Линктер

жекшемби, 16-июнь, 2019 Бишкек убактысы 22:39

Жүз жылдан кийин ителги жоголот


Индиядагы көл.

Келерки кылымда керик, ителги кайып болот. Жөө басуу улгайган аялдарга пайдалуу. Дүйнөдөгү өтө тез жүргөн экспресс-поезд сынактан өтүп жатат. Үлпүлдөк түктүү алтын жасалгалуу микроорганизм.

Жүз жылдан кийин керик, ителги жоголот

Британиянын Саутгемптон университетинин (University of Southampton) окумуштууларынын божомолу боюнча бир кылымдан кийин майда айбанаттар, канаттуулар жана сүт эмүүчүлөр азыркыдан алда канча көбөйөт. Жираф, керик, арстан сыяктуу ири жаныбарлар азайып, майда жаныбарлар сан жагынан үстөмдүк кылып калат.

«Климаттын жана жашоо шартынын өзгөрүшүнөн улам майда, тез кыймылдап, курт-кумурскалар менен тамактанган жаныбарлар жакшы көбөйөт. Кемирүүчүлөр түрүнө кирген жандыктар менен таранчылар табиятка жакшы ыңгайлашса, керик, ителги, бүркүт сыяктуу айбанаттар жок болот» деп кооптонушат окумуштуулар.

Алардын жоромолуна караганда, келерки жүз жылда сүт эмүүчүлөрдүн денесинин орточо салмагы 25% азаят. Окумуштуулар мындай жыйынтыкка соңку эки муз доору аралыгы бүткөндөн берки 130 миң жылда болгон өзгөрүүлөргө таянып келишти. Береги мезгилде ар түркүн айбандардын, канаттуулардын жана сүт эмүүчүлөрдүн тулку бою 14% кичирейген.

«Бүгүн канаттуулар менен сүт эмүүчүлөр үчүн эң чоң коркунучту адамзат жаратууда. Токойлорду кыюу, аң уулоо, айыл чарбасын ургаалдуу иштетүү, урбанизация жана климаттын жылышы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн кыйратып жатат», - деди изилдөөчүлөрдүн бири, СУнун аспиранты Роб Кук (Rob Cooke).

Анын айтымында, жан-жаныбарлардын түрүнүн азайганы узакка созулуучу экологиялык жана эволюциялык туруктуулукка тескери таасир этиши ыктымал.

«Сүт эмүүчүлөр менен канаттуулардын божомолдонгон өлүмү экологиялык кокустук болбойт, - деди профессор Феликс Эйгенброд (Felix Eigenbrod). - Бул экологиялык өзгөрүүлөргө чыдабаган айрым жандыктар эленчү тандалма процесс болорун биздин изилдөөлөр көргөздү».

Мемориал университетинин илимий жетекчиси Аманда Бейтстин (Memorial University in Canada) айтымында, «жаныбарлардын өлүп жоголушу мурда трагедия, сөзсүз болчу зарылдык катары каралчу. Бирок божомолдо айтылган жаныбарлар жоголгонго чейин жаратылышты сактоо иштерин жүргүзгөнгө жетиштүү убакыт бар. Мындай изилдөөлөр ошондой иштерди жүргүзгөнгө көмөктөшөт».

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.nature.com)

Дүйнөдөгү эң тез жүрчү экспресс-поезд сынактан өтүүдө

Инженердик эсептөөлөргө ылайык, жүргүнчү ташыган октой ылдам бул поезд күүлөнүп алгандан кийин саатына 400 чакырым ылдамдык менен жүрүүгө тийиш. Поезддин жумуру локомотиви шуштуйуп, машинисттин кабинасынан 22 метр алдыга чыгып турат.

Ушу тапта «Alfa-X» (Advanced Labs for Frontline Activity in Rail eXperimentation) поезди Жапониянын Аомори жана Сендай шаарларынын ортосундагы «Тохоку Синкансэн» магистралында жумасына эки жолу түн ичинде сыналып жатат. Сыноо үч жылдан кийин аяктайт.

«Alfa-X» «ок-поездин» Жапониянын бүгүнкү транспорт системасына кошуу татаал процесс болгондуктан, аны иштетүү 2030-жылы гана башталат.

Чыгыш Жапон темир жол компаниясы (JR East) экспресс-ок-поездди саатына 360 чакырым ылдамдык менен жүргүзгөнү жатат.

Бүгүн Бээжин менен Шанхайдын арасында каттаган «Фөксин Хао» (Fuxing Hao) поезди өтө катуу күүлөнгөндө саатына 350 чакырым ылдамдык менен жүрөт.

Жапон өкмөтү 2027-жылы Токио менен Нагое шаарларынын арасында магниттик жаздыктагы поезддер каттаган магистралды бүткөрүүнү көздөп турат. Андай поезддер туннелде саатына 505 чакырым ылдамдык менен жүргөндүктөн, жүргүнчүлөр бир шаардан экинчи шаарга 40 мүнөттө жете алат. Азыр алар 110 мүнөттө жетишет.

Азыр Жапониянын темир жолдорунда саатына 320 чакырым ылдамдыкта жүргөнгө уруксат. 2020-жылдан тартып, бир магистралда саатына 360 чакырым ылдамдыкта жүргөнгө уруксат берилиши күтүлүп жатат.

Андай ылдамдыкты багынткан поезддер азыр бар.

(Булагы: https://www.bloomberg.com, https://asia.nikkei.com)

Үлпүлдөк түктүү алтын жасалгалуу микроорганизм

Алтын нанобөлүкчөлөр менен жасанган үлпүлдөк түктүү кызгылт грибок Батыш Австралия штатындагы алтын кени бар талаада табылды.

Бул грибок-микроорганизм жер астындагы кендерден, саркынды суулардан жана электрондук таштандылардан алтынды бөлүп алууга жардамдашат.

Перт шаарынан 130 чакырым түштүк-чыгыштагы кыртыштан табылган грибок Fusarium oxysporum грибогунун штаммы экени айтылат.

Штамм (немис тилинде Stamm, кыргызчага которгондо «сөңгөк», «түр» дегенди билдирет) - бул белгилүү убакта, белгилүү гана жайда болчу вирус, бактерия жана башка микроорганизмдердин таза түрү.

«Сиз эгер алтын казып алынып жаткан аймакка барсаңыз, кыртышта өскөн берегидей грибокторду көп табасыз», - дейт Австралиянын Илим жана өнөр жай изилдөөлөрү боюнча мамлекеттик уюмунун (Commonwealth Scientific and Industrial Research Organisation, кыскача CSIRO) геомикробиологу Цин Боху (Tsing Bohu).

Цин менен кесиптештеринин изилдөөсү ар бир грибок алтынды эритүүчү супероксид деп аталган химиялык затты пайда кыларын аныктады. Супероксид эритилген алтынды башка химиялык зат менен аралаштырып, алтындын кыпындай нанобөлүкчөлөрүн да жаратат.

«Биз грибоктун сыртында алтындын күкүмү пайда болгонун байкадык. Алтынды сүйгөн грибоктор алтын менен иштебеген башка грибокторго салыштырмалуу тез чоңоюшат», - деп түшүндүрдү доктор Цин Боху.

Окумуштуулар азырынча алтын береги грибоктордун өсүшүнө кантип жардамдашарын так билбейт. Бирок алтындын нанобөлүкчөлөрү грибокко ар кандай азык болчу заттарды өзүнө сиңирип алууга жардамдашат деп боолголошот.

Келечекте окумуштуулар берегидей микроорганизмдер алтын кендеринин калыптанышына кандай таасир эткенин, ошондой эле алтын кендеринин корун так аныктоого жардам берүү жана алтынды казып алуу технологиясына пайдалануу ыктымалдыгын изилдеп көрүшмөкчү.

(Булагы: (https://www.sciencedaily.com, https://pressfrom.info)

Жөө басуу байбичелерге пайда

Кыймыл-аракет жашы өтүп калган аялдарга эрте көз жумгандан сактанууга жана жүрөк - кан тамыр системасын күүлүү-демдүү сактоого жардамдашат.

АКШнын Бостон шаарындагы «Brigham & Women's Hospital» мекемесинин окумуштуулары орточо 72 жаш курактагы 16 миң 741 аялды изилдеген соң ушундай бүтүм чыгарышты.

Бул аялдар 2011-2015-жылдары колдорунда баскан кадамын эсептей турган билерик тагынып жүрүшкөн. Алардын жандуулугу жана ден соолугу күндө текшерилип турган.

Эксперименттин катышуучуларынын 25% же күнүнө орточо 2700 кадам баскандар арасында эрте каза болуу ыктымалдыгы жогору болгон. Төрт жыл, үч ай арасында бул топтон жетимиштен өйдө курактагы 504 зайып дүйнө салган.

Ал эми күнүнө орточо 4400 кадам баскандардын арасында андай коркунуч 41% төмөн болгон. Эрте көз жумуу коркунучу кадамдын саны көбөйгөн сайын төмөндөгөн. Күнүнө 7500 кадам баскандардын арасында көз жумуу коркунучу азая баштаган. Күүлүү-демдүү болгонго ылдам же жай басуу бирдей эле таасир эткен.

Окумуштуулар тирүү жана каза болгон ыктыярдуулардын бир күндө баскан кадамдарынын санын салыштырып көргөндөн кийин жүрөк - кан тамыр системасынын жакшы иштеши үчүн күн сайын кеминде 7 миң кадам басууну оптималдуу деп табышты.

«Биздин изилдөөбүз кыймылдын (физикалык жигердүүлүктүн) маанисин далилдөөнү улантты. Изилдөөнүн жыйынтыгы бир күндө 10 миң кадам таштоо мүмкүн эместей көрүнгөн адамдар үчүн стимул болот», - деди доктор И-Мин Ли (I-Min Lee).

Туура эмес тамактануу жана зыяндуу адаттар жүрөк-кан тамыр ооруларын күчөтөт.

Дүйнөдө смартфон менен эсептелгенге караганда кишилер орточо бир күндө 5 миң кадамга чукул жөө басышат. Бул көрсөткүч АКШда 4800, 2 кадамга барабар.

Бир күндө 10 миң кадам жөө басыш керек деген жаңылыш түшүнүк. Илимпоздор бул сандын пайда болушу жапондордун «Yamasa Clock» жана «Instrument» компаниялары чыгарган «Manpo-kei» кадам өлчөгүчүнө байланыштуу деп жоромолдошот. Себеби, «Manpo-kei» сөзү жапон тилинде 10 миң метр/кадам дегенди билдирет.

«Brigham & Women's Hospital» - илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн дүйнөдөгү экинчи чоң оорукана. Мекеме илимий изилдөөлөр үчүн жылына кеминде 630 миллион доллар сарптайт.

(Булагы: https://jamanetwork.com, https://www.sciencedaily.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG