Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:34

Дүйнөдөгү биринчи солярдык автожол курулду. Германияда тез жүрчү лифттер сыналчу мунара ишке кирет. Дүйнөдөгү эң кичине наноаязата. Майрам учурунда аша тойгондун зыяны жүрөктөн чыгары кайра тастыкталды.

Дүйнөдөгү биринчи солярдык авто жол

Күн батереялары төшөлгөн бир чакырымдык солярдык жол 22-декабрда Франциянын Нормандия аймагындагы Турувур (Tourouvre) шаарчасында ачылды. Жолдун бетине 2880 даана фотогальваникалык Wattway күн батареясы (панел) төшөлгөн. Эксперименталдык жолдун бир чакырымдык бөлүгү күнүнө орточо 767 кВт/саат электр кубатын иштеп чыгат. Ал эми жайкы аптапта 1500 кВт/саатка чейин электр кубатын берет. Ошентип ал жылына 280 МВт/саат электрэнергия өндүрөт. Минтип күн электр станциясы иштеп чыккан электр кубаты солярдык жолго танапташ коммуналардын бирин энергия менен камсыздайт. Солярдык жолду курууга 5 миллион евро (5, 2 млн доллар) жумшалган.

Күн панелдеринин үстү менен автомобилдер күнү-түнү каттай берет жана алар панелдердин электр энергиясын иштеп чыгаруусуна тоскоолдук кылышпайт. Маалымдалганга караганда, Турувур шаарчасындагы жол менен күнүнө эки миңдей машине өтөт.

Күн батареялары электрондук башкаруу системасына жана жергиликтүү электр түйүнүнө туташтырылгандыктан, панелдер кандайдыр бир себептер менен иштебей турганда, керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабайт.

Солярдык жолдун жээгине орнотулган плазма панелинен куралган экран иштеп чыгарылган электр энергия, аны пайдалануудан үнөмдөлгөн отун ресурстары (мунай, газ, көмүр), анын эсебинен абага канча көмүрдүн кычкылы аз бөлүнгөнү сыяктуу маалыматтарды кабарлап турат.

"Мындай эксперименталдык жол бизге күн панелдерин монтаждоо ишин жакшыртууга, анын конструкциясын оптималдаштырууга жана жолдо пайдаланылчу күн батареяларын жасоонун жолун жакшыртканга мүмкүндүк берет," - дейт Wattway компаниясынын өкүлү Жан-Чарльз Бройзат (Jean-Charles Broizat).

Азыр Wattway батареясы үчүн 1 киловатт/пик күн энергиясын иштеп чыгуу 17 доллар турса, тамдын чатырларына орнотулган күн панелдери 1 киловатт/пик күн энергиясын 1, 3 еврого иштеп чыгат.

Франциянын Толукталма энергия ассоциациясынын маалыматына ылайык, күн энергиясын иштеп чыгуу 2009-2015-жылдары 60% арзандаган.

Солярдык жолду курган Colas фирмасынын билдиришинче, Франция өзүнүн бир миллион км асфальт жолдорунун төрттөн бир бөлүгүн эле күн батареялары менен каптаса, электр кубатынан күнкорсуз мамлекет болуп калат.

Франциянын Экология министри Франсуа Сегаль айымдын айтуусунда, ал өлкөдөгү ар 1000 км жолдун 1 км солярдык жол болуусун каалайт.

2014-жылы Нидерландиянын байтакты Амстердамдын четинде велосипедисттер үчүн 70 метрлик солярдык жол салынган. Ал жолдун курулушуна 3 миллион евро сарпталган.

(Булагы: http://arstechnica.com, http://www.japantimes.co.jp/news)

Тез жүрчү лифтер сыналчу мунара

Лифттерди сыначу темир бетон мунаранын бийиктиги 246 метр. Ал Германиянын түштүк батышындагы Роттвайл шаарында курулууда жана быйыл (2017-жылы) жаз айларында ишке кирет. Бул мунарада жергиликтүү Thyssenkrupp Elevator компаниясында жасалган ылдам жүрчү жаңы лифттери жана башкаруу системалары сыноодон өткөрүлөт. Лифттер мунаранын шахтасында 18 метр/секунд ылдамдык менен же саатына 65 км ылдамдыкта жүрө алат. 12 лифт каттачу шахтасы бар мунараны курганга 43 миллион доллардан көп акча сарпталмакчы. Маалымдалгандай, MULTI тибиндеги жаңы лифттерди тартчу болот трос жана электр кабели жок; анын кабиналары тик өйдө гана жылбастан горизонталдык мейкиндикте да жүрө берет.

Бул лифттерге зарыл мейкиндиктин аянтын 40 % азайтканга мүмкүндүк берерин билдирген Thyssenkrupp Elevator компаниясынын жетекчиси Андреас Ширенбек (Andreas Schierenbeck). Ал жаңы лифттин технологиялык өзгөчөлүгү тууралуу мындай деп түшүндүрөт: “Оюндун аты - Транспорттун кубаттуулугу деп аталат. Эгер аркан-жиптерди алып салсаңыз, туура багытты көрө баштайсыз.“

Мунаранын 232 метринде көрөрмандар үчүн атайын аянтча бар. Аянтка чыккан адам 360 градус айлананы көрөт. Бул Германиядагы эң бийик көрүүчү аянт болот.

Баса, мунаранын бетон дубалынын сырты айнек буласынан жасалган материал менен капталат. Ошондуктан убакытка, аба ырайына жана жыл мезгилине жараша мунаранын сырты түрдүү өңгө кубулуп турат.

Германиялык компания мындай MULTI тибиндеги жаңы лифт системасы жер тартыш жана баасы абдан кымбат болгондуктан имараттардын төбөсү булут тешип бараткан Жакынкы Чыгыш менен Азия өлкөлөрүндө кеңири колдонулат деген ишенимде.

(Булагы: http://www.dailymail.co.uk, http://testturm.thyssenkrupp-elevator.com)

Эң кичинекей Аяз ата

Канадалык окумуштуулар жасаган дүйнөдөгү эң кичинекей Аяз атаны көз менен көрө албайсыз. Аны көрүү үчүн электрондук микроскоп керек. Анткени Онтариодогу Батыш университетинин нано өндүрүш лабораториясында (Тhe western nanofabrication facility at Western University) жасалган Аяз атанын бою үч микрон же 0, 003 миллиметр. Адамдын чачынын жоондугу 75 микрондон 120 микронго чейин болот.

Бул Аяз ата диаметри 0, 9 микрондук кварцтын үч бөлүгүнөн жасалган. Кварцтар бири-бири менен электрондук нур литографиясын пайдаланып туташтырылган. Аяз атанын көзү жана оозу бир фокуска топтолгон ион нурунун жардамы менен кесип жасалган. Ал эми колдору менен мурду ушундай эле ыкма менен платинадан кесип алынган.

2009-жылы Британиядагы Саррей университетинин алдындагы Улуттук физикалык лабораториясынын изилдөөчүсү Дэвид Кох (David Cox, a National Physical Laboratory research fellow at the University of Surrey) тарабынан жасалган нано Аяз атанын боюнун бийиктиги 0, 001 нано эле. Ал эми Канадада жасалган нано Аяз атадан 10 эсе чоң болчу.

(Булагы: https://www.scientificamerican.com, http://www.theverge.com)

Майрам кезде майлуу тамактан сактаныңыз!

Медициналык статистика боюнча, декабрь айынын аягы жана январь айында инфарктка кабылган адамдардын саны арбыйт. Анын себеби биринчи кезекте Жаңы жылдык майрам алдындагы жана майрам кездеги мол тамак-аш менен коштолгон шаан-шөкөттөр, куттуктоолор, нервдин чыңалуусу. Буга чейин америкалык окумуштуулар жүргүзгөн изилдөөлөр да 25-декабрь - Рождество жана 31-декабрь - Жаңы жыл майрамдары кезде жана бул даталардан кийин жүрөк дартына байланыштуу ооруулар көбөйөрүн көрсөткөн. Бирок, андай жараян негизинен Түндүк Америкага гана мүнөздүү болушу ыктымал деп боолгонуп жаткан. Австралиялык окумуштуулардын изилдөөсү Жаңы жыл жана Рождество майрамдары кездеги ашыкча тамак жеген, демейдегиден арак-шарапты көп ичкен, майрам кезде адам кабылган стресстер жылдын башка мезгилине караганда инфаркттын көбөйүүсүнө алып барарын тастыктады.

Мельбурн университетинин илимпоздору Жаңы Зеландия боюнча 25-декабрдан 7-январга чейин инфаракттан көз жумгандардын статистикасын изилдеп чыккан. Тактап айтканда, 25 жыл ичинде (1988–2013) кайтыш болгон 738 409 адамдын медициналык тарыхын изилдешкенде,197 109 адам инфаркттан жайран болгону такталган. Алдагы маалыматтарды жылдык орточо статистикалык көрсөткүч менен салыштырып көрүшкөндө Рождество маалында жүрөгү кармап набыт болгон адамдардын саны жылдын башка мезгилине салыштырганда 4,2% көп экени аныкталган. Ошол эле мезгилде инфарктка кабылгандардын жаш курагы изилдөө камтыган аралыкта орточо бир жылга ылдыйлаган.

Илимпоздор изилдөөлөргө таянып, инфарктка көпчүлүк учурда тамакты колкодон тойо же курсак жарылганча жеген, арак-шарапты ченебей эс учту жоготкончо ичкен, ошондой эле стресс айгакчы болот деп жыйынтык чыгарышат. Андан тышкары, майрамды үйдөн сырт жакта белгилегенде адам өзүнүн физикалык ал-ахывалына анча маани беришпейт. Мунун кесепетинен непада жүрөгү кармап калса, доктурларга өз маалында кайрыла албай калышат. Ошого “Жакшы тамак калганча, жаман курсак жарылсын” деген макалды шакаба айтылган сөз деп, ден соолугуңузга абай салыңыз!

(Булагы: http://jaha.ahajournals.org, http://www.medicaldaily.com)

------------------

1 киловатт/пик – күн панелдери өндүргөн энергияны өлчөө бирдиги.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG