Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 10-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 03:56

Кытайдын кулачы, Орусиянын «оюну»


Дүйнөнүн саясий картасы. Хажиме Нарукава көркөмдөгөн карта 2016-жылы эң баалуу мыкты дизайн сыйлыгына татыган.

Кыргыздар саясатка жакын эл. Бул сапат кыргыз тилиндеги жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган темаларга назар салганда эле байкалат.

Элге кызыксыз болсо, саясатың кургурга жергиликтүү ЖМК мынчалык көңүл бурбайт эле! Бирок электрондук медиада болсун, гезиттерде болсун геосаясатка орчундуу орун берилбейт.

Ушундай жүйөдөн улам эл аралык саясат боюнча адистешкен британ журналисти, жазуучу Тим Маршаллдын соңку китебинин Орусия, Кытай, Индия жана Пакистанга арналган баптары менен окурмандарды азыноолак тааныштырганды эп көрдүм.

Менин баамымда, бул төрт мамлекеттеги жагдай экс-советтик Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга түз болбосо да, кыйыр түрдө таасир этип турат. Болочокто таасири дагы өсөт.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин АКШдагы эң өтүмдүү китептер (bestseller) тизмесине кирген бул китептин англис тилиндеги аталышы мындай: “Prisoners of Geography: Ten Maps That Explainl You Everything You Need to Know About Global Politics”. Кыргызча оодарсак, “Географиянын туткундары: Глобалдык саясат жөнүндө сизге керек нерсенин баарын түшүндүрүп берчү он карта” деген маанини берет.

Он карта дегени - бул үстүбүздөгү кылымда чоң геосаясий оюндар жүрчү жерлердин дареги жана аталышы. Алар китепте иреттүү жайгаштырылып, ар бирине бирден бап арналган: Орусия, Кытай, АКШ, Батыш Европа, Жакынкы Чыгыш, Индия жана Пакистан, Корея, Жапония, Латын Америкасы жана Арктика.

Мамлекеттин өнүгүшү географиялык ордуна көз каранды эмес, бирок өлкөнүн турган орду геосаясатта маанилүү факторго ээ экенин соңку жаңы тарых көрсөттү.

Ошентсе да, Тим Маршалл жазгандай: “Ландшафт өз лидерлерин туткунга алып (АА. - колун байлап), алардын тандоо мүмкүнчүлүгүн жана манёвр жасачу мейкиндигин сиз ойлогондой кенен кылбайт”.

Анткен менен тоо, талаа, чөл, дарыя, деңиз, көл, токой, тундра сыяктуу географиялык факторлордун бири да экинчисинен маанилүү эмес деп эсептейт британиялык талдоочу. Ырас, дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүндө жашаган элдин эмгекке адистешкени географиялык жагдайга багыңкы болорун ал танбайт.

"Бирок геосаясатчылар өлкөнүн эл аралык мамилесине сереп салганда жердин физикалык ландшафтынан (чеп катары кызмат кылган тоолор, коңшулар менен байланыштырчу дарыялар) башка да климатын, демографиясын, чөлкөмдүн маданиятын жана табигый ресурстарын жадында тутушат. Бул сыяктуу табигый факторлор саясий жана аскерий стратегиядан тартып, элдин социалдык жактан өнүгүүсүнө, анын ичинде тилге, соода-сатыкка, динге да таасир этет. Ал эми күчтүү лидерлер, идеялар, технологиялар коомдук окуялардын маани-мазмуну кай багытта өзгөрүүсүн аныктайт, бирок убактылуу гана", - деп жазат Тим Маршалл. Ошол эле учурда, технология (мисалы, баллистикалык ракеталар, Интернет, космостук коммуникация) бүгүн географиянын эрежесине баш ийбей, чек арадан оңой эле өтүп калганын белгилейт.

Британиялык саясий серепчи Сирия менен Ирактагы жаңжалдын башаты оторчул мамлекеттердин географиясынын эрежесин таназарына илбей койгонуна, Кытайдын Тибетти басып алуусун, тескерисинче, географиялык эрежеге баш ийүүгө алып барып такайт. АКШнын глобалдык тышкы саясатын географиялык эрежелер таңууласа, атүгүл куралдуу күчтөрүнүн айбатын (power projection) табияттын эрежелери жумшартып турат экен.

Аюунун талпагындай чоң Орусия

Эмне үчүн Тим Маршалл тизменин башына Орусияны койгон? Анын себебин айтуудан мурда, китептеги айрым статистикалык маалыматтарга токтоло кетейин.

"Орусия дүйнөдөгү эң чоң өлкө. Территориясы 17 098 242 чарчы километр жана 11 убакыт зонасына созулат. Аянты АКШ жана Кытайдан эки эсе, Индиядан беш эсе, Британиядан 70 эсе чоң. Бирок элинин саны Пакистан менен Нигериядан аз. Орусиянын 75% жери Азиядан орун алганы менен бул жакта букараларынын 22% гана жашайт.

Бүгүн өлкөнүн батышынан чыгыш кыйырына поезд менен алты күндө жетесиз. Токой, кыртышы көк муз болуп тоңгон тундра, тайга, талаа, тоолор – баары учу-кыйырсыз жатат. Кремлдеги жетекчилер өлкөнүн саясий стратегиясын ченемсиз аралыкка, табигый өзгөчөлүктөргө карап аныктап, жүргүзүшү абзел. Ушул жагдай Кремлди бир нече кылымдан бери түрдүү багытка турнабай салып турууга мажбурлайт, бирок көңүл чордонунда Батыш. Эмне үчүн?

Себеби, Ыраакы Чыгышты география өзү коргойт. Батыш чек арасы – 60 933 км., анын 38 808 километри деңиз. Ошондуктан Орусия үчүн Түндүк Европа ойдуңунун аскерий-стратегиялык мааниси эбегейсиз. Ойдуң батыш Франциядан Орол тоолоруна чейин “чубалып”, түндүк Франция, Бельгия, Нидерландия, түндүк Германия жана Польшаны дээрлик толук камтыйт. Кеңдиги 482 км. тете бул аймактын инфраструктурасы Ыраакы Чыгыш менен Сибирге салыштырганда аябай жакшы өнүккөн.

Орусиянын президенти В. Путин. 2006-жыл.
Орусиянын президенти В. Путин. 2006-жыл.

Түндүк Европа ойдуңун түштүк капталынан кысып, табигый чеп катары кызмат кылган Карпат тоолорунун этеги Молдовага жетпей түгөйт. Молдованы Балкан жарым аралынын түндүк чыгыш босогосу десе болот.

Наполеондун 1812-жылкы жортуулунан бери карай, 1853-56-жылдардагы Крым согушун кошо эсептегенде, Орусия Түндүк Европа ойдуңунун тарабында ар 33 жылда бир мертебе согушуп турганын белгилейт британ серепчиси.

"Бүгүнкү Кремлдин өз учурунда Варшава келишимин түптөөсүн (1955-1991-жж.), акыркы жылдары НАТОнун кеңейүүсүнө итиркейи келгенин, Украинанын чыгышы жана Приднестровьедеги жикчилерди буфер катары пайдаланганын, өлкөнүн батыш тарабы жайкалган түздүк экенине байланыштуу" деп түшүндүрөт ал.

Буга Орусия Федерациясы суусу жылуу деңизге түз чыкпаганын айтсак, Түндүк Европа ойдуңунун стратегиялык баасы жана Крымды басып алышынын себеби ого бетер түшүнүктүү болот.

"Өлкөнүн Мурманск сыяктуу Арктикадагы порттору бир нече ай, Тынч океандагы Владивосток порту төрт ай тоңуп турганы аз келгенсип, Жапония деңиз жолун бөгөп турат. Мунун кедергиси, Т. Маршаллдын оюнча, соодага тийгенден башка Орусиянын деңиз флотунун дүйнөлүк мухиттерге түз чыгуусун татаалдаштырат.

Албетте, геосаясат темасы көгүлтүр отунсуз толук болбойт. Бүгүн анткени Москванын эй айбаттуу куралы - өзөктүк каруу-жарагын эске албаганда – армия менен аба-космостук күчтөр эмес, газ жана мунай. Кайсы өлкөнүн мамилеси Орусия менен жакшы болсо, ошол энергияны арзан алат", - деп сөзүн улантат британиялык серепчи.

Ушу тапта Европа газ жана мунайдын болжол менен төрттөн бирин Орусиядан алат. Өлкө Москвага жакындаган сайын, анын энергетикалык көз карандылыгы өсөт. Латвия, Словакия, Финляндия Орусиянын газына 100%, Чехия, Болгария, Литва 80%, Австрия, Грекия, Мажарстан (Венгрия) 60%, Германия 50%, Британия 13% көз каранды.

Экс-советтик "стандар": бейтарап макамынын сыры

Бүгүн Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан бейтарап мамлекеттер. Отун- энергетика ресурстары жетиштүү болгон үчүн алар Орусия менен Батыштын коопсуздук же соода уюмуна кошулууга муктаж эмес. Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандын экономикасы Орусияга байлангандыктан, бул беш мамлекет Москва башындагы экономикалык жана аскерий уюмга мүчө болуп кирген.

Балтия боюндагы Латвия, Литва, Эстония Европанын бардык саясий-экономикалык институттарына толук укуктуу мүчө. Ал эми НАТО менен Евробиримдикке умтулган Грузия, Молдова, Украинанын аймагында орус аскерлери же орусиячыл жикчилдер бар.

Ошондой эле “география советтик идеологиядан өчүн алып”, мурдагы 15 республика илгерки отурукташуусуна ылайык эрктүү мамлекет болуп, тилин жана каада-салтын өнүктүрө баштаганы баса белгиленет китепте.

Экс-советтик Борбор Азия республикаларынын ар биринде талуу жери бар, себеби Сталин чек араны чийгенде ар бир титулдук улутту алсыратуу максатында экинчи титулдук улуттун аз эмес элин журту менен бирге кошуп берген.

Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азия, Африканын да саясий картасы ушундай эле жол менен бычылганын Т. Маршалл эске салат. (Тилекке каршы, Борбор Азия чөлкөмүнө британ жазуучусу кеңири токтолгон эмес). Ушу жерден “Вашингтон Пост” гезитинин “Географиянын туткундары...” китебине берген рецензиясынан төмөнкү эки сүйлөмдү кошо кетейин: “Орусиянын геосаясий ойлонуусу ишенимдүү талданган... Ошондой эле Европанын расмийлери улуттук мамлекеттердин чек араларын маданий географияны чанып түзгөнү дүйнө үчүн үрөй учургандай баага турганын айкын кылат”. Мунун баары өткөн тарых. Бирок тарыхты билүү кимге болбосун зыян эмес.

Түмөн-түмөн калың элдүү Кытай

Килейген Кытай Кыргызстан үчүн бардык жагынан эсептешчү коңшу болгондуктан, башта эскерткендей, 1,4 миллиард эли бар өлкө тууралуу кенен токтоло кетейин.

Тим Маршаллдын жазышынча, Кытайга XXI кылымдын башында “Биз эми деңиз державасы болдук, бул биздин заманыбыз, бул биздин деңизибиз”, - деп айтканга чейин 4000 жылды басып өттү.

"Туура 70 жыл илгери, 1949-жылы Мао Цзедун башындагы коммунисттер генералиссимус Чан Кайши жетектеген улутчулдарды Тайванга сүрүп салып, өлкөдө өз бийлигин орнотот. Андан көп узабай Бээжин радиосу “Элдик Боштондук Армия Кытайдын бардык территорияларын, анын ичинде Тибет, Шинжаң, Хайнан жана Тайванды бошотууга тийиш” деп жарыялайт.

Мао мурдагы СССРдин Ички Монголияга таасирин токтотуп, Монголияга астейдил көңүл бурат. 1951-жылы Тибетти ээлеп, 1989-жылы Гонконгду Британиядан, Макаону Португалиядан кайтарып алат.

Кытайдын бүгүнкү чек арасы географиялык жактан коопсуз. Монголия менен 4777 км. чек арасы Гоби чөлү аркылуу өтөт. Чөлдө оор аскерий техника жүргөндөй жол жокко эсе. Бирок чөлдө душмандын кол салганын алдын ала эскерте турган кубаттуу система жайгаштырылган.

Ыраакы Чыгышта Кытай менен Орусияны дарыялар бөлүп турат. Картадан карасаңыз, төмөн жакта 100 миллион элдүү Манчжурия, өйдө жакта 7 миллион калктуу Орусиянын Ыраакы Чыгышы. Болочокто түштүктөн түндүккө миграция күчөрү калетсиз. Бул серепчинин оюнда Орусия менен мамиледе Кытайга күчтүү буроо болуп берет.

Кытай үчүн Гималай тоолорунун коюнундагы Тибетке жүгөн салуу маанилүү эле", - дейт Т. Маршалл.

Анткени Гималай табият жараткан Улуу Кытай дубалы болгондуктан, Индия менен идеалдуу чек аранын милдетин аткарат. Эгер Кытай Тибетти көзөмөлдөбөсө, Тибет Индиянын сугун арттырып турмак. Индия Тибетти ээлесе, биринчиден, Кытайга түз жол ачылат. Экинчиден, суу башы болуп калат. Себеби, Сары дарыя (Хуанхэ), Узун дарыя (Янцзы), Меконг дарыясы Тибеттен башат алат. Бүгүн Кытайдын эли АКШдан беш эсе көп болгону менен сууну америкалыктардай эле керектейт. Бара – бара элдин жашоосу жакшырган сайын сууга болгон керектөө да өсөт.

Тибеттин байтакты Лхазага кеткен темир жол.
Тибеттин байтакты Лхазага кеткен темир жол.

Кытай менен Тибеттин борбору Лхазаны туташтырган темир жол 2006-жылы ачылган. Азыр Шанхай менен Бээжинден Лхазага күнүнө төрт ирет жүргүнчү жана товар тарткан поезддер келип турат. Алар миллиондогон кытайларды отурукташуу үчүн да алып келди. Ушундай эле жол менен калкы түрк тилдүү Шинжаң да кытайлаштырып жатканы айтылат.

Шинжаң автономиясы Монголия, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Пакистан жана Индия менен чектешет. Британ жазуучусу Индияны кошпогондо калган өлкөлөр Бээжинге коркунуч деле туудурбайт деген пикирде.

Китепте Бээжиндин байыркы Жибек Жолду кайра жандандыруу максаты – өлкөнү географиялык туткундан бошотуу жана товар экспорттоочу жолду кыскартуу. Ал жолдун бир салаасы Пакистандын Гвадар портуна чыгат. Төрт жыл мурда портту пайдалануу боюнча Бээжин Исламабад менен 40 жылдык келишим түзгөн.

Гвадар портуна чыгуу Кытайга канчалык маанилүү экенин түшүнүү үчүн Бээжиндин Тынч океандагы коңшулары менен мамилесине назар салышыбыз лаазым. Чыгыш Кытай деңизиндеги газ куурларына жана элсиз Сенкаку аралына Бээжин да, Токио да ээлик кылууда. Кытай кемелери береги деңиз аркылуу Тынч океанга чыгам десе, жолунда Жапония жана Бээжиндин амирине өтүүнү каалабаган Тайванды айланып өтүшү керек.

Түштүк Кытай деңизинде балык уулоо, пайдалануу, ээлик кылуу боюнча Бээжин менен Вьетнам, Тайван, Малайзия, Филиппин, Бруней арасында мунаса жок болгондуктан, Кытай Тынч же Инди мухиттерине чыкчу коопсуз транспорт жолуна муктаж.

"Кытайдын, - деп жазат Т. Маршалл, географиянын туткунунан бошонуп, Тынч жана Инди океандарына чыккан мамлекет болуу дымагы күч. Ошол максатты көздөп, Кытай өкмөтү Бирма, Бангладеш, Пакистан жана Шри-Ланканын портторуна олчойгон инвестиция салып, аталган мамлекеттер менен алакасын жакшыртууда.

Индия жана Пакистан: Кашмир талашынын жандырмагы

Түштүк Азиядагы геосаясий кырдаалды аныктоочу бул эки мамлекеттин алакасы “Географиянын туткундары: Глобалдык саясат жөнүндө сизге керек нерсенин баарын түшүндүрүп берчү он карта” китебинде кылдат иликтенет. Себеби, Т. Маршалл жазгандай, “бүгүнкү Пакистан жана Индия өрттө туулган; келерки жолу өрт аларды күм-жам кылышы ыктымал”.

Эки өлкөнү Индия субконтинентинин географиясы бекем бириктирсе, чар тарабынан табигый чек ара бөлүп турат. Алардын Кашмирди талашканы автор баамдагандай, ар-намыстын да, стратегиянын да маселеси.

Жаңы Дели Кашмирди толук көзөмөлгө алса, Борбор Азияга дарча ачылат жана Индия Ооганстандын чек арасына чыгат. Ошондо Пакистан Кытай менен чектешпей, Исламабад Бээжин менен мамиле күтүүдөн ала турган пайда азаят.

Пакистан өкмөтү Кытай менен достугун “тоолордон бийик, океандардан терең” деп сыпаттап, сурнай тартканды жакшы көрөт. Эгер Пакистан Кашмирге ээ болсо, тышкы саясатта анын да колу узарат.

Эң маанилүүсү Инди дарыясынан сууну туруктуу ала баштайт. Азыр Пакистандын үчтөн эки бөлүгү Инди дарыясынан суу ичет. Суу тартыш болсо, Пакистандын пахта талаалары какшып, башка тармактары да кыйрайт. Индия менен Пакистан сууну бөлүп пайдалануу боюнча келишим түзгөн. Бирок, экөөнүн тең калкы тездик менен көбөйүүдө. Климат жылуу болгон сайын, суу азаяры калетсиз.

Ошол себептүү, Кашмир үчүн талаш чоң согушка айланып, тараптар өзөктүк куралдарын пайдаланса, чоң алаамат болот деп кооптонот британ серепчиси.

(Мындай сценарийдин опурталдуу жактары жөнүндө биздин сайтта быйыл 6-октябрда жарыяланган “Илим: Өзөктүк согуш – кыяматка жол” деген макалада жазылган).

Тим Маршалл жазгандай, биздин тарыхыбыздын калыптанышына өз салымын кошкон географиялык факторлор болочок багытыбыздын да калыптанышына чоң роль ойнойт.

Ырас, география бардык окуяларды таңуулабайт. Үлкөн идеялар жана залкар лидерлер тарыхты алга түртүп жылдыруучу күчтөрдүн бири болот. Бирок алар географиянын алкагында гана аракеттениши керектиги “Географиянын туткундарында” таасын жазылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG