Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:41

Чөнтөк телефон эстутумга зыян


Чөнтөк телефонго алаксып отурган кыз.
Чөнтөк телефонго алаксып отурган кыз.

Апельсин көздү сары чел баскандан же макулодистрофиядан сактайт. Иорданиянын аймагында 14 000 жыл мурда бышырылган нан табылды. Марста балким суюк суулуу көл бар. Чөнтөк телефон өспүрүмдөрдүн эстутумуна зыян этиши этимал.

Апельсиндин көзгө пайдасы

Апельсиндин флавоноидди киши улгайганда кабылчу макулодистрофиянын өнүгүү мүмкүнчүлүгүн азайтат. (Макулодистрофия - көздүн тордомо челинин дартка чалдыгып, начар көрүп калышы).

Австралиялык окумуштуулар (Center for Vision Research, Department of Ophthalmology and Westmead Institute for Medical Research) 15 жылдык изилдөөнүн натыйжасында "апельсинди такай жеп жүргөн карылыкка байланыштуу же 55 жаштан өйдө курактагыларда макулодистрофиянын өнүгүү ыктымалдыгын азайтат" деп бүтүм чыгарышты. Тактап айтканда, ар күнү апельсин жеп жүргөн кишилерде такыр апельсин жебегендерге салыштырганда карылыкка байланыштуу макулодистрофиянын өнүгүү ыктымалдыгы 60% төмөн болгон.

Пакистанда өстүрүлгөн 5 кг апельсин. 2011-жыл.
Пакистанда өстүрүлгөн 5 кг апельсин. 2011-жыл.

Окумуштуулар 49 жаштан өйдө курактагы 2856 бейтаптын абалына 15 жыл бою байкоо жүргүзүшкөн. Ал эми жыйынтыктоочу сурамжылоого катышкан 2037 киши түрдүү азыктарды пайдаланышы боюнча стандарттык суроолорго жооп беришкен. Бейтаптардын көзүнүн абалын көздүн түбүнүн фундус-камера менен тартылган сүрөттөрүнүн негизинде текшеришкен.

Адам ар жумада бир мертебе апельсин жесе да көздүн сөз болуп жаткан дартына чалдыкпашына олуттуу таасир эткен.

Окумуштуу-физиологдор флавоноиддер же өсүмдүк полифенолу, ошондой эле цитрус өсүмдүктөрүнүн кабыгы астындагы ак кабатчаларда (альбедо) болчу гесперидин карылыкка байланыштуу макулодистрофиянын өнүгүшүн басаңдатканын айтышат.

Флавоноид түрдүү өсүмдүктөрдө болот. Ошого илимпоздор апельсиндин пайдалуу таасирин башка азык-түлүктөрдүн, анын ичинде чайдын, кызыл шараптын жана алманын компоненттеринин пайдалуу жактары менен салыштырып көрүшкөн. Береги үч азык: чайды, кызыл шарапты жана алманы да такай пайдалануу макулодистрофиянын өнүгүү ыктымалдыгын азайткан, бирок алардын пайдалуу таасири апельсинге караганда алда канча аз болгон.

“Изилдөөнүн жыйынтыгында аныкталгандай, апельсиндин флавоноиддери көздүн тормо челин макулодистрофиядан коргоого көмөктөшөт шекилди", - дейт Сидней университетинин доценти Бамини Гопинатт (Bamini Gopinath from the University of Sydney).

Гопинатт айымдын айтымында, көпчүлүк изилдөөлөрдө С, Е жана А витаминдеринин организмге кандай таасир эткенине ашыкча көп көңүл бурулат. Алар болсо флавоноиддер менен көздөгү сары тактын дегенерация болушунун ортосундагы байланышты изилдешкен.

50 жаштан өйдө курактагы австралиялыктардын ар жетинчисинде көздөгү сары тактын дегенерациясы катталган. Илимпоздор бул дарт кишинин жаш курагы менен түздөн-түз байланышкан деп эсептешет, себеби макулодистрофия негизинен 50 жаштан жогору курактагыларда көп кездешет.

Азырынча ал дарттан айыктырчу дары жок.

(Булагы: https://academic.oup.com, https://www.sciencedaily.com)

14 000 жыл мурда бышырылган нан табылды

Даниялык жана британиялык окумуштуулардын бул табылгасы Жакынкы Чыгыштагылар нан бышырганды айыл чарбасы пайда болгондон кеминде 4000 жыл мурда билишкенин тастыктайт.

Археологдор аңчы-жыйноочулар жапкан нандын көмүр болуп калган калдыгын Иорданиянын түндүк-чыгышындагы Кара Чөлдөгү “Шубайка- 1” деген байыркы жайдан табышкан. Жаңы далилдер жапайы буудайдан жабылган нан аңчылык кылып жана мөмө-жемиштерди жыйнап жан баккан кишилердин (аңчы-жыйноочулар) дан азыктарын өстүрүшүнө түрткү берип, неолит доорунда айыл чарба революциясынын болушуна өбөлгө түзгөн болушу мүмкүн экенин далилдейт.

Илимпоздор аталган жайдан жакшы сакталган эки имаратты табышкан. Ар бир имараттагы таштан жасалган очоктон нандын күкүмдөрү табылган. Бул жай 14 400 жыл илгери байыркы натуфин элинин конушу болгон.

Буга чейин эң байыркы нан деп 9 миң жыл мурдагы же Түркиянын аймагындагы неолит дооруна таандык Каталюк конуш жайынан табылган нан эсептелчү.

“Бул изилдөөдө талданган 24 маалымат арпанын, буудайдын, сулунун жапайы тектери бышырылгандан мурда талкандалып, эленип, аралаштырылганын көрсөтөт. Нандын калдыктары Европа менен Түркиядагы неолит дооруна таандык бир нече жайдан табылган, даамы супсак нанга абдан окшош, - деди изилдөөнүн биринчи автору, Копенгаген университетинин археологу Амалия Арранз Отаэгуи (Amaia Arranz Otaegui, University of Copenhagen). - Ошентип, биз азыр айыл чарбасы өнүккөндөн алда канча мурда нан азыктары жасалганын билебиз”.

Нандын 24 күкүмүнүн ар биринин орточо узундугу 5,7 мм, туурасы 4,4 мм жана жоондугу 2,5 мм болгон.

”Нан жабуу - дандын суусун кетирүү, данды талкандоо, унду аралаштыруу жана камырды бышыруу болуп эмгекти көп талап кылган иш. Дыйканчылык нан бышыруу өзгөчө усулду талап кылганын айкындагандан кийин, бул төтөн тамакты көбүрөөк даярдоо ыкласы дан азыктарын өстүрүү тууралуу чечим кабыл алганга түрткөн болуш керек”, - дейт британ илимпозу Дориан Фуллер (Dorian Fuller, University College London).

Байыркы конуштан азыкка пайдаланылчу өсүмдүктөрдүн түптөрү, таштын сыныктары, данды майдалачу соку таш сыяктуу сомдолгон таштар жана жаныбарлардын сөөктөрү табылган.

Археологиялык казуунун жетекчиси, проф. Тобиас Рихтер (Professor Tobias Richter, University of Copenhagen): “Натуфандык аңчы-жыйноочулар кишилер бир жерге көбүрөөк конуп, алардын тамак-аш рациону өзгөрө баштаган өткөөл мезгилди баштан кечиргени үчүн биз үчүн өзгөчө кызыктуу”, - деди.

(Булагы: https://www.irishexaminer.com, https://www.ndtv.com)

Чөнтөк телефон эстутумга таасир этет

Швейцариялык окумуштуулар уюктук же чөнтөк телефондордон чыккан радиациялык нурлануу өспүрүм балдардын эстутумуна тескери таасир этиши мүмкүн деп эскертишет.

Уюктук же чөнтөк телефондордун радиожыштыктагы электромагниттик талаасы мээнин эстутумга жооп берчү бөлүгүнө тескери таасир этерин Швейцариянын тропика жана коомдук саламаттыкты сактоо институтунун (Swiss Tropical and Public Health Institute) изилдөөсү айкындады. Береги институттун илимпоздору 12-17 жаш курагындагы 700 өспүрүмдү бир жыл бою изилдеп чыккан соң ушундай бүтүм чыгарышты. Алар Швейцариянын шаар жана кыштак жериндеги жалпы билим берчү немис тилдүү мектептердин 7-9 класстарынын окуучулары.

Радиожыштыктагы электромагниттик талаанын мээге тийгизчү таасирин изилдөө - илимде эми өнүгүп бараткан жаңы багыт. “Мээге зыян келтирчү таасирди сизге кимдир-бирөө чалып жаткан учурда кулакчын кийүү же үндү бийик чыгаруу аркылуу азайтса болот. Мындай кезде үндүн сапаты төмөн же байланыш начар болуп, уюктук телефон максималдуу кубаттуулукта иштейт”, - дейт аталган институттун илимий жетекчилеринин бири, д-р Мартин Рёсли (Martin Röösli, Head of Environmental Exposures and Health).

Ошол эле учурда чөнтөк телефон аркылуу кат жибергенде, түрдүү оюндарды ойногондо же Интернетке кирип, түрдүү видеолорду көргөндө радиожыштык жараткан электромагниттик талаа мээге анча деле таасир этпегени айтылат.

Эстутумга жооп берген клеткалар мээнин оң жарым шарында жайгашкан жана мээнин ушул бөлүгүнүн радиожыштык түзгөн электромагниттик талаа менен байланышы чөнтөк телефонду оң кулагына жакын кармап уккан балдарда айкын байкалган.

Доцент Рёслинин айтымында, бул изилдөө уюктук телефон операторлору керектөөчүлөрдүн чөнтөк телефонду пайдаланышын көрсөткөн объективдүү маалыматтар пайдаланылганы менен өзгөчөлөнүп турат. Деген менен, башка факторлорду жокко чыгарыш үчүн дагы изилдөө жүргүзүү зарыл. Мисалы, изилдөөнүн жыйынтыгына өспүрүмдөрдүн жыныстык жетилүүсү таасир этиши этимал. Себеби, швейцариялык окумуштуу бой жетип бараткан курак чөнтөк телефонду пайдаланууга жана өспүрүмдүн эстутумуна, ошондой эле жүрүм-турумуна таасир эткенин айтат.

(Булагы: https://gadgets.ndtv.com, https://www.sciencedaily.com)

Марста суюк суулуу көл болушу мүмкүн

Италиянын Болонья шаарындагы Астрофизика боюнча улуттук институттун астрономдорунун маалыматына караганда, Марста табылган көлдүн туурасы 20 чакырымдай болот жана ал көл калыңдыгы 1, 5 миң метрдик муздун астында жатат.

Роберто Орозей жана анын кесиптештери Марстын түштүк уюлундагы муздун катмары астында суюк суу бар экенин 2012-жылдын май айынан 2015-жылдын декабрына чейин өткөрүлгөн радиолокациондук 29 байкоонун негизинде аныкташкан.

Береги байкоолор Европа космостук агенттигинин “Марс Экспресс” космостук кемесинен жүргүзүлгөн. Кемедеги "Mars Advanced" радары жиберген радиолокациондук толкундар муздан өткөн жана муздагы башка материалдарга тийип, кайра чагылган.

Астрономдор радиотолкун кайра чагылганда пайда кылган жаңырыкка карап, мөңгүнүн астында суюк суу бар деп бүтүм чыгарышкан. Себеби, суюк суу музга жана ташка караганда тунук жаңырат.

Антарктида менен Гренландиядагы муздардын астындагы суу да ушундай эле жол менен табылган. “Жерде эч ким "бул суу" деп айтса, таң калмак эмес. Бирок ошол эле нерсени Марстын жагдайында тастыктоо алда канча татаал болду”, - дейт Р. Орсей.

Марстагы муздун астында табылган көлдүн суусу кадимки суудай таза эмес болушу ыктымал. Анткени муздун астындагы температура -68° C, ал эми таза суу муздун басымынан эле тоңуп калат. Бирок сууга аралашып кеткен көп туз сууну тоңдурбашы мүмкүн. Марста натрий, магний жана кальцийдин тузу көп табылган. Ушул туздар Марстын түштүк уюлундагы муз астындагы көлдү тоңдурбашы мүмкүн.

Роберт Оросейдин айтымында, Марста табылган көлдө 10 миллиард литр суу бар экендиги боолгонууда.

Америкалык астроном Бриони Хоргандындын (Briony Horgan, Purdue University in West Lafayette) айтымында, көлдө сууга караганда ылай көп болушу мүмкүн. Ошого көл жашоо үчүн ылайыктуу болуп калышы ыктымал.

"Эгер бул көл тастыкталып калса, Марстагы жашоо тууралуу биздин түшүнүгүбүзгө олуттуу өзгөрүү киргизет", - деди НАСАнын планеталарды изилдөө боюнча офицери Лиза Пратт (Lisa Pratt, NASA’s planetary protection officer).

Илимпоздордун ырастаганы боюнча, мурда Кызыл планетанын бетинде океан болгон. Марстагы суюк атмосферадан улам илгери бир заманда суюк суу бууланып кеткен.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, http://www.astronomy.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG