Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 20:51

Жапондор дагы бир киши сындуу робот-аватар жасашты. Тропикалык дарак кайсы жерден кыйылганын ДНКсы айтып берет. Кургакчылыкта катып калчу африкалык чиркей. Жаш бала туура сүйлөгөндү улуу кишилер менен сүйлөшүп жатып үйрөнөт.

Тропикалык дарактын өскөн жерин ДНКсы айтып берет

Африкада өсүүчү сейрек кездешчү Тали (Tali) дарагы кесилгенге чейин кайсы жерде өскөнүн аныктоочу ДНК-тестин Нидерландиядагы Вагенинген университетинин (Wageningen University) окумуштуулары иштеп чыгышты. Бул тест дарактардын мыйзамсыз кесилген сейрек түрлөрүн билүүгө көмөктөшөт.

Тропикада өсчү жалбырактуу дарактардын 30-90% мыйзамсыз катталат. Ошон үчүн алар кайсы өлкөнүн кайсы жеринен экенин текшерип тактоо анча натыйжалуу эмес. Мындай шартта нидерланд аалымдары сунуш эткен генетикалык маркерлер Африкада өсчү бактардын "Тали" деген түрүнүн тегин так билгенди мүмкүн кылат.

Жаңы усул бири-биринен 14 чакырым жерде өскөн эки даракты так айырмалай алган. Демейде чакан аянттагы жана жакын ортодогу дарактарды кыюуга уруксат берилет.

- 14 чакырым радиустагы дарактын тегин ажырата алганыбыздын өзү абдан маанилүү. Мурдагы изилдөөлөр учурунда мындай масштабда дарактын тегин ажыратуу мүмкүн болгон эмес, - дейт изилдөөнүн авторлорунун бири, доктор Март Влам.

Кышкы токой. Ысык-Көл аймагы. 7-февраль, 2012-жыл.
Кышкы токой. Ысык-Көл аймагы. 7-февраль, 2012-жыл.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, сатыктагы тропикалык бактардын экзотикалык түрлөрүнүн 30 пайыздан 90% чейинки бөлүгү мыйзамсыз кыйылат. Мындай бактардын документтери көбүнчө жасалма болгондуктан, алар кайсы жердин дарагы экенин текшерүү машакаттуу иш.

Изилдөө Камерундагы жана Конго Республикасындагы токойлордо беш жерден кыйылган жүздөгөн даракты камтыган жана бул дарактардын негизинде маалымат базасын түзүлгөн.

- Биз тестти маалымат базасы түзүлгөндөн кийин өткөрдүк, - дейт Март Влам. - Менде токой кыйылган жерлердеги жаңы 12 дарактын үлгүсү бар эле. Мага алардын ар биринин тек-жайы маалым болчу. Муну адистер билчү эмес. Алар мен берген маалымат базасын колдонуп, дарактардын тек-жайын аныктоочу анализдин 92% туура чыкты. Бул өтө жакшы көрсөткүч”.

Проф. Питер Цуидеманын (Pieter Zuidema) айтымында, берегидей ДНК-тесттер сотто далил катары колдонулушу үчүн дагы көп иштер бүткөрүлүшү зарыл. Биринчи кезекте дарактын тек-жайын так аныктоого жетишүү жана дарактардын үлгүсүн алда канча кеңири аймактан чогултуп, маалымат базасын арбытуу талап кылынат. Экинчиден, анализдер жана лабораториялар катуу талапка жооп бергидей болушу керек. Үчүнчүдөн, бул ишке бүтүн дүйнөдөгү окумуштуулар катышып, аны мамлекеттер колдоого алышы абзел.

(Булагы: https://www.wur.nl, https://www2.le.ac.uk)

Африкалык чиркей кантип өлүп тирилет?

Африкада жашоочу Polypedilum vanderplanki чиркейи кургакчылык учурунда денесин кургатып өмүрүн сактайт. Макулукка денесин кургатып, жан сактоого клеткалардагы стресске каршылык көрсөтүүчү механизмдерди ишке киргизчү өзгөчө белок жардамдашат.

Бул ачылышты Сколководогу Илим жана технология институтунун (Skoltech) профессору Павел Мазин баштаган орусиялык жана жапониялык окумуштуулар жасашты.

Арстан чиркей.
Арстан чиркей.

P. vanderplanki - Нигерия жана Уганданын түндүгүндөгү кургап калган көлчүктөрдө жашаган чиркей. Ал башка чиркейлер сыяктуу чакпайт. Анын личинкасы кургап бараткан көлчүктөрдө жашайт жана ал кургакчылыкта же денесинде суусу жок жашоо үчүн аметаболикалык абалга (ангидробиоз) түшөт. Личинка ушинтип ангидробиоз абалына кириш үчүн тулкусундагы бардык сууну дисахарид трегалозага жайгаштырат. Ал кургаганда денесиндеги суунун 97% жоготуп, организминде бардык биохимиялык жана физиологиялык процесстер токтойт; мындай абалында жылдап өлбөйт; суюк азот менен ацетондун таасирин тоготпойт. Личинка денесин суюктук менен толтурган соң бир саат өтпөй кадимки калыбына келет.

Орусиялык жана жапониялык окумуштуулар личинкага ангидробиоз абалына кириш үчүн анын гендеринин иштешине жооптуу белокту табышты. Көрсө, жогорудагы процессти илимпоздорго мурдатан белгилүү жылуулук шогун жандандырчу белок жөнгө салып турат экен. “Бул ушул сыяктуу жөнгө салып туруучу консервативдүү системанын ийкемдүүлүгүнүн мисалы. Бул биринчи гана кадам. Жаңы табылган белок личинканын денесин кургатууга катышкан гендердин 30% жакынын ишке киргизет. Ал эми личинканын “жансыз” абалдан чыгышындагы гендердин ролун аныктоо - окумуштуулардын алдыдагы милдети“, - дейт изилдөөнүн жетекчилеринин бири Павел Мазин.

Окумуштуулар береги кубулуш келечекте кишинин жана айбандардын клеткаларын кургатып туруп, кийин аларды кайра тирилтип, өмүр бергенге жол ачат деп боолголошот.

(Булагы: https://phys.org, http://www.pnas.org)

Киши сындуу робот-аватр MELTANT-α

Жапондордун "Meltin" компаниясы өзүнүн биринчи робот-аватарын коомчулукка алып чыкты. MELTANT-α деп аталган жаңы робот-аватарды оператор эки колкап жана эки тутка менен башкарат. Оператор роботтун тегерегиндеги жагдайды виртуал реалдуулуктун көзгүлдүрүгү аркылуу байкап турат.

MELTANT-α жумуртка, кумар ойноочу карта сыяктуу заттарды манжаларындагы сенсорлордун жардамы менен колуна алып, кармап тура алат. Анын колу кишинин колунун түзүлүшүнө кептеп койгондой окшош. Робот-аватр 0,5 литрлик желим идиштеги суюктукту эки алаканында жерге түшүрбөй көтөрүп турганга да жарайт. Расмий маалыматтарга караганда, ал ошол жумуштун баарын оператордун башкаруусуна ылайык, бирок 0, 02 секунд кечигип жасайт.

Береги роботтун башкаруу алгоритми элпек жана абдан назик кыймылдап, жумуртканы сындырбай кармап турганга, ошондой эле гүлдүн желелерин уйпалабай жыйнаганга мүмкүндүк берет. Робот-аватардын дагы бир артыкчылыгы - анын аралык режимде иштегени. Анын маалымат берүү алгоритмин талапка ылайыкташтыруу аркылуу Бостондо отурган оператор Абу Дабиде турган роботтун колдорун кыймылга келтирип жатты. Оператор менен роботту Жапониядагы серверлер байланыштырып турду.

Ушу бүгүн робот-аватар деп көбүнесе окуяга телебайкоо жүргүзчү аппаратты жана алыстан башкарылчу робот-гуманоидди аташат. Телебайкоо жүргүзчү аппарат окуяга маалыматтык же физикалык жактан таасир этүүгө да жол берет. Ал эми келечекте береги эки типтеги роботтун жумушун жалкы робот гана аткара алат. Деген менен азыр робот-гуманоиддер карапайым адамдар үчүн өтө эле кымбат. Ошондуктан телебайкоо жүргүзчү аппараттар “дөңгөлөктүү планшеттин” схемасы сыяктуу. Бирок да робот-гуманоиддерди жасоодо акыркы жылдары чоң жылыштар болууда.

Алсак, үч жыл мурда Калифорнияда өткөн "DARPA Robotics Challenge" аттуу мелдеште эң мыкты деп эсептелген роботтордун көбү түз жерде басып баратып жыгылса, былтыр 2017-жылкы мелдеште Гонконг университетинде жасалган "Athlas" роботу аң-дөң жерде жыгылбай кылдат басты. Атүгүл сальто да жасап жиберди. Ал эми "Honda" компаниясынын E2-DR роботу кыйраган көп кабаттуу тамдын тепкичтеринен басып, шатыдан чыгып, урандылардын үстүнөн жыгылбай ашып өттү.

Мындай ийгиликке карабай, робот-гуманидди башкаруу дагы эле өтө кыйын. Себеби аны башкарыш үчүн машыккан тажрыйбалуу операторлор керек. Ушундан улам акыркы учурда түрдүү компаниялар MELTANT-α тейдеги робот-аватарларды жасоого көп көңүл бурушууда. Мындай схеманы буга дейре АКШнын "Sarcos Robotics" компаниясы "Guardian GT" роботун жана Жапониянын "Toyota" компаниясы T-HR3 робот-гуманоидин жасоодо колдонушкан. (Булагы: https://sputniknews.com, https://www.meltin.jp)

Баланын сөз байлыгы сүйлөшүп жатып көбөйт

Улуулардын баарлашуусу балдардын эне тилин үйрөнүшүн тездетет. Балдардын мээсинин өнүгүшү үчүн аларга сөздү жаттаткандан көрө сөзгө тартып, сүйлөшүп турган пайдалуу.

Жаш балдардын эне тилин үйрөнүшү бир кылка жүрбөйт. Алардын кээ бирлери үч, төрт, беш жашында көп сөздү билип, граматикалык жактан туура сүйлөшөт. Ал эми ушу эле курактагы башка балдардын сөз байлыгы аз болуп, туура эмес сүйлөшөт.

Буга чейин балдардын сөз байлыгы жана көркөм сүйлөөсү алардын канча сөз укканына байланыштуу деп эсептелчү. Ал түгүл 1995-жылдагы бир илимий изилдөөдө "кирешеси чоң үй-бүлөлөрдүн балдары кирешеси аз үй-бүлөлөрдүн балдарына караганда үч жашына чейин жалпысынан 30 миллион сөздү көп угат, ошон үчүн алардын тили жакшы өнүгөт" деп ырасталган. Көрсө, жаш баланын эне тилин үйрөнүшү ата-энесинин мал-мүлкүнө, бала канча сөз укканына эмес, улуу кишилердин сөзүн тыңшаганына же алар менен сүйлөшкөнүнө байланыштуу экен.

Муну АКШдагы айтылуу Массачусетс технологиялык институтунун изилдөөчүлөрү Рэйчел Ромео (Rachel Romeo) жана анын кызматташтары дадилдешти.

Илимий эксперимент маалында эки күн бою төрт-алты жаштагы балдардын үйүндө эмне сүйлөп, эмне укканы толук жазып алынган. Бул сөздөр: алар өздөрү айткан сөздөр, балдар улуулардан уккан сөздөр жана балдар менен улуулар бири-бирине айткан сөздөр болуп, үч топко бөлүнгөн. Ушу үч топтогу сөздөрдү тил боюнча тесттин жыйынтыгы менен салыштырып көрүшкөндө, диалог учурунда сөз канчалык көп айтылса, балдардын сөз байлыгы ошончо бай болору, алар грамматиканы ошончолук жакшы түшүнөрү (туура сүйлөрү) жана кайсы бир теманы ошончо жакшы талкуулай тургандыгы аныкталган.

Андан тышкары балдардын мээсинин иш-аракетин текшеришкенде диалог же сүйлөшүп жатканда көп сөз уккан балдарда мээнин Брок борбору жакшы иштей турганы аныкталган. Брок борбору мээнин ойду айтуусунда чоң роль ойнойт. Борбор балдар кайсы бир окуя тууралуу эшитип, ал боюнча бир нерсе айткысы келип жатканда аракетте болот экен. “Балага бир нерсе тууралуу айтып бергенден да аны менен сүйлөшкөн маанилүү”, - дейт Рэйчел Ромео.

Жана да жупуну жашаган үй-бүлөнүн балдары тестти ата-энеси бай балдардан кем аткарган эмес. Анткени бай үй-бөлөнүн баласы көп сөз эшиткени менен, аны менен ата-энеси жардыраак баланын ата-энесиндей көп же маал-маал сүйлөшкөн же бир нерсе айткан же сураган эмес.

Диалог аркылуу балдар тилди гана үйрөнбөстөн, сөздүн жана сүйлөмдүн маани-маңызын аңдап, ошого жараша жооп бергенди үйрөнүшөт. Профессор Жон Габриели (John Gabrieli) ушинтип, баланын ата-энеси менен сүйлөшүүсү мээсинин биологиялык өнүгүшүнө таасир этерин айтат.

“Бала менен тилиңиз күрмөлбөй калганча сүйлөшүңүз, - дейт проф. Роберта Голинкофф (Roberta Golinkoff, University of Delaware). - Бирок баланы сөзгө аралаштырып, аны кызыктыра албасаңыз, анын тилинин өнүгүшүнө таасир эте албайсыз. Ал сөзүңүздү жөн эле укпай, өзү да сөзгө аралашчу болсо, анын тили да жакшы өнүгөт”. (Булагы: http://news.mit.edu, http://www.sciencenewsline.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG