Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:17

Митохондрия - кишинин тулку боюндагы эң ысык жери. АКШда кассири жок азык-түлүк сатчу дүкөн ачылды. Алтындын күкүмүн чогултуп, жамбы жасачу бактерия. Микрохирургиялык операцияларды жасоочу робот-хирург.

Денеңиздеги эң ысык жерди билесизби?

Кишинин тулку боюндагы эң ысык жери - митохондриясы. Митохондрия - бул клетканын кайсы бир функцияны аткарчу бөлүгү. Эки мембрандуу сфера же эллипсиод формасында бул органоиддин (органелла) диаметри бир микрометрге жакын болот. (Микрометр - метрдин миллиондон бир бөлүгү.)

Клетканын миниатюрдук "электростанциясы" болгон митохондриянын температурасы 50 С0 чейин ысыйт. Муну француз окумуштуусу, проф. Пьер Рустиндин (Pierre Rustin, Inserm, Hôpital Robert Debré, Paris) жетекчилиги алдында эл аралык илимий топ ачты.

Демейде дененин “ядросу” деп аталган жүрөк, аорта сыяктуу маанилүү кан тамырлардагы температура 38 С0 түзсө, дененин сыртындагы температура 35,8 C0 ​ -37,3 C0 ​ болот.

Келемиштин боорунун митохондриясынын 3D форматындагы сүрөтү.
Келемиштин боорунун митохондриясынын 3D форматындагы сүрөтү.

Митохондрия кишинин булчуңдарындагы, боордун клеткаларындагы, мээдеги жана башка ички органдарындагы азык болчу заттарды “жагып” (күйгүзүп), денедеги температураны туруктуу кармайт. Ошондой эле глюкоза жана башка азык болчу заттарды майдалап, алардагы энергияны бошотот. Бул энергиянын 40% аденозинтрифосфаттын (аденозинтрифосфор кислотасына) молекуласына, калган бөлүгү жылуулукка айланат.

Митохондрия тирүү клеткаларда гана кадимкидей иштейт. Ал бирок өтө эле кичинекей болгондуктан, температурасын түздөн түз өлчөө мүмкүн эмес. Ошого атайын молекула - термометр “жасалган”.

Француз илимпозу Доминик Кретьендин (Dominique Chrétien) түшүндүрүшүнчө, митохондриянын температурасын өлчөөдө молекула- термометрдин митохондриянын мембранасынын сыртына жабышма адаты пайдаланылган.

Демейде белоктук молекулалар 45С0 жана андан бийик температурада кыйрап, клетка өлүп калат. Ал эми митохондриянын температурасы клетканын ысыганына таасир эткен эмес. Бул митохондрияда жылуулукту сыртка чыгарбачу термоизоляциясы бар экенин кабарлайт.

Британ окумуштуусу Ник Лэйндин (Nick Lane, University College London) айтымында, эркек менен аялдын митохондрияларынын температурасындагы жалчыбаган айырма рак эмне үчүн бир жыныстын өкүлдөрүндө өнүгүп, дененин картайуусуна кандай таасир эткенин түшүнүүгө көмөктөшүүсү мүмкүн.

(Булагы: https://www.alzforum.org, https://phys.org)

Кассири жок дүкөн

"Amazon" компаниясынын АКШнын Сиэтл шаарында ачылган азык-түлүк дүкөнүндө кассада кардарларды тейлеген дүкөнчү жок.

Кардар текчеден өзүнө керектүү товарды алып, андан ары кетип баратканда, санариптик камералар жана сенсорлор кардар алган товардын акысын банктагы эсебинен алып коёт. Ошон үчүн бул дүкөнгө барган адамда үч нерсеси болушу зарыл: "Amazon" компаниясында кардар катары ачкан эсеби, смартфону жана ага "Amazon" компаниясынын тиркемеси.

Эксперименталдык дүкөндүн аянты 167 чарчы метр. Ага кирип бараткан кардар алдыңкы технологиядагы алты турникеттен өтөт. Турникеттин эшигин ачыш үчүн кардар смартфонундагы тиркемени ачып, турникеттин үстү жагындагы дисплейге көрсөтүү жетиштүү. Дүкөнгө кирип, өзүңүзгө керек товарды алган сайын, анын баасы “виртуалдык эсебиңизге” жазыла берет. Эгер кайсы бир тамакты артка өз ордуна койсоңуз, ал ошол замат “виртуалдык эсебиңизден” өчүрүлөт. Соода жасап бүтүп, сыртка турникет аркылуу чыгып кетериңиз замат алган товарларыңыздын пулу "Амазондо" ачкан эсебиңизден өөнөп алынат.

Ушу чакта АКШда 3, 5 миллион адам кассир болуп иштейт. Аларга саатына орточо 9.7 доллар төлөнөт.

Amazon Сиэтлде кассири жок дүкөнүн ачкандан бир күндөн кийин компаниянын баалуу кагаздарынын баасы 2,5% кымбаттады. Анын натыйжасында "Амазондун" негиздөөчүсү Жефф Безос 2,8 млрд. долларга байыды жана "Forbes" компаниясынын эсеби боюнча, анын байлыгы 113,5 млрд. долларга чыкты. Ансыз да Жефф Безос байлыгы 100 млрд. доллардан көп жападан жалгыз адам болчу.

(Булагы: http://whnt.com, https://learningenglish.voanews.com)

Микрохирургиялык операцияларды жасоочу робот-хирург

"МilliDelta" деп аталган хирург-робот АКШдагы атактуу Гарвард университетинин Микророботтор боюнча лабораториясында жасалды. Хейли МакКлинток (Hayley McClintock) жасаган бул робот-манипулятор ийненин учундай клетканы операция кыла алат. Буга чейин тез жана так кыймылдап иштеген мындай робот-хирург жок болчу.

Робот-манипулятордун экинчи артыкчылыгы: колдору жумуш жасап жаткан учурда астындагы объектке жанаша бойдон кала берет. Бул бир нерселерди ордунан алып, башка жайга жылдыруу үчүн абдан ыңгайлуу.

"МilliDelta" роботун чакан болгондуктан, алып жүргөнгө да абдан оңой. Чоңдугу 15 мм x 15 мм x 20 мм роботтун салмагы 430 миллиграмм. Жумушка даяр абалындагы салмагы 1,3 грамм. Ал 7 миллиметр куб жумушчу мейкиндикте 5 микрометр тактык менен жылып жүрө алат. Ошол учурда анын ылдамдыгы 0.45 м/с жана күүлөнүп алганда ылдамдыгы 215 м/с2 жетет. Бул кайталачу ишин секундасына 75 жолу аткара алат же кыймылдайт деген кеп.

Хейли МакКлинтоктун айтышынча, азыркы бардык роботтор секундасына бир затты ордунан эки мертебе гана алып коё алса, "МilliDelta" роботу ушундай эле операцияны аларга караганда 15-25 эсе ылдам иштейт.

МакКлинток менен кесиптештеринин айтымында, робот-манипуляторду микрохирургиялык операцияларда, анын ичинде көздү операция кылганда, майда колго кармалбас механизмдерди жасоодо жана башка иштерде колдонуу мүмкүн.

(Булагы: https://spectrum.ieee.org, https://www.theverge.com)

Алтындын күкүмүн чогулткан бактериялар

Австралиянын түндүк-чыгышындагы Квинсленд штатында жердеги майда алтынды жыйнап, уюткуга айландыркан бактериялар табылды. Аделаид университетинин доценти Фрэнк Рейт (Frank Reith, University of Adelaide) жаңы табылга тоо-кен комбинаттарына таштандылар сакталчу жайларда жана эски кендерде калган алтындын күкүмдөрүн кайра иштетүүнү мүмкүн кыларын айтат.

Бактериялар чогулткан алтын күкүмдөрү.
Бактериялар чогулткан алтын күкүмдөрү.

Эски электрондук аппараттардан, ошондой эле модели эскирген смартфондор менен компьютерлерден электрондук таштандыларды бөлүп алуунун жолун да өзгөртөт.

“Электрондук таштандыларда алтын жана кээ бир баалуу металлдар көп эле калат. Биз тапкан бактериялар алтынды ажыратып алуунун жана кайтаруунун натыйжалуу, арзан, айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген жолун сунуш кылат”, - дейт австралиялык илимпоз.

Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, 2016-жылы дүйнөдө ыргытылган өнөр жай таштандыларында, анын ичинде смартфон, лэптоп, телевизор, муздаткыч жана оюнчуктарда 84 миллиард доллардан көп суммага баалуу материалдар калган. Анын ичинен 29 млрд. доллардан көп алтын айфондор менен компьютерлердин cхемалар тактасына туура келет. Ушундан улам доц. Рейттин айтымында: ”Ар бир смартфон же компьютердеги баалуу металлдарды кишинин саламаттыгына же айлана-чөйрөгө зыян келтирбей ажыратып алуунун технологиясы керек”.

Ушу тапта Х. Рейт жетектеген топ Жаңы Зелландиялык "Mint Innovation" аттуу стартаптын адистери менен чогуу электрондук таштандылардан алтынды ажыратуунун жаңы технологиясын колдонууну 2019-жылы өндүрүштүк негизге коюунун үстүнөн иштешүүдө. Алар Австралияда жана башка жерлердеги алтындын күкүмдөрүн изилдеп чыгышкан. Бул күкүмдөрдү жанагы бактериялардын жардамы менен сулп алтынга же жамбыга айлантуу жараяны, алардын эсебинде, 17 жылдан 58 жылга чейин созулат.

(Булагы: http://www.abc.net.au, https://www.msn.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG