Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:13

Жасалма түйүлдүк, кабыгы жашыл коон


Иллюстрациялык сүрөт.

Сөңгөк клеткаларынан синтетикалык эмбрион өстүрүлдү. Жан-жаныбарлар өлүп тынганча салгылашпайт. Адашпай жол тапкан робот-гуманоид жана робот-тайган. Эти ток сары, кабыгы жашыл коон.

Сөңгөк* клеткаларынан синтетикалык эмбрион өстүрүлдү

Нидерландиянын Маастрихт университетинин доценти Николас Риврон (Nicolas Rivron, Maastricht University) башындагы окумуштуулар сперматозоиддер жана жумуртка клеткасынан эмес, сөңгөктүк клеткалардан синтетикалык эмбрион алышты.

Бул илимий эксперименттин максаты бойго бүткөн түйүлдүктүн жатындын ички бетине жабышып өспөй, түшүп калуу себебин аныктоо болчу. Себеби айрым бир учурда аял боюна бала бүткөнүн туйбай жатып, байытылган урук клеткасы жатындан түшүп калат.

Кишинин мезенхималык өзөктүк клеткасы
Кишинин мезенхималык өзөктүк клеткасы

Илимпоздор жогорудагы кубулуштун себебин ушул күнгө чейин так билишпейт. Бирок урук клеткасынын жатынга жабышып өспөй калуусу- эмбриондун натуура өсүүсүнө байланыштуу болушу ыктымал деген версия бар.

Доктор Риверон жана коллегалары чычкандардын сөңгөк клеткасынын эки түрүн айкаштырып, эмбрионго окшош структураны алышкан. Алар сфералык чел кабыктын ичиндеги эми жаралып жаткан чыныгы эмбриондорго (бластоцисттерге) куюп койгондой окшош. Бул эмбриондон кийин бөбөктүн тону жана түйүлдүк өсөт. Жанагы синтетикалык эмбрион жатындын ички бетине жабышып бир нече күн өскөн.

“Биз азыр көп сандагы эмбриондорду өстүрүп, аларды ар тараптан изилдей алабыз, - дейт Николас Риврон. - Бул бизге кээ бир эмбриондордун жатындын ички бетине жабышпай калган себебин билип, тукумсуздукту дарылоочу дары-дармектерди жасоону мүмкүн кылат”.

Окумуштуулар буга чейин сөңгөк клеткасынан эмбрион өстүрүп алышып, бирок аны жыныстын ичинде өстүрө албаган.

Болочок кишинин түйүлдүгү - эмбрион пайда болушу үчүн көпчүлүк учурда жумуртка клеткасы менен сперматозоид жолугуп, жупташуусу зарыл.

Эмбриондорду өстүрүү үчүн шаабатты (сперма) жана жумуртка клеткаларын эмес, сөңгөк клеткасын пайдалануу жаңы илимий изилдөөлөр үчүн баалуу материал болору кажетсиз.

Эмбриондун эми пайда болуп келаткан учурун изилдөө этикалык жана техникалык жактан жеңил-желпи иш эмес. Бирок бул кубулушту изилдөө, илимпоздордун айтымында, тукумсуздукту дарылоого жол ачышы мүмкүн.

*Сөңгөк клеткасы - али жетиле элек клеткалар. Мындай клеткалар өсүп, кишинин же жандыктын түрдүү органдары жана ткандарына айланат.

(Булагы: http://www.bbc.com, https://edition.cnn.com)

Адашпай жол тапкан робот-гуманоид

Роботторду жасоочу Boston Dynamics (АКШ) компаниясы жүгүрүп бараткан робот-гуманоид жана имараттын ичин “чалгындап” жүргөн төрт аяктуу робот тууралуу видеону жарыялады. "Getting some air, Atlas?" деген бул видеодо Atlas роботу шаар четиндеги талаада кадимки кишидей болуп жүгүрүп жүрөт. Ал жолунда дөңгөчтү көргөндө токтоп, ордунан күүлөнүп анын үстүнөн секирип өтөт. Чөп-чарга буту чалынып жыгылбайт же чуңкурга түшүп кетпейт.

Ал эми экинчи видеодогу төрт аяктуу робот-тайган чоң имараттын ичин эч нерсеге урунбай кыдырып жүрөт. Тепкич менен өйдө чыгып, ылдый түшөт, сыртка чыгат. Мунун баарын “темир тайган” өз алдынча аткарат. Ал мурда дистанциондук режимде маршрут менен таанышканда, жүрчү жолунун санариптик картасын “мээсине” сызып алган.

Биринчи видео 2013-жылы коомчулукка эми тааныштырылганда буттарына чоюн байлагандай олдоксон кыймылдаган Atlas роботун өнүктүрүү ылдам жүрүп жатканын шарданалайт.

Atlas былтыр гимнаст сыңары артына сальто секирип, көпчүлүктү таң калтырган.

Экинчи видео роботтун санариптик картаны пайдалана билгенин жана оптималдуу жолду тандоо жөндөмүн тастыктайт.

Робот-гуманоид жана робот-тайган мейкиндикте SpotMini автономдук башкаруу системасын пайдаланып, жүрчү жолун тандаган жана багыт алып турган.

Boston Dynamics компаниясы береги роботтор тууралуу кеңири маалымат жарыялай элек.

(Булагы: https://www.cbsnews.com, https://www.boston.com)

Жан-жаныбарлар кантип салгылашат?

"Өз тукумун өлтүрчү жандыктар мейизден чоң болсо, кыямат кайым ошондо болмок”, -дейт Британиядагы Плимут университетинин жаныбарлардын салгылашууларын изилдеген окумуштуу Марка Бриффа (MarkBriffa, of Plymouth University). Анын айтымында, өмүрүн анжырдын мөмөсүнөн ажырабай жашаган шире аарынын эркегинин “оозу кайчыдай чоң болуп, менчик мөмөсүндөгү башка эркек аарыларды өчү бардай көп өлтүрөт“.

Ал эми төрт аяктуу ири сүт эмүүчүлөр күч сынашканда, ойногондо жана айбат көрсөткөндө негизинен башы, мүйүзү, туягы, азуусу же тулкун пайдаланат. Бирок алардын таймашы көбүн эсе өлүм-житимге жетпей, эч бири жарадар болбой токтогонун айтат профессор Бриффа.

Америкалык биолог Дуглас Эмлен (Douglas Emlen, University of Montana in Missoula) түндүк бугусу - карибуну (caribou) изилдейт. Аалым Алясканы байырлаган эркек карибулардын 1308 салгылашына күбө болгон. Алардын ичинен алты беттешүүдө карибулар бири бирин аяган эмес жана уруш алсызы жер сүзүп калганда гана токтогон.

Бок коңуздун эркеги демейде ийиндеги ургаачысын башка эркектерден коргойт жана түгөйүнө көз арткан эркектерди эрөөлдө жеңип чыгышы шарт.

400 жылдык тарыхы бар "Rapa das Bestas" фестивалындагы аттардын "салгылашы". Испания.
400 жылдык тарыхы бар "Rapa das Bestas" фестивалындагы аттардын "салгылашы". Испания.

Проф. Эмлендин сөзүнө караганда, жакшы тамактанган, теги жакшы жана жолдуу бок коңузда гана чоң мүйүздүү болуу мүмкүнчүлүгү болот. Чоң мүйүзү эркек коңузду башка эркектерге айбаттуу кылып көрсөтөт. Бирок бою жана мүйүзү кичинерээк эркек бок коңуз чоң коңуз ийиндин оозун кайтарып турганда, башка жактан тешик казып, тигинин “аялынын койнуна“ кирип кеткен учурлар көп кездешет.

Кээ бир тирүү жандыктардын “кызыл тумшук” болуп салгылашканы - бул бийлегени. Алсак, канатынын уч жагында балбылдаган көздүн сүрөттөрү бар көпөлөктөр (латынча Pararge aegeria, орусча краеглазка эгерия) эрөөлгө чыкканда бири бирине жакын жолошпойт. Алардын эркектери карагай-бадалдардан жерге түшкөн кичине жалбырактай күн шооласын куушуп, бири качмайын, эси оогончо уча беришет.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.sciencenewsforstudents.org)

Эти ток сары, кабыгы жашыл коон

Испаниялык багбандар Sorolla коонунун эти сары Piel de Sapo түрүн (сортун) өстүрүштү. Бул коондун кабыгы баканын терисиндей жашыл болот. Ошого аны испандар “Бака тери” (Пиел де Сапо) деп аташат. Intersemillas компаниясынын илимпоз-багбандары өстүргөн береги коон ширин, жегенде кырсылдак, эти сары болгондон башка да Жаңы Жылга (Христмасска) чейин сакталат.

“Балким бир нече жыл мурда коондун этин апельсиндин өңүндөй сары кылуу зарыл эмес болгондур. Бирок Испаниядагы көпчүлүк чоң дүкөндөр коонду тең бөлүп же тилип сатышат. Эми кардарлар эти сары же целлюлозадай ак коонду тандап алса болот”,-деп түшүндүрөт Intersemillas компаниясынын илимий изилдөөлөр жана өндүрүү боюнча мүдүрү Клаудио Видал (Claudio Vidal).

Piel de Sapo (Бака тери) коону
Piel de Sapo (Бака тери) коону

“Бака тери” Sorolla коону, Клаудио Видалдын айтымында, узак сакталганда бир аз суусун жоготуп, мурдагыдан да таттуу болуп, чогултулган кездеги калыбын жоготпойт. Анын салмагы эми түйүлдүк байлаганда 1,5-2 кг, ал эми бышкан кезде - жайдын этегинде 4-5 кг болот.

Sorolla коонунда канты (сахароза) да салыштырмалуу көп. Алар негизи формасы жана чоңдугу боюнча бир кылка болуп, жаз башында күнөсканада, ал эми жай ортосунда талаада өстүргөнгө жакшы.

Piel de Sapo коону Австралияда да жакшы белгилүү. Австриялык багбандар аны “крокодил коон” (Croc-melons) деп аташат.

“Биз Piel de Sapo коонун Испанияда жайылта баштадык. Жегендер Piel de Sapo коону башка коондордон эч айырмаланбаганын айтышат”,-дейт Клаудио Видал.

Intersemillas 35 жылдан бери коон-дарбыздын жана башка жашылча-жемиштердин, буурчактардын уругун өстүрүп саткан дүйнөдө таанымал испаниялык компания.

(Булагы: http://www.freshplaza.com, http://www.hortidaily.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG