Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 17:17

Саудияда 2030-жылга чейин азыркылардан 100 эсе чоң күн электр ишканасы курулат. Өсүмдүктөрдүн уруктары кантип жайылганы аныкталды. Британиялык фермер дарыяны булгаганы үчүн жазаланды. Китеп жакшы сатылышы үчүн үч шарт керек.

Саудия күн панелдеринин Меккесине айланат

Сауд Арабиясында 2030-жылга чейин азыркы күн электр ишканаларынан 100 эсе чоң электр ишканаларынын тутуму курулат. Анын жалпы наркы 200 миллиард доллар болот деп эсептелүүдө. Ал 100 миң кишини жумуш менен камсыз кылат. Анын натыйжасында Саудиянын ички дүң жыйымы 12 миллиард долларга көбөйөт. Бул ыкма электр кубатына кеткен чыгымды 40 миллиард долларга азайтат.

Саудия жапондордун "SoftBank Group" корпорациясы менен ушундай меморандум түздү.

Жапониялык компаниянын аткаруучу директору Масаёси Сон тең орток "Vision Fund" быйыл долбоордун 1-баскычын жүзөгө ашырыш үчүн 1 миллиард доллар инвестиция жумшай турганын билдирди. Алгачкы күн панелдери 2019-жылы 7,2 ГВт электр кубатын иштеп чыгат. Бара-бара күн панелдери Сауд Арабиясынын түрдүү жерлерине орнотулат. Күн панелдерин Саудия өзү жасай баштаганга чейин мындай панелдерди ал өндүрүшчүлөрдөн эң арзан баада сатып алып турат.

Масаёси Сондун айтымында, электр өндүрүүдөн түшкөн каражат долбоордун келерки баскычтарын жүзөгө ашырууга сарпталат.

“Долбоор өзүн кеңейтүүнү каржылайт. Жаңы инвестициялар алгачкы баскычтардын кирешесинен чегерилет. Ошондуктан бизге бир күндө 200 млрд. доллар инвестиция жумшоонун зарылдыгы жок”, - деди ал.

"Bloomberg New Energy Finance" изилдөө институтунун маалыматы боюнча, Саудияда курулчу күн нурунан электр кубатын өндүрүү ишканасынын жалпы кубаты 200 гигаватт. Бул былтыр дүйнөдө күн электр станциялары өндүргөн жалпы кубаттан эки эсе көп. “Бул - адамзаттын тарыхындагы чоң кадам. Бул батылдык жана тобокелдик. Бирок ишке ашат деп ишенебиз”, - деп билдирди ханзаада Мухаммед.

Саудия чөлүндө пландалган күн панелдери курулса, анда өлкөдө электр кубатын өндүрүү үч эсе көбөйүп, дээрлик 1 миллиард гигаваттка жетет. 2016-жылы Саудияда 77 гигаватт электр кубаты өндүрүлгөн. Анын үчтөн экиси табигый газ жагып, калганы мунай жагып өндүрүлгөн.

Cауд Арабиясы ошондой эле келерки 25 жылда бери дегенде 16 өзөктүк (ядролук) реактор курууну көздөп жатат. Бул долбоордун баасы 80 миллиард доллардан ашат. "Bloomberg New Energy Finance" изилдөө уюмунун маалыматына ылайык, 2000-жылдан бери Саудияда электр кубатына болгон талап жылына 9% өсүүдө.

(Булагы: https://www.bloomberg.com, http://english.alarabiya.net)

Өсүмдүктөрдүн уруктары ракетадай тез учат

Өсүмдүктөр өз уругун чачып көбөйөт жана жайылат. Демейде алардын уруктары шамал, суу, куштар же жаныбарлар менен миңдеген чакырымдарга "саякаттап" кетишет. Кээ бир өсүмдүктөр баллистихория ыкмасын колдонуп, уругун чоң ылдамдык менен 60 метрге чейин бүркүп ыргытышат. Алардын уругунун формасы узак эволюциянын натыйжасында алыска эң ылайыктуу бурч менен чачканга ыңгайлашкан.

Көп жылдык Ruellia ciliatiflora өсүмдүгүнүн мекени - Түштүк Америка. Кийин алар АКШнын түштүк-чыгыш штаттарына да жайылган. Анын сүйрү (эллипс шекилиндеги) уругу 3 см болуп, эки бөлүктөн турат. Ал бышып жетилгенде чанагында диаметри 2,5 мм, кебетеси таштабак (диск) сыяктуу тик турган жыйырмадай уругу болот.

Гүлдүн чанагы жарылып, уруктарды ыргыткан учурду Калифорниядагы Помона коллежинин (Pomona College, Claremont) илимпоздору 20 миң кадр/секундада видеого тартып алышкан. Ошол кадрлар көрсөткөндөй, уруктардын көбү жантыгынан эмес, тигинен велосипеддин дөңгөлөгү өндүү сааттын жебесине каршы чимирилип учкан.

Физик-аалым Дуайт Уитакердин (Dwight Whitaker) жана анын кызматташтары математикалык моделге салып, эң жеңил жана эң тез уруктар бир секундада 1,66 жолу тегеренип, ылдамдыгы ошондо саатына 35 чакырымга чейин жетерин эсептешкен. Алардын айтымында, тескери чимирилүү урукка абанын каршылыгын азайтып, анын туруктуу абалын камсыз кылат. Себеби, мындай абалдагы урукка жерге калкып түшүп (кулап) бараткан урукка караганда аба азыраак каршылык көрсөтөт. Тескери чимирилген урук орточо 6,7 м чейин же жерге түшкөн уруктан эки эсе алыска учуп барат.

Мурда белгилүүлөрдөн Ruellia megachlamys гүлүнүн уругу секундасына 500 жолу чимирилет.

(Булагы: rsif.royalsocietypublishing.org, https://www.agroxxi.ru, https://www.sciencenews.org)

Экологиялык эрежени сактабаган фермер экинчи ирет жазаланды

Ал эми бул кабар экологиялык талапты аткарбаган ишкерлерге Британ бийлиги кандай чара көргөнүн баяндайт. Экологиялык талап илимий изилдөөлөрдүн негизинде иштелип чыккандыктан, береги окуяга биздин окурмандардын көңүлүн бурганды туура таптым.

Былтыр нортумберленддик фермер Жон Лаинге (John Laing) жана анын "New Heaton" фермасына 19 000 фунт стерлинг же 26 950 доллар айып салынган. Себеби, 2014-жылы 16-июнда Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги кампалардан жана силостон сарыккан суу дыйкан чарбасынан төрт чакырым ылдый жайгашкан өзөндүн куймасына барып кошулганын аныктаган.

2015-жылдын 1-июнундагы инспекцияга фермадан сарыккан таштанды суу дагы эле куймага кошулуп жатканы белгилүү болгон. Былтыр сотто фермер кечирим сурап, акыркы жылдары сүт азыктары арзандап кеткендиктен сарыккан сууну тосконго каражат таппаганын түшүндүргөн. Ага карабай, сот фермерге "айыппул төлөсүн" деп өкүм чыгарган.

Экология агенттиги былтыр август менен сентябрда "New Heaton" фермасын текшерип, саркынды сууну дарыяга агызбаш үчүн тийиштүү иштер жасалганын, бирок ал жумуштар техникалык стандартты бузуу менен аткарылганын аныктап, кайра сотко кайрылган.

Жон Лаинг мырза 5-апрелде Бервик (Berwick) шаардык сотундагы отурумда булганыч суу чогулчу система сапаттуу жасалбаганын билбегенин жана аны былтыртан бери пайдаланбаганын айткан. Ага карабай, ферманын саркынды суусу дарыяга жылжып акканы үчүн Жон Лаинг мурдагысына кошумча дагы 2850 фунт стерлинг же 4042 доллар айыпка жыгылды.

Бул окуя Кыргызстанда агын суулардын тазалыгына жетиштүү маани берилбегенин кашкайтып көрсөтөт. Сиз да бир саам ойлонсоңуз, ага мисалдарды толтура табасыз.

(Булагы: https://www.farminguk.com)

Китеп канткенде жакшы сатылат?

Китеп окуу - көптөгөн адамдар үчүн эс алуунун бир түрү. Америкалыктар киши башына алганда жыл сайын орто эсеп менен 12-13 китеп окуйт. Адамдар китепти кандай негизде тандай тургандыгы келерки он жылдык үчүн актуалдуу.

Мунун табышмагын Бостон шаарындагы Түндүк-Чыгыш университетинин (Northeastern University, Boston) окумуштуулары изилдеп көрүштү. Алар 2008-2016-жылдары "New York Times" гезити түзгөн бестселлер китептердин тизмесине таянып, китеп өтүмдүү болорун аныктаган формуланы иштеп чыгышты. (Бестселлер китептердин тизмесине 2468 көркөм адабият жана нон-фикшен же турмуштук тажрыйба менен далилдердин негизинде жазылган 2025 китеп кирген).

Фредерик шаарындагы китеп дүкөндүн соода залы. Мэриленд штаты, АКШ.
Фредерик шаарындагы китеп дүкөндүн соода залы. Мэриленд штаты, АКШ.

Ал формулага караганда, фантастика жана биографиялык китептер башка жанрларга салыштырмалуу жакшыраак сатылышы мүмкүн. Ошондой эле тизменин башында жайгашкан китептер өтүмдүү китептердин тизмесинде көпкө калганга мүмкүнчүлүк алат. Экинчиден, көркөм адабият публицистикалык китептерге караганда жакшы сатылат.

Бирок публицистика алдыңкы тизмеде көп турат. Мисалы, Лаура Хилленбранддын Экинчи Дүйнөлүк согуш тууралуу илимий-популярдуу китеби (Laura Hillenbrand: “Unbroken: A World War II Story of Survival, Resilience and Redemption”) 203 жума бою мыкты сатылып, бестселлер болсо, Кэтрин Стокеттин “Малайлар” (Kathryn Stockett: “The Help”) романы 131 жума бою топ башында турган.

Ушундан улам китеп өтүмдүү болушу үчүн окурмандар автордун аты-жөнүн жана жазуу стилин таанышы, китеп ушу тапта кызуу сатылып жатканынан кабардар болушу абзел. Китеп сатыкка чыккан соң текчеде канча көп жатса, анын бестселлер болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук азаят.

Бул изилдөөдө китеп уткан сыйлыктар, анын экрандаштырылышы (киноадаптация болуусу) жана атактуу адамдардын мактоо сөздөрү эсепке алынган эмес.

Өтүмдүү романдардын авторлору - негизинен аялдар болуп, ал эми даректүү китептерди эркектер жазганы; санариптик китептер көбөйгөнү менен америкалык окурмандардын 65% басмаканадан чыккан китепти артык көргөнү; көркөм китептердин авторлору илимий-популярдуу китептердин авторлоруна караганда алда канча жемиштүү иштей тургандыгы да аныкталган. Мисалы, фантаст жазуучулар илимий китептердин авторлоруна караганда 2008-2016-жылдары 1,5 китеп көп жазган.

Америкалык басмалар 2020-жылы китеп сатуудан 44 миллиард доллар киреше алууну көздөп турушат. 2015-жылы 2,7 миллион китеп сатылган. Ал эми жылына өлкөдө жүз миңден ашык аталыштагы 3 миллиондон ашык китеп сатыкка чыгат. Бирок алардын азы гана көпчүлүктүн көңүлүнө арзыйт. Алсак, "New York Times" гезити түзгөн “өтүмдүү китептердин” тизмеси 500 аталышка жетпейт. Ал китептердин саналуусу гана 10 жума жана андан көп бестселлер болот.

Тиркеме.

1Бестсе́ллер (англис тилинде best seller — баарынан жакшы сатылган) - өтүмдүү же эң жакшы сатылган китеп дегенди түшүндүрөт.

(Булагы:https://phys.org/news,https://epjdatascience.springeropen.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG