Линктер

бейшемби, 14-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:01

Кыргызстанда франшизалык бизнес жанданды


Кыргызстанда ачылган франшизалык бизнестер. «Novotel» менен «Sheraton» мейманканалары, KFC менен «Papa John's» тамактануучу жайы, «Tchibo» кофекана жана дүкөн.

Дүйнөлүк бренддердин аты менен, же башкача айтканда франчайзинг ыкмасы менен бизнес ачуу Кыргызстанда да жанданды. Толук жарамдуу франшизалар же жарым-жартылай ишкерлик кылуу укугуна ээ мекемелердин саны өлкөдө эки миңден ашты.

Алардын ичинде тамак-аш чөйрөсүндөгү KFC, «Tchibo» жана «Papa John's» сыяктуулары көбүрөөк белгилүү. Бирок учурда аталган тармактан сырткары тейлөө, кызмат көрсөтүү, сатуу боюнча да франшизалар иштей баштады.

«Элдик экономика» түрмөгүнүн жаңы чыгарылышы ушул темага арналат.

Тамак-аш жана кофекана франшизалары

Дүйнөлүк бизнесте, анын ичинде Кыргызстандын ишкерчилик чөйрөсүндө колдонулуп жаткан «франшиза» сөзү кадимки эле «жеңилдик, артыкчылык» (англисче franchise — «лицензия», «артыкчылык», французча. franchise — «жеңилдик») деген маанини берет.

Тагыраагы ал – брендди, товардык белгини, бизнес-моделди же кайсы бир технологияны пайдалануу укугу катары каралат жана аны ишке ашыруу франчайзинг деп аталат. Жөнөкөй тил менен айтканда кайсы бир аталышты коммерциялык максат үчүн ижарага алып туруу дегенди түшүндүрөт.

Демек, биздин сөзүбүз дал ушундай жол менен ачылган Кыргызстандагы бизнестер жөнүндө болмокчу. Анда кебибизди өлкөдө жаңыдан уюшулган франшизалардын бири «Tchibo» маркасынан баштайлы.

Эки өнөктөшү менен чогуу аталган брендди Бишкекке алып келген ишкер Айбек Мамбеталиев «Азаттыкка» өз баянын мындайча айтып берди:

- Мен 20 жылдан ашуун убакыттан бери Германияда иштеп, ошол жактын жарандыгын алгам. Өзүм софтвер (компьютердик программалоо) тармагында иштейм. Германияга барганда эле «Tchibo» кофеси мага жаккан жана ага кызыгып жүргөм. Кыргызстанга келген сайын мындай кофе жоктугун көрүп, «Tchibo» маркасындагы кофени алып келсем деп кыялданып койчумун. Досторум, өнөктөштөрүм Марат, Тимур үчөөбүз «Tchibo» компаниясы менен 2015-жылы байланышка чыксак, алар «Кыргызстан бизди көп кызыктырбайт, рыногу чакан, беш жылдан кийин кайрылгыла» деп айтышты. Биз башка каналдар аркылуу да кайрылып, башкаруучулары менен жолугуп жүрдүк. Алар акыры макулдук берип, «Кыргызстанды гана эмес, бүтүндөй Борбор Азияны да колго аласыңар» деп талап коюшту. Ошентип биздин «Euro Unternehmen» компаниябыз «Tchibo» компаниясынын бул жактагы өкүлчүлүгү - франшиза катары иштеп калдык.

Айбек Мамбеталиев «Tchibo» борборлорунун ачылышында.
Айбек Мамбеталиев «Tchibo» борборлорунун ачылышында.

Кыргызстандыктар түзгөн «Euro Unternehmen» компаниясы дүкөн менен кофекананы камтыган «Tchibo» жайларын биринчи жолу 2018-жылдын октябрь айында Казакстандын Астана, азыркы Нур-Султан шаарында ачкан. Былтыр декабрда Бишкекте уюшулду. Алардын дүкөн-кофеканалары көбүнчө борбордо «Айчүрөк», «Азия Молл» сыяктуу соода жайларында иштеп жатат. Аталган бренддин алдында учурда эки өлкөдө жалпы бештей кофе-шоп бар.

- Албетте, мындай чоң фирмага өкүлчүлүк болуп иштөөнүн көптөгөн кыйынчылыктары, чоң жоопкерчилиги бар. Анткени алар өзүнүн аты менен иштөө укугун берип жатканы үчүн аябай сарсанаа болушат жана талаптарды катуу коюшат. Алар ал тургай биздин кофеге кошула турган сууну да текшерип турушат. Башында суунун пробасын алып кетип, лабораторияларда экологиялык тест жасап көрүшкөн. Азыр да тынымсыз отчет берип турабыз. Кыргызстанда жана мурдагы советтик өлкөлөрдө «Tchibo» маркасын кофе катары эле билишет. Бирок «Tchibo» Германияда дүкөн катары да белгилүү. Компаниянын 70% кирешеси буюмдарды сатуудан түшөт. Биз да ушул концептти сактап жатабыз. Башкача айтканда бизге келген адамдар кофе ичкенден тышкары байпактан баштап, кышкы курткага чейин сатып алышат, - деди ишкер Айбек Мамбеталиев.

«Tchibo» брендинин Бишкектеги кофе-дүкөнү.
«Tchibo» брендинин Бишкектеги кофе-дүкөнү.

Мындан башка кофеканалардан Кыргызстанда «Costa Coffee» жана «Шоколадница» (кожоюну Таалайбек Дайырбеков) аттуу чет элдик бренддердин франшизалары да бар.

Эгер жалпы тамак-аш тармагын алсак, тоок азыктарына адистешкен KFC жана SFC эл аралык компаниялары, «Dodo Pizza» жана «Papa John's» пиццериялары, «Nathan’s Famous», «Bibigon» жана «Black Star Burger» сыяктуу тез тамактануучу жайлар да өлкөгө франшиза катары кирди. Булар кеминде бир-экиден, болбосо ондогон фаст-фуд борборлорун ачышты.

«Black Star Burger» брендинин Бишкектеги жайы.
«Black Star Burger» брендинин Бишкектеги жайы.

Орусиялык рэп ырчысы Тиматиге караштуу «Black Star Burger» брендинин Бишкектеги борборунун башкаруучусу Аскатбек Осмонов кепке кошулду.

- Албетте, дүйнөлүк бренддерге салыштырмалуу «Black Star Burger» өтө таанымал эместир, бирок ал да дүйнөгө тараган франшиза болуп жатат. Азыр мен билгенден ар кайсы мамлекеттерде кеминде 88 франшиза ачылды, керек болсо жакын арада АКШга да ачабыз деп жатышат. Бир франшиза сатып алса, эки-үч ресторан ача алышат. Ушундай эле принцип менен биздин жетекчилер, кыргызстандык ишкерлер Каныбек Туманов менен Равшан Сабиров франшизаны сатып алып, Бишкекте да ачышты. Кыргызстанда ушул бренддин алдында тамактануучу жайларды биз гана ача алабыз. Азырынча бир эле жерде - «Азия моллдо» гана рестораныбыз бар, эми «Бишкек парк» менен «Айчүрөк» (ЦУМ) соода борборлорунда да ачабыз деп турабыз. Ишибиз жакшы эле жүрүшүп жатат, - деди ал.

«Papa John's» брендинин Кыргызстандагы жана Казакстандагы франшизасынын ээси - Данияр Моңолбаев аттуу кыргыз ишкери.

KFC брендинин Бишкектеги тамактануучу жайы.
KFC брендинин Бишкектеги тамактануучу жайы.

Ал эми KFC тармактарынын Кыргызстандагы франшизасынын кожоюну - «Food Dream» аттуу эл аралык фирма. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, компания Кыргызстанда «Фуд Дрим» жоопкерчилиги чектелген коомун негиздеген. Анда Павел Морозов, Эркин Умаров жана Игорь Ярош деген жарандар кожоюндаш катары көрсөтүлгөн.

Аталган эки бренддин Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнөн комментарий ала алган жокпуз. Бирок KFC бренди менен Кыргызстанда алгач тамактануучу жай ачкан учурда «Food Dream» компаниясынын башкы директору Павел Морозов орусиялык News-asia.ru басылмасынын суроолоруна жооп берген экен.

- Аталган бренд биздин өлкөбүзгө кирип жатканына аябай кубанычтабыз. Биздин ресторан саат 10дон түнкү 12ге чейин иштейт, ал эми жаңы күнгө командабыз кайра эле түн жарымдан баштап даярдана баштайт. Биз үчүн жогорку баалуулук бул – өнүмдүн сапаты жана конокторубуздун жылмаюусу. Мекемебиз сапаттын эл аралык стандарттарына туура келет. Биздин компаниянын артында эл аралык тамак-аш индустриясындагы бренддер менен иштөө боюнча 20 жылдык тажрыйба бар. Эми алардын ичине KFC кошулду. Бул өтө талапкөй бренд жана биз анын стандарттарын толук сактоого милдеттүүбүз, -деп белгилеген анда Морозов.

Башка тармактагы франшизалар

Албетте, Кыргызстанда ресторан бизнесинде же тамак-аш индрустриясында гана эмес, тейлөө, кызмат көрсөтүү, сатуу боюнча да франшизалар көп.

Франшизалык жол менен ачылган Бишкектеги «Sheraton» мейманканасы.
Франшизалык жол менен ачылган Бишкектеги «Sheraton» мейманканасы.

Балким кайсы бир деңгээлде жайылып бараткан тармак катары алардын ичинен мейманкана бизнесин да атаса болот. Маселен, Бишкектеги «Hyatt», «Ramada», «Sheraton» сыктуу мейманканаларды да жергиликтүү ишкерлер эл аралык компаниялар менен түзгөн келишимдин негизинде иштетишет. Башкача айтканда аталган бренддер чет элдик компанияларга караштуу.

Жакын арада «Novotel» деп аталган мейманкана да франшиза катары ачылганы турат. Бренд франциялык компанияга караштуу, ал эми мейманканага жергиликтүү ишкерлер ээлик кылат. Мейманкананын негиздөөчүлөрүнүн бири Жоодар Сайдилканов буларды айтып берди:

Жоодар Сайдилканов.
Жоодар Сайдилканов.

- Мен өлкөнүн сыртында билим алып, буга чейин Түркияда жана Казакстанда бизнес кылып келгем. Акыркы жылдары Кыргызстанга кайтып, мекенибизде иш алып барып жатам. Курулуш тармагында иштегендиктен өлкөбүзгө ушул багытта инвестиция алып келүүнү көздөгөнбүз. Ошентип туризм жана энергетика тармагын келечектүү деп таптык. Бирок ошол эле учурда мейманкана башкаруу жана туризм тармагында тажрыйбабыз жоктугун эске алып, бул кемчилигибизди эл аралык компаниянын тажрыйбасы менен толуктоону чечкенбиз. Ошонун негизинде мейманкана башкаруу боюнча дүйнөдөгү үчүнчү орундагы, 40тан ашуун бренддин ээси «Accor» деген компанияны тандап алганбыз. Алар менен Парижде келишим түзүп, Кыргызстанга керектүү деп «Novotel» деген брендди алып келдик. Бул мейманкананы курууда долбоорубуз аталган компания тарабынан текшерилип, алар берген техникалык колдоо, стандарттар менен иш алып барабыз. Буюрса, мына аяктап калдык, ушул жылдын соңунда же келерки жылдын башында ачылышын өткөрөбүз.

Бишкекте курулуп жаткан «Novotel» мейманканасы.
Бишкекте курулуп жаткан «Novotel» мейманканасы.

Сайдилканов эмне үчүн өз алдынча бренд менен эмес, чет элдик брендди тандаганын сырын дагы да тереңдеп түшүндүрүүгө аракет кылды:

- Франшиза катары биз, «Accor» компаниясы жүз жылдап топтогон тажрыйбасын алар менен түзгөн өнөктөштүк келишимдин негизинде биз өзүбүзгө өткөрүп алып жатабыз. Алар бул тажрыйбага түрдүү каталарды кетирип отуруп жетишкен. Албетте, биз жергиликтүү атты коюп, же чоң атабыздын ысымын коюп деле мейманкана ачсак болмок. Бирок чет өлкөгө чыккан адамдардын 75% мейманканаларды Интернеттен тандашат экен. Тандагандар сөзсүз түрдө брендге карашат, дүйнөгө таанымал бренддердин мейманканаларына кайрылышат. Биз ушуну да эске алдык. Албетте, туристтерди, үй-бүлөлөрдү да тосконго даярбыз. Биздин долбоордун сегменти тобокелчи туристтерге эмес, бизнес, иш үчүн, же башка белгилүү деңгээлдеги чет элдиктер үчүн ыңгайлаштырылган.

Тейлөө демекчи, Кыргызстанда мейманкана гана эмес, почта сыяктуу кызмат көрсөткөн эл аралык бизнес компаниялардын да франшизалары бар. Маселен почта жана бизнес тармагындагы «Mail Boxes Etc.» мекемесинин өкүлчүлүгү да Бишкек шаарында иштеп жатат. Компаниянын өкүлү Виталий Ен «Азаттыкка» өз маалыматтары менен бөлүштү.

Виталий Ен.
Виталий Ен.

- Биздин MBE фирмабыз америкалык «Mail Boxes Etc.» франшизасын Кыргызстанда, Украинада жана Казакстанда өркүндөтүү боюнча эксклюзивдүү укукту утуп алганбыз. Бренд негизделген 38 жылда 40тай мамлекетте франшиза катары ачылган, дүйнөдө 1600 борбору бар. Биз ушул брендди франшиза катары сатууга да укугубуз бар, анын алкагында ишмердүүлүк жүргүзө да алабыз. Башкача айтканда ишкерлерди окутуу, курьердик, полиграфиялык кызмат көрсөтүү жана башка багытта иш алып барабыз. Дүйнөлүк почта операторлорунун баары менен бирдей иштешебиз. Маселен, бир ишкер кайсы бир өлкөгө товар жөнөтөм десе, тиешелүү операторду тандап, жеткирүүнүн мөөнөтүн, акысын аныктап, камсыз кылабыз, - деди маектешибиз.

Франшиза боюнча адистер Кыргызстандагы «Sela», «H&M», «LC Waikiki», «BrAND Mixx», «Loft», «De Facto» сыяктуу кийим-кечек дүкөндөрү да жалпы жонунан франшиза сыяктуу иштей турганын түшүндүрүштү. Болгону кээ бир бренддер дүкөнүн өздөрү ачышы мүмкүн, айрымдары дистрибютор катары башка бирөө менен келишим түзүшү ыктымал. Же жөн гана жергиликтүү ишкерге алардын бренди менен дүкөн ачууга уруксат берип, өз товарларын берип турушат.

Жогорудагыдай фирмалар көптүгүнөн алардын ар бирин тактап, бөлүп чыгууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ошол себептүү расмий органдардан тактоого аракет кылдык.

Мыйзам боюнча Кыргызстанда өкүлчүлүгүн, филиалын өздөрү ачкан компаниялар, болбосо жөн гана дистрибьютор жалдаган фирмалар, комплекстүү ишкердик жүргүзүүнү же франчайзинг ыкмасы менен рынокко киргиси келген мекемелер «Кыргызпатент» ишканасынан каттоодон өтүшү керек экен.

«Кыргызпатент» мекемеси.
«Кыргызпатент» мекемеси.

Расмий маалыматка ылайык, толук жарамдуу франшиза катары расмий катталгандар азыраак болуп жатыптыр. Көбү бренддердин укуктарын жарым-жартылай колдонуу же алардын атынан кызмат көрсөтүү катары катталышкан. Бирок юридикалык аталышы гана башкача болбосо, алдыда белгилегендей алар деле франшизалар тобуна кирет.

Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы - «Кыргызпатент» мекемесинин юридика жана укук бөлүмүнүн башчысы Алия Аттокурова мындай түшүндүрмө берди:

- Бизнестин өкүлдөрү ар бир франшизаны каттоого тургузуу керек экенин толук билбеши мүмкүн. Бирок биз ал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Алар бизге каттаганга өздөрү кызыкчылыгы болушу керек. Лицензиялык келишимдер боюнча быйыл жалпы 86 фирма каттоодон өттү, алардын арасында лицензиясын толук өткөрүп бергендер, жарым-жартылай бергендер жана франшиза катары да катталгандар бар. Ал эми соңку 20-30 жылда катталган мындай лицензиялардын саны жалпы 2,5 миңди түзөт.

Эмнеге франшиза керек?

Демек, Кыргызстандагы франшизалардын жалпы жагдайы тууралуу билип алгандай болдук. Бирок окурманда мындайча суроо жаралышы мүмкүн.

Маселен, ишкер кандайдыр бир иш баштайын деп жатса эмне үчүн өз алдынча эле баштай берсе болбойт? Андайлар толтура эмеспи, эмне үчүн чет элдик бизнестин атын тандашы керек?

Буга Бишкектеги «BIZ Franchise» компаниясынын жетекчиси Сайкал Асылбекова жооп берүүгө аракет кылды:

Сайкал Асылбекова.
Сайкал Асылбекова.

- Франшиза - бул бизнести масштабдуу жүргүзүүгө ыңгайлуу, ылдам жана жакшы ыкма деп айтсак болот. Франчайзер же франшизаны сатып аткан адам үчүн бул өзүнүн бизнесин дагы жайылтканга, брендин өнүктүргөнгө жардам берсе, франчайзинг – франшизаны сатып алган адам үчүн даяр бизнес. Статистиканы алып карасак, өз алдынча ачылган бизнестердин 90% 4-5 жылдын ичинде жабылып калышат экен. Ал эми ошол эле бизнестерди франшиза менен ачса анын жабылып калуу статистикасы 5-7% чейин гана көрсөткүчтү түзөт, калганы узак мөөнөткө чейин иштеп кетишет. Анткени франчайзер брендин алган кишиге үзгүлтүксүз түрдө жардам берип турат. Франшиза саткан киши бизнести камтыган даяр долбоорун бериши мүмкүн, усулун, кеңештерин берип турат. Кызматкерлерин окутушу мүмкүн же техникасын, өнүмдөрүн бериши ыктымал. Мунун баарын келишимге жараша ишке ашат.

Жогоруда белгиленгендей, жетишилген келишимдерге ылайык, франшизанын ээлери ишти илгерилетүүгө өздөрү да жардам берип турат. Кофе чыгарган компания болсо кофе азыктарын, тамак-аш бренди болсо чийки заттарды салып турат, кызматкерлерин окутат. Маселен «Black Star Burger» брендинин ээси Тимати Бишкекке келип, өзүнүн франшизасынын ачылышына катышып берди.

Франшиза ыкмасы менен ачылган «Nathan’s Famous» тамактануу жайы. Бишкек, Кыргызстан.
Франшиза ыкмасы менен ачылган «Nathan’s Famous» тамактануу жайы. Бишкек, Кыргызстан.

Асылбекова билдиргендей, учурда жергиликтүү ишкерлер арасында франшизага кызыккандардын катары калыңдады. Бул үчүн алар дүйнөлүк бренддерге кайрылып, алар менен иштешүүнүн жолдорун издешет. Мында кайра эле алардын компаниясы жардамга келет.

- Биз ишкерлерге эки багытта жардам беребиз. Биринчиден, чет элдик бренддерди кантип франшиза катары Кыргызстанга алып келсе болот, аны кантип ишке ашырат деген маселени окутабыз. Экинчиден, жергиликтүү ишкерлердин бизнесин франшиза катары даярдап, Кыргызстандын ичинде же чет жакка сатууга көмөк көрсөтөбүз. Атайын франчайзинг мектебибиз бар, ошол жерде он чакты эксперт кызыккандарды окутат, -деди Сайкал Асылбекова.

Баса, эл аралык бренддер адатта алардын атынан ачылган бизнеске инвестиция салышпайт. Тескерисинче ишкерден акы алышат. Тагыраагы брендге ээ болуп жатканы үчүн ишкер баштапкы төлөмдү төлөйт жана кирешесинен ай сайын пайыз же роялти берип турат.

Бул төлөмдөр компаниялардын аброюна жараша түрдүүчө бааланат. Ири компанияларды Кыргызстанга алып кирүү, маселен, 1-1,5 миллион долларга чейин бааланышы мүмкүн.

Адистер дүйнөлүк компаниялардын франшизаларынын Кыргызстанда көбөйбөй жатышына ушул жагдай, тагыраагы алардын кымбаттыгы да себеп болуп жатканын белгилешет. Бирок андан башка да себептер бар. Эксперт Улук Кыдырбаев аларды санап өттү:

Улук Кыдырбаев.
Улук Кыдырбаев.

- Биринчиден, биздин экономикабыз башка мамлекеттерге салыштырмалуу төмөнүрөөк, калктын саны азыраак. Бул болсо рынок өтө кичинекей дегенди түшүндүрөт жана ири компаниялар үчүн кызыгуу жаратпайбыз. Чоң бренддерге көбүнчө элинин саны көп болгон же калкы бакубат жашаган жактарга франшизасын киргизүү пайда алып келет. Экинчиден, бизде эмне үчүн франшизалар аз? Себеби, Кыргызстан жөнүндө дүйнөдө маалымат аз. Эгер билишсе да бизде коррупцияга каршы күрөш, салык төлөмү, менчик укугунун корголушу, инвестициялык климаты боюнча рейтингдерибиз төмөн экени жөнүндө кабар алышкан. Үчүнчүдөн, биздин ишкерлерде франшизаны иштетүүдө тажрыйба, билим аз болуп жатат.

Улук Кыдырбаев бул үчүн окутуулардан сырткары чет элдик бренддер менен жергиликтүү ишкерлерди табыштырган көргөзмөлөрдү өткөрүү зарыл экенин белгиледи.

Мындай көргөзмөнү Бишкекте Кыргызстандын Соода - өнөр жай палатасы 2016-жылы өткөрсө, быйыл октябрь айынын башында ЖИА ишкерлер ассоциациясы уюштурду. Анда биз кеп кылган франшизалардын да ээлери катышып, ишкерлерге кеңештерин айтышты.

«Франчайзинг жана соода-сатык ЭКСПО» эл аралык көргөзмөсү. Бишкек, Кыргызстан. 10-октябрь, 2019-жыл.
«Франчайзинг жана соода-сатык ЭКСПО» эл аралык көргөзмөсү. Бишкек, Кыргызстан. 10-октябрь, 2019-жыл.

Соңку жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да катышып, Кыргызстанда чет элдик инвестицияларга, анын ичинде франшизалык бизнеске толук шарттар түзүлгөнүн айтты.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулу франшизаларды Кыргызстанда ачууну жактайт. Бирок ал франшизалардын көбөйүшү атамекендик ишканаларга да көлөкөсүн тийгизбеши керек экенин эске салды:

Шумкарбек Адилбек уулу.
Шумкарбек Адилбек уулу.

- Биздин мыйзамдар башка өлкөлөргө салыштырмалуу абдан либералдуу жазылган. Ошол мыйзамдарды аткаруудагы сапат, жер-жерлерде мамлекеттик органдарда иштеген адамдардын тейлөөсүндө маселе бар. Аны танбайбыз. Кээде ортомчуларга алданып калып, жабыр тарткан инвесторлор болот. Бирок негизинен мыйзамда көрсөтүлгөн жол-жоболорду өз убагында аткарып, Кыргызстанда иш жүргүзүүгө жакшы эле шарттар түзүлгөн. Бул жагынан биздин агенттик чет элдик инвесторбу, же франшиза менен бизнес ачып жаткан ишкерби, акысыз жардам берип турат. Мындан башка жагдай - биз франшизаларды чет жактан көп алып келүүгө умтулабыз, бирок бул ички бренддердин өсүшүнө да тоскоол болушу ыктымал. Анткени дүйнөлүк бренддер келсе жергиликтүү керектөөчүлөр ошолорго ооп кетип, атамекендик өндүрүүчүлөр жабыр тартып калышы мүмкүн. Ошондуктан биздин кыргызстандык бренддер да күчтөнүп, франшизаларга айланса жакшы жөрөлгө болмок.

Маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын айрым компаниялары да франшиза катары иштей баштады. Алар деле кофе, тамактануу жайлары же окуу борборлору. Жергиликтүү ишканалар көбүнчө бренддерин жана автордук укуктарын Кыргызстандын ичинде сатса, кээ бирлери коңшу өлкөлөргө сатып жатат. «Азаттык» кийин муну өзүнчө сөз кылмакчы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG