Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 03:35

Бакма күрптүн түпкү мекени Мезоамерика экени аныкталды. Спортчулар узак жашайт. Таттуунун пайдасынан зыяны көп. Польшалык дыйкандар эмнеге немис фермерлериндей көп киреше албайт?

Күрптү эң алгач майялар жана ацтектер үйгө үйрөткөн

Байыркы майялар менен ацтектер бакма күрптү эти үчүн эле баалашкан эмес. Алар күрптү ырым-жырымдарда аздектеп, жылкыдай курмандыкка чалган.

Муну Канаданын, АКШнын жана Мексиканын окумуштуулары (University of York & Simon Fraser University(Canada), Washington State University (USA), Institute of Anthropology and History in Mexico) биздин заманга чейинки 300-жыл менен биздин замандын 1500-жылы аралыгында жашаган 55 күрптүн калдыгын изилдеген соң аныкташты.

Күрптөрдүн калдыктары Ортолук Мексикадан тартып, Түндүк Коста-Рикага чейин созулган жана Колумбга чейинки (1492-жылы) доордогу Мезоамерика деп аталган тарыхый-маданий аймактан табылган. Бул аймакта бир замандарда майялар менен ацтектердин өнүккөн цивилизациясы өкүм сүргөн.

Күрптөрдүн ДНКларын изилдөө бакма күрптөр тамак-ашка колдонулбаганын жана аларды көбөйтүү элдин саны менен байланышпаганын айкындаган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Доктор Аурелия Манин (Aurélie Manin, University of York), күрптөрдүн калдыктары храмдардан же мүрзөлөрдөн кишинин жанынан табылганын белгилейт. “Ошол замандагы бизге белгилүү иконографияда күрптөрдүн сүрөтү кудай сыяктуу тартылган жана байыркы календарда символду билдирет”, - деди ал.

Изилдөө көрсөткөндөй, алар киши берген тамак-ашты жеген; Колумб Мезоамерикадагы оторчулукту баштаган кезде үй канаттуусу болгон жана кийин гана Европага жеткирилген.

Колумбга чейинки Америкада коёндун жана бугунун эти көп желген. Ал эми күрп маданий жана символикалуу жандык болгон. Оболу адамдар күрптүн кооз жүнүнө карап ырым-жырымдар үчүн пайдаланышы ыктымал, - дейт Аурелия Манин. - Бара-бара күрптөрдүн сөөгүнөн ырым-жырымдар үчүн түрдүү аспаптар жасалган”.

- Дүйнөнүн бул бөлүгүндө жашаган адамдар айыл чарбасы менен 10 миң жылдай алектенип келгенине карабай, Мезоамериканын эли ит сыңары эле күрптү да өз көзөмөлүнө алган. Багып алганга көпчүлүк жандыктардын темпераменти ылайыксыз болгондуктан, индейлер күрптү багып алганга туура тандашкан. Күрптөр элге байыр алып, таштанды жеп калган, - дейт доктор Камилла Спеллер (Camilla Speller, University of York). (Булагы: https://www.eurekalert.org, http://rsos.royalsocietypublishing.org)

Спорт өмүрдү узартат

Кесипкөй спортчулар спортко өмүрүн байлабаган бир туугандарына караганда көп жашайт. Алар улгайган куракта ден соолугуна көбүрөөк көңүл бурат жана көп учурда жакшы маанайда жүрүшөт. Чыдамкайлыкты талап кылган алыс аралыкка жүгүрүү, сууда сүзүү, кайык айдоо менен машыккан спортчулар да балбандарга, мушкерлерге жана оор атлеттерге караганда узак жашайт.

Бул Финляндиянын Ювяскюл университетинин Спорт жана ден соолук илими факультетинин илимий кызматкери, медицина илимдеринин магистри Титта Контронун (Titta Kontro, University of Jyväskylä) жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгы. Окумуштуу мурдагы 900 кесипкөй спортчу эркекти жана алар курактагы ага-инилерин изилдеген. Мындан тышкары, 199 спортчу жана жашы алар курактуу ага-инилери жашоо жолоюна, зыяндуу адаттарына, социалдык-экономикалык макамына тиешелүү суроолорго кат жүзүндө жооп беришкен. Береги эки топтогулардын баарынын өлүмүнүн себептери да талдоого алынган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул спортчулардын баары 1920-1965-жылдары эл аралык мелдештерге, анын ичинде Олимпиадага, дүйнөнүн жана Европанын биринчиликтерине катышкан.

Изилдөө спортчунун спорттук карьерасы башталган чактан башталып, 2015-жылы 31-декабрда бүткөн же орто эсеп менен 52 жылга созулган. Ал эми эң узак байкоо 83 жылга уланган. Бул аралыкта изилдөөнүн 1296 катышуучусу кайтыш болгон жана алардын 92% карылыктан көз жумган.

- Бардык курактагыларды алганда мурдагы кесипкөй спортчулар бир туугандарына караганда орточо эки-үч жыл узак жашайт... Чыдамкайлыкты талап кылган спорттун түрү менен машыккан мурдагы спортчулар оор атлеттерге жана бир туугандарына салыштырмалуу узак жашаган, - дейт Контро мырза.

Алсак, өзгөчө чыдамкайлыкты талап кылган спорттун түрүн кесип кылгандар орто эсеп менен 79,9 жыл өмүр сүрсө, балбандыкты талап кылган спортко өмүрүн сайгандар 74,1 жыл, ал эми эки түрүн айкалыштырган атлеттер 75,9 жыл жашаган.

Спортчулардын агалары (же инилери) орточо эки-үч жыл аз жашаган жана алардын арасында мөөнөтүнөн эрте каза тапкандар көбүрөөк болгон. Себеби мурдагы спортчулар бир туугандарына салыштырмалуу кыйла жандуу болуп, үйдө камалып отура беришкен эмес, чылымды да сейрек тартышкан. Алардын бир туугандары оорусуна, жанын тынчсызданткан нерселерге жана депрессияга баткан абалына көп даттанышкан.

Болочокто фин окумуштууларынын изилдөөсүнүн жыйынтыгы киши өмүрүнө генетикасы (теги) жана спорт кандай таасир эткенин билүүгө негиз болуп берет.

(Булагы: https://www.news-medical.net, http://bmjopensem.bmj.com)

Польшалык дыйкандарга илимпоздун кеңеши

Польшанын айыл чарбасынын кирешесин арбытуу боюнча Люблин шаарындагы Табият таануу илимдери университетинин окумуштуусу, доктор Дариуш Пашко (Dariusz Paszko, Pracowni Ekonomiki Ogrodnictwa Uniwersytetu Przyrodniczego, Lublin) өз изилдөөсүн жарыялады.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алма. 2012-2016-жылдары Польша Европада алмадан эң көп түшүм алган. Бирок түшүмдүүлүк (17 т/га) Румыниядагыдан гана (8 т/га) жогору болгон. Ал эми Италияда гектарынан 44 тонна, Германияда 39, Францияда 37 тоннадан алма жыйналган.

Польшада өстүрүлгөн алманын көбү кайра иштетүүгө гана ылайыктуу болгондуктан, анын баасы кыйла арзан болуп, сапаты да Батыш Европанын алмаларынан начар.

Бул арийне жерди, жумуш күчүн жана сарпталган акчаны натыйжалуу пайдаланууга тескери таасир эткен. 2012-2016-жылдары жердин өнүмдүүлүгү Польшада дыйкан башына 2 280 €/га, Италия менен Францияда 21 600 €/га барабар болгон.

Алча. Польшада, доктор Пашконун жазганы боюнча, бактарда алчанын эски сорттору өстүрүлсө, Германияда, Грекияда, Италияда жана Испанияда алчанын түшүмдү мол берчү түрлөрү жабык жайда өстүрүлөт. 2012-2016-жылдары Польшада 182 миң тонна, Түркияда 185 миң тонна алча жыйналган. Германияда алчадан түшүм аз алынат, бирок эрте бышчу, даамдуу жана кымбат сорттору өстүрүлөт.

Кулпунай. Польшада көбүнчө кулпунайдын күздө бышчу түрлөрү өстүрүлөт. Анын үстүнө кулпунай ачык талаада өстүрүлгөндүктөн, аны базарга чыгаргандан мурда кайра иштетүү зарыл.

Британияда кулпунайдын десерттик сорттору жабык жайда өстүрүлүп, жакшы киреше берет. Ошого эксперт польшалык дыйкандарга алчанын түшүмдүүлүгүн жогорулатууну, анын десерттик сортторун күнөсканада өстүргөндү көбөйтүүнү, ушинтип кулпунайдын сапатын жакшыртууну сунуш кылат.

Чыны карагат. Польша дүйнөдө чыны карагатты көп өндүргөн өлкөлөрдүн бири: 2012-2016-жылдары орточо 134 миң тоннадан чыны карагат жыйнаган. Бирок алдагы түшүмдүн көбү кайра иштетилген. Ал эми Евробиримдиктин Британия, Германия, Нидерланддар сыяктуу өлкөлөрү чыны карагаттын жабык жайда өсчү десерттик түрлөрүн өстүрүүгө адистешкен. Бул кайра иштетүүнү көп талап кылбайт.

Польшалык дыйкандар чыны карагатты өндүрүүнүн технологиясын өркүндөткөнү менен, акыркы жылдары анын баасы жергиликтүү базарда арзан. Ошон үчүн люблиндик илимпоз дыйкандарга чыны карагаттын түшүмдүү жана десерттик сортторун өстүрүп, түшүмүн өнүккөн өлкөлөргө сатууну сунуш кылат.

(Булагы: https://www.agroxxi.ru, ogrodnictwo.expert)

Таттууну тойгончо жеп жыргабаңыз!

Таттууну табактап жеп, газдалган ширелүү сууну чакалап ичкендер, ойлонгула! Таттуу тамак кан айлануу системасына тескери таасир этип, жүрөккө жана мээге да залал келтирет.

Муну Даниянын Копенгаген университетинин (University of Copenhagen) илимпоздорунун дени сак 12 эркек менен өткөргөн эксперименти көрсөттү. Алар күнүнө 225 грамм кант жеп турган. Эки жумадан кийин бул кишилер орундукка отуруп, бир бутун абага көтөрүп турганда, бутундагы кан айлануусу текшерилген. Ошондо кандын бут жакка келүүсү 17% азайганы аныкталган.

- Жүрөктүн жана мээнин айланасында абдан маанилүү кан тамырлар бар. Эгер алар да ушундай зыян тартса, кантты пайдалануу кан тамырлардын канды натыйжалуу бөлүштүргөнүнө зыян келтириши мүмкүн,- дейт илимий изилдөөнүн жетекчиси профессор Лассе Глиманн (Lasse Gliemann).

Ал эми профессор Илва Хеллстен (Ylva Hellsten) Тамакты мүнөздөп жеп, түрдүү диетаны кармансаңыз, маал-маал жарым литр кока-кола ичкенден зыян болбойт. Бирок кантты биздин эксперименттин катышуучулары өңдөнүп шыкап жечү болсоңуз, 14 күндөн кийин денеңиздин кан жүгүрүүсү 65 жаштан өйдө курактагы кээ бир эркектердикиндей болуп калат” деп кеңеш берет.

Жанагы 12 киши кантты жегенди жана ширелүү суусундуктарды ичкенди токтоткондон эки жумага жетпей, алардын кан жүгүрүүсү кадимки абалына келген. “Себеби алар жаш жана дени сак болгондуктан, кан айлануу системасы бул (кант) сыяктуу заттардан жакшы корголгон, - деп түшүндүрөт проф. Лассе Глиманн. - Улуу курактагы кишилердин организми тууралуу антип айткан туура болбойт”.

2013-2015-жылдары өткөрүлгөн 30 изилдөөнүн дээрлик баары (90%) таттуу суусундукту ичкен менен ашыкча салмак же семиздиктин ортосунда байланыш бар экенин аныктаган.

Кантты керектөө боюнча Даниянын ветеринария жана тамак-ашты көзөмөлдөө кызматынын кеңеши:

3-6 жашар балдар - 30 грамм.

7-10 жашар балдар - 45 грамм.

11-15 жаштагы балдар - 55 грамм.

16-17 жаштагылар - 65 грамм.

БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ), Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, 2000-жылы салмагы ашыкча балдардын саны 32 миллион болсо, 2013-жылы өтө эткээл балдардын саны 42 миллионго жеткен.

(Булагы: http://cphpost.dk, https://www.karger.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG