Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Илим: шаарда сейилдөөнүн пайдасынан зыяны көп


Бээжинде аба катуу булганган күндөрдүн бири. 15-январь, 2015.
Бээжинде аба катуу булганган күндөрдүн бири. 15-январь, 2015.

Европа электромоторлуу учактарды пайдаланууга багыт алууда. "Тойота" кишинин тулкуна өзү ылайыкталчу орундук жасады. Үн чыгарып окуган маалыматты эстегенге жардамдашат.

Европа электромоторлуу учактарга багыт алууда

Airbus, Siemens жана Rolls-Royce корпорациялары 2020-жылы электр кубаты менен жүрчү учак чыгаруу планын 28-ноябрда жарыялашты. E-Fan X программасына ылайык, BAe 146 учагы бир электромотор жана төрт даана турбовентилятордук реактивдик кыймылдаткыч менен камсыздалат.

Siemens концернинин электроучак боюнча департаментинин (eAircraft) башчысы доктор Фрэнк Антондун (Frank Anton) айтымында, прототипти жана анын электр моторун учуруп сыноодон соң береги жаңы инновацияны кантип пайдалануу белгилүү болот.

Эгер биринчи сынак ийгиликтүү болсо, BAe 146 учагы экинчи электромотор менен жабдылып, эксперимент андан ары улантылат.

Гибриддик учак азы 50, көбү 100 жүргүнчүнү ташыганга ылайыкташат.

Буга чейин Siemens концерни шаарлыктарды тейлечү учма-таксинин (CityAirbus) моторунун прототиби менен коомчулукту тааныштырган.

E-Fan X программасынын катышуучуларынын өз милдети бар. Airbus гибриддик учактын башкаруу системасы жана моторлорунун эриш-аркак иштөөсү үчүн; Rolls-Royce электромоторлор үчүн; Siemens учактын электрондук системасы үчүн жооптуу.

Бул долбоордун максаты гибриддик мотор менен жабдылып, кадимки авиалайнерлерге салыштырганда алда канча үнөмдүү жана регионалдык каттамдарды тейлөчү учакты жасоо экенин Airbus илимий-техникалык борборунун жетекчиси Павел Еременко (Paul Eremenko) билдирди.

АКШнын космостук агенттиги-НАСА 2016-жылы Х-сериясындагы 14 электромоторлуу учактын прототибин коомчулукка тааныштырган жана “авиацияда жаңы доор” башталганын жар салган.

Airbus компаниясы электрогибриддик моторлордун технологиясын өндүрүшкө киргизүү көмүртектин кошкычкылын абага бөлүүнү азайтуу боюнча Еврокомиссия коммерциялык авиалайнерлерге койгон талапты аткарууну мүмкүн кылат деп ишенет. Береги талапка ылайык, 2050-жылга коммерциялык авиация көмүртектин кошкычкылын абага бөлүүнү 75% азйтууга тийиш.

(Булагы: https://www.siemens.com, http://www.aviationtoday.com)

Toyota: кишинин тулкуна өзү ылайыкталчу орундук

Токиодо өткөн жумада аяктаган автожармаңкеде Toyota компаниясында жасалган "Vody" орундугунун жаңы үлгүсү көрсөтүлдү. "Vody" орундугу ага отурган адам өзүн ыңгайлуу сезүүсү үчүн анын тулку боюна карай өзгөрүп турат. Орундуктун бети атайын эластомерден жасалган жана жылып өзгөрүп турчу 300 элементтен турат. Алардын ар бири автоматташтырылган электромеханикалык системанын жардамы менен кыймылга келет.

Жүргүнчү же айдоочу орундукта өзүн ыңгайлуу сезүүсү үчүн анын бою жана фигурасына байланыштуу маалыматтар атайын программа менен камсыздалган компьютерге киргизилет. Орундук компьютерге берилген маалыматка ылайык, отурчу адамдын тулку денесине ылайык абалга келет; жол жүрүп чарчаган айдоочунун жана жүргүнчүлөрдүн денесин эс алдыруу үчүн массаждап да берет.

“Биз азыр автомобилдин орундугу ар бир киши үчүн оптималдык абалга келгендей болуп өзгөрчү мезгил жөнүндө ойлонуп жатабыз. Азыр кишинин боюн жана фигурасы тууралуу маалыматтар компьютерге кол менен киргизилет. Анан бул маалыматты смартфон аркылуу орундукту башкаруу системасына киргизүү мүмкүн болот. Ал эми орундуктун кийинки түрлөрү атайын сенсорлор жана башкаруунун акылдуу алгоритмдери менен камсыздалат. Бул орундуктардын кишиге автоматтык түрдө ылайыкташуусун мүмкүн кылат”,-деп түшүндүрдү Toyota компаниясынын өкүлү Токиодогу автосалондо.

Мындай «акылдуу» орундуктар узак жолдо айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн жол азабын жеңилдетмек.

(Булагы: https://www.pcmag.com, http://computerhunter.com)

Үн чыгарып окуган маалыматты эстегенге жардамдашат

Үн чыгарып окулган маалымат жакшы эстелерин Канаданын Уотерлу университетинин окумуштуу-психологдорунун изилдөөсү тастыктады. Алар маалымат менен иштөөнүн төрт усулун: үн чыгарып окуу, үн чыгарбай ичтен окуу, бирөө окуганды угуу жана үн чыгарып окуп жатып маалыматтын тийиштүү жерлерин жазып алуунун кайсынысы эффективдүү экенин текшеришкен.

Изилдөөгө катышкан 95 студент менен өткөрлгөн тест үн чыгарып окуган учурда маалымат жакшы эсте каларын көрсөткөн.

Окумуштуулардын оюнча, китепти же маалыматты үн чыгарып окуу адамдын бир нече кабыл алуу каналын иштетет. Бул учурда маалыматтын баа-маанисин үн чыгарып окуп жаткан киши менен байланыштырган өздүк референция (англисче self-reference, орусча самореференция) эффекти да колдонулат.

Изилдөөнүн биринчи этабында студенттер микрофонго бири бирине мааниси жактан байланышпаган 160 зат атоочту окушкан. Андан эки аптадан соң аларды төрт топко бөлүп, биринчи тизмеден тандабай алынган 20 сөздү эстеп калышы керек болду.

Бул сөздөрдү биринчи группадагылар ичинен окуп жатташ керек болсо, экинчи топтогулар жөн гана угушту. Үчүнчү топтогуларга экспериментке катышкандардын бири окуган сөздөрдү угушса, төртүнчү группадагылар тизмедеги сөздөрдү үн чыгарып окушту. Ушундан кийин төрт топтогуларга бардык 160 сөз көрсөтүлүп, алардан жаттоого тийиш сөздөрдү белгилеп берүү талап кылынды.

Бул тапшырманы аткарууда сөздөрдү үн чыгарып окугандардын ийгилиги мыкты болду. Экинчи орун өзү жазган сөздөрдү эшиткен студенттер ээлешти. Тапшырманы аткарууда сөздү ичинен окуп жаттагандар эң начар баа алышты.

Психологдор бул эксперименттин негизинде тексти үн чыгарып окуу кишинин визулдык жана угуп эске тутуусун, ошондой эле эриндерин кыбыратып сөздү кайталап жаттоосун активдештирет деп тыянак жасашты. Андан тышкары үн чыгарып окуганда киши өзү үчүн маанилүү маалыматты жакшы эстеп калуучу өздүк референция эффекти жакшы иштейт.

Окумуштуулардын айтымында, маанилүү маалыматты жаттоо үчүн үн чыгарып окуу: студенттер, мектеп окуучулары жана эс тутуму начарлай баштаган улуу курактагыларга пайдалуу. Ал себеби ребус жана кроссворд тейде улуу курактагыларга эс тутумун жакшыртууга көмөктөшөт.

“Бул изилдөө - аракеттенүү же активдүү болуу эс тутумду жакшыртат деген идея берет. Такай көнүгүү жасоо жана кыймыл жакшы эс тутум үчүн күчтүү курулуш материалы болот”,-дейт профессор Маклауд (MacLeod).

(Булагы: https://uwaterloo.ca, https://medicalxpress.com)

Сейилдөө дайыма эле пайдалуу боло бербейт

Узак убакыт булганыч абада жүргөн өпкөнүн өз фунциясын аткаруусун тездетүүсү мүмкүн. Бул өзгөчө улуу курактагы кишилерге жана туруктуу өпкө илдети бар оорукчандарга мүнөздүү. Ал эми ашыкча катуу булганган абада кыска мөөнөт болуу жүрөк ишемиясынан көз жумганга жана туруктуу өпкө илдетинин курчуп кетүүсүнө шыкак болот.

Мындай тыянакты британ жана АКШ окумуштуулары (Imperial College London & Duke University, USA) 2012-жылдын октябрынан тартып, 2014-жылдын июнь айына чейин 135 киши менен өткөрүлгөн изилдөөдөн соң жасашты. Изилдөөгө катышкандардан 40 адам ыктыярдуу болсо, 40 адамда өпкөнүн дарты (хроническая обструктивная болезнь легких, ХОБЛ) жана 39 адамда жүрөк ишемия дарты болгон.

Окумуштуулар алдагы изилдөөнүн негизинде 60 жаштан өйдө курактагы жүрөк жана өпкө дарты бар кишилер бак-дарактуу жерлерде жана парктарда басып, шаардын көчөлөрүндө баскандан качыш керек деп кеңеш беришет. Анткени машине селдей каптаган көчөлөрдөгү ашыкча булганган аба - киши спорт менен машыгуудан алган пайданы текке кетирет.

Изилдөөгө катышкандар эки топкө бөлүнүп, бир жааты Лондондун атактуу Гайд-паркында сейил курса, экинчи жааты автобустар жана таксилер үзбөй жүрчү Оксфорд көчөсүндө сейилдешкен.

Ал учурда бул эки райондун абасындагы азоттун кошкычкылы, ошондой эле диаметри 10 микрометрден 2,5 микрометрге чейинки кумдай бөлүкчөлөр PM10 жана PM2.5 изилденген.

Оксфорд көчөсүндөгү аба, болжолдонгондой эле, Гайд-парктагыдан бир кыйла булганч экени, бак-дарактардын арасында сейилдөө ден соолукка пайдалуу болору аныкталган. Бир сааттан кийин Гайд-паркка баргандардын өпкөсү кеңейип, дем алуусу жакшырган жана бир күндөн кийин береги адамдардын өпкөсүнүн иштөөсү жакшыра берген.

Ал эми Оксфорд көчөсүндө сейилдегендердин өпкөсүнүн иштөөсү анча көп жакшырган эмес, бирок өпкө дарты барлардын өпкөсү кысылып, дем алуусу начарлаган. Алар жөтөлү жана какырганы күчөп, үнү кыркырап, оор дем алып калганын айтып даттанчу болушкан.

Паркта сейилдегендерде жүрөк кан тамыр илдетин өнүктүрчү артериянын ички бетинин ригиддүүлүгү (катуу абалы) төмөндөгөн. Көчөдө сейил кургандарда бул көрсөткүч тескерисинче күчөгөн.

“Көпчүлүк адамдар үчүн ар кандай физикалык активдүүлүктүн пайдасы булганч аба келтирген зыяндан алда канча чоң экени башка изилдөөлөрдөн маалым. Мунун абада зыяндуу заттар ашыкча көп топтолгон жерлерге тиешеси жок. Ошон үчүн жарандардын машыгууну токтотпогону абдан маанилүү”,-дейт Англиянын Эссекс университетинин профессору Ян Колбек (Ian Colbeck, Essex University).

Улуу Британияда аз кыймылдоонун кесепетинен жылына 37000 адам мөөнөтүнөн эрте көз жумат. Кыймылсыздык ар кандай ооруга жана өлүмгө себеп болгон жагынан төртүнчү орундагы илдет саналат өлкөдө.

(Булагы: http://www.thelancet.com, https://www.theguardian.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG