Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:25

Кыргызстандан СССРге каяша айткан аалым


Кубанычбек Нурбеков менен аялы Лариса Ким.

Эркиндиктин узак жолуна, аны бизге жакындаткандардын жаркын элесине арналат.

«Sapera auda» - «Билгенге умтул» - Горацийдин «Куш катына» кошулуп калган учкул сөз. Даанышман Кант аны «Өз акылыңды колдонууга эркиң жетсин» деп таржымалаган.

«Азаттык» менен «Эсимде: өз тарыхыбызды эстеп» ой дөбөсүнүн кезектеги долбоору Элмира Ногойбаеванын Кыргызстандагы алгачкы диссидент Кубанычбек Нурбековдун тагдыр жолуна токтолот. Айрым адамдардын тагдыры аркылуу тарыхтын буга чейин козголбой келаткан жабык барактарын ачууну улантабыз.

Кыргызстандан деле диссиденттер чыкканбы?

СССРде сейрек болсо да «диссиденттик» болгонун бизге чоң сыр кылып, университеттеги тарых факультетиндеги агайларыбыз шыбырап айтып калышканы эсимде. «Андай кыймыл бизде да болгонбу?» деп кызыгып сурап калгандарга берилчү жооп мындай болчу: «Диссиденттик СССРдин көпчүлүк республикаларында болгон, бир гана Кыргыз ССРинде андай балакет жок болчу». А бизде эмнеге болгон эмес? Бул суроого эч ким жооп бере алчу эмес.

СССРдеги диссиденттик кыймылдын символу.
СССРдеги диссиденттик кыймылдын символу.

Чын-чынына келгенде бул маселе эң маанилүү жана негиздүү. Анын артында барк-баасы баштапкысынан кем калбаган дагы бир маселенин башы кылтыйып чыгып турат: Кыргыз ССРинде азыркы кезде кабелтең тартып калган жарандык жигердүүлүктүн башаты, көктөп чыкчу тамыры болгонбу? Кадимки эле жарандык коом, анын өз алдынчалык белгилерин ала жүрчү чен-өлчөмдөрү бар беле, аларга өбөлгө түзүп берчү жарандардын жеке укуктары менен эркиндигин жарандар өзүн-өзү аңдап, адамдык беделин кадырлай билчү беле? Бардык элдерге тийиштүү мына ушул касиет, сапат советтик-коммунисттик өкүмзор-буйрукчул бийликтин тушунда кандай эле, айрым белгилери бар беле?

Андрей Колесников өз китебинде диссиденттик жайында мындай пикирин ортого салган:

«Жарандык аң-сезим кандай негиздерге таянып ойгонорун изилдөө абдан маанилүү. Анткени ал өз алдынча ойлонгон адамдардын чыгышын шарттайт, алардын бирикмеси аягында келип өлкөнүн өзгөрүшүнө алып келет; мезгил маанайын мыкты билиш үчүн аны аңдап чыгуу зарыл. 1940–1980-жылдарды түшүнүш үчүн мына буларды билиш керек: жарандык аң-сезимдин таржымалы бүгүн эртең менен эле башталган жери жок, «Facebook» менен «Telegram» чыкканга чейин деле социалдык тармактар болгон - гитаралар, магнитофондор, жашырын басма (самиздат) … анан ашканадагы акырын сүйлөшүүлөр. Биз кайсы бир алптарга таянып турабыз, алар башка дөөлөргө таянышат, мына ушул өтмө катар байланыш ондогон жылдарды карытып келатат. Жарандык аң-сезимдин тарых-таржымалынын өзүнө ылайык мыйзам ченемдери бар, кайра-кайра кайталанчу сюжеттери бар. Анын баары коомдо болуп жаткандарды жарандардын аңдап-түшүнүшүнө, бүгүнкү күндө эмне болуп жатканын билишине мүмкүнчүлүк түзүп берет». («Археология гражданского (само)сознания: истоки, идеи и лица»).

Эмне, совет мезгилинде Кыргызстанда бир да бирөө чындап өзүнүн укугу жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ой жүгүртүп, өз алдынча суроо койгон эмеспи? Кайсы бир адам же улуттун өкүлү ошол кезде жар салынган эркиндик тууралуу ойлонгон эмеспи? Бирөө да угуза, көпчүлүк алдында суроо койгон эмеспи? Бизден бир да батыл киши чыккан эмеспи? Жарандык дегенге негиз болчу маселелерди козгой албай, койкоюп отурушканбы? Биз баарыбыз ошо кезде кимге таяна алмакпыз?

Жоопсуз суроолор

Кыргызстанда диссиденттик чын эле болгон эмеспи? Бул суроону мен Кыргызстандагы бир топ инсандарга - Эсенбай Нурушевге, Ишенбай Абдуразаковго, Эмилбек Каптагаевге, Эмил Үмөталиевге, Зайнидин Курмановго узаттым. Баары белгилүү инсандар, акыл парасатына эч ким шек келтирбей турган мыктылар. Көптүн арасындагы бирөөлөр эмес. Аларга суроо бергенден тажабадым.

Кийин ушул эле суроону Андрей Колесниковдун өзүнө узаттым. 2018-жылы «SCE Advanced Programme» долбоорунун иш-чарасында суроомо мындай жооп алдым:

«Мен интервью алган, диссидент деген категорияга кирчүлөрдүн баары-жогу, артынан куугун түшүп, түрмөгө жатып чыккан адамдардын баары бир ооздон мындай дешти: Саясий камакта кармалгандардын басымдуу көпчүлүгү Борбор Азия менен Кавказдан болчу, түрмө толуп-ташып турчу. Андайлар көп болчу, мүмкүн алар тууралуу силер ачык айтпадыңар окшойт?»

Буга чейин, азыр деле Кыргызстан өз алдынчалыкка жетишкен эгемендик заманда СССР деген эңгезер өлкөнү бактыбызга жаралган бир оомат, жок болуп бараткан калкты сактап калган тарыхтын бир берешендиги катары карап, ушул ыңгайда мактоону жакшы көрөбүз. Ушул ыңгайда гана совет мезгилин сыпаттоону жактырабыз. Совет мезгилинде гана кыргыз эли башкалар менен теңата дүйнөлүк цивилизацияга аралашканын, улуу өлкөнүн цивилизациячыл миссиясын айтып түгөтө албайбыз. Бул мактоо совет кезинде өзгөчө сый-урматка татычу эле. Азыр да баштагы маанисин жогото элек. Социализм берген мүмкүнчүлүктү жакшы пайдалана албаганыбыз, толгон-токой коммунисттик жеңиштерге карабай улут болуу, мамлекет куруу жаатында бир топ мүчүлүштүктөргө жол бергенибиз айтылып келатат. Дегеле социализм жетишкендиктерин жакшы пайдалана албаганыбыз үчүн ириде биз өзүбүз гана күнөөлүү экенибиз белгиленип, ушундай түшүнүк, көз караш бирден-бир туура пикир катары жашап келатат. «Мындан башкача болушу мүмкүн эмес» дешчү. Социализмдин жетишкендигине кимдир-бирөө мурдагы заманда же азыр деле шек келтирсе, сын айтса же каршы чыкса, баштагы учурду кой, ушу азыр деле андайды көпчүлүк жактыра бербейт. Жалпылап жабыла жаманатты кылуудан кайра тартпайт. Андайларды мурда коомдук турмуштан четтетип, мамлекеттик тарыхтан чийип салышчу, тарыхтан, жылнамалардан атын өчүрүп, эмгегин эске албай коюшчу. Аты-жөнү болсо айыптуу катары гана айтылчу, андай болбош керек экендиги белгиленчү, бары-жогу билинбей, атайылап унуткарылчу. Бул жазанын эң оору эмес болчу.

Тарых факультетинин студенттери кыйла жылдар бою Алаш-Ордо эмне экенин билбей келдик, Исхак Разаков тууралуу деле чечилип айта беришчү эмес, башкалары тууралуу азыр деле унчукпай келатабыз.

Анткен менен атын атап, эстей тургандар бар. «Биз аларга таянып турабыз».

Диссиденттер кимдер?

Бу «диссиде́нт» түшүнүгү СССР өлкөсүндө жаралган. Латындын «макул болбогон», «каяша кылган», «мойнобос» деген маанидеги сөзүнөн алынган. Коммунисттик идеологиянын өктөсү күч чагында мамлекет менен коомдо айныксыз акыйкат катары кабылданган идея менен иш жүзүндө болуп аткандарды жактырбаган, жалпыга коошпогон саясий көз карашын тартынбай ачык айткан СССР жарандары диссидент болушкан. Ал үчүн алардын кыйласы бийликтин куугунтугуна кабылган. Ал кезде борбордук бийлик ээлери Москвада отурчу, жергиликтүү башкаруучулар Кыргыз ССРинин баш калаасы Фрунзеден баарын тескешчү.

1960-жылдары «диссидент» терминин СССР менен Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү оппозициялык кыймыл өкүлдөрүнө карата колдонушкан. Мурдагы антисоветтик жана антикоммунисттик кыймылдардан айырмаланып, диссиденттер советтик түзүлүш менен марксчыл идеологияга каршы тынч каршылык көрсөтүү жолун тандап алышкан. Советтик мыйзамдар менен расмий жарыяланган баалуулуктарга таянышкан. Диссиденттер зордук-зомбулуксуз, баарын ачык, мыйзам эрежелерин сактоо аркылуу каршылык көрсөтүүнү туура көрүшкөн.

Людмила Алексеева – советтик диссиденттердин бири, орусиялык коомдук ишмер, СССРдеги, постсоветтик Орусиядагы укук коргоо кыймылынын мүчөсү. 1983-жылы ал СССРдеги диссиденттердин бир канча «идеологиялык типтерин» белгилеген:

«нукура коммунисттер» — маркстик-лениндик окууну туура дешет, бирок ал СССРде бузулуп калган деп эсептешет;

«батышчыл либералдар» — Батыш Европа же Америкалык үлгүсүндөгү капитализмди гана туура дешчү;

«эклектиктер» - СССРдеги расмий идеологияга каршы ар кыл көз караштарды жактоочулар;

Орус улутчулдары – Орусиянын «өзгөчө жолун» туура көргөндөр; алардын көбү православие дининин таасирин күчөтүүгө өзгөчө маани беришчү; падышалык бийликти жактагандар да болчу;

башка улутчулдар — булардын талабы улуттук маданиятты өнүктүрүүдөн СССРден толук ажыратууга чейинки көз карашты камтыйт.

Мына ушул мүнөздөмөлөргө шайкеш келчү адамдар же топтор Кыргызстанда болду беле?

Кайсы бир уюшкан максаттуу топтор тууралуу айтыш кыйын. Албетте, жалпы СССРдеги эркиндикти сүйгөн башка адамдарга мүнөздүү нерселер, өңдөш тенденциялар бул жерде деле болгон. Адамдар чогулуп отуруп калышчу, ашканада отуруп талкуулашчу, «Азаттык», дагы башка «тыюу салынган» толкундардан чет өлкөлүк маалымат каражаттарын угушчу. Эркиндикти өзгөчө жакшы көргөн жалтанбас азаматтар, чогулган топтор жалпы СССРден тоону «багынтканы» чогулушчу. Алардын көбү нааразы болгондор эле. Анысын Высоцкий, Галич, Окуджава менен Визбордун ырларын ырдоо аркылуу чыгарышчу, «жашырын» басылган китептерди таап окушчу. Тыюу салынган китептер Кыргыз ССРинде басылганбы же четтен алынып келгенби – бул өзүнчө изилдене турган тема. Тыюу салынган жашырын китептер колдон-колго өтүп жыртылгыча окулганын, аны жигердүү позициядагы адамдардын баары биздин сурамжыга катышкандар ырасташты. Кыргыз ССРинин борбору Фрунзе шаарына СССРдеги таанымал философиялык мектептердин башчылары Мераб Мамардашвили менен Георгий Щедровский келишкен. Алардын эмгектери ушу кезге чейин кызыгуу менен окулат. Ой эркиндиги менен тирүү жашоонун кызык үрөнү ошол кезде себилген. Жашырын жолугушууларда көп нерселер айтылган. Ошондой жыйындардын катышуучулары белгилүү философтор Арон Брудный, Валерий Соложенкин, Эмил Шүкүровдор болушкан. Мына ушул акылдуу, совет айдыңында мүмкүн болчу башкача көз караштагы адамдар менен жыйынга катышкандар эркиндик, боштондук тууралуу өздөрү гана түшүнө алчу «сырдуу» тилде талкуу уюштурчу.

Улутчулдар

Таң калыштуусу, постсоветтик мейкинде ушул сөз эмгиче жаманаттыдан кутула элек. «Улутчулдар» дегенди адатта Орто Азия менен Кавказдан чыккан жарандарга гана тиешелүү сөз катары колдонушчу. Интернационалдык мамлекетте баары бирдей болушу керек, түгөл баары. Бирок бул түшүнүк «эл достугуна» коошчу эмес, ар кыл маданий-этнографиялык багыттардагы «элдик кол өнөрчүлүк», ыр-бийлерде, башка этнографиялык маани-мазмундагы жеке адамга караганда көпчүлүк топко көбүрөөк басым жасаган маданий иш-чараларда белгиленчү эмес. 1950-1980-жылдары СССРде интернационализмдин күнү тууп, улуттук дегендин баары четке кагылып, «Совет коому – бир улут» жараяны көбүрөөк козголо баштаган.

Ага карабастан Алексеева ырастагандай, жалпы өлкөдө диссиденттиктин эки тиби пайда болгон, ал экөө тең улуттук дем-дымакка «орус» жана «башка улут» деген бөлүнүүгө негизделген болчу. Алардын айрымдары жайында балким, кабарыңыз бардыр. Өзгөчө орус, Балтика боюндагылар, казак тажрыйбасын уккандырсыз. Алардын бир тобу - жашырын басма, жалгыз-жарым же көпчүлүк менен чогуу жасалган каршылык акциялары, түрмөдөгү жазалоо, жалпы элдин алдында жаманатты кылуу сындуу окуялардын бир тобу билинип калчу. Жалпыга жарыя айтылчу эмес, бирок билинип калчу. Маалыматтар кайсы бир жолдор менен маалымдоо каражаттарына чыгып кетчү же «бирөө айтыптыр» деп элге жайылып кетчү.

Ошондой иштер Кыргызстанда болгонбу? Же бул жерде совет бийлигине ыраазы, баарына макул, башкача суроо бербеген, эч кандай нааразылыгы жок калк жашачу беле?

Бул суроого жоопту биз ачыкка чыкпаган, көп айтылбаган жеке адамдардын тарыхынан таба алабыз. Тек алар тууралуу маалыматтарды эрикпей эл арасынан жыйнаш керек, ошондо бир топ нерселер ачыкка чыгат. Бир жагы кайгы-капалуу, экинчи тарабы эрдикке ширелген андай адамдар тууралуу окуу китептеринде жазылган эмес, тарыхый эмгектерде эскерилбей келатат. Кийин СССР урап, ачык айтыла баштаганда алар тууралуу азыноолак маалымдала баштады. Бирок алардын көбү байкалбай калууда. 1990-жылдары «архивдер революциясы» башталып, тарыхтын буга чейин «актай» калып келаткан барактары ачыла баштады. Бу кененчилик деле көпкө созулбады, бирок ошол кыска убакыт деле совет бийлигинин буга чейин жаап-жашырып келаткан эчен кыңыр иштерин ачып кетти. Тагдыры татаал адамдардын көргөн-бакканы, ошол кезде жалпыга жар салынган, айныксыз акыйкат катары кайталанган мыйзамдарда ырасталган жеке адам укуктары тууралуу суроолору, аларды терең изилдөө аракеттери эмнеге алып келгени ачыкка чыкты го. Ал адамдар кандай куугунтуктарга кабылды, кандай кысымга алынды? Аларды элден четтетип, системанын өгөй баласы кылып, бийлик басмырлап турду. Кызматты кой, илим менен маданиятка жакындатышпады.

Кубанычбек Нурбеков

Кубанычбек Нурбеков тагдыры татаал инсан болгон. Анын чиеленишкен өмүр жолу, былк этпес позициясы кийинки жашоо турмушунда кандай бийиктерге көкөлөп, кандай төмөндөтүлгөнү айтып отурса узун сөз. Ал катарлаштарынан озуп кесиптик жагынан чоң бийиктерге жеткен, Кыргызстандагы биринчи юридика илимдеринин доктору болгон. Бул анын кесиптик гана жетишкендиги эмес болчу. Анын азга алымсынбаган кесиптик жолу өз элинин тарыхы менен каада-салтын терең изилдеп, таасын түшүнүүгө багытталган.

Албетте, ал диссидент болчу. Анын ой өрүшүнүн мейкини, «башкача ой жүгүртүүсү» өлкөнүн негизги мыйзамы кантип реалдуу Баш мыйзамдын ар тараптуу нормаларын бурмалап салганын таап чыгышы жанында жүргөн юрист кесиптештерин таң калтырчу. Борбордо отурган ири окумуштуулардын мактоосуна арзычу. Анын акыл-эсине, кесиптик чеберчилигине ошол кездеги башкаруу тизгинин мыкчып отургандар да суктанышчу. Анткени алар ошол кездеги Укук академиясынан билим алып, белгилүү укук мектебинен узанып чыккандар болчу. А бирок аны таламайга деле ошолор алышты. Бишкекте отурган, жогору жактагылардын айткан-дегенин оозунан чыга электе илип алчу кошоматчылар, Кыргыз ССРинин жогорку бийлигине жетип алгандар таланттуу илимпозду жабыла тепкилеп киришти. Эркиндикти сүйүү, башкалардан өзгөчөлүү ой-туюм, анан да өзгөлөрдү туурабаган адам баары кылга тизгендей какайып жүргөн партиялык аппаратчылардын арасында, чоң борбордон келчү буйрукту бүгүлүп түшүп аткаруунун кыныгын алган белимчи бийлик ээлерине жакпай калган.

Алгачкы кездешүү

Тарых факультетин аяктагандан кийин 90-жылдарда саны арбын ЖОЖдордун биринде «Мамлекет менен укуктун тарыхы» деген сабакты бары-жогу билинбеген 1964-жылкы китеп менен өтүп калдым. Ошо «карылыгы жеткен» совет мезгилинен калган китепти ушу кезге чейин укук тануучулар менен тарыхчылар колдонуп келатышканы мени аябай таңданткан. Бирок ал китепти бир ачкан бойдон түнү менен аягына чыгайын деп отурганым алигиче эсимде. Ал китепте өз элин аябай сүйгөн, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон автордун эч кимден жашырбаган сыры катылып жаткандай сезилген. Баяндоосу бир ыргакта, эч кандай идеологиялык пафосу жок, партия менен өкмөткө басса-турса мактоо айтуудан тажабаган авторлордон деле эмес. Совет заманындагы окуулуктарда партия менен өкмөткө ыраазылык жайнап турчу эле го? Мен барактаган китепте анын жоктугу бир алды таңдандырган. Бир топ нерселерди айтпай кеткендей таасир калтырган.

1-сүрөт. Окуулук

Ошол китептин автору ал кезде мен билбеген Кубанычбек Нурбеков деген окумуштуу экен. Ал китепти кыйла жылдар бою баары колдонушту, бирок анын автору ким экенин баары эле батынып айта алышчу эмес. Анын сүрөтү башкалардай болуп жогорку окуу жайлары менен академия мекемелеринде илинип турчу эмес. Кийин мага анын кайгылуу тагдырын шыбырап айтып беришти. Анан ал киши тууралуу макалалар, башка маалыматтар чыкты.

Кубанычбек Нурбеков 1928-жылы 26-апрелде Кедейбай уулу Нурбектин үй-бүлөсүндө төрөлгөн, ал киши революцияга чейин бий болгон экен. Атасынын бий болгону кыйла жыл жашырылып келген, бардык үй-бүлөдө ошентип жашырып коюшчу. «Таптык теңсиздикке» каршы турган өлкөдө, бай-кедейи жок баары бактылуу мамлекетте «бийдин баласы» бийлеп калганга жол берилчү эмес. Андайы билинип калса чатак чыкмак, билим, кызмат тепкичи тууралуу андайда кеп кылбай койгон эле оң. Нурбек көп балалуу болгон экен. Аялы Өмүраалы кызы Алиман 11 бала төрөп, баарын эрезеге жеткириптир. Кубанычбек тогузунчу баласы. Сегиз жашка чыкканда 1936-жылы ал жети жылдык Кеңеш мектебине окууга кирет. Мектепти бүткөндөн кийин аны башталгыч класстарга мугалим кылып алып калышат. 1945-жылы Талас облусунун билим берүү бөлүмү Покровка районундагы мектептердин бирине окуу бөлүмүнүн башчысы кылып которот.

1948-жылы СССР Жогорку Советинин Президиуму 18 жаштагы Кубанычбек Нурбековду «Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйлайт. 1947-жылы Нурбеков Ташкен мамлекеттик юридикалык институттун студенти болуп калат, аны 1951-жылы ийгиликтүү аяктайт.

Ошондон тартып илимпоз менен окутуучунун жылдызы жанып, иши илгерилей баштайт. Кубанычбек Нурбеков кыргыз советтик укук таануунун башатында турган окумуштуулардын бири. 1958-жылы ал Москвада «Кыргыз АССРинин Кыргыз ССРине өзгөрүшү» деген темада кандидаттык диссертациясын жактайт. 1968-жылы ал Кыргызстандагы биринчи юридика илимдеринин доктору болуп калат. Анын доктордук диссертациясынын темасы - «Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүнүн жаралышы жана өнүгүшү».

Кубанычбек Нурбековдун китеби.
Кубанычбек Нурбековдун китеби.

Анын илимдеги, өмүрдөгү жолу кандай да болсо кызматка жетип, системага ыңгайлашуу болгон эмес. Илимий кызыкчылыгы - мамлекет, анын эреже-шарттары болчу, өз элинин келечегин, алдыга багытталган мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө, кенен-кесир аңдоо эле. Кубанычбек Нурбековдун изилдөөчүлүк таланты жана окумуштуулук дарамети ошол кезде жаңылык катары эсептелген багытта улантылып жаткан, теманын аталышы Кыргызстандагы мамлекет менен укуктун теориясы болчу. Бул жалаң гана илимий изилдөөгө таянган багыт эмес, ириде жаңы билимге, педагогикалык ишмердикке негизделген багыт эле. Буга чейин укук менен мамлекет теориясы боюнча адистерди Орусия, Өзбекстан менен Казакстан гана даярдачу.

Замандаштарынын эскерүүсүнө караганда, Кубанычбек Нурбеков айтылуу юристтердин бири болгон. Турмушту кылдат туйган, башкаларга ошондой мамиле жасаган, лекцияны катыра окуган, укмуш педагог болгон экен. Өз кадырын билгенин, башкаларга калыс мамиле кылгандыгы менен айырмаланып турганын замандаштары бир ооздон эскеришет.

Анын ар бир эмгегин студенттер тытылганча окуп, анын негизинде сынак тапшырышчу. Мындан жарым кылым мурда ошондой эле, азыр деле ошентишет. Башында окутуучу, советтик укук кафедрасынын доценти, профессору, юридика факультетинин деканы болуп иштеген. Кубанычбек Нурбеков Кыргызстандагы белгилүү юрист-укук таануучуларды тарбиялап өстүргөн.

Ыңгайсыз суроолор

Нурбековдун системага каршы иштери качан башталган? Башында жакшы башталган жакшы ишти эмне бүлдүрүп кетти?

Өзү бузган. Тагыраак айтканда, анын уяты менен элдин кызыкчылыгын коргоо жана аны түшүнүү ушуга алып келген. Элдин кызыкчылыгы дегенди ириде СССР мамлекети менен укугу сакташ керек эле. Ал укук илимдерин жөн эле окуп, ага баш катырчу эмес. Илимди ал Советтер Союзундагы баарына бирдей берилген мүмкүнчүлүктү пайдаланып өнүгүүгө умтулуу деп түшүнгөн.

Ал кездеги осол деп эсептелген эки нерсени кечиришкен эмес. Диссидент катары мүнөздөөгө негиз берчү жагдайлар. Ушу жерден тактап, ырастап койчу бир жагдай бар: Нурбековго жашырын китеп чыгарып, аны таратуунун кажаты жок болчу. Кубанычбек Нурбековдун айтам десе, чыгайын десе даяр турган трибунасы турган – жогорку, академиялык трибуна. Ичинде топтолгон ойлорун студенттерге, кесиптештерине айта берсе болмок, алардын арасында эртеңки күнү бийликтин ар кыл тепкичтерине отурчу аткаминерлер, билим алууга куштар жаштар бар эле. Алары аз келсе ал илимий эмгектерди жазчу, жарыялачу, лекцияларды окучу.

№1-зыяндуу ой – Улут маселеси. Улуттук өнүгүүнүн келечеги - улуттук кадрлар, улуттук тил, улуттук салт, улуттук маданият.

№2-зыяндуу ой – СССР Конституциясы, анын реалдуусу жана «кожо көрсүнгө» колдонулушу.

Улут маселеси. Интернационалдык коомдо коммунизмди куруу теңдик, дагы теңдик дегенди гана түшүнчү. Империянын чет-жакасында жашагандар ага ыраазы гана болушу керек эле. Идеалында борбору Москвада жайгашкан СССРдин цивилизациячыл миссиясына ыраазы болуп, ага татыктуу боло албаганы үчүн азыноолак өзүн айыптуу сезиш керек эле. Буга ынанбагандар деле кездешчү, аларды тыйып салышчу - апачык турган акыйкатка кыяпат кылыш туура эмес го? Нурбеков сурап атпайбы. Жөн эле сурап койбой, кесиби укукчу болгон соң олуттуу маселе катары коюп атпайбы. Мамлекеттик түзүлүшү калыптанып бараткан өлкөнүн укук таануу илиминин башатында турган илимпоз ушинтип атат. Акыйкаттык менен калыстык сезими өзгөчө өнүккөн билимдүү, элге таанымал адам койчу суроосун ушинтип коёт.

К. Нурбеков илимий макалалары менен эмгектеринде Кыргызстан өз алдынча эгемен өлкө боло аларын, ошондой болушу керек экенин ырастаган пикирин жарыя кылып келген. Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнүн чен-өлчөмүнүн бири катары эне тилин, улуттук каада-салттарын колдоону, ошондой эле түпкүлүктүү улут өкүлдөрүнөн башкаруу аппаратын толуктоону көрсөткөн.

СССР Конституциясы. Укук таануу жаатындагы изилдөөчү эле эмес, мамлекет менен укуктун калыптанышынын башатында турган окумуштуу катары (айтса, Нурбеков 1978-жылкы СССР Конституциясын иштеп чыккан жумушчу топко катышкан) Кубанычбек Нурбеков кийин СССРдин Баш мыйзамына жазылган тезисти жарыя айтып, анын мыйзамга киргизилишин туура көргөн. Баш мыйзамда союздук республикалардын өз алдынча бөлүнүү укугу жарыя кылынган, бирок анын жүзөгө ашырылышына эч ким ишенген эмес. Жашырын-жабык, өкүмзор-буйрукчул өлкө болсо, андан чыгып кетүүнү ким ойлосун? Нурбеков болсо «ар бир союздук республика өз тагдырын өзү чечүү укугуна ээ болушу керек» деп атпайбы.

Куугун

Белгилүү укук таануучу окумуштуу, илимпоздук бийик сый-ургаалдарга жетишкен Нурбеков калкынын алдыдагы тагдырына күйүп, анын калыс чечилишин ойлончу. Ошон үчүн ал опурталдуу суроолорду коюудан тартынчу эмес. Ал расмий ырасталган тезистерди чечмелечү, ал СССРдеги бардык республикаларга, алардын ичинде кыргыздарга да тиешелүү болчу. Мыйзамдык планда эч кандай карама-каршылык жок экенин окумуштуу катары жакшы билчү.

Анын артынан куугунтук менен басым-кысым деле көп күттүрбөй башталды. Бул ишке келгенде жергиликтүү аткаминерлер аянышпады. Нурбеков эч кимге баш ийбеген, башкалардан өзгөчөлөнгөн илимпоз болчу. Партиянын саясаты менен коммунизм идеологиясына, анан да борборго жергиликтүү бийлик каш кайтара алчу эмес. Бул жактагылардын борборго жагуу аракетин Москвада отургандар колдобой, Нурбековдун укук таануу жаатындагы барк-баасы кандай экенин билишкен төбөлдөр сабыр кылып турушкан. Балээ бул жерде чыгып атпайбы. Парадокс дегенибиз ушул.

Кубанычбек Нурбеков кесиптештери менен.
Кубанычбек Нурбеков кесиптештери менен.

А бирок Фрунзеде партиялык-идеологиялык казат башталды. Илимий эмгектери үчүн бийлик билермандарына жакпай калган окумуштуунун жарандык позициясы катуу сынга алынып, 1973-жылы Кубанычбек Нурбеков кыйла жылдар бою иштеген университеттен кетүүгө аргасыз болду. Аны кызматтан алууга негиз берген буйрук 1973-жылдын 23-январында чыккан. Кыргыз мамлекеттик университетинин парткомунун, Кыргыз ССР Элге билим берүү министрлигинин коллегиясынын, ошондой эле КМУ кеңешинин 1973-жылдын 23-январындагы № 1-р-23-72 чечими «К. Нурбековдун эмгектериндеги олуттуу теориялык, саясий каталары жана анын партияга туура келбеген жүрүм-туруму жөнүндө» деп аталат.

Университеттен айдалгандан кийин Кубанычбек Нурбеков жумушсуз отуруп калган. Бул аны басынтып кордоонун эң оор учуру эле. Бир жарым жылдан кийин гана аны Кыргыз ССР илимдер академиясынын Философия жана укук институтуна кенже илимий кызматкери кылып, өзү түзгөн илимий мекеменин эң төмөнкү кызмат ордуна алышкан.

Анын өмүр жолунда көкөлөө да, кургуйга кулап түшкөн учурлары да көп болду. Илимпозду жакшы билген, колдогон адамдар колу жеткен жердин баарына, ал түгүл чоң борборго чейин кайрылышты. Чоң борбордон колдошкону менен өз жеринде аны куугунтуктап, бөгөт коюп жатышты. Нурбеков баарын калбааттык менен көтөрдү.

Ошол кездеги профессор Нурбековдун шакирттери менен кесиптештери иштеген жерлердеги, эмгек жамааттарындагы, партиялык уюмдардагы, илимий чөйрөдөгү жагдайды, коомдо өкүм сүргөн маанайды элестетүүгө ашкан акылдын деле кереги жок. Адамдар аябай коркчу, баарынан чочулап турушчу. Окумуштуунун укуктук позициясы баарын чочулатчу. Ал ишенген акыйкат бийикте турчу, анын илимге кошкон салымы да ошондой бийик болчу.

Кубанычбек Нурбеков 1985-жылдын 29-декабрында катуу оорудан каза болду. Чоң окумуштуунун жүрөгү өзүнөн жогоркуларды өзгөчө өнтөлөгөн республиканын партиялык жетекчилигинин куугунтугуна, аны унчукпай колдоп келген дудук интеллигенциянын мамилесине чыдай албады.

Кубанычбек Нурбековдун Кыргызстан тарыхындагы орду кандай? Биринчи иреттте ал Кыргызстан жараны, атуулу, инсаны. Атуул деген бийик наамдын совет коомунда барк-баасы түшүп, кадыры жок болчу. Ал жаран жана патриот, чоң окумуштуу жана педагог эле.

Кубанычбек Нурбеков атындагы мектеп.
Кубанычбек Нурбеков атындагы мектеп.

Анан да ал ошол кездин диссиденти болчу. Мамлекеттик эки жүздүү саясатка келишпестиги баарына угулуп, баркын көкөлөтүп ийген. Анын атын шыбырап айтып, ал тууралуу ыкластуу студенттер көп нерсени билгиси келчү. Окуу китебин болсо ушу кезде талашып окушат.

Соңку сөз

Ошол 90-жылдары – «Кыргызстандын укук жана мамлекет тарыхы» боюнча сабак берген мага Нурбеков маселеси ачык бойдон калган. Жылдар өттү. Бир ирет күч түзүмдөрүнө «салт жана жемкорлук» боюнча ачык лекция окуп жатып Нурбековдун жарандык эрдиги, татаал тагдыры жөнүндө айтып калдым. Анан чай тыным маалында мага маңдайы жарык жаш жигит келип, жылмайып учурашып, өзүн тааныштырды. Кубанычбек Нурбековдун небереси экен. Кыязы, юрист болсо керек, жаркылдаган жакшы жигит экен.

Кийин ошол жигит мени Нурбековдун аялы Лариса Григорьевна Ким менен тааныштырды. Экөө Ташкенде таанышып, өмүрү өткөнчө ынтымакта жашаптыр. Аялы жакшы күндөрдө, кыйын чактарда бул турмуштагы ишенимдүү таянычы, жаркылдаган жакын адамы катары дайым жанында болуптур. Таласта аны Жылдыз эже дешчү, айылдагылар баары жакшы көрчү. «Жылдыздуу аял» дешчү, жылдызы жанып турган жан экен. Айыл турмушуна тез аралашып, Ташкенде жүргөндө өзбекче мыкты сүйлөсө, Таласка келин болуп келгенден кийин кыргызча сүйлөп кетиптир. Нурбеков эки уулдуу болгон.

Лариса Григорьевна да укук таануу жаатындагы адис катары бир топ ийгиликтерге жетишиптир, бир топ кызматтарда иштептир. Бул жагынан ал күйөөсүнөн анча деле артта калбаптыр. Анын бул турмуштагы тапканы Кубанычбек гана болуптур. Күйөөсү тууралуу узун кепти ушул аялы айтып берди. Кийин анын аракети менен Таластын Кум-Арык айылында ачылган Кубанычбек Нурбеков атындагы музейде болдум. Анда Нурбековдун транзистору менен шахматы турат. Нурбеков отурган жумшак креслодо отуруп терезеден көрүнүп турган тоону, анын боорунда элин сүйгөн боорукер баланын боор ылдый чуркап келатканын элестеттим.

Элмира Ногойбаева, «Эсимде: өз тарыхыбызды эстеп» ой дөбө долбоору

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (14)

XS
SM
MD
LG