Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 27-январь, 2020 Бишкек убактысы 10:10

Кыргызстан ЕАЭБдин эбин таба элек


Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) киргенине 4 жыл болду.

Аталган уюм өлкөнүн соода-сатыгын өнүктүрүп, экспорттук-инвестициялык дараметин көтөрө алдыбы? Миграциялык жана экономикалык интеграцияны илгерилетүүдө эмне пайда болду? Кыргызстан улуттук кызыкчылыгын коргоодо бул уюмда кандай саясат жүргүзүшү керек? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри Темир Сариев, Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев жана экономика боюнча эксперт Элдар Абакиров катышты.

«Азаттык»: - Кенжебек мырза, сиз парламентте «ЕАЭБге мүчө болуу Кыргызстанга эч пайда алып келбеди, ошондуктан бул бирикмеден чыгышы керек» дедиңиз. Эмне үчүн мындай ойго келдиңиз? Аны кандай жүйөлөр менен бекемдейт элеңиз?

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

Кенжебек Бокоев: - Жогорку Кеңештин эки комитетинин бириктирилген акыркы жыйынында чек аралардагы аткезчилик маселелери караганда, мен өкмөткө мындай суроо койдум: Кыргызстанда бир литри 15 сомго арзан болуп жаткан Казакстандын бензинин эки жылдан бери эмне үчүн сатып ала албайбыз? Ошол эле мезгилде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга каалаган товарлардын баары кирип жатат. Ал эми Кыргызстандын эти-сүтүн, жашылча-жемиштерин каалаган учурда эмне үчүн сыртка чыгара албайбыз? Темир Аргенбаевич премьер-министр болуп турганда биз ЕАЭБге кирип жатканда төрт багыт тууралуу убада берген. Алар: товарлардын эркин жүрүшү, адамдардын эркин жүрүшү, каражаттардын эркин жүрүшү жана кызмат көрсөтүүнүн эркин болушу эле. Бизде адамдардын эркин жүрүшүнө шарт түзүлдү, мигранттарыбызга жакшы болуп калды. Бирок товарлардын эркин жүрүшүнө төрт жылдан бери жетише элекпиз. Каражаттын эркин жүрүшүнө Орусия да чектөө киргизип койду. Кошуна казактарга барып, каалаган өлчөмдөгү бензинди алып чыга албайбыз. Мен өкмөткө «Кыргызстан уюмдагы укугун тебелетип жатат, анан ушундай уюмда мүчө болуш керекпи?» деп маселе койдум. Бул уюмда биздин өнөктөш мамлекеттер өз кызыкчылыктарын жакшы коргоп жатышат. Биздин өкмөт өнөктөш мамлекеттерге маселени кабыргадан коё албай жатат. Кошуналар каалаган убакта чек араны жаап коёт, чакырымдап биздин машинелер товарлары менен кезекте турат. Кыргызстанга берилген жеңилдиктердин мөөнөтү бүттү. Мындан ары товарлар бизге кымбат кире баштайт. Биздин эт азыктарыбыз Иранга, башка жактарга сатылып жатса, союздаш Орусия менен Казакстанга кире албаганын кандай түшүнсө болот? Кыргызстанды ЕАЭБге киргизип жатканда «өтө эркин болот» дешкен, иш жүзүндө башкача болуп жатпайбы. Мен өкмөттү «ЕАЭБден бүгүн эле чыгып кет» деген жокмун, «укугуңду талаш» деп талап кылдым.

«Азаттык»: - Темир мырза, депутат айтып жаткан жүйөлөр менен макулсузбу? Кыргызстан ЕАЭБге киргенине төрт жыл болду, эмнеге жетиштик, эмнебиз чала калды? Дегеле Кыргызстан болжогон максатына жеттиби?

Темир Сариев.
Темир Сариев.

Темир Сариев: - Кыргызстан мындан төрт жыл мурда ири мейкиндикти ээлеген экономикалык чоң биримдикке кирген. Ал жерде биргелешип кабыл алган өз стандарттары, өз эрежелери бар. Биз ал талаптар менен эсептешип иштешибиз керек, толук аткарышыбыз керек. Ошол эле учурда ар бир мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун сактап, укугун коргош керек. «Менде 5 тонна картөшкөм бар, каалаган жагыма чыгарып кете берем» деген болбойт. Кабыл алынган тартип, эрежелерге баш ийишибиз зарыл. «Кыргызстан бул уюмга кирбесе эмне болот эле?» деген суроо бар. Биздин алтындан башка экспорттук товарларыбыздын 90% ашыгы ушул ЕАЭБ базарына сатылат, тагыраагы Орусияга, Казакстанга кетет. Экспортубузду эсептесек Кытайга жана Европа өлкөлөрүнө анча-мынча эле кетет. Биздин эң чоң базарыбыз - ушул Евразия Экономикалык Биримдиги. Эгер Кыргызстан убагында ЕАЭБге кирбегенде абалыбыз мындан да оор болмок. Биз Европа базарына киришибиз үчүн 50дөн ашык талаптарды аткарышыбыз керек болот, ЕАЭБдин эрежелери бир топ жеңил. Эгер кирбесек мигранттарыбызга да оор маселелер жаралмак. Кыргызстан ЕАЭБге кирип жатканда жеңил болбойт, ал жерде «май талкан жок» экендигин парламентте айтып келгем. Биз чоң атаандаштыктагы базарга кирип жатканыбызды билгенбиз. Биз убагында шарттарыбызды айтканбыз. Даяр эмес багыттарыбыз боюнча бир топ жеңилдиктерди, убакыттарды алдык. Албетте, кыйынчылыктар бар. Ошол эле учурда ЕАЭБ деген тирүү организм сыяктуу. Европа Биримдигинде деле көп маселелер бар, талашып-тартышып жатышат. Ар бир өлкө өз кызыкчылыгын коюш керек, коргош керек. Биздин өкмөт 24 саат бою ыкчам иштеши керек, маселени кабыргасынан коюш керек.

«Азаттык»: - Элдар мырза, Кыргызстандын 42 ишканасы гана ЕАЭБдин талаптарына ылайык ветеринардык көзөмөлдөн өтүптүр. Муну жетишкендик, натыйжа десек болобу?

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

Элдар Абакиров: - Мен убагында министрдин орун басары катары бир жылдан ашык ЕАЭБдин маселелери менен тыгыз иштеп калдым. Өнөктөш мамлекеттер ортосундагы сүйлөшүүлөргө, талаш-тартыштарга катыштым. Кыргызстандан болгону 42 ишканага уруксат берилгенин дискриминация катары эле кабыл алса болот, б.а. сырттан басмырлоо бар десек болот. Биздин ветеринарлар өнөктөш төрт өлкөгө талаптарды стандарттарга жараша аткарышканын, Кыргызстанда ветеринардык абал көзөмөлдө экенин далилдешкен. Биздин даярдыгыбызды үч өнөктөш өлкө колдоп, кошуна Казакстан колдобой койгон. Аны Казакстан өзүнүн базарын Кыргызстандын эти-сүтүнөн коргоп жатат, экинчи жагынан басмырлоо деп эле түшүнүш керек…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (11)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG