Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:44

Илим: Касапчы чымчык - ала дуңкан


Ала дуңкандын Lanius sphenocercus түркүмү.

Күндүн ысыгы курт-кумурскаларды кара жемсөө кылат. 11 м пенальтини кантип таамай тебүүнүн жолу табылды. Калифорния күн энергиясын керектөөсүнөн ашыча өндүрүүдө.

Ала дуңкандар* (борбаш) олжосунун башын же моюнун найзадай курч тумшугу менен чокуп өлтүргөнү мурдатан маалым болчу. Бирок окумуштуу-зоологдор орточо чоңдугу 15-50 см болгон ала дуңкандар өздөрүнөн алда канча чоң канаттууларды тутуп алып, кандай өлтүргөнүн так билишчү эмес.

Сан Диегодогу Жаратылышты изилдөө институтунун (San Diego Zoo Institute for Conservation Research on California's San Clemente) окумуштууларынын изилдөөсү көрсөткөндөй, ала дуңкандар бүркүттүкүндөй курч тумшугун олжосуна сайган соң, аны жаны чыкканча укмуштуудай тездик менен айланта баштайт. Катуу айлануудан олжонун денеси инерция менен күүлөнүп, анын муундары үзүлүп кетет.

"Сокку менен өз олжосун силкүү ыкмасы, эң алды, олжону селейтип салуу жана өлтүрүү үчүн маанилүү. Себеби олжонун денесинин өз моюну айланасында тездик менен айлануусу моюнун сындырып коюшу же моюнуна зыян келтириши мүмкүн, - дейт изилдөөнүн автору, д-р Диего Сустайта (Diego Sustaita). - Салыштырмалуу чоң жандыкты тиштеп алган ала дуңкандын башы катуу чокуганга катар аябагандай тездик менен силкилдей баштаганы өзүнчө эле бир укмуш”.

Изилдөө ала дуңкандар башын болжол менен гравитациялык күчү 6 g (g-force) тете ылдамдык менен кыймылдаткан. Formula One мелдешине катышкан автомобилдер катуу тормоз бергенде, айдоочуга түшкөн гравитациянын күчү 6.3 g барабар болот.

Илимпоздор бул жараянды изилдөө үчүн 37 ала дуңкандын үйгө үйрөнгөн кара чычкандарга жана башка жандыктарга кантип кол салганы тартып алынган видеотасманы кылдат талдап чыгышкан. Ошондо 28 учурда ала дуңкандар өз олжолорун тумшугу менен силкилдеткенин жана тегеретип айлантканын көрүшкөн. Колго түшкөн жандыктын тулку жана салмагы ала дуңкандыкына караганда бир кыйла чоң болгондуктан “касапчы чымчыктарга” өз олжолорун чоң ылдамдыкта силкилдетип айлантуу үчүн көп деле күч жумшашкан эмес.

“Мисалы, сары көкүрөк Erithacus rubecula чымчыгында чычканды өлтүргөндөй күчү жок. Ал чычканды өлтүргөнгө аракет да кылбайт. Ал эми ала дуңкан киши ойлобогон ишке барууда”,-дейт д-р Суситайта.

*Ала дуңкандын латынча аталышы Lanius, lanius, кыргызча которгондо касапчы, баш кесер, желдет дегенди түшүндүрөт.

Lanius же борбаш (ала дуңкан) чоңдугу муштай (канаттары күрөң, боз же кара ала түстүү), тумшугу илгичтей ийри ырчы чымчык.

(Булагы: https://phys.org, https://www.afp.com)

11 м пенальтини кантип таамай тебүү керек?

Арбитр же калыс пенальти бергенде, дарбазачы топ кай тарапка тебилерин бет маңдайындагы футболисттин кыймылын жана бутун карап аныкташы керек. Бирок дарбазачы топтун багытын туура таппай, топ тебилгенге чейин башка жакка секирген учур арбын кездешет.

Израилдик окумуштуулар (Ben-Gurion University of the Negev, in Beer-Sheva) 286 пенальтини талдап, көпчүлүк дарбазачылар топ тебилгенге дейре ортодо тургандын ордуна (49.3%) сол же оң (44.4%) жакка секирип кеткенин аныкташкан. Топ тебилгенге чейин дарбазачылардын азы гана (6.3%) ортодо турган.

Изилдөө дарбазачы үчүн эң жакшысы - топ тебилгенде дарбазанын ортосунда турганы экенин көрсөткөн. Себеби футболисттердин 39.2% пенальти дайындалганда топту дарбазанын ортосуна, ал эми 32.1% дарбазанын сол жагына жана 28.7% оң жагына тебишет.

Проф. Майкл Бар-Эли (Michael Bar-Eli) жана анын коллегаларынын айтымында, дарбазачыларда топтун багытын билбесе деле, жөн тургандан көрө аракет кылайын деген жаңылыш түшүнүк бар.

Мындай жаңылыш түшүнүк көпчүлүккө мүнөздүү. Алсак, футболдук клубдун эгелери сезондо команданын ойногонуна канааттанбай - күтө тургандын ордуна - менежерлерди алмаштырат. Баалуу кагаздар менен соода кылган далдалчылар - жагдайдын өзгөрүүсүн күтпөй - кирешесиз акцияларды сатып алышат. Доктурлар толгоосу келген аялды табигый түрдө төрөткөн жакшы экенине карабай хирургиялык операция жасашат.

Ошонун сыңары эле катуу психологиялык кысым астында турган дарбазачылар да топту тосуу үчүн эч аракет кылбады деп жемеленгендин ордуна, туура эмес болсо да аракет кылып, өз абийири жана футбол ышкыбоздору алдында таза болгусу келет.

Бул көрүнүш көпчүлүк элдин өкмөттү баалоосуна да мүнөздүү. Өкмөт эгер кандайдыр бир кризистик абалда жаңылыш болсо, кайсы бир кадамдарды жасачу болсо, жарандар өкмөттүн ишин бир кыйла позитивдүү баалашат. Пациенттер демейде дары-дармек жазып бербей, бирок мүнөздөп тамактанууну же күн режимин өзгөртүүнү сунуш кылган доктурларды туура болбосо да дары жана тийиштүү процедураларды буйруган дарыгерлерден начар баалашат.

Футболисттерге 11 м пенальтини туура тебүүгө англиялык окумуштуулардын (University of Portsmouth) изилдөөсү олуттуу салым кошуусу мүмкүн. Ага ылайык, пенальтини аткарган футболист топту дарбазанын өзү каалаган жерине таамай тебүүсү үчүн машыгуунун усулун өзгөртүү керек. Тактап айтканда, обол оюнчу топту кыска аралыктан дарбазанын каалаган бурчуна оң жана сол бут менен таамай тепкенди үйрөнүп, бара-бара аралыкты алыстата берүү шарт.

“Ийгиликтүү пенальтини - топту бут менен жакшы контролдой билүүнү, ошол эле учурда дарбазачынын кыймылын байкап турууну жана топту кайсы тарабынан тебүү жөнүндө тез чечим кабыл алууну талап кылат. Башкача айтканда, мындай стратегияда чечим топту тээп жатканда кабыл алынат”, -дейт д-р Мартина Наваро (Martina Navarro).

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.sciencedaily.com, https://www.theguardian.com)

Калифорния күн энергиясын керектөөсүнөн ашыча өндүрүүдө

Быйыл жай АКШнын Калифорния штатында өзгөчө ысык болду. Мындан улам Калифорнияда күн энергиясы же солярдык энергия ашыкча көп өндүрүлдү. Ошондон улам жай айларында Калифорния электр линияларын ашыкча жүктөп жибербес үчүн Аризона жана башка штаттарга кээ бир учурда акча төлөп да болсо электр кубатын берип жатты.

Азыр Калифорния кайра толукталчу жана жаратылышка зыян келтирбечү электр кубатын өндүрүү боюнча АКШнын маягы. Штатта кабыл алынган мыйзамга ылайык, 2030-жылы Калифорнияда өндүрүлгөн электр энергиясынын бери дегенде 50% көмүр кычкыл газы жок жана табиятка зыянсыз булактардан алыныш керек.

Быйыл 9-майда Калифорниянын энергетикалык комиссиясы бекиткен план боюнча, бардык жаңы тамдарга жана көп кабаттуу үйлөргө сөзсүз күн энергиясын өндүрчү шаймандар орнотулушу керек. Бул тарыхый чечим абага өнөр жай ишканалары бөлгөн зыяндуу газдардын көлөмүн олуттуу деңгээлде же 115 000 автомобилди жолго чыгарбай салганга тете азайтат.

Маалымдалганга караганда, берегидей талап жаңы курулчу турак үйлөрдүн баасын 9500 долларга кымбат кылат. Бирок үй ээлери 30 жылда арзан электр энергиясынын эсебинен 19 000 доллар үнөмдөшөт; же жылына 633 доллар үнөмдөгөндө, 15 жылда ашыкча чыгымын кайтарып алат.

Калифорния – АКШнын экономикасы эң тез өнүккөн штаты. Демейде экономикалык өсүш көмүр кычкылтегин абага бөлүүнүн көбөйүүсү менен коштолот. Себеби экономикалык өсүш жарандарды көп каттоого, машине айдоого, электр кубатын көп пайдаланууга түртөт. Бирок да 2000-2014 - жылдары Калифорниянын экономикасы 28.2% өскөнү менен, көмүр кычкылтегин бөлүү (эмиссия) 6,3% азайган.

2010-жылы Калифорнияда электр энергиянын 0,5% солярдык технологиянын жардамы менен өндүрүлсө, 2017-жылы бул көрсөткүч 10% түздү же 10 жылда 2000% өскөн. Июлда ырасмий маалымдалгандай (California Air Resources Board), 2016-жылы күнөсканалар 429 миллион тонна зыяндуу газ бөлгөн. Бул 1990-жылы абага чыгарылгандан 431 тоннага аз.

Калифорния штаты ички дүң жыйымынын көлөмү боюнча дүйнөдө алтынчы орунда турат. Штаттын экономикасы Франция же Индия сыяктуу өлкөлөрдүн экономикасынан чоң.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://futurism.com)

Күндүн ысыгы курт-кумурскаларды кара жемсөө кылат

Күн ысыган сайын курт-кумурскалардын кара жемсөөлүгү күчөйт жана жүгөрү, буудай, күрүч сыяктуу дан азыктарын көп жей башташат. Жер бетиндеги температура бир градуска кошумча жогорулаган сайын, курт-кумурскалар ого бетер ачка болуп, алардын түшүмгө келтирген зыяны 10 проценттен 25 процентке чейин түзүшү мүмкүн. Ошондо курт-кумурскалар жылына 59 миллион тонна буудайды жеп салчу болот.

Температуранын ысуусу курт-кумурскалардын көбөйүүсү менен коштолуп, алар “тамакты көп жей турганын” айтат америкалык окумуштуу Көртиз Дойч (Curtis Deutsch, University of Washington in Seattle). Доцент Дойч жана анын кесиптештери береги кубулушту курт-кумурскалардын метаболизмине (тамакты аш кылуусун) жана уруктап көбөйүүсүнө ысык кандай таасир этерин математикалык моделин түзүшкөн соң аныкташкан.

“Жаратылышта термалдык энергия мурдагыдан көбөйгөн учурда тирүү жандыктардын ичиндеги биохимиялык ар кошкон сорподогу түрдүү химиялык реакциялар ылдамдай баштагандыктан, алар мурдагыдан көп калория керектөөсү зарыл”,-дейт К. Дойч. Ошол эле учурда курт-кумурскалардын бардык эле түрү бирдей темпте көбөйбөйт.

Азыр курт-кумурскалар жылына дүйнөдөгү жүгөрү менен буудайдын 8% кыйсыпыр кылышат жана күрүчтүн 14% зыян келтирет. Эгер Жер бетиндеги температура индустриалдык доордун деңгээлинен 2 градуска жогорулачу болсо, жүгөрүнүн түшүмүнүн жылдык жоготуусу 8%, буудайдыкы 12% жана күрүчтүкү 17% жетиши мүмкүн. Натыйжада, доц. Дойчтун айтымында, аталган үч азыктык дандын жылдык жоготуусу 213 миллион тоннага жетет.

Окумуштуулар 2050-жылга дейре климат өзгөрөт деп боолгошот. Күндүн ысуусунан баарынан көп АКШ, Кытай жана Франция жабыр тартат. Жоромолдоолорго караганда, буудайдын түшүмү 46%, жүгөрүнүкү 31%, күрүчтүкү 19% төмөндөйт.

Эксперттердин пикиринде, курт-кумурскаларга каршы түрдүү пестициддер жигердүү колдонулса да, аларга олуттуу зыян тартышпайт. "Анткени курт-кумурскалар чымчыктар жана сүт эмүүчүлөрдөн айырмаланып, айлана-чөйрө ысыса ысышып, сууса денесин муздатып турушат", - дейт К. Дойч.​

(Булагы: https://www.sciencenews.org, http://www.sciencemag.org)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG