Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 14:00

Дүйнөдөгү эң кичинекей открытка. Дүйнөдөгү биринчи күн поезди жүргүнчүлөрдү ташууда. Жабык дүйнөнүн сырын билчү корголдой “робот-дирижабль”. АКШда эмчек безинин рак дартына кабылгандардын 39% айыктырылат.

Дүйнөдөгү эң кичинекей открытка

Жаңы жылдык бул открытканын туурасы 15 микрон (0.015 мм), бийиктиги 20 микрон (0.02 мм). Кадимки почта маркасынын бетине берегидей 200 миллионго жакын микрооткрытка батат. (Микрометр метрдин миллиондон бир бөлүгүнө барабар).

Мындай микрооткрытканы Британиянын Улуттук физикалык лабораториясынын (National Physical Laboratory) окумуштуулары жасашты. Британ окумуштуулары буга чейин чоңдугу 200х209 микрометр болгон жаңы жылдык открытка жасашкан.

Майрамдык открытканын бетине кардан жасалган Аяз Атанын сүрөтү түшүрүлүп, жаңы жылдык куттуктоо жазылган. Ал сүрөт менен жазууларды күчтүү микроскопсуз көрүү мүмкүн эмес.

Открытка 200 нанометрлик (0. 0002 мм) кремний нитридинин мембранасынан жасалып, бетине платинанын 10 нанометр калың буусу жалатылган.

Жаңы жылдык открытканын бетине сүрөт жана куттуктоо сөзүн түшүрүш үчүн чоң ылдамдыкка күүлөндүрүлгөн иондордон турган ион нуру колдонулган.

“Открытка жаңы жылдык майрамды белгилөөнүн кызыктуу ыкмасы. Бирок материалдардын мындай масштабы изилдөөдөгү чоң прогрессти шарданалайт,” - дейт көзгө көрүнбөс открытканы жасаган эки илимпоздун бири, доктор Дэвид Кокс (David Cox). Анын сөзүнө караганда, микрооткрытканы жасоодо колдонулган аспаптарды өтө майда тетиктердин калыңдыгын өлчөш үчүн, ошондой эле күн батареялары менен аккумуляторлордун жаңы түрлөрүн иштетүүдө жана жарым өткөргүчтөрдүн технологиясында пайдаланса болот.

(Булагы: http://www.dailymail.co.uk, https://www.reuters.com)

Австралияда күн поезди каттай баштады

Бул дүйнөдөгү биринчи күн панелдеринен кубат алчу поезд. Ал 1-январдан тартып Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс штатынын түндүк жээгиндеги Казино (Casino) жана Мервилламба (Murwillumbah) шаарчаларынын ортосунда саат сайын каттай баштады. Ал декабрдын ортосунан бери сыноо режиминде иштеп жаткан.

Күн панелдери 1949-жылкы эски поезддин эки вагонунун чатырына ийип орнотулган. 70 тонналык эки вагондун чатыры согуштук учактын фюзеляжы капталган жука алюминийден жасалгандыктан, жакшы сакталган.

Поезддин төбөсүнө орнотулган күн панелдери иштеп чыккан энергия анын аккумулятордук батареясын дүрмөттөөгө керектелет. Ашыкча өндүрүлгөн электр кубаты атайын кампада сакталат же жергиликтүү электр түйүнүнө берилип, керек учурда кайра алынат.

Поезд регенеративдик тормоз системасы менен да жабдылган. Ал поезд күүлөнүш үчүн сарптаган электр кубатынын 25% толуктап турат. Поезд аккумуляторлук батареяларын күн бүркөк учурда темир жол бекетинин чатырындагы 30 кВттык күн панели иштеп чыккан энергия же жергиликтүү электр түйүнүнөн алынган электр кубаты менен да дүрмөттөп алат. Жергиликтүү электр түйүнү толукталып турчу энергия булактарына туташтырылган.

Байрон-Бей шаарына жылына 200 күн Күн чакчайып тийет.

Солярдык поезд күндүн кубатын пайдалангандыктан, жүрүп баратканда кадимки поезддердей шарактап үн чыгарбайт.

Азырынча күн поезди туристтер көп келчү Байрон-Бей шаарындагы 3 чакырымдык аралыкка гана жүрүүдө. Анын эки вагонуна 100 жүргүнчү сыят. Поезддин велосипед салчу жана жүргүнчүлөрдүн багаждарын салчу бөлмөсү да бар. Билеттин баасы чоңдор үчүн үч доллар. Ал эми 4 жаштан 14 жашка чейинкилер үчүн эки доллар.

Күндөн кубат алып иштеген бул поезд жумасына бир жолу эзелкиче кара май жагып жүрөт.

Мервилламба темир жол каттамындагы Байрон-Бей бекети 1894-жылы 15-майда ачылып, 2004-жылдын 16-майында Казино каттамы токтотулганга чейин иштеген.

Жергиликтүү "Byron Bay" темир жол компаниясынын өкүлү Жереми Холмс (Jeremy Holmes) эски поездди жаңы технологиянын негизинде жүргүзүү курорттуу шаарды туристтер үчүн ого бетер кызыктуу кылаарына ишенет.

4 миллион долларлык долбоор курорттуу жээкте бизнес кылган мультимиллионер Брайан Фланнеринин (Brian Flannery) демилгеси менен ишке ашырылган.

(Булагы: http://www.abc.net.au, https://www.lonelyplanet.com)

Үйлөсө мөөндөй чоңойчу “робот-дирижабль”

Египеттеги Хеопс пирамидасындагы археологдор кире албаган боштуктар жана бөлмөлөр “робот-дирижаблдын” жардамы менен изилденет. Берегидей археолог-роботторду Франциянын INRIA институту, HIP институту (Heritage, Preservation, Innovation), Улуттук илимий изилдөөлөр борбору (National Center for Scientific Research) Каир университетинин инженердик факультети (Faculty of Engineering of Cairo University) менен чогуу өнүктүрүүдө. Бул ишке "Robeauté" компаниясы жана "La Fondation Dassault Systèmes" фонду көмөктөшүүдө.

Жаңы идеяга ылайык, байыркы архитектуралык имараттын киши өтө алгыс бөлүгүн изилдеш үчүн диаметри 3.5 сантиметрлик тешик жетиштүү. Бул тешик аркылуу имараттын ичине узун түтүктүн ичиндеги платформага орнотулган робот киргизилет.

Робот-дирижабль гелий менен үйлөп толтурулуп, кызматка даяр абалында диаметри 80 см түзөт. Дирижаблдын мотору, сенсорлору, камерасы, навигациялык системасы болуп, бар салмагы 50 грамм гана. Ал учуп жүрүп, имараттын ичин сүрөткө жана видеокамерага тартат. Бөлмөнүн картасын түзөт жана дубалга же баалуу тарыхый эстеликтерге эч кандай зыян келтирбейт.

Мындай робот-дирижаблды пирамида жана башка архитектуралык имараттардын көңдөй жерлерин, кыйраган имараттардын астын изилдеш үчүн да пайдаланса болот.

Долбоордун жетекчиси Жан-Батисте Мурренин (Jean-Baptiste Mourret) айтымында, робот-дирижабль оболу Улуу Пирамиданын ичин изилдеш үчүн пайдаланылат. Себеби, жакында эле "ScanPyramids" миссиясы космостук моюн нуру менен иштеген детекторлорду колдонуп, Чоң галереянын үстү жагында жана пирамиданын түндүк жагындагы коридордун баш жагында чоң бош мейкиндик, ал эми пирамиданын түндүк-чыгыш четинде кичирээк бош мейкиндик бар экенин аныктаган.

Француз окумуштуулары жетектеген береги долбоор, адистердин айтуусунда, “жашыруун дүйнөнүн койнунда катылып жаткан көптөгөн сырларды” археологиялык имараттар менен тарыхый эстеликтерге эч кандай зыян келтирбей билүүгө даңгыр жол ачат.

(Булагы: https://article.aquaiver.com, https://techxplore.com)

АКШ: Эмчек бези рак болгондордун 39% айыктырылат

АКШда 1989-2015-жылдар арасында эмчек рагынан кайтыш болгондор 39% азайган. Бул 322 600 киши эмчек рагынан куткарылды деген сөз.

Американын Онкология коомунун (American Cancer Society) соңку маалыматына ылайык, маммографиянын жардамы менен аялдардын эмчек безин туруктуу изилдөө, алдын ала диагноз коюу жана эмчек рагын кеңири дарылоо коркунучтуу ооруга каршы күрөшкө олуттуу салым кошкон.

АКШнын кээ бир штаттарында ак жана ынды кара аялдардын эмчек безинин рак илдетинен көз жумушу дээрлик теңелип калган. Бул эмчек безин маммографиялык изилдөө жана эмчек рагын дарылоо өлкөнүн береги штаттарында бирдей деңгээлде өнүгүп жатканын көрсөтүп турат. (Маммография - аялдардын эмчек безин сырткы белгилери боюнча изилдөө илими).

Бирок да эмчек рагынан өлгөн ынды кара жана ак аялдардын ортосундагы айырма Невада штатында 20% түзсө, Луизианада 66% болгон.

Калифорния университетинин хирургу, доцент Дианна Аттай (Deanna Attai) айымдын айтымында, эмчек безин рактан айыктырууда 1980-жылдары колдонууга киргизилген химиотерапиялык процедуралардын мааниси чоң. Химиотерапиялык процедуралар рак кайта өнүкпөшү үчүн операциядан кийин колдонулат.

Доктор Дианна Аттай береги изилдөөгө катышкан эмес. Андан тышкары баяндамада 1970-жылдары колдонууга алынган тамоксифен, антиэстроген, герцептин (Herceptin) сыяктуу дарылардын пайда болгону белгиленет. Саналган дарылар жаман шишиктин кээ бир түрлөрүнө каршы колдонулат.

Бирок АКШда эмчектин рагы тери рагына салыштырмалуу көп жайылган жана аялдардын 12,4% (сегиз аялдын бирине) көзү тирүүсүндө ушундай диагноз коюлат.

Ошол эле учурда ынды кара аялдар эмчек рагынан көп ажал тапканы, 2011-2014-жылдары ак аялдарга салыштырганда ынды кара аялдар 42% көп көз жумганы белгиленет. Мунун себеби ынды кара аялдарда дарылоого татаал рактын тез өнүкчү формасы көп катталганы менен түшүндүрүлөт.

Изилдөө көрсөткөндөй, эмчек безинин рагы 50 жаштагы жана андан өйдө курактагы аялдарда кездешип, бул дарттан көз жумгандардын 89% ушул курактагылар.

АКШда аялдардын эмчек рагын дарылоодогу чоң ийгиликтерге карабай, эмчек безинин рагы экинчи коркунучтуу илдет деп саналат.

(Булагы: http://time.com, https://www.usnews.com, https://www.washingtonpost.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG