Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Жашыл кымкаптан тон кийген мунара үй


Stefano Boeri Architetti фирмасы долбоорлогон "жашыл кымкап тондуу" үйлөр
Stefano Boeri Architetti фирмасы долбоорлогон "жашыл кымкап тондуу" үйлөр

Туздун чаңы электр өчүргүч ордуна кызмат кылат. Көк жашыл тондуу мунара үйлөр кишиге да, жаратылышка да пайда. Баланы сабап тарбиялаган наристенин психологиясына зыян. Индейлер карт заманда Шиберди байырлашканбы?

Көк жашыл тондуу мунара үй

Парижде бийиктиги 54 метрлик “Ак токой” (Forêt Blanche) мунарасы курулат. Жыгач сыртына 2000 түп бадал отургузулуп, өсүмдүктүн миң түрү кооздогон мунараны италиялык архитектор Стефано Боэринин фирмасы (Stefano Boeri Architetti) курмакчы. Бул мунара үйдүн жашыл чөйрөсү бир гектар токойго барабар же имараттын жалпы аянтынан 10 эсе чоң.

“Ак токойдун” астыңкы кабаттарында түрдүү кызматтар жана кеңселер, үстүңкү кабаттарында адеми батирлер жайгашат. Мунаранын төрт тарабында тең балкондору жана террасалары болот. Ал эми чыгыш жана батыш тарабындагы терезелеринен имараттын ичине күн бою жарык кирип, бөлмөлөр табигый түрдө желдеп турат.

Stefano Boeri Architetti фирмасынын билдиришинче, алар мунара-имаратты өсүмдүктөр менен кооздоп, шаардын шартында биологиялык көп түрдүүлүктү сактоого жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшкө салым кошконго аракет кылып, ошондой эле курулуштун эстетикасын жакшыртууну да көздөшкөн.

Дарактар көмүр кычкыл газын атмосферадан соруп алып, өзүндө сактайт; көлөкө берет; айланасын салкын кылып, шаардагы жалпы температураны төмөндөтөт.

Октябрдын башында Лос-Анжелесте өткөрүлгөн изилдөө - дарактар салкындаткан жанжолдор (тротуар) жасалма тосмолорго караганда алда канча пайдалуу экенин аныктаган.

Шаарларда калк көбөйүп, аба жана көлмөлөр булганган сайын, сууну жана абаны тазалоочу концептуалдык турак жайларды куруу турмуштук зарылчылыкка айланат.

Стефано Боэринин вертикалдуу бактары бар мунара үйлөрү Швейцарияда жана Италияда курулууда. Жыл башында Stefano Boeri Architetti фирмасы Түштүк Кытайда да Токой шаарды кура тургандыгын жарыя кылган. Бул долбоорго ылайык, Токой шаарда 1 миллион түп өсүмдүк отургузулат. Алар жылына 10 000 тонна көмүр кычкыл газын жана 57 тонна абаны булгоочу заттарды жутуп алып, ордуна 900 тонна кычкылтек бөлөт.

(Булагы: http://naked-science.ru, http://futurism.com, http://www.archdaily.com)

Электр өчүргүч ордуна кыпындай туздун чаңы

Заттарды (материалдарды) үстүн-астын кылып койсо, алардын кристалл тору атомдук деңгээлде эч өзгөрбөйт. Анүчүн электр учкунунун алдагыдай материалдагы кыймылы мейкиндиктеги ордуна жана электр тогунун багытына көз каранды болбойт. Бирок кээ бир заттарда мындай симметрия сакталбагандыктан, электр заряды бир сызыкка тизилип, электрдик кош уюлду (диполду) жаратат жана кош уюлдун абалын электр менен таасир этип өзгөртүү мүмкүн.

уздун чаңы электр өчүргүчтүн функциясын аткарганын көрсөткөн иллюстрацияh
уздун чаңы электр өчүргүчтүн функциясын аткарганын көрсөткөн иллюстрацияh


Алдагыдай диполдун ориентациясы электр талаасын алып салгандан кийин да сакталса, андай материалдар сегнет электриктерге - ферромагнетиктердин электр аналогуна кирет.

Сегнет электриктерди кеңири пайдаланууга бул материал наноөлчөмдөгү электрлик схемаларга кошулгандан кийин токту өчүрүүгө мүмкүн болбой калуусу жолтоо болот. Бирок айрым материалдарга жалпак эки өлчөмдүү шекил (форма) бергенде материалдын катмарынын калыңдыгы атомдун бир нече катмарынын калыңдыгына барабар болуп калат.

Дал ушул ыкма жогоруда аталган кемчиликти жоюу үчүн пайдаланылды. Мындай өзгөчө касиетке жездин нитритинин, туздун, натрий хлориддин жана калийдин бромидинин катмары ээ жана алар сынак учурунда тамакка салынчу туздун ордуна колдонулду.

Туздун катмары жаңы касиетке ээ болгон соң туруктуу сегнет электрлик мүнөздөмөсүн көрсөткөн. Анын берегидей жаңы сапаты электр агынынын (тогунун) кыйымылын көп катмарлуу аспап аркылуу үзүрлүү башкарууну мүмкүн кылган.

"Ток өткөрбөй турган түрдүү жука заттарды кабат-кабат кылып туруп, электр жабдууда мурда жок электрлик касиетке ээ болобуз. Мындай касиет материалдар өз алдынча турганда аларда болбойт. Анын негизинде уникалдуу функциялары бар суперкичинекей электрондук шайман-жабдууларды жасоо мүмкүн”, - дейт долбоордун жетекчиси, британ окумуштуусу, профессор Сайрус Хирджибехедин (Cyrus Hirjibehedin).

(Булагы: http://www.nature.com. http://www.digitaljournal.com)

Баланы уруп тарбиялагандын кесепети

Баланы көчүккө чаап жазалоо - дүйнөнүн көпчүлүк элдерине илгертеден мүнөздүү "тарбия" ыкмасы. Бирок бүгүн 53 өлкөдө минтип тарбиялоого тыюу салынган. Деген менен анын жактоочулары да, каршылары да бар.

Баланы көчүккө чабуу айланып барып болочокто бул баланын ден соолугуна, социалдык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө зыян келтирет.

Бул тыянак - америкалык илимпоз, доктор Элизабет Гершофф (Elizabeth Gershoff, The University of Texas at Austin) жүргүзгөн изилдөөнүн натыйжасы.

Окумуштуу 2002-жылкы макаласында ошого чейинки 62 жылда жарыяланган 88 изилдөөнү талдаган болсо, былтыр чыккан макаласында акыркы 13 жылдагы 75 изилдөөнү талдаган. Бул изилдөөлөрдүн биринде да баланы көчүккө кур же шапалак менен уруп жазалоо баланын жүрүм турумун жакшыртканы тууралуу эч кандай далил жок. Бирок андай жосунсуз ыкмадан улам бала эрезеге жеткенден кийин анын психикасына, жүрүм-турумуна, ден соолугуна байланыштуу, психоактивдүү заттарды колдонуу, өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылуу сыяктуу 13 орчун көйгөйгө кириптер болгону изилдөөлөрдө айкындалган.

Ал эми баланы май куйрукка чаап "тарбиялоонун" пайдалуу экенин далилдей алган эч бир изилдөө катталган эмес. Себеби үй-бүлөдөгү зомбулук же такай баланы сабап тартипке салуу аргалары мындай наристенин бойго жеткенге чейин жана эр жеткен чагында эмоционалдык күйүткө кабылуу, денелик жана жыныстык бузукулукка баруу коркунучун көбөйтүп, анын жүрүм-турумунда ар кандай көйгөйлөрдү жаратат экен.

Эгер бала улуу курактагылардын бирөөнүн, өзгөчө, энесинин камкор мамилесин такай сезип чоңойсо, жогоруда саналган кесепеттерден алыс болот. Анткени камкор мамиле баланын эмоционалдык күйүтүн жеңилдетет, деп айтылат илимий макалада.

(Булагы: http://www.sciencedirect.com, http://www.watoday.com.au)

Байыркы заманда индейлер Шиберде жашаганбы?

Шибердеги ири Обь дарыясынын боюнда жайгашкан Новосибирск шаарынын четиндеги картөшкө эгилген талаада табылган байыркы көрүстөндүн ордунан табышмактуу кишинин сөлөкөтү казып алынды. Белгисиз бир органикалык заттан жасалган кишинин сөлөкөтүнүн башын “куштун чалгындары” (канаттары) кооздоп турат. Ал индейлердин адеми жасалган жана куш канаттары менен кооздолгон салттык баш кийимине окшоп кетет.

Орус археологу Наталья Басова айым Новосибирск шаарынын четинде табылган 5000 жыл мурда жасалган кишинин сөлөкөтү менен. 20.10.2017.
Орус археологу Наталья Басова айым Новосибирск шаарынын четинде табылган 5000 жыл мурда жасалган кишинин сөлөкөтү менен. 20.10.2017.

Куштун чалгындары менен көрктөлгөн баш кийимдер буга дейре да Шибердеги археологиялык казууларда бир нече жолу табылган.

Археологиялык казуунун жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты Наталья Басованын маалымдашынча, бул сөлөкөт табылган көрүстөн өнүккөн коло доорундагы (б.з.ч. III миң жылдыктын аягы - II миң жылдыктын биринчи жарымы) Кротов маданиятына таандык экен. (Н. Басова - Орусия Илимдер академиясынын Шибер бөлүмүнүн Археология жана этнография институтунун илимий кызматкери).

Байыркы көрүстөндөн бир коло мончок, таш жана сөөктөн жасалган бир нече малдын, куштун жана кишилердин сөлөкөттөрү да табылган. Ал эми орто кылымдык түрк заманына таандык көрүстөн-крематорийден беш кытай тыйыны, сөөк буюмдар, кийимге тигилчү адеми кыйыктар табылган.

Көрүстөндөн сөөктүн күйгүзүлгөн күлү табылбаганына караганда, сөөк өрттөө жөрөлгөсү башка жакта жүргүзүлүптүр.

Америкалык индей түгөйлөр. 1912-жыл.
Америкалык индей түгөйлөр. 1912-жыл.

Баш кийими индейлердикине окшош кишинин сөлөкөтү, Наталья Басова билдиргендей, Алтайдагы Каракол дөбөсүнөн табылган таш тактачалардын бетиндеги чийме сүрөттөрдөгү кишилерге окшош экени байкалат.

Алтайдын археологиясын ырааттуу изилдеген окумуштуу Владимир Кубарев Каракол дөбөсүнөн табылган жалпак таштардын бетинде сүрөтү тартылган кишилерди “күн баштуулар” деп атаган.

Орусия Илимдер академиясынын академиги, тарых илимдеринин доктору, археолог Вячеслав Молодин болсо Новосибирск табылгасы б.з.ч. III миң жылдыкка таандык болушу мүмкүн деп божомолдойт. Анын айтымында, буга чейин Кротов көрүстөндөрүнөн мындай баалуу эстелик чыккан эмес.

(Булагы: http://siberiantimes.com, http://www.archaeology.nsc.ru)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG