Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Казакстанда жейрендер кырылууда

Борбор Азияда "Кызыл китепке" кирген жейрендер тездик менен жоголууда. Казакстанда алар эмне себептен кырылганы так айтыла элек. Кустанай облусунда 19-майда жут алган 19231 жейрендин сөөгү өрттөлгөнүн Чукул кырдаалдар министрлиги маалымдады. Коңшулаш Актөбө облусунун Иргиз-Торгой табият коругунда 68 жейрендин өлүгү табылган. Айыл чарба министрлиги жейрендердин кырылып жатканын жазгы жутка жана жугуштуу ооруларга чалдыкканына байланыштуу болсо керек деп боолгойт.

"Жейрендерди коргоо альянсы" деп аталган экологдордун уюму Борбор Азияда алардын саны 260 миңдей экенин, 200 миңге чамалуусу Батыш жана Борбордук Казакстанды байырларын белгилейт.

XS
SM
MD
LG