Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Имран Хан кашмирликтерге тилектештик билдирди


Пакистандын премьер-министри Имран Хан.
Пакистандын премьер-министри Имран Хан.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан өлкөнүн эгемендик күнүнө карата тараткан билдирүүсүндө Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүнүн тургундарын «Делинин куугунтугунан жабыркагандар» деп атады.

Ал Пакистандын бийлиги басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Жамму жана Кашмир аймагынын жашоочуларына тилектеш экенин айтты.

- Эгемендик күнү - улуу бакыттын жарчысы. Бирок бүгүн биз Кашмирдеги бир туугандардын тагдырына кайгырып турабыз. Кашмирдеги бир туугандарымды ишендирип кетейин, биз силер менен биргебиз, - деди Имран Хан.

5-августта Индиянын өкмөтү Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарууну чечкен. Ага ылайык, мусулмандар басымдуулук кылган Жамму жана Кашмир штаты мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калат. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бул чечим Кашмирдеги «террорчулук менен жикчилдиктин» тамырын кыркууга көмөк көрсөтөөрүн айткан.

1947-жылы Британиянын чөлкөмдөгү үстөмдүгү аяктагандан бери мусулмандар басымдуулук кылган Кашмир аймагын дээрлик үч мамлекет башкарып келет. Аймактын түндүк-батышы Пакистанга баш ийсе, түндүк-чыгыш тараптагы бир аз бөлүгүн Кытай көзөмөлдөп турат. Кашмирдин түштүгүндөгү Жамму жана Кашмир аймагы болсо өзгөчө макам менен Индиянын курамында болууну чечкен. Андан бери Пакистан менен Индия Кашмирге толук ээлик кылуу укугун талашып, эки өлкөнүн ортосунда кеминде эки ирет ири согуш чыккан.

XS
SM
MD
LG