Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Булчуңдуу робот тонна жүктү тоготпойт


Балбан булчуң
Балбан булчуң

Оригаминин негизинде жасалган жасалма булчуң өз салмагынан миң эсе оор жүктү көтөрөт: Графен асфальт жолдун “өмүрүн” узартат. Спирт ичимдиги кишини шер кылат.

Жасалма булчуң өзүнөн 1000 эсе оор жүк көтөрөт

Оригаминин негизинде жасалган жасалма булчуң өз салмагынан миң эсе оор жүктү көтөрө алат. Салмагы 2, 6 граммдык мындай булчуңдуу робот 3 килограммга майышпайт. Бул жаңы төрөлгөн наристе автомобилди көтөрдү деген кеп.

Үч өлчөмдүү принтерди пайдаланып, берегидей бир булчуңду 10 мүнөттөн аз убакта жасап салса болот. Мындай бир булчуңду жасаганга 1 долларга жетпеген акча сарпталат.

Алдагыдай оригама булчуңду АКШдагы Массачусетс технология институтунун Информатика жана жасалма интеллект лабораториясы (MIT's Computer Science and Artificial Intelligence Laboratory) жана Гарвард университетинин Вайс институту (Wyss Institute for Biologically Inspired Engineering, at Harvard University) жарнакташып жасашкан.

Жасалма булчуңдун негизи катары герметикалык кабыгы бар пластикалуу “скелет” кызмат кылат. Ошого булчуңга аба же басым астында суу толтурганда вакуум пайда болот. Өз кезегинде вакуум булчуңду кыймылга келтирет. Булчуңдун кыймылы аны жасап жатканда скелетинин түзүлүшүнө ылайык программаланып коюлат.

Бул жаңы технологиянын негизинде буюм көтөрчү, жыландай ийрилчү жана баштапкы абалынан он эсе кичине болуп калчу робот-манипулятор жасалган. Мындай жасалма булчуңдарды сууда эрип кетчү полимерден жасачу болсо, ал өзүнө тапшырылган жумушту аткаргандан кийин айлана-чөйрөгө эч кандай зыян келтирбестен жок болуп кетет.

- Биз жасаган булчуңдарды ушунчалык күчтүү болот деп ойлогон эмеспиз... Миң эсе күчтүү болот деп үмүт кылган жок элек. Эми суперкүчтүү роботторду жасоого кеңири мүмкүнчүлүк пайда болду, - дейт Массачусетс технология институтунун профессору Даниэла Рус (Daniela Rus) айым.

Табылганын авторлорунун бири Шугуан Ли (Shuguang Li) жаңы булчуңдардын эң маанилүү жетишкендиги деп, скелетинин бүгүлгөнүнө жараша бүтүндөй тулкунун кыймылын долбоорлоп жатканда эле программалап койсо болорун айтат.

“Вакуумдук булчуңдардын үзүлүп кетүү, бузулуу жана иштебей калуу ыктымалдыгы бир кыйла аз. Алар иштеп жатканда чоюлуп да кетпейт. Ошондуктан аларды кишинин денесинде иштечү роботко ылайыктап койсо болот, - дейт Вайс институтунун инженери Даниэл Фогт (Daniel Vogt).

Алдагы жаңы технологияны колдонуп, бир нече миллиметрден бир метрге чейинки чоңдуктагы булчуңдарды жасоо мүмкүн. Жасалма булчуңдун иштөө жолоюн океандардын тереңин изилдөөчү зонддорду жана татаал хирургиялык операцияларды жасоодо колдонулчу аспаптарды, ошондой эле архитектуралык элементтерди жасоодо колдонсо болот.

(Булагы: https://www.seas.harvard.edu, https://www.theengineer.co.uk)

Графен асфальт жолдун “өмүрүн” узартат

Жол курганда асфальтка графенди же эки өлчөмдүү кристаллды кошсо, асфальттын бети бекем жана сапаттуу болот. Натыйжада, жол бышык болуп, демейдегиден узакка кызмат кылат.

Асфальт жолдорду курганда кошулчу Eco Pave деген берегидей атайын аралашманы Италиянын Directa Plus plc жана Iterchimica S.r.l. компанияларынын адистери Graphene Plus технологиясынын негизинде ойлоп табышкан.

Мындай графен аралашма кошулган асфальт күн ысыганда өтө эле жумшарып кетпейт жана катуу суукта асфальттын бети жарылбайт.

Изилдөөлөргө караганда, Eco Pave графен аралашмасы асфальт жолдун бетин ийилчээк кылып, кызмат мөөнөтүн 12-14 жылга чейин узартат. Азыр асфальт жолдун бети алты-жети жылга гана чыдайт.

Бул аралашма асфальт жолдун жаракаларын жана четиндеги сыныктары менен оюлган жерлерин сапаттуу оңдогонду мүмкүн кылат.

Eco Pave аралашмасы кошулган асфальтты толук бойдон кайра пайдаланса болот. Ал үчүн эски асфальтты майдалап, ага жолду эластикалуу кылуучу пластификаторду кошкон жетиштүү.

(Булагы: https://www.dailytechinfo.org, http://www.londonstockexchange.com)

Арак кишини шер кылат, сыра жана шарапчы?

Шарап кишинин денесин бошотуп, кайратын качырат, бирок кишиде ышкы кумары жанданат. Арак, виски сыяктуу алкоголдук ичимдиктер жанга кубат берип, кишини шердентет жана агрессивдүү кылат. Сыра кишинин өзүнө болгон ишенимин арттырат.

Британ окумуштуулары менен адистери (King’s College London & Public Health Wales National Health Service Trust) бейөкмөттүк Global Drug Survey уюму өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыгын талдашкандан соң ушундай бүтүм чыгарышты.

Global Drug Survey онлайн режимде жүргүзүлгөн бул сурамжылоого 21 өлкөдөн 18 жаштан 34 жашка чейинки курактагы 30 миң жаран катышкан.

Алкоголь түрүнө жараша ичкен адамда: чарчоо, тынчсыздануу, коркуу, оңой эле ыйлап жиберүү, баатырсынуу, тили узаруу сыяктуу түрдүү эмоция жаратат.

Арак, джин жана виски тейдеги күчтүү ичимдиктер кишиде көбүнесе негативдүү эмоцияны пайда кылат. Ал эми күчтүү спирттик ичимдик ичкендердин 33% жакыны өздөрүн агресссивдүү сезишкен. Мындай абалга шарап ичкендердин 2,5% гана кабылган.

Ошол эле учурда спирт ичимдиктерин сүйүүчүлөр шарап жана сыра ичкендерге караганда алагүү абалында өздөрүн көбүрөөк бактылуу, күчтүү жана баатыр деп сезишкен. Респонденттердин дээрлик ар бир экинчиси арак же виски ичкен соң өздөрүн сексуалдуу да сезип калышкан. Бирок спирт ичимдиктерин ичкендер шарап жана сыра ичкендерге караганда начар эс алышканын айтышкан.

Мисалы, кызыл шарап ичкендердин 52% жана сыра ичкендердин 50% жакыны денебиз бошоп, жакшы дем алдык дешсе, арак ичкендердин арасында бул көрсөткүч 20% араң жетет.

Аялдар алкоголдук ичимдиктен катуу эмоцияга түшкөнү менен эркектер сыңары өздөрүн агрессивдүү сезишпегенин айтышкан.

Global Drug Survey уюмунун маалыматына ылайык, ар жылы дүйнөдө арак-шарапты ашыкча ичкендин кесепетинен 3,3 миллион адам жайран болот.

(Булагы: https://www.inverse.com, http://bmjopen.bmj.com)

Диний үгүт үмөттөрдүн санын көбөйтөт

АКШда саясаттагыдай эле диний уюлга бөлүнүү күчөп баратат. Алдагы жараян Батыштын тарса дүйнөсүнө таандык эмес дешет америкалык социологдор Лэндон Шнабел жана Шон Бокт (Landon Schnabel of Indiana University Bloomington & Sean Bock of Harvard University).

Алар соңку 30 жылда Кошмо Штаттарда өткөрүлгөн сурамжылоолорду талдашып, ургалдуу аракеттенген христиан евангелисттери бул жылдары популярдуу бойдон калганын көрүшкөн. Барга топук кылган протестантизм өз үмөттөрүн такай жоготуп отурган.

Эгер 1972-жылы протестанттар АКШ калкынын 35% түзсө (73,5 миллион), 2016-жылы элдин 12% (39 миллион) түзгөн. Илимпоздор мунун себебин протестант үй-бүлөлөрдө төрөттүн төмөндөшү, иммигранттар арасында протестанттар аз экени жана протестант чиркөөсүнө чокунгандар азайганы менен түшүндүрүштү.

Ал эми евангелисттердин көбөйүүсү: төрөттүн өсүүсүнө, динге ургалдуу ташбыйкаттоонун натыйжасында чокунгандардын көбөйүүсүнө байланыштуу. Ошого тарса евангелисттер 1972-жылы АКШ элинин 18% түзсө, 1989-2016-жылдары туруктуу калган же 28% деңгээлинде кармалган. “Кошмо Штаттарда диндин топуктуу формалары убакыт өткөн сайын актуалдуулугун жоготушу ыктымал”,-дейт Лэндон Шнабел.

Бүгүн кээ бир аалымдар, илим жана техника өнүккөн бай өлкөлөрдө дин бара-бара таасирин жоготот деп ырасташат. Батыштын тарыхый христиан өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн сурамжылоолор 1991-жылдан бери динге ишеним бошоп баратканын аныктаган. Бирок жогорудагы көрүнүш-Шнабел менен Боктун айтымында, эл арасында ургалдуу иш жүргүзгөн АКШдагы чиркөөлөргө мүнөздүү эмес.

Изилдөө жүргүзүлгөн 1989-2016-жылдары ар кайсы динди кармангандардын деңгээли туруктуу 36% болгон. Лекин өздөрүн эч бир динге кошпогон улуу курактагылардын саны 9 проценттен 20% дейре өскөн. Ал эми диний ибадаттарга барбагандар 14 проценттен 25% жетсе, чанда бир барчулар 80 проценттен 70% түшкөн. Деген менен анда-санда ибадат кылгандар же такыр ибадат кылбагандардын катары да береги жылдары 24 проценттин тегерегинде болгон. Күнүнө бир нече жолу чокунгандар 24 проценттен 30% чыккан.

Америкалыктардын үчтөн бирине жакыны “Инжилди” Кудайдын сөзү деп ишенишет. “Инжилди” Кудайдын кудурети катары көргөндөрдүн катары бир аз суюлганы менен алар элдин теңине жакынын түзөт. Ошол эле маалда мурда элдин 15% “Инжилди” жомок деп билсе, азыр андайлар элдин 22% барабар.

Аалымдар жогорудагы бүтүмдү Чикаго университетинин Улуттук ой-пикирди изилдөө борбору 1989-2016-жылдары ар жылы 1500 чамалуу адам менен өткөргөн сурамжылоого таянып жасашкан.

Жогорудагы изилдөөгө социологдор Дэвид Воес жана Марк Чэвес (David Voas, University College London & Mark Chaves, Duke University) макул эмес. Алар ошол эле Улуттук ой-пикирди изилдөө борборунун маалыматтарына шилтеп, 2014-жылы 18 жаштан 30 жашка чейинки курактагылардын 45% Кудай бар деп ишенгенин айтышат. 65 жаштан өйдө курактагылар арасында бул көрсөткүч 68% тете.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.reddit.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG