Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 07:14

Чылымкордун өпкөсүн спорт дарылайт


Дене тарбияга маани бергендер - спортчулар.

Жүзүмдүн сабактары кургакчылыкта куурап калбас үчүн жалбырактарын курмандыкка чалат. Кишидей кыймылдаган универсалдуу микроробот. Чылымдан жабыркаган өпкөнү спорт дарылайт.

Тамеки плантацияларын солярдык фермага айлантуу кирешени көбөйтөрүн америкалык окумуштуулардын изилдөөсү көрсөттү.

Жүзүмдүн чыдамкайлыгы окумуштууларды таң калтырды

Жайкы кургакчылыкта жүзүмдүн сабагынын сөңгөгү кургап калбайт. Франциянын Айыл чарба изилдөөлөрү боюнча улуттук институтунун (French National Institute for Agricultural Research, Paris) экофизиологу Гийом Шарье (Guillaume Charrier) жана анын кесиптештери Калифорниянын Напа өрөөнүндөгү жана Франциянын Бордо аймагындагы жүзүмзарларды он жылдан ашык изилдеген соң ушундай тыянакка келишти.

Жүзүмдүн сөңгөгү менен тамырында суунун басымы азайып, сууну жана минералдык азыктарды өткөрүүсү 50% төмөндөгөндө ал сабактарындагы бариктеринин көбүн жоготот. Асыресе дарак өтө эле чаңкап, сөңгөгүндө суунун басымы төмөндөгөн маалда тамырынын бутактарына суу өткөрчү тканы - ксилемада аба көбүкчөлөрү пайда болот. Илимпоздор аба көбүкчөлөрүн эмболия деп да аташат. Дарактар үчүн аба көбүкчөлөрүнүн тамактык азыктарды ташыбай калганы өлүмгө барабар. Анткени аба көбүкчөлөрү түрдүү туздарды ташыганды токтоткондо, дарактардын жалбырактары бутак-шактарынан күбүлүп түшө баштайт.

Француз окумуштуулары эмболия кандай калыптанганын билүү үчүн компьютердик томографиянын жардамы менен жүзүмдүн сөңгөгүн кеспей туруп, анын сабагынын рентгендик сүрөтүн алышкан. Ошондо жүзүмдүн сабагы суунун басымын сактоо жана эмболияларды өлтүрүп албас үчүн бариктерин курмандыкка чалаары, Шираз жана Гренаш жүзүмдөрү да кургакчылыкка туруктуу болору аныкталган.

“Биз мурда жүзүмдүн сабагы кургакчылыкка канчалык чыдамдуу экенин билчү эмеспиз. Климаттын өзгөрүүсү менен кургакчылык катаал боло баштайт. Ошого жүзүмдүн сабагынын кургакчылыкка туруштук бергени абдан маанилүү. Бул жүзүмзарлар үчүн сууну сактоонун стратегиясын жакшыртууга өбөлгө болот”, - дейт франциялык изилдөөчү Поль Скиннер (Paul Skinner).

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.theverge.com)

Хирургдардын колун узартчу микроробот

Бул микроробот баса да, боору менен жыла да, алды-артына чимирилип секире да, сүзө да алат. Ал Германиянын Макс Планк атындагы Интеллектуалдык системалар институтунда (Max Planck Institute for Intelligent Systems, Stuttgart) жасалган. Универсалдуу робот бир тилик ийилчээк силиконго окшош. Анын туурасы - болгону 4 мм.

Профессор Метин Ситтинин (Metin Sitti) айтымында, аларды бул сыяктуу көзгө илеше бербеген микророботту жасоого эжекебеса (көпөлөк курту) менен медузалар шыктандырган.

“Ошого биздин миллиробот коңуздун личинкасы, эжекебеса, сперматозоид жана медуза сыяктуу жандыктарды аргындаштырганда пайда болгондой көрүнөт”, - дейт ал.

Микроробот ийилме тулкундагы магниттик микробөлүкчөлөрдүн эсебинен кыймылдайт жана тышкы магниттик талаанын жардамы менен башкарылат. Магниттик талаанын күчүн, түрүн жана башка параметрлерин каалагандай өзгөртүү мүмкүн.

Универсалдык микроробот эмнеге жөндөмдүү экени атайын тоскоолдуктары бар полигондо сыналды. Ал тоскоолдуктардан өтүү үчүн бирде томолонсо, бирде секирген, бирде сойлогон; ал эми суюктукка туш келгенде, андан сүзүп өткөн. Жолун бөгөгөн объектти жылдырып салып, өзүнө жол тазалаган. Ал түгүл ал тоскоолдуктан өтүү үчүн жонуна жүк артып алган учур да болгон.


Микроробот жасалма ичегинин жана тоок этинин ичинде да сыналган. Бардык маалда анын кыймылы ультраүндүн жардамы менен көзөмөлдөнүп турган.

Германиялык окумуштуулар жасаган универсалдуу микророботту болочокто кишинин организминин каалаган чекитине керектүү дарыны жеткирүү, кан тамырларын тазалоо жана сийдик чыкчу каналдарды ж.б. бууган таштарды майдалоо үчүн колдонуу мүмкүн.

(Булагы: https://phys.or, https://www.nature.com)

Чылымкордун өпкөсүн спорт дарылайт

Тамекини такай чеккен чылымкорлор бош убактыларында спорт менен машыкса, өпкөсүнүн иштөөсүн жакшыртат. Бул - Барселонадагы Глобалдык саламаттык институтунун (Barcelona Institute of Global Health, ISGlobal) аалымдарынын изилдөөсүнүн жыйынтыгы. Алар Европанын 11 өлкөсүндөгү 25 илимий борбор өз ара кызматташып, 10 жыл бою жыйнаган маалыматтарды талдаган соң ушундай бүтүм чыгарышты. Бул илимий ишти Лондондогу Imperial College жетектеген.

Каталониялык окумуштуулар бул маалыматтарга таянып, 27 жаштан 57 жашка чейин курактагы 3912 чылымкордун саламаттыгын анализдеп көрүшкөн.

Чылымкорлор изилдөө жүргүзүлгөн 10 жыл арасында жумасына эки же андан көп жолу кеминде бир сааттан спорт менен машыгып же гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап турушкан.

Изилдөө дене тарбия аракети (физикалык активдүүлүк) менен өпкөнүн иштөөсү (функциясы) арасында түздөн түз байланыш бар экенин аныктаган. Башынан спорт менен машыккан чылымкорлордо жана кийин спортко убакыт бөлгөндөрдө бара-бара өпкөсүнүн иштөөсү жакшырган. Ал эми спортко кол шилтеп койгон адамдардын өпкөсүндө эч кандай оң өзгөрүү болгон эмес.

Бул изилдөөнүн жыйынтыгы, доктор Элейн Фуэртс (Elaine Fuertes) айткандай, “өпкөсү өз функциясын жаман аткарып калуу коркунучу күч чылымкор адамдар үчүн физикалык жактан жигердүү болуу маанилүү экенин айгинелейт”.

Жаш өткөн сайын көпчүлүк кишилерде, анын ичинде тамекини үзбөй чеккендерде, өпкөнүн денени тейлөө кызматы бузулуп, кишинин дем алуусу кыйындай баштайт. Бул жараян чылымкорлордо ыкчам өнүгөт. Бирок тамекини таштоо өпкөнүн деградациясын дайыма эле токтото албайт.

“Бул изилдөөнүн жыйынтыгы кишинин кыймыл-аракетинин жигердүүлүгү менен дем алуу органдарынын саламаттыгынын ортосундагы байланыш тууралуу эпидемиологиялык маалыматтарды бекемдейт”, - дейт изилдөөнүн авторлорунун бири, профессор Жудит Гарсия-Аймерих (Judith Garcia-Aymerich).

Испаниялык окумуштуулардын изилдөөсү спорт менен жигердүү машыккан кишилер өпкөнүн акырындап бузулушун (деградациясын) токтото аларын, ал түгүл алардын өпкөсү дене тарбиянын аркасында мурдагыдан да жакшы иштөөсү мүмкүн экенин далилдейт.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.eurekalert.org)

Тамеки өстүрүүдөн кутулуунун амалы

Америкалык окумуштуулардын ырасташынча, тамеки өстүргөн дыйкандар өз жерлерин күндөн кубат өндүрчү (солярдык) дыйкан чарбага айлантса, анда кирешени көп алат. Бул өз кезегинде алдын алса болчу өлүмдөрдү кыскартып, орду толукталып турчу отун-кубатты өндүрүүнү көбөйтмөк.

Бул АКШдагы Мичиган университетинин илимпоздору Рам Кришнан (Ram Krishnan) менен Жошуа Пирстин (Joshua Pearce) "Тамеки өстүрүү дыйкан чарбалары үчүн күн кубатына негизделген фотовольт электр өндүрүүгө өтүүнүн экономикалык таасири" ("Economic Impact of Substituting Solar Photovoltaic Electric Production for Tobacco Farming") деп аталган изилдөөсүнүн жыйынтыгы.

Ушу чакта күн кубатын электрге айлантууга талап өскөнгө байланыштуу солярдык фермалардын жерге муктаждыгы да өсүүдө. Ал эми көмүр, мунай, газ сыяктуу орду толбос отун-кубат булактарын жагууну биротоло токтотуу үчүн, профессор Пирстин айтымында, солярдык технологияны өтө эле көп аянтка орнотуу зарыл.

Тамеки сыяктуу кишинин саламаттыгына зыяндуу айыл чарба маданиятына адистешкен чарбалардын жерлерди күн кубатынан электр агынын өндүрүүгө өткөрүү фермерлерге 1 акр (0,4 га) жерден түшкөн жылдык кирешени миң доллардан 10 миң долларга чейин көбөйтүп, тамекинин кесепетин азайтмак деп айтылат жогорудагы изилдөөдө.

Илимпоздордун тамеки өстүргөн жерлерге көңүл бурган себеби - акыркы жылдары АКШда чылымкорлор азайып барат жана тамекинин ден соолукка зыяны медициналык жактан кынтыксыз далилденген. Ага карабай, көптөгөн дыйкан чарба ээлери жакшы киреше үчүн тамеки өстүрүшөт.

Профессор Пирстин билдиришинче, бир акр (0,4 га) жерден фермер бир жылда алчу кирешени жана солярдык панелдер орнотулган бир акр жерден алынган жылдык кирешени эсептеп көрүшкөн соң, тамеки талааларын солярдык чарбаларга айландыруу дыйкан чарба ээлери үчүн зыянсыз болорун аныкташкан.

Анын үстүнө күн модулдары ысык-суукка, ак кар, көк музга, жана климаттын ар кандай катаал шартына жөнөкөй шайман-жабдууларга караганда чыдамкай болот. Ошондой эле 240 км/саат ылдамдыктагы шамалга туруштук бере алат.

Эки окумуштуунун изилдөөсүнө ылайык, эң кымбат солярдык фермада 1 ваттык кубат өндүрчү жабдууну азыркы 1 доллардан 80 сентке түшүрүү - реалдуу иш. Бүгүн 10 мегаваттык солярдык жабдуусу бар ферма 10 миллион доллар турат.

Эгер Түндүк Каролинадагы ар бир тамеки өстүрчү ферманы күн кубатын өндүрүүгө өткөрсө, алар 30 гигаватт электр кубатын өндүрөт. Бул - штат жайдын эң ысык айларында керектеген энергия.

Изилдөөдө эгерде Түндүк Каролинанын тамеки чарбалары күн кубатынан электр кубатын өндүрүүгө адистешчү болсо, анда экономикалык жана экологиялык пайдадан башка да көмүр жагуунун кесепетинен өлгөн 2 миң жарандын өмүрү сакталат деп айтылат.

АКШда жыл сайын чылым чеккендин кесепетинен 480 миңден ашык киши көз жумат. Ал эми чылымдын түтүнү келтирген зыяндан улам - мындан башка дагы 42 миң киши жыл сайын кайтыш болот.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.mtu.edu)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG