Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:20

Сынса кайра бүтөлчү айнек, робот-бөбөк


Робот-бөбөк
Робот-бөбөк

Жасалма интеллект кишиден акылдуу экенин далилдеди. Жапондор сынса кайра бүтөлчү айнекти жасашты. Казакстанда 2015-жылы жейрендер эмнеден кырылганы аныкталды. Робот-бөбөк окумуштууларга "жардамга келди".

Жасалма интеллекттин “чүкөсү кайра айкүр турду”

Жасалма интеллект окулган маалыматты кишиден мыкты түшүндү. 100 миңден ашуун суроосу бар жана компьютерлердин окуу жөндөмүн өлчөө боюнча тест АКШдагы белгилүү Стэнфорд университетинин адистери тарабынан даярдалган эле.

Сынактын биринчи күнү Кытайдын Alibaba компаниясынын Маалымат технологиясы боюнча институтунун (Institute of Data Science of Technologies) программисттери түзгөн акылдуу система 82.44 балл алса, кийинки күнү АКШнын Microsoft компаниясынын адистери түзгөн система 82.65 балл алган. Бул тест боюнча кишинин эң мыкты делген баасы 82.304 балл.

“Мындай сынакта биринчи жолу машине кишине жеңди”,- деп белгиленет Alibaba компаниясы 15-январда жасаган билдирүүдө.

Microsoft жана Alibaba компанияларынын түпкү максаты: мурда өздөштүрүлгөн маалыматка таянып, текст түрүндөгү маалыматты болушунча көп иштеп чыгып, киши берген суроолорго мүмкүн болушунча так жооп берүүчү системаны түзүү.

Alibaba компаниясынын Маалымат технологиясы институтунун тилди түшүнүү боюнча программасынын жетекчиси Луо Синин (Luo Si) сөзүнө караганда, жогорудагыдай технологияны кардарларды тейлөөдө, студенттерди окутуучу программаларда, музейлердин автоматтык гиддеринде жана медициналык жактан кеңеш берчү системаларда кеңири колдонуу мүмкүн. Бул өз кезегинде кээ бир кесип ээлеринин жумушун жеңилдетүүгө катар айрым иштерди толук бойдон автоматташтырып салууга жол ачат.

Жасалма интеллекттер буга чейин шахматтан жана Го деп аталган байыркы кытай оюнунан дүйнө чемпиондорун жеңишкен, атүгүл композиторлор менен жарнакташып музыка да жазышкан.

Бүгүн жасалама интеллект экономикага чоң өзгөрүүлөрдү алып келүүдө: логистикалык борборлордо жумушчуларды алмаштырууда, автокөлүктөрдү тейлөөдө, дыйкандарга жардамдашууда...

Кытай 2020-жылы бул тармакта АКШдан озуп, дүйнө лидери болууну каалайт. Ошон үчүн келерки эки жылда жасалма интеллектти өнүктүрүүгө 150 млрд. доллар сарптамакчы. Бул максатты көздөп, Baidu, Alibaba жана Tencent сыяктуу технологиялык дөө-шааларды өстүрүүдө.

(Булагы: http://money.cnn.com, https://www.bloomberg.com)

Жапондор сынса кайра бүтөлчү айнекти жасашты

Сиз Apple компаниясы жасаган эң жаңы жана эң кымбат iPhone X же башка бренддеги смартфон сатып алсаңыз, баарынан да анын дисплейин сындырып албасам деп бушайман болосуз. Заманбап дисплейлер катуу соккуга чыдамкай айнектен жасалса да, непада колуңуздан түшүп кетсе, айнегинен жарака кетиши же бети чийилип, көркү бузулушу мүмкүн.

Токио университетинин профессору Такузо Айда (Takuzo Aida) башындагы изилдөөчүлөр айнекке окшош полимерди иштеп чыгышты. “Тиомочевинанын полиэфири” деп аталган бул затты “өзү бүтүн болуп калчу дүйнөдөгү биринчи айнек” деп атаса болот.

Кокус бул полимер сынып калса, анын сыныктарын кураштырып туруп, бөлмө температурасында (20-25 Со) бир нече саат басым астында кармап турса, эзелки структурасы калыбына келип, баштагыдай бекем болуп калат. Көпчүлүк учурда материалдардын жаракасын “бүтөп жамоо” үчүн аны 120 градуска же андан да жогорку температурага чейин ысытуу зарыл.

Жапон окумуштуулары илимий ачылышка байланыштуу макалада белгилегендей, “жогорку механикалык бышыктык жана калыбына келүү жөндөмү, эреже катары, бири экинчисин жокко чыгарган касиеттер”.

Жаңы полимерди Ю Янагисава (Yu Yanagisawa) деген аспирант тапкан. Ал адегенде полимер желим болуп калды деп боолгогон. Бирок полимерди текшерип жатып, анын кесип алса болчу чет жактарын желимдеп койсо болорун, эгер бөлмө температурасында катуу кысса, мурдагы калыбына келерин байкаган.

Эксперттердин айтымында, эгер жапон окумуштуулары жаңы полимерди азыркы Айфондордун дисплейинде колдонулган Gorilla Glass айнегиндей көзгө адеми кыла алса, анда “сынса бүтөлчү айнек” уюлдук телефондордо колдонула баштайт. Деген менен, келечекте тиомочевинанын полиэфиринин негизинде баштапкы калыбына келчү жаңы материалдар иштелип чыгары калетсиз.

Азыр тиомочевинанын полиэфири өнөр жайда башка полимерлерди даярдоо үчүн колдонулуп жүрөт.

(Булагы: http://science.sciencemag.org, https://www.deccanchronicle.com)

Жейрендер 2015-жылы эмнеден кырылганы аныкталды

2015-жылы май айында Казакстандын ортосундагы Бетпак Дала аймагында 200 миңден ашык жейрен кырылып калган. Бул - жоголуп кетүү коркунучу астындагы - дүйнөдөгү жейрендердин 60% ашыгы эле.

Эл аралык окумуштуулардын изилдөөсү жейрендердин өлүмүнө алар жашаган чөйрөдөгү күтүүсүз өзгөрүүлөр себеп болгонун көрсөттү. Өлгөн жаныбарлардын калдыктарына түрдүү өлкөлөрдүн лабораторияларында жүргүзүлгөн анализ, аларга Pasteurella multocida түркүмүндөгү бактериялар жукканын аныктаган. Бул бактериялар пастареллёзду (геморрагиялык септицем) козгойт. Анын кесепетинен жейрендердин карыны, табарсыгы, өпкөсү жана башка ички органдарында кан жүрүп кеткен. Себеби эпидемия алдында күн катуу ысып, абанын нымдуулугу да адаттагыдан жогору болгондо бактериялар козуп, кандын уулануусуна (септицемия) алып барган.

Жутта өлгөн бөкөн улагы менен. Кустанай облусу. 20-май 2015-жыл
Жутта өлгөн бөкөн улагы менен. Кустанай облусу. 20-май 2015-жыл

Кадыресе шартта Pasteurella multocida бактериясы дени соо жейрендерге зыян келтирбей организминде жашай берет. Бирок оорунун козголушу үчүн сырткы жагдайда же жаныбардын организминде олуттуу өзгөрүү болушу абзел.

Окумуштуулар жейрендер мурда да жапырт кырылган учурларды анализдешип, мындай жут көбүн эсе жазда: апрель же май айында болгонун көрүшкөн. Бул бөкөндөр төлдөгөн мезгил. Ошондуктан бөкөндөрдүн организми тууттан соң алсырап калат. Ал эми улактарында иммунитети али жакшы чыңала элек болот.

Мисалы, 1981-жылкы жутта ушул эле Бетпак-Даланы байырлаган 70 миңге жакын жейренди,1988-жылы 255 миң жейренди жут алган. Эки алааматтын тең алдында күн катуу ысып, абанын нымдуулугу кадыресе нормадан бир кыйла жогору болгонун соңку изилдөө маалында айкындалды.

Лондондогу Падышалык ветеринардык коллеждин профессору Ричард Коктун (Richard Kock, Royal Veterinary College) айтымында, жейрендердин 2015-жылкы массалык өлүмү биринчи жолу кеңири жана терең изилденгендиктен, илимпоздор жуттун себебин билүүдө чоң ийгиликтерге жетишкен.

“Ветеринарлардын, биологдордун, ботаниктердин, экологдордун жана илимпоз-лаборанттардын маалыматтарын пайдалануу массалык өлүм-житимге алып барчу факторлордун коркунучун түшүнүүгө жакшы өбөлгө түзөт... Жейрендердин өмүрүн сактоо боюнча чараларды пландоодо мунун мааниси абдан чоң”,-дейт проф. Кок.

(Булагы: http://advances.sciencemag.org, https://theecologist.org)

Робот-бөбөк көп нерсеге илимпоздордун «көзүн ачты»

Бөбөк килемдин бетинде эмгектеп же боору менен жылып жүргөндө чаң, кургаган теринин ыпырындысы, бактерия жана микроорганизм сыяктуу абада булуттай калкыган биологиялык таштандыларды такай үйлөп да, жутуп да жүрөт.

Ошо чакта наристенин өпкөсү денесинин салмагынан төрт эсе көп (денесинин массасынын 1 кг алганда) биологиялык таштанды менен дем алат. “Бирок бул заттардын баары эле наристе үчүн зыяндуу эмес”, -деп эскертет илимий изилдөөнүн жетекчиси АКШдагы Пердью университетинин доценти Брендон Бёр (Brandon Boor, Purdue University).

Муну америкалык окумуштуулар эмгектеп жүрчү робот-бөбөктүн жардамы менен аныкташты. Эксперимент маалында робот-бөбөк жерге төшөлгөн бир килемдин бетинде боортоктоп жылса, экинчи ушундай эле килемдин үстүнөн чоң киши басып өткөн. Эки учурда тең абадагы чаңдардын жана ыпыр-сыпырдын кыймылы лазердик шаймандын жардамы менен өлчөп көрүшкөн.

Изилдөө эмгектеп бараткан бөбөктөн чоң кишиге караганда 20 эсе көп чаң абага көтөрүлөрүн, бөбөк ошон үчүн чоң кишиге караганда түрдүү теги биологиялык аэрозолдук бөлүкчөлөрдү төрт эсе көп дем аларын көрсөткөн. Анын үстүнө бөбөк жерге (полго) жакын болуп, негизинен оозу менен дем алгандыктан, майда бөлүкчөлөр эч кандай тоскоолдуксуз өпкөсүнө кирет.

Бөбөктүн ичине кирген микроорганизмдер анын иммундук системасын жигердүү иштетип (активдештирип) чыңайт. Муну илимде “гигиеналык гипотеза” деп аташат.

Береги гипотезаны турмуштук фактылар да ырастайт. Айыл жеринде мал-жандыктарга аралашып чоңойгон балдарда шаарда “таза жагдайда” өскөн балдарга салыштырмалуу иммундук системанын бузулганын мүнөздөгөн аутоиммундук өзгөрүү аз болот. Ошого өнүккөн өлкөлөрдө чоңойгон балдар астма жана аллергия менен көбүрөөк ооруйт.

“Көптөгөн изилдөөлөр дем алуунун (ингаляция) аллергендерди ташычу микробдор менен бөлүкчөлөргө тутугуп бышуусу астмадан жана аллергиялык оорулардан коргоодо маанилүү роль ойной турганын айкындаган. Биологиялык материалдардын түрлөрүнө жана уюгуна кабылуу кийин жашоодо астма жана аллергиянын жайылышын басаңдатканын тастыктаган изилдөөлөр бар”,-дейт доцент Брендон Бёр.

(Булагы: http://www.purdue.edu, http://www.essentialbaby.com.au)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG