Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 9-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 02:07

Чет элдик өнүктүрүү фонддорунун келечеги


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү Кытай жана Индия мамлекеттери менен өнүктүрүү фонддорун түзүүнү көздөп жатат.

Аталган каржы фонддору кандай шартта ачылат? Иштеп жаткан Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду ж.б. чет элдик каржы агенттиктери Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө кандай салым кошууда?

«Арай көз чарай» талкуусуна Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестиция бөлүмүнүн башчысы Нурбек Мамасыдыков, экономика боюнча серепчи Кайрат Итибаев, ишкерлер кеңешинин мүчөсү Улук Кыдырбаев катышты.

«Азаттык»: - Нурбек мырза, кечээ өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламент жыйынында Кытай жана Индия менен өнүктүрүү фонддорун ачууну көздөп жатканын айтты. Андай зарылчылык эмнеден чыкты? Алар кандай шартта ачылат? Мурдагы чет өлкө фонддорунан эмнеси менен айырмаланат?

Нурбек Мамасыдыков: - Бизде бир топ жылдан бери Кытайдын жана Индиянын өнүктүрүү фонддору менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген, азыр да уланууда. Фонддорду ачуу шарттары боюнча айрым маселелер бар, сүйлөшүүлөрдүн убагында чечилет деген ойдомун. Эгер чечилип калса элге кеңири маалымат берилет. Демилгени биз көтөргөнбүз, кызматташууга өзүбүз кызыкчылыгыбыз болгонун көрсөтүп жатабыз. Анткени Кыргызстанда Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен иштешүүдө жакшы эле тажрыйбабыз болуп калды.

«Азаттык»: - Кайрат мырза, азыр иштеп жаткан Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө ар кандай пикирлер көп. Ал иштегенден бери кыргыз экономикасына кандай салым кошту? Кыргызстандын кызыкчылына иштеп жатабы же Орусиянын капиталын коргош үчүн эле түзүлгөнбү?

Кайрат Итибаев: - Менин бул боюнча позициям позитивдүү. Кыргызча айтканда «жоктон көрө жогору». Ал фонддун келиши менен насыя берүүнүн пайызы да түштү. Аталган фонд беш жыл мурда ачылды эле, ошондон бери 200 миллион доллардан ашык каражат инвестиция катары салынды. Токтоп турган бир топ ишканалар кайра иштей баштады, бул жакшы жагы.

Ал эми бышпай калган чийки жагы – Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду коммерциялык банктардай эле иш жүргүзүп жатат. Атына жараша заты болушу керек эле. Биз фонддун жетекчилери менен жолугушууда «орто жана чакан ишкерликти өнүктүрүү боюнча иш жүргүзөлү, керек болсо ишкерлерди окуталы, үйрөтөлү, шарт түзөлү» деп айтканбыз.

Идеясы, жакшы долбоорлору бар жаш ишкерлер көп. Фонддун талабы боюнча долбоордун 20-30 пайыздык үлүшүн (залог) ишкер кошушу керек. Андай каражаты жок көп таланттуу ишкерлер четте калып жатат. Ошондон улам «Бул чын эле өнүктүрүү фондубу же Орусиянын банкыбы?» деген суроо туулат. Ишкерлер доллар менен эсептегенде эле 4-7 пайыздан үстөгүн төлөп жатышат. Азырынча алардын шарты менен ири компаниялар гана насыя алып жатышат. Мисалы, Ош аэропорту, жеңил өнөр жайы, тамак-аш тармагы боюнча ишканалар алып иштетип жатканын билем.

Жалпылап айтканда Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду боюнча жаман пикир айта албайм. Эң негизгиси - фонд ишкерликти жаңы баштаган жигердүү компаниялардын иргелип алышына, өнүгүшүнө колдоо кылса деген тилектемин.

«Азаттык»: - Улук мырза, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) мурда Кыргызстанда демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүүгө иштесе, азыр экономикалык долбоорлор менен иштеп жатканы айтылат. Натыйжасы кандай болуп жатат? Алар кандай долбоорлорду ишке ашырууда?

Улук Кыдырбаев: - ЮСАИДдин башка өлкөлөрдүн мекемелеринен айырмасы, өзгөчөлүгү – алар берген жардам, каржылык колдоо кайтарымсыз, б.а. бекер, баары грант түрүндө болот. Ооба, Америка акыркы убактарда орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча материалдык жана техникалык колдоо көрсөтүп келатат. Алардын ишин орусиялык фонд менен таптакыр салыштырып болбойт.

Орус-кыргыз фонду – кадимки Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эле финансы институту. Берилген каражаттын үстөгүн эске алганда банк деп эле айтсак болот, алган акчаны кайра бериш керек.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин принциптери башка. Айталы, алар ишкерликте үч жылдан кем эмес ийгиликтүү иштеген, өзүн көрсөткөн жана келечекте өнүгүү боюнча программасы бар компанияларга жардам берип келатат. ЮСАИД Кыргызстандын бардык аймактарында ишкерликтин ар кандай түрлөрүнө жардамдарды көрсөтүп жатат. Алар өндүрүшкө, айыл чарбасына, анын ичинде дыйканчылыкка, туризмге колдоо көрсөтөт. ЮСАИДден каржылык колдоо алып, өнүгүп жаткандар ишканалар көп. Мисалы, «Аталык» компаниясы ийгиликтүү иштеп жатат.

Гранттык долбоорлорду баары эле жазса болот. Тилекке каршы, чийки иштелип чыккан долбоорлор көп болот. Ошондуктан экономика жаатындагы алдыңкы адистер аларга жардам берүүгө даяр.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG