Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 14:50

“Виртуалдык саясатчы” шайлоого катышат. Тамак-аштын калдыгынан биологиялык отун жасоонун үнөмдүү жолу табылды. Шимпанзе уулуу жыланды көрсө, өз үйүрүнө эскертет. Honda 15 мүнөттө заряддалчу автомобил чыгарат.

SAM дүйнөдөгү биринчи “виртуалдык саясатчы”

Жаңы Зеландияда жасалма интеллекттин негизинде түзүлгөн береги система менен Facebook Messenger аркылуу баарлаша аласыз. Ал саясатчылардан айырмаланып, жашоодогу көйгөлүү маселелер боюнча так жана таамай жооп берет. Системаны 49 жаштагы ишкер Ник Жерритсен (Nick Gerritsen) түзгөн.

SAMден өзү тууралуу берилген суроого: “Менин эс-тутумум чексиз болгондуктан, сиздин айтканыңызды эч качан унутпайм жана ага кол шилтеп койбойм. Саясатчылардан айырмаланып, ар бир жарандын сөзүн калыс карап, чечим кабыл алам. Мен Жаңы Зеландия элин кызыктырган маселелерди чечүү үчүн убакыт менен кошо өзгөрөм”, - деп жооп кайтарды.

Бирок Тынч океан аралык кызматташтык, Түндүк Кореянын ядролук программасы жана АКШ президенти Дональд Трамп жөнүндө суроо берилгенде: “Азыр конкреттүү жообум болбогону менен, менде ар кандай пайдалуу маалыматтар бар”, - деди.

Жасалма интеллектуалдык система азырынча идеалдуу болбосо да көптөгөн өлкөлөрдөгү саясий жана маданий айырмачылыкты жоюуга салым кошот деп үмүт кылат ишкер.

Ушу тапта жаңы системанын билими Жаңы Зеландиянын турак жайга, билим берүүгө, саламаттык сактоого жана иммиграция саясатына байланыштуу маселелер менен чектелген. Ал ошо билимине таянып, аталган социалдык тармактарга тиешелүү суроолорго так жана чын жооп бере алат, ал талкууланып жаткан маселе боюнча сөзсүз каршы тараптын пикирин сурап билет.

“Биз жакында АКШда, Британияда жана Испанияда көргөндөй, саясатчылардын карапайым калк эмне ойлогону жана эмне каалаганы тууралуу жетиштүү кабары жок болушу мүмкүн. Балким тирүү саясатчылар эмес, жасалма интеллекттердин технологиясы калайык үчүн мыкты натыйжаны алып келчү мезгил келгендир. Биз сунуш кылган технология салттуу сурамжылоого салыштырганда мыкты болмок. Себеби бул тынымсыз сүйлөшкөнгө окшош жана ал “үнсүз көпчүлүккө” үн бермек”, - дейт Жерритсен.

Жерритсен өзү түзгөн “виртуалдык саясатчы” 2020 -жылы 21-ноябрда Жаңы Зеландиядагы жалпы элдик шайлоодо парламентке депутат болуп шайлангыдай деңгээлге жетет деп ишенет. Бирок бүгүн эч бир өлкөнүн мыйзамы жасалма интеллекттин шайлоого катышуусуна уруксат бербейт.

(Булагы: https://www.techinasia.com, http://whnt.com)

Шимпанзе туугандарына коркунуч тууралуу эскертет

Шимпанзе уулуу жыланды көрсө, ал жөнүндө өз үйүрүнө эскерткенге жан-алы калбай аракет кылат. Коркунуч жөнүндө кабарлоо үчүн ачуу үн менен кыйырып, жылан тараптан көзүн албай тигилип карайт. Макулуктар ушундай жол менен бири-бирине байланышат жана коркунучтуу жагдайда өз ара көмөктөшөт деп боолгошот илимпоздор.

Шимпанзе туугандарын коркунуч тууралуу эскертип, алар коопсуз жайга жылып кеткенден кийин үн салганды токтотконун буга чейинки изилдөөлөр да көрсөткөн. Ал эми соңку изилдөө эгер туугандары коркунуч жөнүндө билчү болсо, шимпанзе добушун катуу чыгарбастан, коркунуч жөнүндө кырдаалга жараша эскертерин билдирди.

Берегидей тыянакты германиялык илимпоз Катерин Крокфорд (Catherine Crockford) Угандадагы Будонго коругундагы шимпанзелердин жашоосуна тынымсыз байкоо жүргүзгөндөн кийин жасады.

Катерин Крокфорд Германиядагы Макс Планк атындагы Эволюциялык антропология институтунун приматологу (Max Planck Institute for Evolutionary Anthropology). Оболу приматолог айым жана кесиптештери жыландын кебин жасап алып, маймылдар өтчү жерлерге таштап коюшкан.

Видеомониторинг шимпанзелердин үчтөн бири коркунуч тууралуу өз үйүрүндөгү маймылдарга эскертип туруп, адегенде “оюнчук” жыландар жаткан жакка, анан туугандары тарапка тынбай тигилип карап турушкан. Алар мындай аракетин башка шимпанзелер жыланды көрмөйүн токтоткон эмес.

Экинчи эксперимент маалында маймылдарга коркунучту билдирген үн же коркунуч жок экенин кабарлаган добуш угузулган. Береги үндү уккан шимпанзелер коркунучтан бейкапар үйүрлөштөрүнө жан-алы калбай “чыйылдап” жана тулку-бою менен белги бере баштаган.

“Адамдарда бекем салт бар. Эгер мен сиз менен сүйлөшсөм, сиз билбеген нерсе тууралуу сөзсүз айтышым керек. Ушу азыр сиз билген нерсе жөнүндө айтсам, сиз мени араң чыдап угарыңыз калетсиз. Макулуктар андай кылышпайт деп боолгойбуз”, - дейт Крокфорд айым.

Изилдөө шимпанзелер туугандары жана жакындары менен бир үйүр болуп жүргөндө коркунуч тууралуу “күйүп-бышып” эскерткенин да көрсөткөн. Бул немис окумуштуусунун сөзүндө, алардын өз ара ынтымагы туруктуу экенин шардана кылат. Тууган-уруктуу шимпанзелерде бала-чака да көп болот. Анткени социалдык байланыш шимпанзелердин “ар кандай кырдаалда тирүү калуусу үчүн чоң мааниге ээ”, - дейт Катерин Крокфорд.

(Булагы: http://advances.sciencemag.org, http://beta.latimes.com)

Тамак-аш калдыгынан отун алынат

Бириккен Улуттар Уюму жакында өткөргөн изилдөөсүндө дүйнөдө өндүрүлгөн тамак -аштын үчтөн бири желбей таштандыга кеткенин көрсөттү.

Европада жана Түндүк Америкада бир жылда жугундуга ыргытылган азык-түлүк жан башына 100 килограммды түзсө, Африка менен Азиянын жарды өлкөлөрүндө бир жанга 10 килограммды түзөт. Ошентип дүйнө өлкөлөрүндө бир жылда 1,3 млрд тонна тамак-аш таштандыга ыргытылат.

Ушу чакта тамак-аш өнөр жайынын таштандыларын кайра иштетип пайдалануунун эң перспективдүү жолу - алардан биологиялык отун өндүрүү. Өнөр жайда биологиялык отун алуу үчүн углеводдорду ферментациялоо же майларды переэтерификациялоо усулу колдонулат. Бирок береги ыкмада биомассанын кайсы бир бөлүгү гана отунга айлангандыктан, калган бөлүгүн кайра иштетүү зарыл.

Ал эми Москва облусундагы Сколково технология университети (кыскача, Скотех) менен Орусия Илимдер академиясынын бийик температуралар боюнча биргелешкен институту тамак-аш калдыктарын иштетүүнүн жаңы жолун табышты.

Алар ойлоп тапкан гидротермалдык күйгүзүү усулу башка ыкмаларга караганда энергетикалык жактан алда канча эффективдүү жана таштанды тамак-ашты минималдык калдык менен биологиялык отунга айлантат. Бул ыкмада тамактын калдыгын кургатуу үчүн салтуу ыкмадагыдай электр көп сарпталбайт.

Орус окумуштуулары тамак-аш калдыктарын биологиялык отунга айлантуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө үчүн пармезан сырын, чочконун сүрсүтүлгөн сан этин жана алманы гидротермалдык жол менен күйгүзүшкөн. Этти жана сырды кайра иштеткенден кийин сууда эричү зат (фракция) жана сууга эрибеген май алынган. Алмадан болсо сууга эричү фракция гана алынган жана алардын молекулярдык курамы масс-спектографтын жардамы менен анализделген.

Ушинтип алынган биологиялык отундун молекулярдык курамы, Сколтехтин илимий кызматкери Юрий Костюкевичтин айтымында, абдан көп түрдүү келип, кадимки мунайга эмес, жыгачтын пиролизинине көбүрөөк окшоп кетет. Этти жана сырды кайра иштеткенден кийин алынган заттар бири-бирине окшош болсо, алманы кайра иштеткенден алынган заттар бири-биринен кескин айырмаланганын айтат илимпоз.

Окумуштуулар тамак-аштын калдыктарын гидротермалдык жол менен күйгүзгөндө алынган заттардын молекулярдык курамын билсе, аларды андан ары кайра иштетип биологиялык отун алуунун оптималдык усулун иштеп чыгууга жол ачылат. Мындай биологиялык отунду автомобилдер күйүүчү май ордуна пайдаланса болот.

(Булагы: http://journals.sagepub.com, https://news.rambler.ru)

Honda 15 мүнөттө заряддалган автомобил чыгарат

Жапондордун Honda компаниясы электромобилдердин аккумуляторун тез заряддачу технологиянын үстүнөн иштөөдө. Жаңы технология 241 километр аралыкка жүрчү электрокөлүктүн аккумуляторун 15 мүнөттө заряддоого тийиш. Азыркы эң ыкчам заряддалчу аккумуляторду 80% деңгээлде заряддоого жарым саатка чукул убакыт кетет.

Honda компаниясы эмгек өндүрүмдүүлүгү жогору батареянын технологиясын иштеп чыгууга аккумулятор жасоочу белгилүү компаниялардын бири тартылганын маалымдап, бирок өнөктөшүнүн аты- жөнүн жарыя кылбады.

Ушу тапта электромобилдин тулку жана башка бөлүктөрүнүн салмагын максимумга чейин төмөндөтүү, энергияны башкаруу жана бөлүштүрүүнүн эффективдүү системасын иштеп чыгуу маанилүү. Бул электрокөлүктөрдүн бир заряд менен алда канча узак аралыкта жүрүүсүн мүмкүн кылмак.


Электрокөлүктөрдүн аккумуляторун тез заряддоо үчүн заряддоочу станциялардын кубатын да жогорулатуу абзел. Анткени Жапония жана башка өлкөлөрдөгү станциялар кубаты 150 кВт гана зарядды камсыздай алат.

Мындай абалдан чыгуу үчүн жапон өкмөтү 2020-жылдан баштап заряддоочу станциялардын кубаттуулугун 350 кВт чейин жеткирүү тууралуу токтом кабыл алган.

Европада да 2020-жылы электрокөлүктөр үчүн бир нече миң заряддоочу станциялар курулмакчы.

Былтыр ноябрда BMW Group, Daimler AG, Ford, Volkswagen, Audi, Porsche сыяктуу автоконцерндер Европанын кан жолдорунда бренддерден көз карандсыз жана кубаттуулугу 350 кВт заряддоочу жабдууларды орнотууга багытталган Меморандумга кол коюшту.

Азыр Ford, Hyundai / Kia, PSA PeugeotCitroen, Renault, BMW жана Volkswagen компаниялары өз брендиндеги электрокөлүктөрдү жасап сатышууда. Бул иште Tesla компаниясы Model S жана Model X эң алдыңкы технологиядагы электромобилдери менен алдыда баратат.

Жапондордун өнөр жайды жана рынокту изилдөөчү Fuji Keizai компаниясынын маалыматына ылайык, 2016-жылы дүйнөдө 470 000 электрокөлүк болгон. Бул дүйнөдөгү бардык автокөлүктөрдүн 0.5% түзөт.

Fuji Keizai 2035-жылы электрокөлүктөр жалпы автомобилдердин 4,6% түзөт деп боолгойт.

(Булагы: https://asia.nikkei.com, http://www.autoexpress.co.uk)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG