Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Мээнин дагы бир касиети табылды


"Мээ: Сенин башыңдын ичиндеги дүйнө" деген көргөзмөдө. Бразилия, 2008-жыл.
"Мээ: Сенин башыңдын ичиндеги дүйнө" деген көргөзмөдө. Бразилия, 2008-жыл.

Мээнин ар бир кишини кайталангыс кылчу бөлүгү табылды. Саманчынын жолундагы кара тешиктин 3D өлчөмдөгү компьютердик модели түзүлдү. Күндү күн карамадай ээрчиген панелдер. Суунун бетинде жылгаяк тээп баскан кескелдирик.

Галактикадагы кара тешиктин модели жасалды

Биздин галактиканын ядросунун чордону - Саманчынын жолунда супермассивдүү "Sagittarius A" (Sgr A, кыргызча Жаачы) кара тешиги бар. Астрономдордун түшүндүрүшүнчө, Sgr A кара тешиги жараткан гравитациялык күчтөрсүз Саманчынын жолу болмок эмес. Sgr A кара тешиги Жерден 25 640 жарык жылы алыс. Бул космостук өлчөм менен алганда чоң аралык эмес, бирок анын кандай абалда экенин көрүүгө адамзатта бүгүн мүмкүнчүлүгү жок.

Нидерландиянын Рэдбуд университети (Radboud University) менен Германиянын Гёте университетинин (Goethe University) аалымдары бүгүнгө чейин жыйналган маалыматтардын негизинде Саманчынын жолунун жүрөгүнүн толтосундагы кара тешиктин үч өлчөмдөгү компьютердик моделин түзүштү. Атап айтканда, мурдагы моделдер түзгөн сүрөттөрдү пайдаланып, Жаачы кара тешигинин 360 градустук виртуалдык көрүнүшүн жаратышты.

Жорди Дэвелаар (Jordy Davelaar) башындагы топ түзгөн визуалдык модель кара сферага (шар) окшош жана тынбай бүлкүлдөп, улам жуурулушуп турган кызгылт сары түстөгү суюк булут сыяктуу. Береги булут газ жана космостук чаңдын майда бөлүктөрүнөн турат. Алдагы булуттун кээ бирлери кара тешиктин гравитациялык күчүнө тартылып, анын уюлгусуна кирип жок болот.

Материянын калган бөлүгүн кара тешиктин магниттик талаасы өзүнө тартып алат жана алар аалам койнуна жарыктын ылдамдыгында атылып чыгат. Кээ бир булуттар Жаачынын гравитациялык күчүнө тартылып, анын уюлгусуна кирип жок болот. Минтип кайып болчу материя жылт этип өчөт. Материянын калган бөлүгүн кара тешиктин магниттик талаасы өзүнө тартып алат жана алар аалам койнуна жарыктын ылдамдыгында атылып чыгат.

Жорди Дэвелаардын сөзүнө караганда, алар түзгөн модель - Саманчынын жолунун ядросунун борборундагы кара тешиктин айланасын эң реалдуу сүрөттөйт жана кара тешик өзүн кандай алып жүргөнү жөнүндө дагы көп маалымат алганга көмөктөшөт.

“Биздин жашообузда кара тешикке саякат жасоо мүмкүн эмес,-дейт Ж. Дэвелаар. - Ошон үчүн мындай керемет визуализация биз кучагында жашаган системаларды дагы терең түшүнгөнгө жардам бериши ыктымал”.

Радбук университетинин профессору Хейно Фалкенин (Heino Falcke) айтымында, бардык эле адамдар кара тешикти көз алдына элестете алышат. Бирок илим дагы алдыга кетти жана окумуштуулар кара тешиктин мурдакыдан алда канча так сүрөтүн чийип бере алышат. Бул кара тешик буга чейин белгилүүлөрдөн такыр башкача. Бул жаңы визуалдык модель - башталышы гана, болочокто анын дагы көп моделдери болот, дейт нидерланд аалымы.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, http://www.astronomy.com)

Суунун бетинде таскактап баскан кескелдирик

Кескелдириктер түркүмүнө кирген геккон (лат. Gekkonidae) суунун бетинде секундасына дээрлик 1 метр ылдамдыкта сыйгаланып жүрө берет. Илимпоздор геккондун мындай жөндөмүн суунун бетиндеги керилүү жана жандыктын (куйругу жана буттары менен) сууну ыкчам уруп чапчуусу ортосундагы уникалдуу айкалыш менен түшүндүрүшөт.

Балыкчы жөргөмүш жана суу ченегич суунун бети менен опоңой басышат. Окумуштуулардын айтышынча, бул экөөнүн көлөмүнүн ээлеген аянтына болгон катышы аз болгондуктан, суунун үстүңкү бетиндеги керилүү аларды чөктүрбөйт. Геккондордун салмагы салыштырмалуу чоң болгондуктан суунүн үстүңкү бетиндеги керилүү аларды үстүндө кармай албайт. Бирок алардын таманындагы микроскопикалык түктөр аларга шыптын жана айнектин бетинен Spiderman сыяктуу кулабай жылмышып жүргөнгө мүмкүндүк берет.

Үстүңкү беттеги керилүү - бул суюктуктун бетинин эластикалык мембрана тейде созулуу касиети. Бул касиетти суюктуктардын формасы сфера сыяктуу майда тамчыларынан жана самындын көбүгүнөн байкоо мүмкүн.

Биофизиктер Жасмин Нироди (Jasmine Nirody, Rockefeller University in New York City & University of Oxford - USA&GB) жана Ардиан Жусифи (Max Planck Institute for Intelligent Systems in Stuttgart, Germany) катарындагы окумуштуулар Азияда жашоочу Hemidactylus platyurus геккону менен резервуарда эксперимент жүргүзүштү. Алар гекконду жасалма көлмөгө койо беришкенде жаныбар суунун бетинен жылгаяк тепкендей болуп өтүп кеткен. Суунун үстүңкү бетинде керилүү болуусу үчүн сууга бир аз суюк самын кошулган.

Суунун бетинен өтүп бараткан геккондордун кыймылы видеокамерага түшүрүлүп турган. Тасмадан көрүнүп тургандай, геккондор таманы менен суунун бетин тындырбай чапкылап, суунун үстүн сыйпалап турушкан. Натыйжада, аба баштыкчалары пайда болуп, геккондордун тулку боюнун чоң бөлүгү (70%) суунун үстүндө кармалган. Кызыгы, геккондор суунун үстүндө кургакта жүргөндөй ылдамдык менен басышкан. Алардын сууга чөкпөй жүрүүсүнө суу жугузбоочу (гидрофобдук) териси жана куйругу да жардамдашкан.

Геккондор сууну төрт аяктап чапчыганы менен суу үстүндө тулгалуу василиск кескелдиригиндей жакшы сүзө алышкан эмес. Алардын кыймылы, Жасмин Ниродинин айтымында, салмагынын 30% жакынын гана сууга чөктүрбөй кармап турганга жетет.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.sciencenews.org)

Күн панелдери Күндү күн карамадай ээрчичү болот

Суюк кристаллдуу эластомердин (Liquid Crystal Elastomers, LCE) мындай структурасын АКШдагы Гарвард университетинин окумуштуу-инженерлери (Wyss Institute for Biologically Inspired Engineering at Harvard) ойлоп табышты. Ал өзүндөгү элементтердин багытын температура менен жарыктын булагына жараша өзгөртүп турат.

Суюк кристаллдуу эластомердин ичиндеги суюк кристаллдуу элементтери синтез учурунда аларга таасир эткен магниттик талааны бойлой тизилип калышкан жана бул абалын катыгандан кийин да өзгөртпөгөн.

Үйлөрдүн чатырындагы күн панелдер.
Үйлөрдүн чатырындагы күн панелдер.

Инженерлер магниттик талаанын багытын өзгүртүү аркылуу суюк кристаллдуу эластомерде керектүү форманы жаратышкан. Температураны ысытканда суюк кристаллдуу эластомер өз формасын жоготкон, бирок ал ийилчээк да, узарчу да, кыскарчу да болгон.

Ал эми суюк кристаллдуу эластомерди полмерлештирүү учурунда анын структурасына жарыкты жакшы сезгич молекулалар киргизилген. Анан даяр эластомерлерге жарык берилгенде, алардын жарык тийген тарабы кысылып, бүтүндөй форма жарыктын булагын көздөй бурулган.

“Бул долбоордо биздин үч өлчөмдүү мейкиндикте суюк кристаллдарды каалаган багытка буруп, молекуланын структурасын контролдой алганыбыз маанилүү. Бул бизге материалдын геометриясында дээрлик каалаган форманы программалоону мүмкүн кылат”,-дейт изилдөөчү Юсин Яо (Yuxing Yao).

Суюк кристаллдуу эластомерди күн панелдеринде колдонсо, күн панелдери эртеден кечке күн карама сыяктуу Күндү ээрчип, ага бурулуп турат. Бул алардын жарыкты эффективдүү тутуусун мүмкүн кылат. Мындай технологияны автономдук режимде иштеген радиомодулдарды жасоодо, маалыматты уруксаты жок адамдар окубагандай кылып өзгөртүү жана акылдуу имараттар үчүн пайдаланса болот.

Биздин лабораторияда деформациянын мурда белгисиз касиеттерин камсыз кылуу үчүн суюк кристаллдуу эластомерди химиялык жол менен контролдогон бир нече долбоордун үстүнөн эксперимент жүрүүдө,-дейт проф. Ж. Айзенберг. ​- Жаратылыш шыктандырган берегидей динамикалык структуралар кеңири колдонуларына биз ишенебиз”.

(Булагы: https://www.pnas.org, https://www.sciencedaily.com)

Мээнин ар бир кишини кайталангыс кылчу бөлүгү табылды

Нейробиологдор кишинин мээсин “Ааламдын белгилүү бөлүгүндөгү эң татаал объект” деп мүнөздөшөт. Буга чейин жүргүзүлгөн эсепсиз изилдөөлөргө, түзүлгөн атлас жана карталарга карабай, окумуштуулар мээнин түрдүү функцияларга жооп берген жаңы бөлүкчөлөрүн издеп жүрөт.

Австралиялык окумуштуу Жордж Паксинос (George Paxinos, Neuroscience Research Australia-NeuRA, Sydney) жана анын кесиптештеринин ырасташынча, мээнин жаңы табылган бөлүгү ар бир кишини уникалдуу кылат. Проф. Паксинос түзгөн мээнин карталары жана атластарын дүйнө өлкөлөрүнүн нейробиологдору менен нейрохирургдар колдонушат. Ошого окумуштууну “кишинин мээсинин картографы” деп аташат.

Эми табылган область Endorestiform Nucleus деп аталат жана анын бар экенин окумуштуулар кеми 30 жылдан бери айтып жүрүшкөн. Аны табууга анализ жасалчу ткандарды боёнун жана сүрөткө (видеого) түшүрүүнүн (тартуунун) заманбап усулдары огожо болгон. Андан тышкары бир эле учурда миллион нейронду каттоону, ошондой эле нейрондун активдүүлүгүн реалдуу убакыт режиминде декодификациялоону мүмкүн кылган инновациялык усул иштелип чыккан. Мээде 100 миллиард нейрон бар.

Жаңы область жүлүн мээси менен баш мээсинин inferior cerebellar peduncle областы кошулган жайга чукул жайгашып, азырынча ал аткарган функциялардын көбү белгисиз. Inferior cerebellar peduncle аркылуу бардык сенсордук жана кинетикалык маалымат өтөт; ал область балансты сактоого, денени түз кармоого жана майда-барат, бирок маанилүү кыймылдарды контролдоого жооп берет.

Проф. Паксиностун айтымында, берегидей бөлүк окумуштуулар изилдеген мартышка маймылдарынын макака-резус түркүмүндө жана башка мээси жакшы өнүккөн жаныбарларда жок экен. “Ошон үчүн бул бөлүк кишини уникалдуу кылышы мүмкүн”,-дейт австралиялык атактуу нейробиолог.

Кишини башка жан-жаныбарлардан уникалдуу кылган дагы бир органы- мээсинин көлөмү.

Жакынкы айларда проф. Паксинсон шимпанзени изилдешип, кишиге жакын бул жаныбардын мээсинде Endorestiform Nucleus бөлүгү бар же жок экенин аныкташмакчы.

(Булагы: https://greekcitytimes.com, https://www.medicalnewstoday.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG