Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:09

3D өлчөмүндө долбоорлонгон дүйнөдөгү биринчи бетон көпүрө курулду. Сууга чаңкабас помидор. Күмүш наноөткөргүчтөрдөн жасалган аэрогель. Улуу курактагылар ден соолукта болуу үчүн көп кыймылдоосу лаазым.

3D өлчөмүндө долбоорлонуп курулган биринчи көпүрө

Дүйнөдөгү мындай биринчи көпүрө Нидерландиянын Гемерт шаарында курулду. Үч өлчөмдөгү технологиянын жардамы менен курулган көпүрө 800 катмар атайын бетондон жасалды.

“Жаңы көпүрө чакан эле. Бирок үч өлчөмдүү калып пайдаланылды. Бул дүйнөдөгү мындай жападан жалгыз көпүрөнү кайталангыс кылат”, - деп билдирди Эйндховен шаарындагы Технологиялык университеттин (Eindhoven University of Technology) өкүлү Тео Сэлет (Theo Salet).

Береги көпүрөнүн курулушу июнда башталып, үч айда бүткөн.
Тео Сэлеттин айтымында, “Үч өлчөмдүү калыпка куйган курулуш технологиясынын артыкчылыгы - үч өлчөмдүү принтер бетонду керектүү гана жерлерге жаткырат. Натыйжада жыгач (темир) калыпка куюлган салттуу ыкмага караганда бетон жана башка курулуш материалдары аз сарпталат”.

3D өлчөмүндө долбоорлонуп курулган дүйнөдөгү биринчи көпүрө. Гемерт, Нидерландия
3D өлчөмүндө долбоорлонуп курулган дүйнөдөгү биринчи көпүрө. Гемерт, Нидерландия

Жаңы технологияда курулган көпүрө велосипед тепкендерге ылайыкталганы менен эки тонна жүгү бар машинени көтөрө алат.

“Биз шаардык инфраструктураны аз чыгымдар жана чоң ылдамдыкта бүткөрүүгө мүмкүндүк берчү жаңы усулдарды жана ыкмаларды узактан бери издеп жатканбыз. Ушу көпүрөнүн мисалында үч өлчөмдүү технологияны пайдаланганда курулуш материалдары жана киши күчү аз керек болорун ырастачу ишенимдүү далилдерди алдык. Аны пайдаланганда эч кандай калдык да болбойт”, - деп билдирди көпүрөнү сыноодон өткөргөн BAM Infra компаниясынын башчысы Маринус Шиммель (Marinus Schimmel).

Ошентип керексиз калдыкка катар тартыш (дефицит) чийки заттарды керектөө да азаят. Бул өз кезегинде көпүрөнү жасоо учурунда көмүртектин диоксиди (CO2) абага аз бөлүнөт дегенди билдирет.

Ушу тапта нидерландиялык MX3D компаниясы Амстердам шаарында үч өлчөмдүү технологияны пайдаланып, дат баспаган болот көпүрөнү жасап жатат. Эки жээкти туташтырчу береги көпүрөнүн калыбы мартта бүтөт. Ал эми көпүрө июнда пайдаланууга берилет.

Үч жыл мурда Кытайдын Yingchuang New Materials фирмасы бүтүндөй үйдү үч өлчөмдүү долбоор боюнча жасоо мүмкүнчүлүгүн демонстрация кылган. Фирмага таандык машине бир күндө курулуш материалдарынын калдыктарын цемент менен аралаштырып, 10 үйдүн чатыры жок калыбын жасап койгон.

(Булагы: https://www.theguardian.com, https://www.dezeen.com)

"Суу ичпес" помидор

Чаңкабас мөмө кадимки помидорлорго караганда сууну 90% аз ичет. Израилдик илимпоздор өстүргөн бул помидордун дагы бир өзгөчөлүгү: ал кургакчылыктан жана жумуртка бышчудай болгон таптуу ысыктан коркпойт.

Иерусалимдин Хебров университетинин (Hebrew University of Jerusalem) эксперименталдык талаасында помидордун 200 түрү (сорту) өстүрүлөт. Эксперименталдык чарбанын агроному Амир Коштун (Amit Koch) айтымында, помидор ширелүү болуусу үчүн анын көчөтүн үзбөй жана мол сугаруу абзел.

Израилдик окумуштуулар кургакка чыдамдуу помидорду өстүрүү үчүн анын уругун генетикалык жактан модификациялашкан эмес. Долбоордун координатору Даниэл Замирдин (Daniel Zamir) билдиришинче, алар түрдүү помидорлордун биологиялык өзгөчөлүгүн же ДНКсын изилдеп көрүп, анын сууну аз ичкен жапайы түрүн таап, чарбактагы помидор менен кайчылаштырган. Ошондо кайчылаштырылган помидор “мурдагы функциясына катар жапайы помидордун” мыкты сапаттарына ээ болот.

“Биз ДНКнын жүздөгөн үлгүсүн текшеребиз. Алардын табияттын катаал шартына туруктуулугуна, чыдамкайлыгына өзгөчө көңүл бурабыз”, - дейт Иерусалимдин Хебров университетинин биотехнолог Яэл Голдберг (Yael Goldberg).

Берегидей селекциялык изилдөө иштери помидордун жаңы түрүн өстүрүүдөн башка да алардын курт-кумурскаларга жана түрдүү ооруларга туруктуу сортторун өндүрүү үчүн да жүргүзүлөт.

Арийне, кургакка чыдамкай помидор базарда өтүмдүү болуусу үчүн ал кадимки помидорлордой ширелүү, даамдуу, жыттуу жана көзгө жагымдуу болуусу шарт.

Иерусалимдин Хебров университетинин биолабораториясында жыл сайын помидордун 700гө чамалуу түрү тесттен өткөрүлөт. Алардын ичинен эң мыктыларынын уругу алынып, айдоого сунуш кылынат. Азыр бул борбордо помидордун 12 миң түрүнүн уругу топтолгон.

(Булагы: http://ru.euronews.com, https://losagronegocios.com.uy)

"Салмаксыз" аэрогель

Буладан да жеңил аэрогелди АКШнын Энергетика министрлигинин Ливермор шаарындагы Э. Лоуренс атындагы улуттук лабораториясынын (Lawrence Livermore National Laboratory, LLNL) изилдөөчүлөрү лабораториялык жол менен алышты.

Жаңы аэрогель өзү сыяктуу материлдардан аз салмагы, жогорку механикалык көрсөткүчтөрү, токту жана жылуулукту мыкты өткөргөнү менен айырмаланат. Ошон үчүн ал болочокто электрондук, энергетика жана башка тармактарда кеңири колдонулчу материал болот дешет адистер.

Демейде металл аэрогелди өндүрүү татаал жана кымбат жараян болгондуктан аны кеңири колдонуу үчүн массалык түрдө чыгаруу өзүн өзү актабайт.

Америкалык изилдөөчүлөр ойлоп тапкан аэрогелди өндүрүүнүн технологиясы бир кыйла жөнөкөй жана арзан. Атап айтканда, күмүш наноөткөргүчтөр химиялык тундуруу усулунун негизинде синтезделип тазаланат. Андан соң наноөткөргүчтөр салынган суунун аралашмасы тоңдурулуп, ал тездик менен ысытылат. Тоңдурулган зат ысытылганда анын суусу бууланып кетет да наноөткөргүчтөр бири-бирине ширелешип, сомдолуп жаңы касиетке ээ болот.

Жогорудагы өндүрүштүк жараяндын параметрлерин өзгөртүү аркылуу түрдүү касиетке ээ аэрогелди алуу мүмкүн. Күмүш наноөткөргүчтөрдөн жасалган аэрогелдин минималдык тыгыздыгы 4.8 миллиграмм/см3. Андай материалдын бир чоң кесегин роза гүлүнүн желекчесинин бетине койсо, желекче “жүктөн“ кандай ийилгенин киши байкабайт да.

“Биздин нанозымдарыбыздын сапаты абдан бийик болгон үчүн берегидей ультражеңил аэрогелди жасай алдык. Баштапкы чийки затты лабораторияда синтездөөнүн жакшыртылган жолдору бизге алдагыдай түрдүүчө колдонсо болчу өзгөчө материалдарды жасоого мүмкүндүк берет", - дейт долбоордун башкы изилдөөчүсү Ен Хан (Yong Han).

Э. Лоуренс атындагы улуттук лабораториянын жетектөөчү адиси Киан Фонгдун (Fang Qian) айтымында, буладан да жеңил күмүш аэрогелди электроника жана электротехникада, ошондой эле энергияны жыйноо технологиясында, медициналык жабдууларда, түрдүү чоңдуктагы катализаторлор менен сенсорлордо колдонуу мүмкүн.

(Булагы: https://phys.org, https://www.nanowerk.com)

Улуу курактагылар көп кыймылдоосу лаазым

Британияда жүргүзүлгөн изилдөө улуу курактагылардын көп сыркоолосунун алардын жаш курагына тиешеси жоктугун айкындады. Алардын ноокастоосу аз кыймылдоонун натыйжасы экен.

Ушундан улам Оксфорд университетинин профессору Мюир Грэй (Muir Gray): "Биз улгайып бараткан кишилерди эс алууга чакырбастан, көп кыймылдоосун колдообуз абзел", - дейт.

Хирург-ортопед Скарлетт МакНелли жетектеген бул изилдөөдө кишинин физикалык формасы болжол менен 30 жаштан тартып бошоңдой баштаганын, ал эми 45,5 жаштан кийин бул жараян тездей турганын да аныктаган.

Түркмөнстандык ырасмийлер "Спорт айында". Апрель 2016
Түркмөнстандык ырасмийлер "Спорт айында". Апрель 2016

Киши эгер аз кыймылдаган жумушта иштесе, анын саламаттыгы бошоп, жумуш жөндөмү төмөндөй баштайт деп айтылат изилдөөдө. Аз кыймылдоо Британия элинин начар саламаттыгына себепчи болгон төрт фактордун бири саналат жана 2-типтеги диабеттин, деменциянын (алжып калуу), жүрөк ооруларынын жана рактын айрым түрлөрүнүн өнүгүүсүнө шыкакчы болот.

Жашоо-шарты жакшы кишилер булчуңу же денесинин кайсы бир жери ооруганын сезсе, дене көнүгүүсү абалымды ого бетер начарлатат деп ойлосо жаңылышат. Мындай жарандар булчуңдарды күчтүү кылчу, дененин чыдамкай, ийилчээк жана эптүү болчу көнүгүүлөрдү көп жасашы керек экени белгиленет изилдөөдө. Себеби күч-кубатты арттырчу жана тулку бойду чыңачу көнүгүүлөр - киши басканда балансты сактай албай жыгылуу мүмкүндүгүн азайтат. Жогорудагы аталган төрт көнүгүү орто жаштагы түгүл 70-80 жаштагылардын аңдап, түшүнүү жөндөмүн жакшыртып, алжып калуу ыктымалдыгын азайтат.

Британиянын башкы дарыгери, жогоруда айтылган жүйөлөрдүн негизинде, 19 жаштан өйдө курактагылардын баарына жумасына 150 мүнөт жайбаракат спорт кылууну (физикалык активдүүлүктү) плюс аптасына эки мертебе денени чыңдоочу жана тулку-бойду баланстуу кармачу көнүгүүлөрдү жасоону кеңеш кылат.

Адам денесин кызытып, дем алуусун ылдамдаткан 10 мүнөттүк көнүгүүнү (дене активдүүлүк) күнүнө жасаса, бул 150 мүнөттүк жумалык нормага акырындап өтүүсүнө өбөлгө түзөт.

Догдурларга кайрылуу кишинин саламаттыгына байланыштуу проблеманы дагы тереңдетет. Себеби ооруканага жаткан киши көбүнесе дене бойлук активдүүлүгүн токтотуп коёт. Анткени догдурлар кесел кокус жыгылып калса, ооруканага сөз тиет деп этияттанышып, аларга ашыкча кыймылдабагыла деп кеңеш берет. Ошон үчүн ооруканада жаткан адам убактысынын 80% төшөктө өткөрөт жана бул учурда кыймыл-аракетин 60% көпкө азайтат.

(Булагы: http://www.bmj.com, https://medicalxpress.com)

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG