Линктер

бейшемби, 25-апрель, 2019 Бишкек убактысы 23:56

Бактерия кошулган жол бекем болот


Иллюстрациялык сүрөт.

Жолдорду бекем кылуу үчүн бетонго бактерия кошулат. Толукталып турма энергия булактарын мааниси өсүүдө.

Уйлар курсагына жатып, кемирүүчүлөр (суур, келемиш, чычкан, тыйын чычкан) отуруп эс алышса, бөрсөлөр (кенгуру) кээде чалкасынан тартайып жатып дем алышат. Цюрих университетинин (University of Zurich, Switzerland) илимпоздору аныктагандай, көлөмү зор жаныбарлар негизинен тике турган бойдон дем алышат; жатчу болсо да, капталына жатат.

Уй, кой, эчки, жейрен, бугу жана бөрсө сыяктуу кепшөөчүлөрдүн курсагындагы кайра чайналчу тамактарын (кепшөөчүлөр - жеген жемин кулгуп, кайрадан тиштери менен майдалап жечү желиндүү айбандар) гравитациянын жардамы менен ылгашат. Ар качан да береги жараян жылма өтүүсү үчүн айбандын карыны, ал туруп турабы же жаткан болобу, анысына карабастан, оордук күчүнө салыштырмалуу дайыма бирдей абалда болушу абзел. Уйлар ушундан улам күндүн кайсы убагында болбосун курсагына жатып, эс алышат.

Швейцариялык илимпоздор зоопаркта кармалган 253 сүт эмүүчүнү эс алуунун 30 миңден көп фазасында изилдешкен. Айбандардын 36 түрүнө байкоо күндүз, ал эми 18 түрүнө байкоо түнкүсүн жүргүзүлгөн.

Бирок, жогорудагы жобо бардык эле айбандар үчүн жарай бербесин изилдөө айкындаган. Көрсө, жаныбардын эс алуу учурундагы абалы тамакты сиңирүү өзгөчөлүгүнө караганда тулкунун чоңдугуна көбүрөөк багыңкы болот экен. Алсак, кемирүүчүлөр түркүмүнө кирген кап даманы (лат. Procavia capensis) убакыттын көбүн көкүрөгүнө жатып өткөрөт. Себеби, айбандын тулкунунун ортосунан жерге чейинки аралык канчалык кыска болсо, анын курсагына жатып дем алуу ыктымалдыгы ошончолук чоң болот, деп түшүндүрөт проф. Маркус Клаусс (Marcus Clauss). А сөөлөтү чоң айбандар көпчүлүк учурда капталына жатып эс алат. Мындай абал сөөлөттүү айбандардын буттары үчүн оңтойлуу дейт аалым.

Бирок кээ бир чоң айбандар турган абалында дем алышат. Жылкылар жакын тектеши керки (лат. Rhinocerotidae) жана тапирден (Tapirus) айырмасы - дамамат тике туруп “чырым этет”. Бул үч жаныбар “чырым эткен” маалда булчуңдарына күч келбеш үчүн арткы бир бутунун тизесиндеги чөйчөкчөсүн фиксациялап, былк этпегендей кылып коёт.

Бир өркөчтүү төөлөр менен ламалар кепшөөчү айбандар сыңары кардындагы тоютунун бир бөлүгүн кусуп салышат. Бирок, маал-маал капталына жатып дем алышат. Бул чакта аларда тамакты сиңирүү процесси токтойт. Уйларда мындай жөндөм жок.

Чөп жечү айбандардын арасынан капталына эң көп жатчусу пилдер. Лекин, пилдер улгайган сайын жаткан жеринен өйдө туруусу кыйындай баштагандыктан, сейрек жатчу болушат.

"Ушул себептүү, зоопаркта пилдер үчүн үймө кум болгону зарурат. Пилдер жатканда үймө кум бир аз жөлөп турса, карыларына өйдө турган жеңил болот,-дейт Цюрих университетинин илимпозу Кристиан Шиффман (Christian Schiffman). -Картаң пилдерде андай мүмкүнчүлүгү жок болсо, дубалга же дарактарга арга жок жөлөнүшөт”.

Бегемоттор картайганда да жаш кезиндегидей ийкемдүү бойдон кала беришкендиктен, карылары жамбаштап жаткандан качпайт.

Сүткорлор (лат. Caviomorpha) түрүнө кирген кемиргичтер ныпым капталына жатып эс алышпайт. Бул алардын тулкунунун чоңдугуна, формасына жанар тамакты аш кылуу процессине байланыштуу болушу мүмкүн дешет илимпоздор. Бөрсөлөр да эч качан курсагы менен жатпайт. Алардын алдыңкы буттары кыска болгондуктан, башка кээ бир айбанаттар сыңары көкүрөгүнө жаткан ыңтайсыз. Кызыл кенгуру болсо кээде чалкасынан жатып эс алат.

(Булагы: https://academic.oup.com, https://www.sciencedaily.com)

Жолдорду курууда бактериялар пайдаланылат

Микробдорду бетон аралашмага кошсо, бетон аралашма кышкысын музду эритүү үчүн колдонулган туздун кыйраткыч күчүнө туруктуу болот.

Кальцийдин оксихлориди (CAOXY) деп аталган зыяндуу туз бетондун структурасына жол тоңгондон жана муз эригенден мурда кирип кеткендиктен, бетондун бөлүкчөлөрүн өз негизинен тээп сала алат.

АКШнын Дрексель университетинин (Drexel University, Pennsylvania, USA) илимпоздору Ягхуб Фарнам (Yaghoob Farnam), Кристофер Сэйлс (Christopher Sales) жана Каролайн Шауер (Caroline Schauer) өткөргөн изилдөө көрсөткөндөй, чоң эмес сандагы бактерияны бетон менен аралаштырып койсо, кальцийдин оксихлориди пайда болбойт.

Жалал-Абаддагы жолдордун бири. 25-ноябрь, 2018-жыл.
Жалал-Абаддагы жолдордун бири. 25-ноябрь, 2018-жыл.

Кальцийдин хлориди бетондун структурасына кирип, ал жердеги кальцийдин гидроксиди менен жуурулушуп, оксихлорид пайда болот. Жеңил упурачу бул туз бетонду ичинен тээп, сапаты мыкты делген канжолдо да чуңкур-тешиктерди пайда кылат. Мындай проблемага каршы күрөшүү үчүн америкалык илимпоздор дүйнөдө кеңири тараган Sporosarcina pasteurii бактериясын цементтин аралашмасына кошууну сунуш кылышты.

Жаратылышта S. pasteurii бактериясы жетерлик чоң көлөмдөгү кумду жана шагылды ширетип бириктирчү табигый кальцийди пайда кылып, аки таштын жана мармар таштын калыптануусуна катышат.

Америкалык окумуштуулардын идеясы боюнча, S. Pasteurii микроорганизми кальцийдин хлоридин пайдаланып, музду эритчү тузду тоотпогон зыянсыз карбонатка айлантууга тийиш.

Эксперимент маалында микроорганизмдер өлүп калбас үчүн алар анча-мынча азыктандырылып турган. Табигый шартты түзүү үчүн бетонду кальцийдин хлоридинин аралашмасына 28 күн бою салып коюшкан. Текшерүү курамында S. Pasteurii бактериялары бар бетондун үлгүлөрүнө кальцийдин оксихлориди байкаларлык зыян келтире албаганы жана бетондун курамында оксихлорид жалчыбагандай аз болгонун аныктаган. Мындан тышкары бактериялардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында бетондо анын структурасын бекем кылчу аз өлчөмдөгү кальцийдин карбонаты топтолуп калганын көрүшкөн.

“Бактерияларда айланасындагы микрочөйрөнү өзгөртчү жөндөмү бар,-деп түшүндүрөт Кристофер Сэйлс. -Атап айтканда, алар суутектин иондорунун концентрациясы (pH*) көп чөйрөнү түзүп, азык болчу суспензиялардагы химиялык заттарды алсыз негизге-аммиакка айлантат. Мындай чөйрө кальцийдин иондорун жана карбонаттын иондорун чөктүрүп топтойт, ал турсун кальцийдин оксихлоридинин (CAOXY) пайда болушуна бөгөт болот”.

Береги бактериялар жаратылышта кеңири кездешет жана киши үчүн зыянсыз болгондуктан, аларды жолду курууда пайдалануу экологияга эч кандай коркунуч туудурбайт.

*Суутектин салмагы (көрсөткүчү), pH (лат. pondus Hydrogenii-суутектин салмагы, "пэ-аш" деп окулат) - суутектин иондорунун активдүүлүгүнүн көрсөткүчү, сандык жактан анын кислоталуулугун билдирет.

(Булагы: https://www.sciencedirect.com, https://www.sciencedaily.com)

Толукталып турма энергия булактарын доору жакындоодо

2018-жылы ишке киргизилген энергетикалык кубаттуулуктарда электр энергиянын үчтөн экиси өндүрүлгөн. Натыйжада, дүйнөдө өндүрүлгөн электр энергиянын үчтөн бири орду толукталып турма отун-энергия булактарынан алынды деп айтылат Толукталып турма энергия боюнча Эл аралык агенттик (The International Renewable Energy Agency- IRENA) жаңы жарыялаган докладда.

“Пайдасы экономикалык жактан ишенимдүү негизделгенге байланыштуу, жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды тандоодо, орду толукталып турчу энергия булактарын өндүрүү технологиясына артыкчылык берилүүдө”,- дейт агенттиктин директору Эднан З. Амин.

Мидделгрундендеги жел тегирмендер. Дания. 2001-жыл.
Мидделгрундендеги жел тегирмендер. Дания. 2001-жыл.

Мурунку жылдарга салыштырмалуу 2018-жылы Азияда орду толукталып турчу энергия булактарын өндүрүүчү өндүрүш 11%, Африкада 8.5% көп курулган. Океания 17.7% көрсөткүч менен дүйнөдө биринчи орунга чыккан. Европада мындай айлана-чөйрөгө зыянсыз өндүрүш 4.6% көбөйгөн.

“Бирок да климатты коргоо боюнча глобалдык максатка жана туруктуу өнүгүү жаатындагы максатта жетүү үчүн толукталып турчу энергия булактарын өндүрүү дагы ылдам өсүш керек,- деди Эднан З. Амин.- Толукталып турчу энергия булактарын өндүрүү боюнча өз потенциалын толук пайдаланган өлкөлөр улуттук экономиканы декарбонизациялаганга кошумча дагы көптөгөн социалдык-экономикалык пайданы көрөт”.

2010-жылдан бери Европа, Түндүк Америка жана Океанияда орду толукталбас энергия булактарын өндүрчү ишканалардын кубаттуулугу болжол менен 85 ГВт азайган. Ал тушта бул көрсөткүч Азия менен Жакынкы Чыгышта өскөн.

Ал эми 2000-жылдан бери карай орду толукталбас энергия булактарын өндүрчү ишканалардын кубаттуулугу орто эсеп менен алганда жылына 115 гигаваттка көбөйгөн.

Былтыркы жылы желдин (шамалдын) жана күндүн энергиясын өндүрүү башка бардык орду толукталып турма энергия булактарына салыштырганда бир кыйла кескин көбөйгөн. Энергиянын бардык булактарынын ичинен аталган эки энергияны өндүрүү баарынан көпкө өскөн.

Орду толукталып турма энергия булактарын өндүрүүнүн технологиясынын жакшыруусу андай ишканаларды курууну арзан да, сапаттуу да, жеңил да кылууда. Желдин энергиясын өндүрүү 49 гигаваттка өскөн. Бул жарышта Кытай, АКШ, Бразилия, Франция, Германия, Индия жана Британия тизме башында турат.

Күндүн энергиясын өндүрүү 94 гигаваттка өскөн. Мында чоң өсүш Кытай, Индия, Жапония, Түштүк Кореяда болгон.

Биоэнергияны өндүрүү Кытай менен Британияда дагы күчөтүлгөн, Былтыр геотермалдык энергия өндүрүү 239 МВ көбөгөн жана бул тармакта Түркия (+219 MW), Индонезия (+137 MW), АКШ, Мексика, Жаңы Зеландия чоң ийгиликтерге жетишкен.

Гидроэнергетика тармагынын өсүүсү акыркы жылдары төмөндөп баратканы менен ГЭСтер орду толукталма энергиянын эң ири өндүрүүчүсү бойдон калууда. Былтыр Кытайда жаңы ГЭСтерди куруу олуттуу (+8.5 GW) өскөн.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.irena.org)

Мээси кишинин мээсине «жарым окшош» маймыл

Микроцефалиндин (MCPH1) генинде мутация жүргөндө микроцефалияны пайда кылат. Микроцефалин кишинин чоң жана татаал мээси нормалдуу өнүгүүсү үчүн маанилүү.

Генетика илиминде трансгендүү организм деген түшүнүк бар. Трансгендүү организм деген геномуна жасалма жол менен ген киргизилген тирүү организм. Тирүү организм табигый жол менен аргындаштырылганда (чагыштырылганда) геном генге кирбейт.

Илимпоздордун эл аралык тобу кишинин MCPH1 көчүрмөсүн пайдаланып, трансгендик 11 макаканы өстүрүштү. Алардын сегизи биринчи жана үчөө экинчи муунда алынган. Бул Кытай Илимдер академиясынын Кунмин зоология институту жана АКШнын Түндүк Каролина университетинин окумуштууларынын башка илимий изилдөө мекемелери менен кызматташуусунун үзүрү болду.

Клондолуп туулган маймыл. Шанхай. Кытай. 10-январь, 2018-жыл.
Клондолуп туулган маймыл. Шанхай. Кытай. 10-январь, 2018-жыл.

Микроцефалиндин (MCPH1) генинде мутация жүрүп, микроцефалияны пайда кылат. Микроцефалин кишинин чоң жана татаал мээси нормалдуу өнүгүүсү үчүн маанилүү. Кишинин MCPH1 генинин формасы мээнин өнүгүүсүнө кандай таасир эткенин билүү үчүн окумуштуулар MCPH1 генин макака маймылдарынын эмбрионунун геномуна киргизишкен. Ошондо гени модификацияланган маймылдардын мээси кишилердин мээси тейде жай өсө баштаган. Мындай приматтардын кыска мөөнөттүк эс тутуму жана реакциясынын ылдамдыгы жакшырганын алар менен өткөрүлгөн тесттин жыйынтыгы ырастады.

Кишинин башка приматтары (маймылдар) менен болгон генетикалык жакындыгына карабай, кишинин FOXP2 жана MCPH1 гендеринин жайгашуу ырааты маймылдардыкынан олуттуу айырмаланат.

(Булагы: https://academic.oup.com, http://www.chinadaily.com.cn)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG