Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Кыргызстан ЕАЭБдин пайдасын көрдүбү?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз парламентинин депутаты Орусиянын өкмөтү Кыргызстанга акча которууну чектегени үчүн Евразия Экономикалык Биримдигине байланыштуу келишимдерди ратификациялабай турууну сунуш кылды.

ЕАЭБдин алкагындагы кызматташтыкта дагы кандай кооптуу жагдайлар бар? Орусия уюмдагы өнөктөш мамлекеттерге үстөмдүгүн жүргүзө баштадыбы? Кыргызстан өз кызыкчылыгындагы маселелерди коргоп кала алабы?

«Арай көз чарай» талкуусуна Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева, Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бирикмесинин аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов жана экономика боюнча эксперт Кайрат Итибаев катышты.

«Азаттык»: - Аида айым, Орусиянын өнөктөш бир нече мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга акча которууну чектөө боюнча чечими боюнча Жогорку Кеңеште да сөз болду. Орус тараптын негизги жүйөсү кандай? Алардын койгон талаптары кандай болуп жатат?

Аида Карабаева: Орусиянын Борбордук банкынын билдиргени боюнча, мунун максаты - башка өлкөлөргө акча которуу боюнча маалыматтын ачык-айрым болушуна жетишүү. Ошондуктан бир катар эл аралык акча которуу системаларына чектөөлөрдү киргизишти.

Жеке адамдарга Орусиядан Кыргызстанга акча которууда 100 миң рублге чейин чек коюшту. Мисалы, биздин мигрант бир айда 100 миң рублге чейин эле акча которо алат. Биздеги маалымат боюнча чек коюунун негизги себеби – көмүскөдөгү акча которууну чектөө, башка коммерциялык операцияларды жөнгө салуу десек болот.

«Азаттык»: - Орус өкмөтү бул чечимди ушул жылдын апрель айында эле кабыл алганы белгилүү. Ошондон бери Кыргызстанга акча которуунун тенденциясы кандай болуп жатат? Азайдыбы же таасири тийген жокпу?

Аида Карабаева: - 2019-жылдын сегиз айынын маалыматына таянсак Орусиядан Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 1 миллиард 570 миллион сомду түздү. Бул көрсөткүч 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 10 пайызга азайган.

Кыргызстанга келген акчанын көлөмүнүн азайышына биринчиден, Орусиядагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү, экинчиден, айтылып жаткан чектөөлөр да өз таасирин тийгизүүдө десек болот. Анткени мурда эл аралык системалар боюнча жеке акча которуу, коммерциялык операциялар да боло берчү. Эми бул чечимге ылайык акча которуу системалары аркылуу коммерциялык операцияларды жүргүзүүгө болбой калды.

«Азаттык»: - Кайрат мырза, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов орус өкмөтү Кыргызстанга акча которууну чектегени үчүн Евразия Экономикалык Биримдигине байланыштуу келишимдерди ратификациялабай турууну сунуш кылды. Бул Орусияга канчалык таасир эте турган, ийге келтире турган механизм десек болот?

Кайрат Итибаев: - Чындыгында депутаттын минтип айтканы популисттик эле көрүнүш болуп калды. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы акча которуунун чектөөсү менен чечилбейт. Биздин экономикалык кызыкчылыгыбыз ЕАЭБге кирип жатканда бир топ жеңилдик, же артыкчылык алгандыгыбызда эмес. Биздин негизги кызыкчылыгыбыз – өлкөнү индустриялаштыруу кандай жүрүүдө, кандай ири долбоорлор ишке ашууда, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттары максаттуу пайдаланылып жатабы, натыйжасы кандай болгондугунда. Ошондуктан депутаттын айткан сунушу Кыргызстандын ЕАЭБдеги кызыкчылыгын коргоого эч таасир этпейт.

Орусиянын максаты эмне? Ири бизнеске байланышкан акча банк эсептери аркылуу которулсун деп талап койгону, ал эми жеке тараптар, же бизден барган мигрант 100 миң рублге чейин которууга уруксат берилгени - Орусиянын кызыкчылыгындагы маселе. Мисалы, мен Орусиядан бир комбайн сатып ала турган болсом, анын баасы 100 миң рублден жогору турат, «аны эки тарап банк аркылуу эсептешкиле» деп жатат. Бүткүл дүйнө ушундай эреже менен жашайт. Кыргызстан качанкыга чейин эле «жеңилдик берип койгулачы» деп өткөөл мезгилде отура беребиз?

«Азаттык»: - Темирбек мырза, Кыргызстандын ЕАЭБге кириши – экономикалык кызыкчылык дегенбиз. Ал уюмга кошулганыбызга төрт жыл болуп калды. Үзүрү барбы, болсо ал канчалык сезилерлик?

Темирбек Ажыкулов: - «Кыргызстан ЕАЭБге кирип жатканда кызыкчылыгыбыз эмне эле?» деген суроо туулат. Акыркы 20-30 жылдагы Кыргызстандын экономикасынын түзүмү – реэкспорт жана бир аз кызмат көрсөтүү (туризм) тармагы болду, дагы 30-40 пайызын көмүскө экономика түздү. Жаманбы-жакшыбы ушундай экономикабыз бизди багып келди. Анан бир күнү эле «силер Орусия, Казакстан менен соода-экономикалык, өндүрүштүк кызматташтыкты бирдей шартта, бирдей регламентте кыласыңар» дешти.

2015-жылдан бери ЕАЭБ Кыргызстанга бир топ эле жеңилдиктерди берди. Бирок биз баарыбыз, анын ичинде Кыргызстандын ишкер чөйрөсү башкалар менен чогуу кете турган «паравоздон артта калдык». Экономикабыздын түзүмүн ЕАЭБдин талаптарына карап өзгөртө албадык, уюмдун регламентине ылайык өндүрүм чыгара албадык. Чыгарууга аракеттер бар, бирок алардын көлөмү, саны өтө эле аз.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG