Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

Сибирде лосьон ичип мерт кеткендердин саны 50дөн ашты


"Боярышник" лосьону.
"Боярышник" лосьону.

Сибирдин Иркутск аймагында парфюмериялык кошулма - лосьон косметикалык каражатын ичип каза тапкандардын саны кеминде 54 адамга жетти. Мындан улам Иркутскинин губернатору Сергей Левченко аймакта өзгөчө кырдаал жарыялап, курамында алкоголь бар “Боярышник” аттуу бул каражатты сатууга тыюу салды.

Ал иликтөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча аталган лосьон дүкөндөрдө сатылбай турганын билдирди. Расмийлер курамында бул косметикалык каражатты алкоголдук ичимдик катары колдонуу өлүмгө алып келерин эскертип жатышат. Бул каражатты саткан жети адам кармалып, жалпы көлөмү 500 литрлик лосьон салынган 2000 контейнер конфискацияланды. Мындан тышкары аймактагы лосьон чыгарган эки компания аныкталды.

XS
SM
MD
LG