Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 10:41

Эгемендик майрамындагы Кашмир


Кашмирдин Индия башкарган бөлүгү.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан 14-августта - эгемендик майрамында Кашмирдин Исламабад көзөмөлдөгөн аймагына келди.

Өкмөт башчынын администрациясы Ханды бир катар министрлер коштоп жүргөнүн жана ал аймакта «бардык тараптардын жыйынын» өткөрө турганын кабарлады. Экиге бөлүнүп калган Кашмирдин бир тарабын Пакистан, экинчи жагын Индия башкарат. Индия өзүнө баш ийген Кашмирдин өзгөчө макамын жойгондон бери Пакистан менен Индиянын алакасы чыңалып турат.

Пакистандын премьер-министри Имран Хандын сапары 5-августта Индия Жамму жана Кашмир штаттарынын өзгөчө автономия макамын жойгонуна байланыштуу Пакистан бир күн мурда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин чукул чогулууга чакыргандан кийинки учурга туш келди.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан өлкөнүн эгемендик күнүнө карата тараткан билдирүүсүндө Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүнүн тургундарын Делинин «куугунтугунан жабыркагандар» деп сыпаттады.

Ал Пакистандын бийлиги басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Жамму жана Кашмир аймагынын жашоочуларына тилектеш экенин айтты.

Имран Хан.
Имран Хан.

«Эгемендик күнү - улуу бакыттын жарчысы. Бирок бүгүн биз Кашмирдеги бир туугандардын тагдырына кайгырып турабыз. Кашмирдеги бир туугандарымды ишендирип кетейин, биз силер менен биргебиз», - деп белгиледи Имран Хан.

Ал Кашмирдин жергиликтүү кеңешиндеги жыйынына катышып:

«Мен Кашмирдин үнүн бүт дүйнөгө жеткирген элчи болом», - деди.

Ал эми Пакистандын президенти Ариф Алви да эгемендик күнүндөгү кайрылуусунда «Биз алар менен бирге болгонбуз, азыр да, келечекте да чогуу болобуз», - деп айтылат.

Пакистандын жетекчилиги өлкөнү Индия менен байланыштырган акыркы автобус каттамын 11-августта токтоткон.

Исламабад Индия Кашмирдин өзү башкарган тарабында коопсуздук чаралары күчөтүп, комменданттык саат да киргизгени тынчтыкка кедергисин тийгизип, көпчүлүк калкын мусулмандар түзгөн аймакта улуттук негизде тазалоого жана тукум курут кылууга алып барышы мүмкүн деп билдирүүдө.

Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши БУУнун Коопсуздук кеңешине жазган катында хинду улутчулдары башкарган Индия өкмөтүнүн агрессиялык аракеттерин айыптады. Ал Делини «Жамму жана Кашмир аймагынын алар эл аралык коомчулук тааныган талаштуу макамын атайын жок кылып жатат» деп сындады. Куреши Индияны «мусулмандар жашаган Кашмирди хиндулар көпчүлүктү түзгөн аймакка айлантууну көздөп, расалык идеологияны ишке ашырууда» деп да айыптады.

Шах Махмуд Куреши.
Шах Махмуд Куреши.

«БУУ бизди ураалап тосуп албайт. Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу беш мүчөнүн ичинен бизге тоскоол кылганы да болот. Муну пакистандыктар жана кашмирликтер билип коюшу керек. Бизди эч ким дасторкон жайып тосуп албайт. Сиздер жаңы күрөш башташыңыздар керек. Кырдаал жеңил эмес», - деди Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши.

Ушул айда Коопсуздук кеңешине төрагалык кылып жаткан Польшанын тышкы иштер министри Яцек Чапутович Пакистандын катын талкуулай турганын билдирди. Анын айтымында, Пакистан менен Индиянын ортосундагы чыңалган абал жалпы Түштүк Азия чөлкөмүнө терс таасир этет.

Пакистандын Синд провинциясынын башчысы Сайед Мурад Али Шах Карачиде эгемендиктин 72 жылын майрамдаган салтанатта Индия тарабындагы кашмирликтерди колдоп сүйлөдү:

Биз аларды кыйын күндөрдө колдойбуз

«Кашмирликтер акыркы 72 жылдан бери зордук-зомбулукка туш болуп келе жатат, бирок алар сынып калган жок. Эгер кимдир-бирөө Индия Конституциясын өзгөрткөндөн кийин баш ийип калат десе адашат. Биз аларды кыйын күндөрдө колдойбуз».

Өткөн аптада Индиянын өкмөтү Баш мыйзамды өзгөртүп, Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарарын билдирген. Ага ылайык, негизинен мусулмандар байырлаган Жамму жана Кашмир штаты мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калат.

Индиянын Конституциясынын 370-беренесинде Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бул бөлүгү өзүнүн Баш мыйзамы менен иш алып барып, өзүнүн желегине ээ болуп, тышкы саясат, коргонуу жана коммуникация тармактарынан башка бардык маселелерде өз алдынча чечим кабыл алып келген.

Ошондой эле Конституциядагы бул жобо штаттын тургундарынан башка индиялыктарга аймакка келип туруктуу отурукташууга, жер тилкесин же кыймылсыз мүлк сатып алууга, жергиликтүү өкмөттө же окуу жайларда иштөөгө тыюу салган.

Штаттагы оппозициянын айрым өкүлдөрү эгер 370-берене жокко чыгарылса, мусулмандар басымдуулук кылган бул аймакка хиндулар келип отурукташа баштай турганын билдиришти.

13-августта Индия өкмөтү Гималай аймагындагы тогуз күндөн бери уюк телефон, үй телефон, Интернет байланышын жана телеканалдарды өчүргөн коопсуздук чаралары акырындан алына баштай турганын билдирди. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 8-августта бул чаралар аймактагы терроризм менен жикчилдиктен кутулууга жардам берерин айткан.

Нарендра Моди.
Нарендра Моди.

«Биз жакында Жамму менен Кашмирдин мыйзам чыгаруучу жыйынына шайлоо өтүшүнө жана жаңы өкмөт түзүлүшүн көздөйбүз. Жаңы, жигердүү жаштар мыйзам чыгаруу жыйынын мүчөсү, министр, башкы министр болушун каалайбыз. Мен Жамму жана Кашмир аймагынын жашоочуларын жакында алар өз өкүлдөрүн шайлай турганына чын ыкласымдан ишендиргим келет», - деди Нарендра Моди.

Индия менен Пакистан Британиянын үстөмдүгү аяктап, 1947-жылы эгемендик алгандан бери мусулмандар басымдуулук кылган Кашмир аймагын талашып келет. Эки өлкөнүн ортосундагы үч согуштун экөө дал ушул Кашмир аймагы үчүн болгон.

Кашмирдин Индия тарабындагы көтөрүлүшчүлөр ондогон жылдардан бери Дели өкмөтүнө каршы согушуп келет жана Кашмирдин көпчүлүк тургуну эгемендик алууну же Пакистанга кошулууну каалайт.

Пакистан эгемендигин 14-августта белгилесе, Индия 15-августта майрамдайт. Бул майрамдарга байланыштуу коопсуздук чаралары катуу көзөмөлгө алынып, Индия экинчи чоң шаар Сринагарада жол кыймылын чектеп, төрт кишиден ашык чогулууга тыюу салып жатат. Дели Жамму жана Кашмир штаттарынын өзгөчө автономия макамын жойгондон кийинки нааразылык акцияларына жол бербеш үчүн ушундай чара көрүп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG