Президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Кумтөрдүн быйылкы кирешеси 124 милиард 216 миллион сом болгонун билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына 2025-жылы казылган алтындын көлөмү 12 тоннага жетерин жазды.
"Ушул кирешелер мамлекетибиздин казынасына түшүп, элдин кызыкчылыгына жумшалып жатат. Кумтөргө чет элдик компания ээлик кылган жылдары 410 тоннадан ашык алтын казылып чыгып кеткен. Анын ичинде күмүш жана башка баалуу металлдары канча? Чет элдик компания иштеткен 29 жылда Кыргызстан алган үлүштүк (дивиденд) кирешенин баарын кошкондо, болгону 101 миллион доллар болгон. Быйыл бир жылдык эле үлүштүк кирешебиз 150 миллион доллар болуп жатат. Жыл ичиндеги жалпы кирешебиз доллар менен санаганда 1 миллиард 420 миллион доллардан ашты", - деп жазды Орунбеков.
Расмий маалыматка ылайык, Кумтөрдөн 2024-жылы 12 тонна 552 килограмм алтын өндүрүлгөн жана сатылган алтындан 989,1 млн доллар түшкөн.
Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.
“Кыргызалтын” ачык акционердик коому “Кумтөр” компаниясынын жалгыз акционери жана 100% акциясына ээлик кылат.
Орунбеков Кумтөрдүн быйылкы кирешеси 124 миллиард сомдон ашканын билдирди
Дагы караңыз
Шерине