Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:30

Жумуртканын дагы бир касиети ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кишиден туура жумуш кылганды үйрөнчү робот. Күндөгү жана көлөкөдөгү машиненин ичи дээрлик бирдей ысыйт. Жумуртка жүрөккө даба. Кишилер менен жаныбарлар бир убакта пайда болгон дешет генетиктер.

Кишиден туура жумуш кылганды үйрөнчү робот

Кишинин иштегенин көрүп, жумуш жасаганды үйрөнгөн робот. Өнөр жай ишканаларында кадимки киши тейде иштечү мындай роботтор атайын прогрaмманын негизинде башкарылат. Мындай система - баш кеңсеси Калифорнияда жайгашкан NVIDIA компаниясынын жасалма интеллекттерди изилдөө департаментинин программисттеринин табылгасы.

NVIDIA компаниясынын адистери иштеп чыккан система бир тапшырманы чогуу аткаруучу жасалма нейрондук желенин негизинде жасалма интеллекттердин башка системалары сыяктуу эле иштейт.

Берегидей нейрондук желе NVidia Titan X GPU графикалык процессорлорунун жабдууларын пайдаланат. Ага кишинин кыймыл-аракетин өзүндөй кылып кайталаганга аракет кылып жаткан роботту мониторинг кылып турган видеокамерадан видеокартина түрүндөгү маалымат берилип турат.

Бул система мугалим кайсы бир иретте столдун бетине коюп, улам жаңылап турган түстүү кубиктерди, оюнчук автомобилдерди адашпай тааный алат. Робот болсо ал буюмдарды нейрондук желенин жардамы менен мугалим көрсөткөндөй кылып кайра тизет.

Непада робот жаңылып калса, ошол эле жумушун кайра кайталап, экинчи жолкусунда мурда кетирген катасын кайталабайт: ал өз катасын оңдоп жатып, ишти туура жасаганды үйрөнөт.

Жаңы роботтун дагы бир артыкчылыгы: ал аткарчу жумушунун планын киши окугандай кылып түзүп алат. Бул роботтун ишин көзөмөлдөгөн кишиге робот ага берилген тапшырманы кандай түшүнгөнүн текшерүүнү мүмкүн кылат.

Ушу чакта роботтор айтылган сөздүн негизинде жаңы нерсени үйрөнө алат; кайсы бир ишти аткарып жатып жана өз катасынын негизинде жаңы нерсени үйрөнөт; өз тажрыйбасы жана билими менен бөлүшө алат.

(Булагы: https://www.electronicspecifier.com, https://news.developer.nvidia.com)

Киши менен жаныбарлар бир убакта пайда болгон

Окумуштуулар кишинин жана 5 миллион жаныбардын ДНКсын салыштырып, жер бетиндеги бардык жан-жаныбарлар бир учурда пайда болгонун жана алардын ортосунда генетикалык деңгээлде айырма жок экенин көрүшкөн.

Аталган кубулушту доктор Марк Стокле (Rockefeller University, New York) жана Дэвид Талер (David Thaler, University of Basel, Switzerland) жаныбарлардын 100 000 түрүнүн ДНКсынын молекулярдык усул менен идентификациялап (генетикалык барокоддоо) талдаган соң аныкташкан. Анализ үчүн митохондриалык ДНК алынган.

Дүйнөнүн чар тарабындагы окумуштуулар 15 жылда чогулткан береги ДНКлар АКШ өкмөтүнө караштуу Генетикалык банкта (GenBank database) сакталууда.

Генетиканын көзү менен караганда, кишилер менен айбанаттардын түрлөрү “генетика океанында башкаларга окшошпогон арал” болуп эсептелет. Жан-жаныбардын ар бир түрү шаарлардын телефон номери сыяктуу өз кодуна ээ. “Же ар бир индивидди жылдыз деп алсак, галактика генетикалык мейкиндикте жайнаган айбанаттардын түрү болот”,-дейт Д. Талер.

Чарлз Дарвиндин "Жан-жаныбарлардын түрлөрүнүн пайда болушу" (1859-жыл) китебинде алгачкы ирет органикалык дүйнөнүн келип чыгышы түшүндүрүлөт.
Чарлз Дарвиндин "Жан-жаныбарлардын түрлөрүнүн пайда болушу" (1859-жыл) китебинде алгачкы ирет органикалык дүйнөнүн келип чыгышы түшүндүрүлөт.

Жердеги 7,6 миллиард пендени жан-жаныбарлардын өзгөчө түрү деп кароо зарыл. Себеби, др. Стокленин айтымында, 7,6 млрд. киши менен 500 млн. бакма таранчынын же 100 000 чулдуктун генетикалык түрдүүлүгү “болжол менен бирдей”.

Түрлөрдүн, ошондой эле кишилердин ДНКларынын ырааты ортосундагы мүнөздүү айырма 0,1% түзөт.

ДНКны генетикалык барокоддоо менен изилдөө кээ бир айбанаттардын бир эмес, беш жана андан көп түрү болорун айгинелеген. Мисалы, Борнео аралындагы орангутангдын эки эмес, үч түрү табылган.

Көптөгөн далилдер не канаттуу, не жетим көпөлөк, не балык болсун, бүгүнкү кишилер сыңары эле 100 000-200 000 жыл мурда жаралган жана генетикалык көп түрдүүлүк жагынан алганда жакшы өнүгүүгө али үлгүрө элек. Бул эволюциянын сересинен караганда, анча узак мезгил эмес.

Жогорудагы көрүнүш Жерде жашаган жаныбарлардын түрлөрүнүн 90% көбүнө да тиешелүү.

Илимпоздордун айтымында, жан-жаныбарлар жөн эле жаралып калган эмес. Кандайдыр бир катастрофанын кесепетинен алардын ата-бабалары азайып, бул жаңы түрлөрдүн калыптануусуна негиз болгон.

Бүгүн Жерде жан-жаныбарлардын 7,6 миллион түрү бар. Анын 6,5 миллиону кургакта жана 2,2 миллиону мухитте жашайт.

(Булагы: https://phys.org/news, https://www.independent.co.uk)

Жумуртканын дагы бир дарылык касиети

Жумуртка жүрөк-кан тамыр ооруларына жана эрте өлүмгө каршы даба. Ал үчүн күнүнө бирден жумуртка жеп туруу зарыл. Муну Кытай окумуштуулары өлкөнүн он регионунда жашаган 30 жаштан 79 жашка чейинки 513 миң адамдын ден соолугу тууралуу маалыматтарды (China Kadoorie Biobank) талдаган соң аныкташты.

Береги топтон рак, жүрөк-кан тамыр жана диабет менен оорубаган 416 213 ыктыярдуу бөлүп алынып, алардын саламаттыгы 2004-2008-жылдары дыкат иликтенген.

Изилдөө жүргүзүлгөн 9 жылда жүрөк-кан тамыр илдети 83 977 жолу катталып, анын ичинен 9 985 киши каза тапкан.

Жумуртканы көп жегендер жүрөк-кан тамыр илдетине аз кабылып, узак жашашкан. Аларда геморрагиялык инсульт болуу ыктымалдыгы 26%, эрте көз жумуу ыктымалдыгы 18% азайган. Мындан тышкары жумуртканы жакшы көргөн кишилерде инсульттан апаат болуу коркунучу 28% төмөн болгон.

Күнүнө жумуртка (жумасына 5.32 жумуртка) жегендерде жумуртканы сейрек же такыр жебегендерге (жумасына 2.03 жумуртка) салыштырмалуу жүрөктүн ишемия дартына кабылуу ыктымалдыгы 12% төмөндөгөн.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жүрөк-кан тамыр ооруларынан (жүрөктүн ишемия дарты жана инсульт) дүйнөдө ар жылы 17.7 миллион киши көз жумат. Бул илдеттен жыл сайын дүйнө көчкөн адамдардын 31% жакыны жайран болот.

“Жалпылап айтканда, жумуртканы ден соолукка зыянсыз тамактар менен кошо жеген жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу ыктымалдыгын көбөйтпөйт,”-дейт канадалык окумуштуу, доцент Кэролайн Ричард (Caroline Richard, University of Alberta, Edmonton). (Булагы: https://edition.cnn.com, https://www.sciencedaily.com)

Күн ысыкта баланы машинеде жалгыз калтырбаңыз!

Окумуштуулар аптапта жана көлөкөдө токтотулган үчтөн автомобилдин: седандын, эконом класстагы жеңил машиненин жана микроавтобустун салонунда температура кандай өзгөргөнүн изилдешкен. Женнифер Ванос (Jennifer Vanos, University of California, San Diego) жетектеген америкалык аалымдар изилдөөнү сырттагы температура 29,4° C болгондо жасап турушкан.

Күн 38° C жогору болгондо көлөкөдөгү автоунаалардын ичиндеги аба орточо бир саатта 38,3° C жеткен. Бул учурда күн жерде турган автоунаалардын салонундагы температура 46,7° C көрсөткөн.

Андан соң илимпоздор берегидей шартта 2 жашар баланын денесинин температурасы кандай өзгөрөрүн математикалык моделдөө жолу менен эсептеп чыгышкан. Ошондо өмүр үчүн коркунучтуу 40° C температурага күнөс жерде турган автоунаанын ичинде отурган баланын денеси 1,4 саатта, көлөкөдөгү автоунаада 2,4 саатта жеткен. Ал эми көлөкөдөгү седанда отурган баланын денесинин температурасы коркунучтуу чекке жетүү үчүн 60 мүнөт гана керек болгон.

“Бул температурада ымыркайлар менен балдар өлүп калышы мүмкүн, - дейт Жениффер Ванос. - Ал эми тирүү калгандарды өмүр бою неврологиялык проблемалар коштоп жүрөт”.

“Биздин изилдөө күндүү жайды кой, көлөкөдөгү да автоунаанын салону наристенин өмүрү үчүн коркунучтуу болорун айкын кылды”,-дейт Аризона штатынын климатологу, профессор Нэнси Селовер (Nancy Selover, an Arizona State climatologist & research professor in ASU's School of Geographical Sciences and Urban Planning).

Жыл сайын АКШда автоунаанын ичинде ысык уруп, орточо 37 бала жан берет.

Быйыл эле Техастан Виржинияга чейинки штаттарда берегидей кырсыктан сегиз бала набыт болду.

Golden Gate метеорологиялык кызматынын адиси Жан Ниллдин (Jan Null) билдиришинче, акыркы 20 жылда автоунаанын ичинде калып, күн уруп 749 бала каза болгон. "Автокырсыктан башка да 14 жашка чейинки балдар автомобилдин ичинде ысык уруп көп өлүшөт,"- дейт Жан Нил.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://eu.usatoday.com, https://eurekalert.org)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG