Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Моди Кашмирдеги чараларды коргоду


Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Делидеги эгемендик күнүнө арналган иш-чарада. 15-август, 2019-жыл.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Делидеги эгемендик күнүнө арналган иш-чарада. 15-август, 2019-жыл.

Исламабад менен Нью-Делинин Кашмир боюнча кайым айтышуусу уланууда. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди өкмөттүн Кашмирдин Делиге баш ийген аймагынын атайын макамын жоюу боюнча чечимин коргоп чыкты. Анын алдында Пакистандын премьери Имран Хан Индиянын Кашмирдеги саясатын кескин сынга алган эле.

Премьер-министр Нарендра Моди 15-августта Индиянын эгемендик күнүнө карата кайрылуусунда күтүлгөндөй эле Кашмир маселесине токтолду. Ал бул аймактын Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн жарым автономиялык макамынын жокко чыгарылышы Кашмирдин «эзелки атак-даңкын» калыбына келтирүүгө көмөкчү болоорун айтты.

5-августта Индиянын өкмөтү Кашмирдин бул бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарууну чечкен. Мындай макамга ылайык, мусулмандар басымдуулук кылган Жамму жана Кашмир штаты өзүнүн Баш мыйзамы менен иш алып барып, тышкы саясат, коргонуу жана коммуникация тармактарынан башка бардык маселелерде Нью-Делиден өз алдынча чечим кабыл алып келген эле.

Индиянын премьер-министри бейшемби күнкү сөзүндө өлкөдө бир гана Конституция болушу керек экенин белгилеп, Кашмирдин өзгөчө макамынан майнап чыкпаганын айтты.

«Жетимиш жыл ичинде мындай жоболор жикчилдикти күчөтүп, террорчулуктун, тууганчылыктын тамыр алышына себеп болду. Кайсы бир мааниде коррупция менен дискриминацияга негиз түзүп берип койду», - деди Моди.

Кашмирдин Индия менен Пакистанга баш ийген аймактарынын ортосундагы чек арада жүргөн индиялык аскерлер. 13-август, 2019-жыл.
Кашмирдин Индия менен Пакистанга баш ийген аймактарынын ортосундагы чек арада жүргөн индиялык аскерлер. 13-август, 2019-жыл.

Индия эгемендик күнүн белгилеп жатканда Пакистанда «Кара күн» аттуу акция өткөрүлүүдө. Жергиликтүү гезит-журналдар бул жолку санын барактарынын чекесиндеги кара чийиндер менен басышты. Премьер-министр Имран Хан баштаган саясатчылар социалдык түйүндөрдөгү сүрөттөрүн кара өңгө алмаштырышты. 15-августта Пакистандын аймактарында Индияга каршы демонстранциялар да өткөнү жатат.

1947-жылы Британиянын чөлкөмдөгү үстөмдүгү аяктагандан бери мусулмандар басымдуулук кылган Кашмир аймагын дээрлик үч мамлекет башкарып келет. Аймактын түндүк-батышы Пакистанга баш ийсе, түндүк-чыгыш тараптагы бир аз бөлүгүн Кытай көзөмөлдөп турат. Кашмирдин түштүгүндөгү Жамму жана Кашмир аймагы болсо өзгөчө макам менен Индиянын курамында болууну чечкен. Андан бери Пакистан менен Индия Кашмирге толук ээлик кылуу укугун талашып келет. Ушундан улам өзөктүк куралы бар эки өлкөнүн ортосунда кеминде эки ирет ири согуш чыккан.

14-августта Пакистандын эгемендик күнүнө карата бул өлкөнүн премьер-министри Имран Хан Кашмирдин Исламабадга баш ийген аймагына барган. Ал жергиликтүү парламентте сөз сүйлөп жатып, Индиянын Кашмирдеги саясатын кескин сынга алган.

Ошондой эле Нью-Делини Кашмирдин Пакистанга таандык бөлүгүндө «аскердик операцияларды пландап жатат» деп айыптап, кандай гана агрессия болбосун ага «акырына чейин каршы турууга» убада берген.

«Бүгүн дүйнөнүн көңүлү Кашмир менен Пакистанга бурулуп турат. Бүгүн мен бул парламенттин алдында туруп, Кашмирдин элчиси, анын дүйнө жүзүндөгү үнү болуу милдетин мойнума алам», - деп билдирген Хан.

Имран Хан Кашмирдин Пакистанга таандык аймагындагы Музаффарабад шаарында сүйлөп жаткан учур. 14-август, 2019-жыл.
Имран Хан Кашмирдин Пакистанга таандык аймагындагы Музаффарабад шаарында сүйлөп жаткан учур. 14-август, 2019-жыл.

Кашмирдин Индияга таандык аймагында же Жамму жана Кашмир штатында 4-августтан бери коменданттык саат маалындагыдай коопсуздук чаралары көрүлүп жатат. Аймакта Интернет жана уюк телефон байланышына чектөө киргизилген. Штаттын хиндулар көбүрөөк байырлаган аймагында айрым чектөөлөр алынганы менен мусулмандар жашаган райондорунда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн боюнча турат.

Кашмирдеги мындай кырдаалдан улам Пакистан Индия менен өз ара соода алакасын жана бардык коомдук транпорт каттамдарын токтотуп койду. Ошондой эле Индиянын Исламабаддагы элчисин да өлкөдөн чыгарууну чечти.

Бул аптада Пакистандын жетекчилиги Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин Индиянын Кашмирдеги аракети боюнча чукул жыйын өткөрүүгө чакырды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG