр унаалар келчү. Мындан бир-эки жыл мурун бензиндин баасы асмандап, айдоочулардын чөнтөгү жакшы эле эңшерилген. Ошол учурда Кыргызстанда газга кызыгуу күчөгөн.

- Ошол кезде бензиндин баасы 40 сомдон ашып кеткен эле. Ал эми газ 23-24 сомдон болчу. Айдоочулар ошондон баштап газга кызыгып койдура башташты. Күнүнө бештен онго чейин унаага газ койгон учурлар болгон. Азыр эл ташып иштегендер да газ үнөмдүү болорун билип алышты.

Алгач жол тандабастар, бензинди көп сарптаган машинелер гана газ жабдыктарын орнотсо, бүгүнкү күндө чоң-кичине дебей баары эле газга өтө башташты. Себеби, газ бензинге караганда эки эсе арзан. Маселен, учурда бензиндин орточо баасы 32 сом болсо, газдын баасы 19-20 сомду түзөт. Болжолдуу эсеп менен жүз чакырымга 400-500 сом менен барып жүрсөңүз, газ менен 200-250 сомдун акчасы менен жетип аласыз.

Жаңы алган унаасына газ жабдыгын орноттурайын деп келген шаар тургуну Тураттын мурунку машинеси дагы газ менен жүрчү. Ал чөнтөккө чыгаша аз болуп жатканын айтып берди:

- Жумушума байланыштуу унаа менен көп жүрөм. Шаар ичинде унаа майды көп ичет. Анан газ менен иштөөгө ыңгайлашкан машине алдым. Эсептеп көрсөм бензинге караганда газ эки эсе арзан түшөт экен. Азыр жаңы унаа аларым менен дароо газ жабдыгын койдурам. Башында газ десе бир аз кооптончу элем, кийин көнүп калдым.

Айтмакчы, интернеттен кайсы бир өлкөдө газ менен жүргөн унаалардын жарылып, өрттөнүп кеткен видеолорун көрүүгө болот. Мындан улам машинесине газ койдургандан чочулап жүргөн айдоочулар дагы арбын. Газдын коопсуздугу боюнча Рахат Шамырбеков буларды айтып берди:

- Унаанын панелине төрт чарчы электрондук тетик орнотулат. Бензин менен от алдырып, анан газга өтөт. Бул жактан газдын канча калганын билип турасың. Албетте газ десе эле жарылып кетет деп корко беришет. Бирок, газдын бензинге караганда коопсуздугу жакшы каралган. Маселен, төртүнчү, бешинчи муундагы газ жабдыктарында бир аз эле бузулуу болсо автоматтык түрдө газ берүү токтотулат. Анан дагы газ баллон бензин челегинен калың болот.

Кыргызстанда унаага орнотулуп жаткан газ жабдыктары биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи муун деп түрлөргө бөлүнөт. Алгач өлкөдө биринчи, экинчи муундагы газ жабдыктары гана орнотулчу. Учурда төртүнчү муундагы газ жабдыгы коюлуп жатат, ал эми бешинчи муундагы келе элек. Ошондой эле өлкөдө солярка менен жүргөн унааларды газга өткөрүүчү жабдык азырынча жок.

Бишкекте машинени газ менен жүрүүгө ыңгайлаштырып берген ондон ашык жай бар. Мындан сырткары үй шартында эле газ жабдыгын орнотуп бергендер дагы аз эмес. Газ жабдыгын орноткондордун айрымдары чет өлкөдөн окуп келсе, көпчүлүгү бул жерден эле үйрөнгөндөр. Ал эми жабдыктын тетиктери Түркия, Италия, Кытайдан келет. Орнотуунун баасы 400 доллардан 1000 долларга чейин.

Шаар тургуну Шайырбектин жаңы "темир тулпарында" газ жабдыгы орнотулган. Бирок жакшы иштебей эки күндөн бери оңдото албай бул жерге келет.

- Бизде газ жабдыгын оңдогон жайлар аз окшойт. Издеп жүрүп араң таап келдим. Үнөмдүү, жакшы дегени менен бузулса оңдотуу кыйын окшойт. Эми баасы канча болорун билбей турам.

Шайырбектин унаасынын моторун үңүлө карап турган Максат газ жабдыктарын оңдоп, орнотуп иштеп жатканына эки жылдай болду. Максат газ жабдык көпкө иштеши үчүн айдоочулар бир нече эрежени так сакташы керек деди.

- Газ жабдыктарын ишенимдүү гана адиске орноттуруу керек. Ошондой эле тетиктердин арзанына качырбай сапатка басым жасоо зарыл. Анан жабдык жакшы иштебей жатса дароо адиске кайрылууну сунуштайм. Себеби, өз алдынча оңдоо өтө кооптуу. Орто эсеп менен беш жүз сомдон беш миң сомго чейин оңдоп берем.

Машине сатып иштеген Сергей аттуу ишкер газ жабдыгы орнотулган машинелер базарда өтүмдүү болуп жатканынан кеп салды.

- Ушул жумада эле төрт-беш унаага газ койдуруп жатам. Учурда базарда газ менен жүрүүгө ыңгайлашкан машиналар жакшы өтүп жатат. Себеби, жол тандабастар бензинди көп ичет эмеспи. Анан көпчүлүгү бензинди аз сарптаган унаа издешчү. Азыр газ чыгып жыргап калдык. Бензинди көп ичкен унааларды газга өткөрүп сатабыз.

Ал эми көчөдө эл ташып иштеген Сагын Тилекматов газ куюучу жайларга нааразы. Анын айтымында, газга талап жогору болгон сайын газ толтуруучу жайлардын сапаты начарлап баратат.

- Мен көчөдө такси айдайм. Үнөмдүү болсун деп кичинекей машинемди газга өткөргөм. Мурда жакшы эле болуп жаткан, азыр аз куюп жатабы билбейм. Мисалы, мен 40 литр куюп болжогон жериме жетчү элем, азыр жетпей калып жатам.

Машинелерге пропан-бутан жана метан газдары колдонулат. Бишкек шаарында жыйырмага жакын газ толтуруучу жай ачылган. Кыргызстанга газ көбүнчө Орусиядан ташылып келет. “Таза газ” газ толтуруучу жайдын атын атагысы келбеген кызматкери жогорудагы айдоочунун дооматын четке какты.

- Газды аз куюп коет дегенге кошулбайм. Балким анын тетиктери бузулган. Азыр баары эле газга өтө баштады. Арыздангандар жок деле...

Газ жабдыктарын орнотуунун кемчиликтерине токтолсок: алды жапыз унааларга газ баллон багажына орнотулат. Мында жүк салууга орун тар болуп калат. Унаанын салмагы 30-50 килограммга чейин оорлойт. Унаага газ жабдыктарын орнотуу жана газ толтуруучу жайлар аймактарда жокко эсе. Азыр Ош жана Караколдо гана бар. Кыргызстан боюнча канча пайыз унаа бензинден газга өткөндүгү тууралуу так маалымат жок. Ошондой эле жылына канча куб метр газ колдонулары дагы белгисиз.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG