Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 20:47

Кумурскалар жарадар "жоокерин" дарылашат


Megaponera analis кумурскасы жарадар "жоокерди" көтөрүп баратат

Көзүндө нуру бар үч канатуу балык. Кумурскалар жараатты дарылаганды билет. Куркумин - унутчаак боло баштаган кишилердин эске тутуусун жакшыртат. Сүйүктүү ыр же обон ырдалбай калгандан кийин да жүрөктө жаңыра берет.

Көзүндө нуру бар балык

Tripterygion delaisi деп аталган үч канаттуу деңиз балыктары жакшы көрүү үчүн көзүнүн жарык бөлүүсүн же биолюминсценциясын өздөрү зарылдыгына жараша тескеп турат.

Алар биолюминесценция органдарын жандырып, жырткыч балыктарды качырат, олжосун арбайт жана тууган-уруктары менен сүйлөшөт.

Tripterygion delaisi балыгын илимпоз-ихтиологдор деңиз ити деп да аташат. Алар шектүү жандыктар менен заттарды жакшылап карап көрүү үчүн биолюминсценция органдарын пайдалана турганын Германиянын Тюбинген университетинин (Universität Tübingen) биологдору аныкташты. Алардын абалга карай биолюминесценциялык клеткаларын ачып, көк же кызыл түстөгү жарык бөлүүсүн немис окумуштуулары “каректин көк жаа сымал кабыгын күйгүзүп көзөмөлдөө” жөндөмү деп сыпатташты.

Tripterygion delaisi түркүмүндөгү балыктар Жер Ортолук деңизинин жээктеринде, Атлантика океанынын чыгыш жээгинде жашайт. Алар 50 метр тереңге чейин сүзө алат, бирок негизинен тайыз сууларды сүйүшөт. Чоңдугу 5-6 сантиметрге чейин болот.

Нико Мичиельс (Nico Michiels) кесиптештери менен биргеликте жүргүзгөн лабораториялык изилдөө учурунда береги балыктын көзү кызыл фондо кошумча көк түстөгү (отенок), көк фондо кошумча кызыл түстөгү жарык бөлөрү байкалган. Бул кубулуш балык майда-барат олжону көргөндө гана болот жана анын натыйжасында балык 5 см чейин алыстагы жемин көрө алат.

Tripterygion delaisi балыгы
Tripterygion delaisi балыгы

Tripterygion delaisi балыгы бурулганда көзүнөн жарыктын көк жана кызыл түстөгү нуру (учкуну) чыгарын германиялык зоологдор алгач жети жыл мурда байкашкан.

Жарганаттар менен дельфиндер багытын эхолокациянын жардамы менен аныкташат. Башкача айтканда, акустикалык же үн толкундарын чыгарып, анын жаңырыгына карай барчу багытын билишет. Ал эми балыктардын кээ бир гана түрлөрү акустиканын ордуна биолюминесценциялыкк клеткалар бөлгөн жарыкты же фотолокацияны пайдаланат.

(Булагы: http://www.sciencemag.org, http://rsos.royalsocietypublishing.org)

Кумурскалар жарадар "жоокерин" кантип айыктырат?

Кумурскалардын Megaponera analis түркүмү ак кумурскалар -термиттердин уяларына жортуул жасаганга адистешкен жырткыч болушат. Узундугу 2 см жеткен бул жандык субтропикалык Африканы, анын ичинде Зимбабвенин түштүк батышын байырлайт.

Алар жетилген термиттерди тытып жеп, тукумдарын (личинка) ташып кетет. Арийне, жапырыкка кабылган термиттер аттиштей кубаттуу жаагы менен жанталашып салгылашат.

Megaponera analis кумурскаларынын майданда жарадар болгондору өзгөчө жыт - феромон чыгарып, жолдошторун жардамга чакырарын жана жарадарларын уруш талаасында калтырбасын “Азаттык” радиосу мурда жазган (Караңыз: https://www.azattyk.org/a/world_science/28448156.html).

Мурдагы изилдөө көрсөткөндөй, зимбабвелик кумурскалар термиттер менен тамактанышат. Жортуулга чыкканда термиттердин жакшы корголгон уяларына чабуул жасабай, айланып кетишет жана саваннага чалгынчы отрядды жиберет. Чалгынчылар кайтып келери менен 600гө чамалуу кумурска жортуулга чыгат. Алардын чоңдору термиттердин “чопо сепилин” бузуп кирсе, майдалары жоону өлтүрүп, этин өз журтуна ташый баштайт.

Швейцариялык окумуштуу-мирмеколог Эрик Т. Фрэнк (Erik Т. Frank, University of Lausanne) жана анын шериктери Megaponera analis кумурскалары жарадарларын кантип дарылаганы тууралуу жаңы изилдөөсүн жана видеотасманы жарыялады.

Megaponera analis кумурскасы жарадар "жоокерди" текшерип жатат
Megaponera analis кумурскасы жарадар "жоокерди" текшерип жатат

Бутунан айрылып, медициналык жардам албаган кумурскалардын 80% алгачкы 24 саатта кайтыш болгон. Алардын оор жарадарлары жеңил жарадарлар тез жардам алуусу үчүн өздөрү эле жол бошотуп, санитар-кумурскаларды токтоосуз өткөрүшөт. Бутунан айрылган кумурскалар дарыланган учурда, алардын 90% жакыны сакайып, тирүү калган.

“Санитар кумурскалар жараатты жалап, денени тазалайбы же инфекция болбош үчүн микробдорду жок кылчу затты пайдаланабы, анысын билбейбиз. Бирок жарадарлар 24 саат арасында дарыланбаса, өлөрүн билебиз. Эгер бир сааттан кечиктирбей дарылачу болсо, жарадар кумурскалар аман калат”,-дейт Эрик Фрэнк.

Бул бирок окумуштуу эскерткендей, кумурскалар өзгөчө акылдуу жана жарадарларга боор ооруп, кайрымдуу болушат дегенди билдирбейт. Себеби кумурскалар миллиондогон жылдар бою жарадарларын дарылап көнгөн. (Булагы: https://www.theguardian.com, https://www.theverge.com)

Сүйүктүү ыр жүрөктү тербетет

АКШнын Мичиган университетинин (University of Michigan) окумуштууларынын изилдөөсүнө караганда, киши сүйүктүү ырын орточо 300 жолудан көп кайра-кайра угат. Сүйүктүү ыры менен өмүрүндөгү кайсы бир окуяны байланыштырган жана аны угуп жатып толкунданган, болбосо жаны жыргап рахатка баткан адамдар сүйүктүү ырын андан да көп мертебе тыңдайт.

2013-жылы күзүндө жүргүзүлгөн бул онлайн-сурамжылоого 204 киши катышкан. Алар сүйүктүү ырын эшиткенде өздөрүн кандай сезгени жана аны канча жолу укканы тууралуу суроолорго жооп беришкен.

Онлайн-сурамжылоого катышкандардын 86% сүйүктүү ырын күнүнө же аптасына бир нече жолу угушкан. Алардын 46% сүйүктүү ырын күнүнө бери дегенде үч жолудан эшитсе, 60% сүйүктүү ырын бир нече жолудан кайра-кайра угушкан. Алардын 6% болсо сүйүктүү ырын укканга чейин аны абдан күсөп сагынышканын айткан.

“Алдагы угармандардын кайсы бир ырсыз жашай албай калганы айдан ачык, - дейт изилдөөнүн жетекчиси жана психология боюнча профессор Фридрих Конрад (said Frederick Conrad). - Ырды тандап угуп жүргөн угарман кайсы бир ырларды өз өмүрү менен тыгыз байланышта карайт. Бул өз кезегинде жакшы көргөн ырларга болгон сүйүүнүн узак мезгилге чейин сакталышына өбөлгө түзөт”.

Изилдөөнүн авторлошу, доцент Жейсон Коринин (Jason Corey) айтымында, ырдын обонунун башка ырлардан өзгөчө жактары -респонденттердин ырды зерикпей улам-улам угуусуна себеп болот. "Ырдын обону, такты/ритми жана “лирикасы” анын эң маанилүү өзгөчөлүгү болуп саналат", - дейт илимпоз-музыкант.

“Угармандар көптөгөн ырларды өз жүрөгүндө музыкалык аспаптардын жана вокалдык үндөрдүн коштоосунда укканды билүүгө тийиш экенин айтат профессор Конрад. Илимпоз Мичиган университетинин алдындагы Социалдык изилдөөлөр институтунун Сурамжылоонун усулу боюнча программасын жетектейт.

Окумуштуулардын ырасташынча, киши сүйүктүү ырын канчалык көп укса, аны ошончо көп жолу дилинде кайталап жүрөт.

(Булагы: http://neurosciencenews.com, http://journals.sagepub.com)

Куркумин - эс-тутумду жакшыртат

Куркуминди күн сайын тамакка кошуп жесе жашы өйдөлөгөн адамдардын маанайын көтөрүп, эс-тутумунун жакшыруусуна көмөктөшөт.

Курукмин - бул индустардын кызгылт сары түстөгү тамакка кошкон татымы. Ал куркума дарагынын тамырынан жана бутагынан алынат.

Лос-Анжелестеги Калифорния университетинин (UCLA) окумуштууларынын изилдөөсү куркуминди 18 ай бою күнүнө эки мертебе тамакка кошкон адамдардын маалыматты эсте тутуу жөндөмү жакшырганын жана маанайы ачык жүргөнүн көрсөткөн.

Имбир, сабиз, куркумин
Имбир, сабиз, куркумин

Куркуминде ошондой эле сезгенүүдөн коргоочу жана антиоксиданттык касиети бар экени лабораториялык шартта аныкталган. Улгайган курактагы индиялыктар арасында Альцгеймер оорусу аз кездешкени жана алардын жаңы маалыматты жакшы эстегени куркуминди такай тамакка кошуп жегендерине байланыштуу болушу ыктымал деп айтылат америкалык окумуштуулардын изилдөөсүндө.

“Куркумин кандай таасир эткени так аныктала элек, бирок бул куркуминдин баш мээнин сезгенүүсүн азайтуу жөндөмүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Баш мээнин сезгенүүсү Альцгеймер оорусу жана катуу депрессияга байланыштуу болот”, - дейт изилдөөнүн жетекчиси, UCLAнын Узак өмүргө байланыштуу изилдөөлөр борборунун Улгайган курактагылардын психиатрия департаментинин мүдүрү, доктор Гари Смалл (Gary Small).

Доктор Смалл жана кесиптештери айрым учурда унутчаак 51 жаштан 81 жашка чейинки курактагы 40 кишини изилдеп көрүшкөн. Алар эки топко бөлүнүп, биринчилерине күнүнө эки жолудан 90 миллиграмм куркумин берилсе, экинчи топтогуларга дарылык касиети жок плацебо берилген.

Ар күнү эки маалдан куркуминди тамакка кошуп жегендердин эс-тутуму 28% жакшырганы тесттен кийин аныкталган. Ал эми плацебо жегендердин эске тутуусунда эч кандай өзгөрүү байкалбаган.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.medicalnewstoday.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG