Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:08

Илим: Өзөктүк согуш – кыяматка жол


Иллюстрациялык сүрөт.

Кедейчилик кишини ылдам картайтат. Үч жыныстуу, уу албас суу сөөлжаны. Эркек бал аарыларда ургаачысынын убактылуу көзүн байлап койчу амалы бар. Индия менен Пакистандын ортосунда өзөктүк согуш чыкса, кеминде 50 миллион адам апаат болушу ыктымал.

Жакырчылык кишини тез карытат

Бул Копенгаген университетинин илимпоздору орто курактагы 5500 киши менен өткөргөн изилдөөнүн жыйынтыгы. Алар изилдөөгө катышкан кишилердин ал-акыбалын жана акыл-эс жөндөмүн текшеришкен. Бул адамдардын акыбалына - муштумун кандай күч менен түйгөнүнө, 30 секундда канча жолу отуруп-турганына, ордунан канчалык бийик секиргенине карап баа берилсе, акыл-эс жөндөмү боюнча тестте, мисалы, фотосүрөттөрдүн иретин кандай эстеп калганы жана организмдин сезгенүүчү реакциясы текшерилген.

Иммундук системанын сезгентүүчү реакциясы кишиге кандайдыр бир инфекциянын жукканын, ошондой эле организмдин жаш курагына байланыштуу өзүн сезишин кабарлайт. Киши картайганда сезгентүүчү реакциясы күчөп, организм өзүн мурдакыдай шайдоот сезбей калат.

Турмуштан маалым: жаш курагы тең эки кишинин эстутуму окшош болбойт, алар шамдагайлыгы жагынан да айырмаланып турушат. Кимисинин эстутуму начар жана кубаты аз болсо, ал кишинин «биологиялык жашы» улуу болот.

Даниялык окумуштуулар кишинин биологиялык жашы социалдык-экономикалык шарты менен кандай байланышта экенин алардын соңку 22 жылдагы жашоо жагдайынын негизинде талдап көрүшкөн. Жетилген курагынан тартып жалпысынан төрт жылдан кем эмес жакырчылыкты баштан кечиргендер сыноо тестин начар аткарышкан. Алар өмүр бою бакубат жашагандарга караганда 30 секундада отургучтан аз отуруп-турушкан; муштуму жумшак түйүлгөн же бир нерсени беркилерге салыштырганда бош кармашкан жана сезгентүүчү реакциясы күчтүү болгон же организми тез сезгенген.

Окумуштуулардын айтымында, жакырчылыкты балдар жеңил көтөрүшү ыктымал. Бирок ата-эненин сабатсыздыгы наристенин мээсинин өнүгүшүнө тескери таасир этет.

Киреше кишинин биологиялык жаш курагынын улгайышына таасир этерин АКШнын Картаюуну изилдөө институту (National Institute on Aging at the National Institutes of Health) 2016-жылы жарыялаган изилдөө да тастыктаган.

Институттун окумуштуулары орточо курагы 49 жаштагы 100 ынды кара аялдын социалдык абалы алардын улгаюусуна кандай таасир эткенин 1997-2015-жылдар арасында изилдешкен. Алардын 70% үй-бүлөдөгү жылдык кирешеси киши башына 3900 долларга жеткен эмес. Бул топтогулар башкаларга же кирешеси чоңдорго салыштырганда тез карыганы, ал эми жылдык кирешеси киши башына алганда 15 миң доллардан өйдө болгондордун организминин картайышы жайбаракат жүргөнү аныкталган.

Банктын аманатын же насыяны, коммуналдык тейлөө акылары сыяктуу ай сайын төгүлүүчү төлөмдөрдү төлөөдөгү кыйынчылыктар да кишинин биологиялык жашынын тез өсүшүн шарттай турганы белгиленет.

(Булагы: https://healthyaging.ku.dk, https://alev.biz, https://www.washingtonpost.com) University of California – Riverside)

Эркек бал аарылар ургаачысын кантип кызганышат?

Жупташуу учурунда эркек бал аарылар ургаачыларынын организмине аларды убактылуу сокур кылып коё турган уу же токсин да берет. Жыныстык жупташуу учурунда эркек аарылар өлөт, ал эми жаш ургаачы бал аарылар башка эркектер менен жупташпай бир нече жыл өмүр сүрүшөт. Мындай кубулушту Копенгаген, Батыш Австралия жана Калифорния университеттеринин окумуштуу-энтомологдорунун изилдөөсү айкындады.

Профессор Борис Баердин (Boris Baer, University of California – Riverside)) түшүндүрмөсү боюнча, эркек бал аарылар ургаачы аарынын көзүн мокотчу ууну иштеп чыгаруу менен өз артында тукум калтыруу мүмкүнчүлүгүн болушунча арттырышат.

- Эркек бал аарылар артында гендерин калтырууну каалагандыктан, канышаны башка эркек аарылар менен кошумча жупташтырбоонун амалын кылат. Каныша көзү көрбөсө, уча албайт, - деп түшүндүрөт илимпоз.

Энтомологдор аныктаган токсиндер - эркек бал аарынын уруктук суюктугундагы белоктор. Бул белоктор эрендикти бөлүнтпөй кармап турганга көмөктөшөт.

Проф. Баер башында турган топтун алгачкы изилдөөсү бал аарынын эркегинин уругундагы уулуу суюктук атаандаштарынын эрендигин өлтүрүп, иштен чыгарганын аныктаган эле. Мындай белок бардык эркек бал аарыларда бар, бирок бирөөлөрү аны көп, экинчилери аз иштеп чыгат.

Жупташуудан кийин ургаачы аарылардын көзү начар көргөндөн тышкары жаңы эркек аарылар менен жолуккусу да келбей калат. Болочок каныша өз уюгун негиздемекчи болуп жаткан кезде жыныстык сапарга чыгат. Каныке жупташкан эркек бал аарылардын саны 24кө чейин жетет. Алардын эрендиктерин каныша өз тукумун уруктандырганга чейин жатынында сактайт. Жетиштүү эрендик топтогон жаш ургаачы аары өзү мурда жашаган уясына келбейт. Ал жаңы уя негиздеп, кайра эр издеп учуп кетпейт.

Жаш ургаачы аарынын балдарынын гени максимум 24 атадан болот. Мындай генетикалык көп түрдүүлүк мураскерлердин түрдүү жагдайда карабай жашап кетишине жол ачат. Себеби, гендердин бир комбинациясы бап келсе, экинчилери бап келбей, андан тукум болбой калышы ыктымал.

Ургаачы аарынын уруктанган тукумунан эркек же жумушчу аарылар менен болочок эне аарылар (канышалар), уруктанбаган тукумдан – ургаачы аарылар менен жалкоо аарылар пайда болот. Уруктандырылып жаралган аарылардын баарында энесинин гени болот. Мындай абалга бири-бирине атаандашкан эркектер ыраазы болбогондуктан, ургаачы аарыларга каршы жогоруда белгиленгендей амал-айла колдонушат. Ага карабай, ургаачы бал аарылар бир нече эркек аары менен жупташат. Демек, аларда эркек бал аарынын убактылуу сокур кылып коё турган уусуна каршы эмдөөчү дары бар. Муну таап билүү - окумуштуулардын азыркы максаты.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://elifesciences.org)

Үч жыныстуу суу сөөлжаны

Үч жыныстуу жана организминде уулуу заттар нормадан алда канча ашыча болсо да, аларды тоготуп койбогон сөөлжан (курт) Ортолук Калифорниянын Моно көлүндө табылган. Бул көлдүн суусу океандан үч эсе туздуу, кычкылдтыктуулук (рН) көрсөткүчү 10ду түзөт. Суунун кычкылдыктуулугу максимум 14 баскыч менен өлчөнөт. Таза суунун көрсөткүчү 7 жана кычкылдыктуулуктун 1 баскычка жогорулоосу чөйрөнүн шакардуулугу 10 эсе көбөйдү деген кеп. Ушундан улам Моно көлүндө балык жок, бирок суу чаяны сыяктуу микроорганизмдер арбын эле.

Илимий табылганын авторлору - Калифорния технологиялык институтунун (laboratory of Paul Sternberg, Caltech) мурдагы аспиранттары д-р Пей-Инь Ши жана д-р Жеймс Сихо Ли (Pei-Yin Shih & James Siho Lee).

Бул изилдөөгө чейин Моно көлүндө экстремофилдердин эки гана түрү - деңиз креветкасы менен сууга чумкуп кирчү чымындар байырлайт деп айтылып жүргөн.

Көлдө жаңы табылган сегиз немотиддин арасында микробразерлер (microbe-grazers), мителер менен жырткычтар бар. Auanema түрүнө кирген береги жандыктар көлдөгү мышьякты тоготпогондуктан экстремофилдер деп аталат. Экстремофилдер – жашоого ылайыксыз чөйрөдө жашап көбөйө берчү организмдер.

Үч жыныстуу жана уу албас суу сөөлжаны.
Үч жыныстуу жана уу албас суу сөөлжаны.

Жаңы табылган сегиз немотидди ушул эле түркүмдөгү туугандары менен салыштырып, мурда табылган немотиддер сыяктуу ууланган чөйрөдө жашашпаганы менен, аларга чоң дозадагы мышьяк таасир эте албаганын көрүшкөн. Ошондой эле алардын Auanema species түрү лабораторияда нормалдуу шартта көбөйөрү аныкталган. Бул окумуштуулар үчүн күтүүсүз жаңылык болду. Анткени белгилүү экстремофилдердин саналуу гана түрүн лабораториялык жагдайда изилдесе болот.

Окумуштуулардын айтымында, жаңы немотиддерди изилдөө мышьяк кишинин клеткасына кандай таасир эткенин билип, мышьяк менен ууланган организмди дарылоонун механизмин иштеп чыкканга көмөктөшөт. Демек, нематоддордун организми катаал шартка ыңгайлашууга жөндөмдүү.

Аалымдардын эмки максаты - сөөлжандардын уулуу же аномалдуу чөйрөгө ыңгайлашып кетишине жооптуу гендерин табуу жана уудан коргоочу механизм кандай иштегенин аныктоо.

- Экстремофилдер бизге стресске каршы күрөшүүнүн инновациялык стратегиясы тууралуу көп нерселерди айтып берет. Биздин изилдөө берегидей 1000 клеткалуу жандыктар экстремалдык жагдайда кантип жашап кеткенин билиш керек экенин айгинеледи, - дейт д-р Пей-Ин Ши.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.the-scientist.com, https://www.caltech.edu)

Индия менен Пакистан өзөктүк согуш ачса кыямат болот

Жаңы изилдөөгө ылайык, коңшу эки мамлекеттин ортосунда өзөктүк согуш чыкса бир жумага жетпей 50-125 миллион киши кырылышы ыктымал. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштун алты жылында кырылгандардан көптүк кылат.

АКШнын Колорадо жана Ратгерс университеттеринин (University of Colorado Boulder & Rutgers University) жаңы изилдөөсүнө караганда, кокус Пакистан-Индия ортосунда гипотетикалык өзөктүк согуш башталса, андан дүйнөгө келчү зыян каралат. Учурда коңшулаш эки мамлекеттин ар биринде 150дөй өзөктүк дүрмөттөрү бар. Алар 2025-жылга жалпысынан 400-500 даана өзөктүк бомбага ээ болушу мүмкүн.

- Бул деңгээлдеги согуш миллиондогон адамдарды жексен кылуу менен чектелбейт. Ал планетаны акыркы муз доорунан бери кездешпеген муздак талаага айлантышы мүмкүн. Индия менен Пакистандын согушу дүйнөдөгү адамдардын кадимки өлүмүн эки эсе көбөйтүшү ыктымал, - дейт изилдөөнүн жетекчиси, проф. Брайан Тун (Brian Toon).

Изилдөөдө Индия менен Пакистандын мамилеси кайра курчуп баратат деген тыянак жасалат. Быйыл августта Индия Баш мыйзамына өзгөртүү киргизип, талаштуу Кашмир чөлкөмүндө жашаган адамдарды жарандык укуктарынан ажыраткан. Артынан эле Кашмирге аскер жөнөтүп, анысын Пакистан катуу сындаган.

- Тогуз өлкөдө өзөктүк курал бар, бирок Пакистан менен Индия гана өзөктүк арсеналдарын тез көбөйтүүдө, - дейт проф. Алан Робок (Alan Robock). - Себеби, өзөктүк куралдуу эки өлкөнүн, өзгөчө Кашмир үчүн, жаңжалы уланууда. Ошон үчүн өзөктүк согуштун кесепетин түшүнүү маанилүү.

Алаамат согуштун алгачкы жумасында эки жак бири-биринин шаарларынын үстүндө 250дөй өзөктүк бомба жардырышы мүмкүн. Тараптар ондогон жылдардан бери өзөктүк сыноо өткөрүшпөгөндүктөн, ал бомбалар канчалык кубаттуу болору белгисиз. Бирок, изилдөөчүлөрдүн эсебинде, ар бир бомба 700 миңге чейин адамды тыйпыл кылат. Бул адамдардын көбү өзөктүк бомбанын жарылуусунан эмес, чыккан өрттөн кырылат.

Нагасакиге ташталган атомдук бомба жарылгандан кийин. 9-август 1945-ж.
Нагасакиге ташталган атомдук бомба жарылгандан кийин. 9-август 1945-ж.

- Эгер 1945-жылы Хиросимага бомба түшкөндөн кийин карасаңыз, туурасы 1,6 чакырым чукул шагылдуу талааны көрмөксүз. Бул бомбанын эмес, өрттүн натыйжасы, - деп түшүндүрөт проф. Тун.

Өзөктүк бомба чабуулунан чыккан өрттөн атмосферага 16 миллион тоннадан 36 миллион тоннага чейин көө сапырылып, Жерге Күндүн жарыгынын өтүшү 20-35% начарлайт. Жер бетиндеги температура бир нече жыл бою орточо 2-5 градус болот. Жаан-чачын 15-30% азаят. Өсүмдүктөрдүн өсүшү 15-30% солгундайт, кургак жер менен океандардын түшүмдүүлүгү 5-15% төмөндөйт. Кыямат азык-түлүк тартыштыгы менен коштолот.

Түтүн атмосферанынын жогорку катмарында кармалып калгандыктан, өзөктүк алаамат алып келген окуядан Жер бетинин калыбына келишине ондон ашык жыл керек болот.

- Жер системасынын бүгүнкү моделинин негизинде өткөрүлгөн биздин эксперимент кургактагы өсүмдүктөр менен океандардагы балыр сыяктуулардын түшүмдүүлүгү өтө азайып, анын кесепети тамак-аш түзүмүндөгүлөрдүн* жогорку баскынычындагылар, анын ичинде адамдар үчүн опурталдуу болорун айкындады, - деди изилдөөчүлөрдүн бири, доц. Никол Ловендуски (Nicole Lovenduski).

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, 2025-жылы бир өзөктүк бомбанын жардыруу күчү 15 килотоннадан – бул 15000 тонна тротилге тете - бир нече килотоннага чейин болушу ыктымал. Эгер Индия 100, ал эми Пакистан 150 өзөктүк бомба жардырса, 50 миллиондон 125 миллионго чейин адам кырылып, массалык ачкачылыктан дүйнөдө дагы миллиондогон адамдар каза табат.

Проф. Робоктун айтымында, өзөктүк курал кайсы бир рационалдуу планга ылайык колдонулбайт, ал кокусунан, же хакердик чабуулдун, же дүрбөлөңдүн натыйжасында, же дүйнүнүн акылы айныган лидерлеринин кесепетинен колдонулушу ыктымал. Алааматты болтурбоонун жападан жалгыз жолу - анын алдын алуу.

*Тамак-аш түзүмү (Англис тилинде food chain, орус тилинде пищева́я (трофи́ческая) цепь). Тамак-аш түзүмү – бул Күндүн нурун тамак даярдоо үчүн пайдаланган чөптөрдөн же дарактардан башталып, күрөң аюу (Grizzly bear – гризли аюусу) же Orcinus orca кити өңдүү жырткычтар, жамгыр сөөлжаны сыяктуу детриваторлор же козу карындар менен бактериялар сыяктуу өзү тыйпыл болчу микроорганизмдер менен аяктаган организмдердин карым-катнашы. Заттар жана энергия бул тизмектегилер бири экинчиси жегенде, улам кийинкисине берилип турат.

** 1945-жылы АКШ Жапониянын Хиросима шаарына таштаган бомбанын кубаты ушундай болгон.

(Булагы: https://www.eurekalert.org, https://www.sciencedaily.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG