Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Алтынга таянган экспорт


Улуттук банк чыгарган алтын куймалары.
Улуттук банк чыгарган алтын куймалары.

2019-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен да Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү азайды. Көбүнчө импорт кедерине кетип жатат, ал эми экспорт алтындын күчү менен арбыгансыды.

Алты айдын эсебинде да ушуга окшош көрсөткүч чыккан. Адистер бул жагдайларды экономиканын күзгүсү катары сүрөттөп, өкмөттү аракетти жандантууга чакырышууда.

Экспорттогу алтындын үлүшү

2019-жылдын он айы жыйынтыкталганы менен Улуттук статистика комитети бул аралыктагы көрсөткүчтөрдү эсептеп бүтө элек.

Ошол себептүү кезектеги басма сөз жыйынында мекеменин өкүлдөрү январдан сентябрь айына чейинки гана сандарды жарыялады.

Комитеттин тышкы жана өз ара соода статистика бөлүмүнүн башчысы Гүлсара Сулайманова Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн соңку санагын чыгарды:

Гүлсара Сулайманова атайын басма сөз жыйынында (сол жактан экинчи).
Гүлсара Сулайманова атайын басма сөз жыйынында (сол жактан экинчи).

- Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2019-жылдын январь-сентябрында 5 млрд. АКШ долларынан ашты жана 2018-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 3,8 пайызга төмөндөдү. Анын ичинде экспорт 1 млрд. 356,5 миллион долларды түзүп, 11,7 пайызга көбөйдү. Импорт 3 млрд. 652,2 миллион долларды түзүп, 7,3 пайызга азайган. Ал эми ЕАЭБге кирген өлкөлөр менен өз ара сооданын көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрь айларында 1,9 миллиардга жакын АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январь-сентябрь айларына караганда 2,9 пайызга азайган. Ошол эле учурда экспорттук ташып чыгуунун 3,6 пайызга кемигени катталса, импорттук ташып келүү да 2,8 пайызга азайган.

Ошентип бул көрсөткүчтөрдөн биз импорттук көрсөткүчтөр Евразия Экономикалык Биримдикке кирген өлкөлөрдөн да, үчүнчү мамлекеттерден да азайганын байкай алдык.

Мындай жагдай алты айдын жыйынтыгында да белгилүү болгон жана анда мунун себебин өзүнчө талдаганбыз.

Кыргызстан импорттогон негизги товарлар. Улуттук статистика комитетинин маалыматы.
Кыргызстан импорттогон негизги товарлар. Улуттук статистика комитетинин маалыматы.

Кыргызстандын экспорту болсо биримдиктеги өнөктөштөргө азайса, башка мамлекеттерге арбыганы көрүнүп турат. Ооба, экспорттоодо эт жана эт азыктарын, жер семирткичтерди, цементти, жер-жемиштерди, тамеки жана тамеки буюмдарын сатуу аз-аздан көбөйгөн. Бирок негизинен жалпы көрсөткүчтүн өсүшү алтындын көбүрөөк сатылышы менен түшүндүрүлөт.

Мына карап көрүңүз: былтыркы тогуз айда жалпы экспорттун 31 пайыз үлүшүн алтын түзсө, быйыл тогуз айда ал жогорулап, 41,5 пайызды түзүп жатат.

Кыргызстан экспорттогон негизги товарлар. Улуттук статистика комитетинин маалыматы.
Кыргызстан экспорттогон негизги товарлар. Улуттук статистика комитетинин маалыматы.

Же дагы тагыраак айтсак, 2018-жылдын январь-сентябрь айларында 9 тонна 296,2 килограмм (382,6 млн. доллар) алтын сыртка сатылса, 2019-жылдын тиешелүү мезгилинде 13 тонна 094,6 килограмм (563,3 млн. доллар) алтын экспорттолгон.

Өзүңүз байкагандай, бул чоң эле көрсөткүч жана ал жалпы экспорттун көлөмүн арбыгандай көрсөтөт.

Муну мурдагы вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев да белгиледи:

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

- Биздин өндүрүш негизинен тоо-кен тармагына, анын ичинде өзгөчө Кумтөр кенине гана байланып жатат. Кумтөрдө алтын өндүрүү көбөйсө, биздин өндүрүш да өсөт. Ал жерде казууга бай кен катмары туш келип калган жылы бизде экспорт да өсөт. Быйыл да ошондой болуп, Кумтөрдө алтын көбүрөөк өндүрүлдү. Ошонун эсебинен экспортубуз өсүп жатат, жадагалса ички дүң өндүрүм да көбөйө түшөт. Дүң өнүм 6 пайыздын ар жагы, бер жагы болуп жатат. Бирок Кумтөрдү алып караганда, бул көрсөткүч 3 пайыздын эле тегерегин түзөт. Ошондуктан биз бир эле алтын кендин гана көзүн карап отура бербей, башка тармактарды да өнүктүрүшүбүз керек. Болбосо мен баягыда алты айбы, же сегиз айдынбы көрсөткүчүн алганымда, жеңил өнөр жай товарларын экспорттоо 60% төмөндөп кетти, бут кийимди экспорттоо 50% кыскарыптыр. Буга окшогон тармактардын үстүнөн өкмөт максаттуу программа менен иш алып барышы керек. Өкмөт атамекендик товар өндүрүүчүлөргө, өзгөчө экспортко ылайыкталган товар өндүрүүчүлөргө колдоосун күчөтүшү керек. Аларга жеңилдетилген насыяларды береби же Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан береби тезирээк чара көрүшү кажет.

Экспорттоо кыскарган товарлар

Арийне 2019-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен да эл өкүлү айткандай, көпчүлүк товарлардын түрлөрүн чет өлкөлөргө сатуу кыскарганы байкалат.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, ошол эле кийим жана кийимге тиешелүү буюмдарды экспорттоо 1,7 эсе, бут кийимдерди экспорттоо 1,7 эсе азайган. Кара металл 26,8 пайызга, жездин калдыктары 25,1 пайызга, чийки мунайзат 23,9 пайызга, ошондой эле айнек 5,2 пайыз азайган.

ЖИА бизнес ассоциациясынын мүчөлөр менен иштөө боюнча улуттук менежери Бектурсун Такелеев да бул сандарды ырастагандай болду.

Бектурсун Такелеев.
Бектурсун Такелеев.

- Эгер бизге мүчө болгон чакан жана орто бизнесмендерди эле алсак, алардын ичинде сүт азыктарын, айыл-чарба азыктарын өндүрүшкөндөр. Алар жыл сайын тиешелүү өлчөмдө чет жакка экспорт кылышат. Бирок акыркы жылдары анда өсүштөр көп эмес. Маселен, Талас облусундагы кара өрүктү (кайналы) алсак, быйыл биринчиден ал жакшы болбой калды, экинчиден сыртка сатуу жакшы болбоду. Ошол эле кайра иштетилген сүт азыктарын чет жакка сатууну алсак, бул жааттагы ишканалардын айрымдары тескерисинче жабылып калды. Себеби, сырттан контрабандалык жол менен кирген таза эмес импорттун көптүгүнөн, атаандаштыкка туруштук бере албай калды. Мындай мисалдар башка да тармактарда орун алууда. ЕАЭБге киргенде чоң рынок ачылат дешкени менен, биз тескерисинче саясаттагы чоң оюнчулардын талаасында эле айлангандай болуп калдык. Экспорт тургай жергиликтүү рынокко чыга албай ишканалар жоюлуп, банкротко учурап жатат. Бизнес кыйналгандан кыйналып баратат, ишкерлерде акча азаюуда. Айрыкча текстил тармагы кедерине кетти, бир нече цехтер жабылды.

Кыргызстандын ЕАЭБ менен соода жүгүртүүсү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы.
Кыргызстандын ЕАЭБ менен соода жүгүртүүсү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы.

Апта башында Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да Кыргызстандын өндүрүшү жана тышкы соода жүгүртүүсү жөнүндө да маселе козгоп, өкмөт бул жаатта жетиштүү чараларды көрүп жатканын айткандай болгон. Депутат Марлен Маматалиевдин суроосуна жооп берген өкмөт башчы анда мындай деген эле.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Экспорт боюнча кыйынчылык бар. Бирок экспорт көбөйүп жатат. Көбөйгөнү жагынан эми, мисалы товарды былтыр 100 сомго сатсак, азыр 110 сомго сатсак, анын биздин экономикага кандай таасирин тийгизди, аны айтыш азыр эрте деп ойлойм. Менимче биздин өндүрүшчүлөр өндүрүшүн дагы кеңейтет, жумушчу орундарын түзөт, айлыктарын, социалдык төлөмдөрүн көбөйтөт. Бул эми колдон келе турган иштер. Импорт чындап эле кыскарды. Мунун ичинен дагы Кытайдан бизге келип, реэкспорт болуп кеткен товар, биздин экспорт болуп эсептелип жүргөн. Муну дагы биз бажы кызматы менен тактап жатабыз. Бул эми статистикабызга балким жакшы жактарын көргөзүп жаткан, бирок экономикабызга анчалык салымын деле кошкон эмес. Менин оюмча, биз реэкспорттук мамлекет болуудан кетип, өзүбүз өндүрүштү жандантыбыз керек, - деген Мухаммедкалый Абылгазиев.

Улуттук статистика комитетинин такталган эсебинде, 2018-жылдын 12 айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү жалпысынан 7 миллиард 128,8 миллион доллар болгон. Мунун 1 миллиард 836,8 млн. доллары экспортко туура келет. Башкача айтканда, былтыркы экспорт 2017-жылкы (1 миллиард 764,3 миллион) сандан бир аз ашкан.

Бирок Улуттук статистика комитетинин беш жыл мурдагы көрсөткүчтөргө салыштыруу ыкмасы менен алсак, бул көрсөткүч тескерисинче артка кеткени байкалат. Маселен, Кыргызстан чет жакка 2013-жылы 2 млрд. 6,8 млн., 2014-жылы 1 млрд. 883 млн. долларлык товар саткан. Өзүңүз күбө болгондой, 2018-жылкы көрсөткүч мындан бир аз кем чыгууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG